221
тема
боюнча
эрежелерди
кайталап жана мисалдарды
жазып келүү сунушталат.
окуучу аткарылган ишке комментарий
берет.
Мугалим доскадагы таблицага
ишмердүүлүктүн
жыйынтыктарын
киргизет.
Үй тапшырмасы: Ката кетирилген
сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзүп келүү.
Каталарды оңдоонун ордуна жазуу түрүндөгү же оозеки кеңештерди
колдонуу керек. Каталар жөнүндө төмөнкү пункттар боюнча маалымат
берүүгө болот:
анын жайгашкан орду;
катанын түрү;
катаны оңдоо үчүн зарыл болгон аракеттер.
Кайтарым байланыш бири-бирин сыйлоо жана жагымдуу кырдаалда
берилгенде гана максатына жетет.
Өзүн-өзү баалоо- бул баалоо ишмердигинин компоненттеринин бири, ал
өзүнө баа
коюу менен эмес, баалоо тартиби менен байланышкан. Бул
методдо тапшырмаларды аткаруунун мүнөздөмөсү, анын оң жана терс
жактарына көбүрөөк басым жасалат, ал эми упайларга анча маани
берилбейт.
1-мисал. 4-класс. Тема: Сөз айкашы.
Мугалим окуучулар сөз айкашы жөнүндө кандай билимдерге ээ
экендигин өздөрү сынап билүүсү үчүн өз алдынча ишти сунуштайт.
Берилген ишти аткаруудан мурда
окуучулар мугалим менен
биргеликте өз алдынча ишти баалоонун критерийлерин иштеп чыгышат.
Критерийлер доскага жазылат.
1. Сөз айкашындагы багындыруучу жана багыныңкы сөздөрдү таба
алуусу.
2. Сөз айкаштарын түзө билүүсү.
Достарыңызбен бөлісу: