69
Асан кайгынын көз карашындагы негизги идея кубулуштардын,
нерселердин, буюмдардын маңызын жана мазмунун анализдегендиги. Анын
оюу боюнча ар кандай предметтин белгилүү бир мазмуну жана формасы бар.
Эгерде
мазмуну жок болсо анда формасы, маңызы да жок болот. Анын бул
идеясы «пайдалуулук», «зарылдык» түшүнүктөрү аркылуу анализденет. Ал
«калк алдына беттешип жоо келсе, же доо келсе, калк алдына чыгып, калыс
кебин айтпаса, анда чечендиктен не пайда» деп белгилейт. Ошондой эле
«жоону сүрүп, тосуп барбаса,
калкын сактай албаса, баатырдыктан не пайда»
деп суроо коет да гумандуу, адилеттүү адамды калыптандыруу негизги
баалуулук деп кабылдайт.
Легендарлуу ойчулдардын бири катары
Кет Бука эсептелет. Ал найман
уруусунан чыккан ойчул, комузчу. Анын жашап өткөн доору Чынгызхан жана
анын баласы Жучунун жашаган мезгилине дал келет. Ошондуктан ал XIII
кылымда жашагандыгын жана тарыхый инсан болгондугун айтышат. Өз
мезгилинде аны «улуу акын», ойчул деп айтышкан. Анын ойчулдугун ыр,
күүлөрүнөн билебиз. Мисал катары Чынгызхандын уулу Жучунун өлгөндүгү
жөнүндөгү ырды айтсак болот. Кет Бука Жучунун өлүмүн тулпар, шумкар,
дулдул, туйгун, булбул менен салыштырып айтат. «Туу куйругу бир кулач
тулпар качты,
туурунан бошонуп шумкар качты, алтын така, күмүш мык
дулдул качты. Алтын туур ордунан туйгун качты. Алтын ордо багынан булбул
качты. Деңиз толкуп чайпалып, көл бөксөрдү. Касиеттүү башкача чырак
өчкөнүн» ырдап айтат. Бул аркылуу Кет Бука адам жашоосунун баалуулугун,
ал бир гана жолу бериле турганын түшүндүрөт. Анын көз карашы боюнча
жашоо менен өлүм диалектикалык байланышта. Өлүм табигый кубулуш, андан
эч ким кутула албайт.
Дагы бир акылман –
Токтогул ырчы. Белгилүү изилдөөлөр боюнча ал
XIV кылымда Жаныбек хан башкарган мезгилде жашаган. Алгачкылардан
болуп «Манас» эпосун айткан акын катары белгилүү. Өзү жөнүндө «жалпы
түрккө сайраган булбул элем, чарчабаган аргымак дулдул элем, Толубайга
жапжакын тууган элем» деп эскерет. Токтогул
ырчы карапайым калктын
арасынан чыккан, анын негизги байлыгы ыр болгон: «Ырымдан башка дүйнөм
жок, ырдасам жүрөк күйгөн жок». Ал адилетсиздик, адамды эзүү жөнүндөгү
ырларды ырдоо менен бирге адам жашоосу жана өлүмү жөнүндө ойлонот.
Анын дүйнө кабылдоосунун негизинде адам болмушу турат. Жеке адамдын
жашоосу түбөлүк эмес, жашоонун маңызы адептүү, ыймандуу, туруктуу
жашоодо. Эртеби, кечпи өлүм ар бир башта бар. Адам өлгөндөн кийин анын
ишмердиги, кылган кызматы, эмгегинин жыйынтыгы гана калат. Ошондуктан,
акыл эстүү жашоо – ар бир адамдын жашоосунун маңызы.
Даанышман-ойчулдардын ысымын
Толубай сынчы толуктап турат.
Кыргыз элинде аны сынчы, акылман, аналитик катары баалашат. Ал XIV
кылымдын аягы XV кылымдын башында жашаган. Толубай сынчынын
философиялык көз караштары учкул сөздөрүндө,
акыл-насааттарында
чагылдырылган. Анын дүйнө таанымы эмпирикалык тажрыйбага, турмуштук
акылмандыкка негизделип калыптанат. Ага өзгөчө талант – жаныбарлар
70
жөнүндө, адамдардын тагдыры жөнүндө, жаратылыш кубулуштары жөнүндө
алдын ала айтуу таандык.
Толубай сынчынын ой жүгүртүүсү боюнча биримдик, элдин ынтымагы
адам экзистенциясынын негизи. Эгерде ынтымак, өз ара түшүнүү болбосо адам
коомунун өнүгүүсү болбойт. Ал мындай дейт: «Ырыс алды ынтымак, ынтымак
барга ырыс токтойт, ынтымаксыздан ырыс качат». Адамдагы негизги баалуулук
– анын акылы. Эл арасында «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол»
денен накыл сөз бар, бул калетсиз айтылган.
Ошентип, легендарлуу акылман, даанышман аталган ойчулдар өз
доорунда социалдык чындыкты айтуу менен
философиялык проблемаларды
тигил же бул аспектиде чагылтып берүүгө жетишишкен.
Достарыңызбен бөлісу: