Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 2.3.8.- Синквейн түзүүнүн иш кадамдары



Pdf көрінісі
бет25/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   21   22   23   24   25   26   27   28   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 2.3.8.- Синквейн түзүүнүн иш кадамдары 
Мугалимдин иш- аракети 
Окуучунун иш- аракети 
Синквейн түзүүнүн схемасын 
түшүндүрөт; 
Мисалдар менен бышыктайт. 
Бир нече мисалдарды талдайт. 
Өз алдынча, жупта, топто 
иштөөгө багыт берет. 
өз алдынча синквейн түзөт; 
курбусу менен акылдашып, 
түзөт; 
топто 
иштеп, 
кеңешир, 
түзүшөт. 
ар бир топ өз синквейндерин 
көркөм окууга, аракеттенет, 
интонацияга көңүл бурулат 
эң жакшы деп эсептелген 
синквейнди 
дептерлерине 
көчүрүп жазышат. 
Таблица 2.3.9.- Синквейн түзүүнүн схемасы 
Синквейн түзүүнүн схемасы: 
Мисалы: 
1- сабы- зат атооч сөз, 1 сөз. 
1. окуучу 
2- сабы- сын атооч, 2 сөз. 
2. акылдуу, билимдүү. 
3- сабы- этиш, 3 сөз. 
3. окуйт, жазат, ойлонот. 
4 сабы- темага тиешелүү сүйлөм, же 
фраза, 4 сөз. 
4. Жакшы окуучу мектепке шашат. 
5 сабы- 1 сапка синоним сөз, 1 сөз. 
5. адам. 
Төмөнкү эрежелер сакталат: 


100 
1. Бардык ой баалуу. 
2. Берилген теманын тегерегинде ойлонуу, изденүү. 
3. Сөз талашып сүйлөбөө. 
4. Сөздү бөлбөө. 
5. Бардык суроо маанилүү. 
6. Сынаганга, чектегенге тыюу салынат. 
7. Өз идеясын таңуулабайт. 
8. Ар бир окуучу өз көз карашын, идеясын айта алат. 
9. Бири- биринин пикирин баалайт, угат, сыйлайт. 
10. Жупта, топто биргелешип иштейт. 
11. Белгиленген убакытты сактайт. 
Синквейн түзүү тапшырмасы кыргыз тили сабагынын төмөнкү 
баскычтарында колдонулат: 
Таблица 2.3.10.- Сабактын баскычтары 
Чакыруу баскычы 
Түшүнүү баскычы 
Ойлонуу баскычы 
Билген 
маалыматтарынын 
негизинде 
ойлонууга 
чакыруу.
Грамматикалык 
эрежелерди 
окулган 
текстти, каармандарды 
эске түшүрүү. 
Жаңы 
маалыматты 
түшүнүү. 
Текстти 
түшүнүү, 
окуяларды, 
каармандардын 
иш- 
аракеттерин 
талдоо, 
тексттин 
негизинде 
грамматикалык 
эрежелерди үйрөнүү. 
Билген 
жана 
жаңы 
маалыматтарды 
топтоштуруп талдоо, ой 
жүгүртүү, чечмелөө. 
Тексттин 
маанисин 
талдап, топтоштуруп, өз 
оюн 
кошуу 
менен 
сынчыл ой жүгүртүү. 
Синквейн (беш сап ыр) түздүрүү аркылуу кыргыз тилин текстке 
байланыштуу өтүүдө төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө болот 
(потенциалы): 
Саналуу гана сөздөр менен окуучу тексттин маанисин түшүнөт. 
Маанилеш сөздөрдү издейт. 
Сөз байлыгы артат. 


101 
Тексттин тегерегинде элестүү ой жүгүртөт. 
Тексттеги сөздөрдүн ичинен эң маанилүүсүн издеп, ойлонот, табат. 
Чыгармачылык менен шыктанып, иштейт. 
Татаал маалыматтарды топтоштурат. 
Окуучунун билим деңгээли, түшүнүгү бааланат. 
Ой ырааттуу, кыскача түшүндүрүлөт. 
Синквейн стратегиясын эне тилин текстке байланыштуу окутуу 
сабактарында төмөнкүдөй пайдаланууга болот: 
Сабактын темасы: Үндүү жана үнсүз тыбыштар 
Сабактын максаттары: билим берүүчүлүк: кыргыз тилиндеги үндүү жана 
үнсүз тыбыштар жөнүндө буга чейинки алган маалыматтарын толукташат. 
өнүктүрүүчүлүк: үндүү жана үнсүз тыбыштардын жасалышын, сөздүн 
тутумундагы ордун билишет. 
тарбия берүүчүлүк: элибиздин баалуулуктарын баалай билип, аларды 
сактоо, коргоо керек экендигин түшүнүшөт. 
Көрсөткүчтөр:
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде: 
сөздүн тутумунан үндүү жана үнсүз тыбыштарды таба алса; 
аларга фонетикалык талдоо жүргүзө алса; 
текстти талдай алса. 
Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүүчү. 
Сабактын формасы: топто иштөө. 
Сабактын ыкмасы: синквейн түзүү. 
Сабактын жабдылышы: флипчарт, маркер, сүрөттөр. 
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Өтүлгөн тема боюнча окуучулардын билимин 
текшерүү. 
Жаңы теманы түшүндүрүү: үндүү жана үнсүз тыбыштар жөнүндө 
таблицанын жардамы менен түшүндүрүү. 
Текст менен тааныштыруу: кыргыз элинин баалуулуктары, анын 
ичинде ат жабдыктары жөнүндө аңгемелешүү. 


102 
Уста 
Сапар уста ээр чабат. Ал, тал, теректи кыйып, андан тактай жасайт. 
Ээрдин бөлүктөрүнүн үлгүлөрү боюнча тактайды араалайт. Ээрдин 
босогосун, кашын чыгарып, аны уйдун териси менен каптайт. Кайыштан 
камчы өрөт. Анын жасаган камчыларын чет өлкөлүктөр да сатып алып 
кетишет. 
Көнүгүүлөрдү иштетүү, сөздүк менен иштөө: синквейн ыкмасын 
колдонуу менен топто иштетип, уста деген сөзгө синквейн түздүрүү. 
Процедура: окуучулар 1ден 4кө чейин санап, 4 топко бөлүнүшөт. Ар 
бир топко флипчарт, маркер таратылат.
Мугалим окуучулар менен уста деген ким, ал эмне менен алектенет 
деген суроолордун тегерегинде аңгемелешет. 
Синквейн түзүүнүн ыкмасын эстерине түшүрөт: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   21   22   23   24   25   26   27   28   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет