5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет63/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   59   60   61   62   63   64   65   66   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст: 
Талкуу үчүн «Ата сѳзү» тексти тыным менен окулат. 
Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроолор берилет: Атанын кандай сѳзү болушу 
мүмкүн? Ал сѳзүн кимге айтат деп ойлойсуңар?
Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат. 
1-бѳлүм 
Илгери бир Ашымкан аттуу байдын жалгыз уулу болгон экен. Ашымкан атагы 
чыккан анчалык чоң бай болбогону менен жүздѳн ашкан майда жандыгы бар, элүүдѳй 
жылкысы бар адам экен. Бай ѳлѳр алдында баласына мындай осуят калтырыптыр: 
«Балам, мен ѳлгѳндѳ калган дүнүйѳ сага оопа болбойт. Сага калтыраарым жети осуят: 
биринчи - хандын увазири менен дос болбо, экинчиси - жаңы байып келе жаткан 
адамдан карыз болбо, үчүнчү - долу аялга сыр айтпа, тѳртүнчү - туз арамы кылба, 
бешинчи - эртеңки ашка күйсѳң күй, бүгүнкү ашка күйбѳ, алтынчы - тобокелге бел 
байла, жетинчи - калыстыгыңдан жанба!» деп, дүйнѳдѳн кайтат. Бала атасынын 
ѳлгѳнүнѳ санааркап ѳңдѳн азат. 
Күндѳрдүн биринде «атамын жети осуятын» сынайынчы деп, хандын увазирине 
миң дилде берип дос болот. «Атам ѳлүп жалгыз калдым, ѳйдѳ бассам ѳбѳк, ылдый 
түшсѳм жѳлѳк бол. Атамдын калтырып кеткен мал-мүлкү, дүнүйѳсү сага да, мага да 
жетет» дейт. Бала дагы бир күнү олтуруп «Атамдын экинчи осуятын сынайынчы» деп, 
жаңы байып келаткан байдан «үч күнгѳ» деп миң дилде карыз алат. Бир күнү жай 
олтуруп аялына сыр айтат: «Менин баланча байдын уулу байбачада ѳчүм бар. Барып 
ошонун башын кесип келем, сен жүктүн астынан ор каздырып кой» деп үйдѳн чыгып 
кетип, караңгылатып кызыл ала бир нерсени алып келип орго кѳмүп таштайт. Эртеси 
вазирдин келе жатканын кѳрүп, «атамдын осуятынын биринчисинин сынап 
кѳрѳйүн» деп аялын ура баштайт. Вазир арага түштү эле, арачы бербей койду. Аялы: 
«Кечээ эле байбачаны ѳлтүрүп келген кан ичкич» дейт. Бала муну угуп «аттигиниң 
атамдын айтканы чын экен» деп кетенчиктеп барып олтуруп калган экен. Вазир досу 


84 
ай-уй дегенге кѳнбѳстѳн, баланы ханга айдап жѳнѳмѳк болду. Үйдѳн чыга элек жатса, 
баягы миң дилде берген бай келип, «дилдемди бергин» деп жакадан алып, «мен 
да ханга барчуумун» деп ээрчип алды. Ошентип тѳртѳѳ ханга барышат. Хан вазирдин 
сѳзүн угуп олтуруп баладан: «Байбачаны ѳлтүргѳнүң чынбы?» деп сурады. 
Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя
кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. Экинчи бѳлүм окулат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   59   60   61   62   63   64   65   66   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет