Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


ТРАНСУЛУТТУК ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА ПЛАНЕТАРДЫК АУРА



бет2/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15

ТРАНСУЛУТТУК ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА ПЛАНЕТАРДЫК АУРА
"Трансулуттук цивилизация жана Планетардык аура" деген фразаларына комментарий берсек. Көрүнүп тургандай, бул аталыш образдуулукту көрсөтүп эч кандай илимий мөөрдү чагылдырбайт. Мисалы, планета бүткүл адамзаттын моралдык-нравалык деңгээлине жараша өзүнүн аурасын чагылдырат дейли. Идеологиянын идеялык оюна ылайык көп улуттуу Кыргызстан эли прогресске ээ болуп бул прогресс бардык мамлекеттерге, континенттерге жана акыры барып бүткүл адамзатына тарап отурат. Анткени бул идеологиялык платформага салынган идеялар өзүнүн маңызында жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтыйт. Мына ушул жерден "Трансулуттук цивилизация" деген аты келип чыкты. Демек биз шартташып алгандай, бүткүл адамзаттын моралдык-нравалык деңгээлин глобалдуу чагылдыргандай, биздин планета өзүнүн аурасына ээ. Ошентип бүткүл дүйнөгө тараган Кыргызстандын прогресси акыры барып өзүнүн ордун, бар болгон планетардык аурадан табат.

Бул мамлекеттик идеология өзүндө патриоттуулуктун борбордук жана перифериялык жаңы объекттерин, көп улуттуу Кыргызстан эли үчүн жогорку баалуулуктар жана идеалдарды камтыйт. Идеология мамлекеттик жана элдик генотипке киргизүү катары бийлик муундарынын ортосунда жана эл муундарынын ортосунда ордун басып которулуу, бардык эпохаларга гарантия, Кыргызстан эли жана бүткүл адамзатка дүйнөлүк мурас катары тактикалык эмес, стратегиялык катары каралат.

Төмөнкү концепцияларды жылдырып чыгабыз:

– Биринчи концепция – Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө канондук үлгү боло турган Жарандык улут.

– Экинчи концепция – Социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими. Бул концепцияда, гуманизмге каршы келген рынокту адамзатынын геноциди катары карап ошол рынокко каршы чыгып Жаңы коомдук-экономикалык формация: социалдык гуманизмдин экономикалык моделин даңазалоого аракет жасалды.

– Үчүнчү концепция – Педагогикалык аң-сезим. Бул концепция өлкөдөгү Педагогиканын ролун глобалдык өстүрүүгө багытталып балдар бакчасынан баштап жогорку окуу жайларына чейин жана үй-бүлөлүк тарбиялоо институтуна чейин кийирилиши зарыл. Ошондой эле түп тамырынан бери гуманисттик принциптерге сугарылган аң–сезимдүү адамды тарбиялоо: өткөөл мезгилде деградацияга учурабаган, рыноктук психологияга иймерилбеген, нукура адеп–ахлагын туруктуу бойдон сактап калып адамга эсепсиз мамиле жасаган улуу инсандык касиеттеги аң-сезимдүүлүктү жаратуу. Ошентип, көп улуттуу Кыргызстан адамдары «Адам адамга» мамилесинде бүт дүйнөгө үлгү болуп, бүткүл адамзатка нур төгүп турушу ылаазым.

– Төртүнчү концепция – Маданияттын руханий аң-сезими.

– Бешинчи концепция – Чынчылдык.

– Алтынчы концепция – Экологиялык ыйман.

– Жетинчи концепция – Жетектөөчү этнос.

Жогорудагы концепциялар патриоттуулуктун жаңы формасына кирүүсү кажет. Бул патриоттуулуктун баалуулугу Кыргызстандын ар бир жараны үчүн анын улутуна, социалдык стереотибине карабай бирдиктүү жана универсалдуу болуп калуусу керек. Анын эне тилинин, улуттук менталитетинин, өзүнүн улуттук маданиятынын колоритин индивидуалдуу сиңирип алганына карабай ар бир адамды жагымдуу ыроолоосу керек. Ошон үчүн саятташтырылбай, табигыйыраак болушу керек. Ошентип, ар бир Кыргызстандыктын патриоттук сезими адам өнүгүшүнүн эң жогорку стадиясына чейин узак өмүрдүү касиетине өтүп, кандай гана катаклизмалар болбосун – акыйкат менен алда канча окшош тутумдаш катары кебелбес болушу керек.

Төртүнчү жана жетинчи концепциялардын расмий-мамлекеттик маданият сыяктуу жана башка айрым моменттери гана объективдүү жок болбой турган мыйзам ченемдүү көрүнүш катары улуттук факторлорго баш ийип анан дүйнөлүк цивилизациянын өсүп-өнүгүшү менен бара-бара жалпы адамдык баалуулуктарга трансформацияланып чыгат. Улуттук факторлорго баш ийген бул моменттерди доордун кечиктиргичтери (издержки эпохи) деп атап коёлу.

Ошондой эле Кыргызстан расмий түрдө Социалдык гуманизмдин өлкөсү (КРнын Конституциясында чагылдырылат), Педагогикалык аң-сезимдин өлкөсү (КРнын Конституциясында чагылдырылат) жана Экологиялык ыймандын өлкөсү деп жарыяланып Кыргызстанды жогоруда аталган идеялар менен татыктуу көрсөтүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында моралдык жоопкерчиликке ээ болот.

БИРИНЧИ КОНЦЕПЦИЯ – ЖАРАНДЫК УЛУТ
Улуттук кызыкчылыктардын гармониясы
Жарандык улут – бул бүткүл өлкөнүн улуттарынын жарандуулугу.

Улуттардын жарандуулугу объективдүү жок болбой турган улуттук кызыкчылыктар менен бирдикте бүткүл өлкөнүн жалпы элдик кызыкчылыгынан келип чыгып улуттар аралык гармонияны сыпаттайт. Тигил же бул улуттун өкүлүнүн жарандуулугунун даражасы анын интернационалдык өң-түсүн аныктайт.

Кыргызстан – элдердин достугунун бешиги болуп калсын!

"Кыргызстан элдеринин достугунун күнү" деген майрам кабыл алынсын!

Ар кандай улуттун аталышы лексикалык норма жана нукура нравалык-этикалык норма катары "тууган" деген сөз менен жылытылсын!

Адам коомчулугунун прогресси менен алыскы келечекте жарандык улут ар бир улуттун кызыкчылыктарын жалпы адамзаттык баалуулуктарга ориентациялап дүйнөнүн бардык улуттары бирдиктүү жалпы адамзаттык маданиятка жана бирдиктүү жалпы адамзаттык тилге жетишет. Анда жарандык улут "дүйнөлүк улут" деп аталып, бир болгон жалпы адамзаттык улуттун фонунда өзүнүн терминологиялык маанисин жоготот.

Ошону менен эле:

Белгилүү илимий коммунизм же табигый эволюцияга ылайык алыскы келечекте адамдардын улуттук айырмачылыгы жуулуп кетет. Эгерде бул бүгүн эле болуп калганда, улуттар маңызында дүйнөдө саясий тирешүүлөр, талаш-тартыш жана башкалардын жок болушу ыктымалдуу эле. Бирок дүйнө элдеринин жакындашуусу узак жана татаал жолго ээ. Жана бул улуттардын табигый жакындашуу процессине озуна киришүү биздин оюбузча кооптуу жана жаңылыштуу.

Дүйнөлүк цивилизациянын бүгүнкү тепкичи болсо, тилекке каршы дагы эле адамзатынан өз тилдерин жана маданиятын сүйүп жана өнүктүрүүнү талап кылып жатат. Бирок, тилине жана улутуна табынууну көтөргөндө, тынчтыкта жашоого адамдардын аң-сезими жете бербейт да.

Кыргызстанда кыргыздар болгон титулдук улут менен бирге 80 ден ашуун улут жашайт. Улуттук кызыкчылыктарды ор-ордуна коюп чыксак. Жалпы кабыл алынган ой боюнча маданият жаатында титулдук улуттун маданияты башка улуттардын маданиятын чектебей үстөмдүк кылып туруусу керек. Биз титулдук улуттун аты менен Кыргызстан деп аталган титулдук улуттун фактору менен макул болуп жатсак, демек, кыргыз маданияты көрсөткүчүтүү (официально представительной) болушу керек. Ошон үчүн Кыргызстан баарынан мурда кыргыз элинин маданияты менен көрсөтүлүп андан кийин гана башка улуттардын маданияттары менен көрсөтүлөт. Маданияттарды интернационалдаштыруу суроолору боюнча кененирээк сөз анан болот. Ошентип, Кыргызстанды кыргыз элинин маданияты менен официалдуу түрдө көрсөтүү факторунан башка бардык учурларда башка улуттардын маданияттары толук эркиндикке ээ жана эч кандай чектөөлөргө жол берилбейт.

Бул жерде шашылып айта коё турган нерсе, "Расмий көрсөткүчтүк" түшүнүгүндө маданияттын он төрт элементинен турган мазмундуу маани бар жана бул тууралуу тактоочу сөз "Маданияттын руханий аң-сезими" аттуу төртүнчү концепцияда айтылган.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө болуп саналгандыктан жарандык, башкача айтканда жалпы элдик баалуулук приоритеттүү багытка ээ жана бул тууралуу кенен-кесир ушул концепция ачып берет.



Алгач кыргыз элинин минимум улуттук кызыкчылыктарын айкындап алалы. Булар болуп жалпы эл тарабынан төмөнкүлөр таанылышы керек:

1. Улуттун бар экендигинин биринчи белгиси катары кыргыз элинин тили;

2. Кыргыз улутун сактап андан ары өнүктүрүүнүн шарты катары кыргыз элинин маданияты;

3. Кыргыз элинин мүнөздүү трагедиялуу трайбализмин жоюунун өзгөчө зарыл шарты катары кыргыз элинин биримдиги жана бардык улуттарды бекем кыргыз элинин тегерегинде бекем бириктирүү.

Эске салчу нерсе, глобализация процессине Кыргызстандын бардык улуттарынын тилдери жана маданияттары интеграция болбой, башкача айтканда глобалдык океанда эрип жок болуп кетпеши керек. Маданият, жаңы калыптана турган коомдук көз карашка ылайык жана жалпы мыйзам ченемдүү өнүгүү катары өсө бериши мүмкүн. Глобализация процессине экономика, илимий-техникалык прогресс жана башкалар интеграция болушу мүмкүн. Глобализация шарттарында улуттук коопсуздук багытында биз батыш өлкөлөрүнүн глобализация идеяларын жамынып алып бизге экспансия кылуу ыктымалдуулугун унутпашыбыз зарыл.

Эми болсо Кыргызстандын бардык улуттарынын жалпы элдик кызыкчылыктары катары жарандык баалуулуктардын минимумун чагылдырабыз:

1. Бардык улуттардын өкүлдөрүнүн тең укуктуулугу;

2. Кыргызстандын бардык элдери үчүн орус тилинин жогору ролу;

3. Келечекте кыргыз жана орус тилдеринин статустары тегерегинде проблемалар кайрадан болбосун үчүн шарт катары Кыргызстандын бүт элинин кыргыз жана орус тилин билип бирок каалаган тилде сүйлөшү; бүт Кыргызстан элинин кыргыз тилин билиши – объективдүү жактан жок болбогон мыйзам ченемдүү зарылдык жана бул расмий орус тилинин статусун сактоонун кепилдигин камсыз кылат, анткени орус тилине статус берилгенде кыргыз тилини сактап калып өнүктүрүү объективдүү проблемасы жаралат.

4. Биримдик жана Кыргызстандын бардык улуттарынын бирдик патриоттуулугу;

5. Улуттук кадрлардын прообразы катары, бирок бирдиктүү Кыргызстан элинин жана мамлекеттин кызыкчылыгында интернационалдык курамындагы "Мамлекеттин элиталык кадрлары".

Шериктеш өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда Жарандык улут түзүү үчүн өтө жагымдуу, ыңгайлуу, образдуу айтканда бейиш абалы ээлеп турат. Маселен, айрым шериктеш өлкөлөрдө башка тилдүү жарандарды титулдук улуттун тилинде сүйлөөгө мажбурлайт. Жана да орус туугандарды императивдүү түрдө мамлекеттик тилде сүйлөөгө гана мажбурлабастан, орус тилдүү калктын укугу кысымга алынууда. Шериктеш өлкөлөрдүн ичинен Белорусиядан сырткары орус тилине расмий статусту берген Кыргызстан жападан жалгыз өлкө болуп отурат. Бул болсо элдердин достугун бекемдөөгө жагымдуу шарттарды түзүп тил жана маданият эркиндигин, ошондой эле социалдык комфортту камсыз кылат.

Эгерде Кыргызстанда баарыбызды кемсинткен, жумушка улутуна карап кабыл алууга башка шериктеш өлкөлөрдө да жол берилгенде, түпкүлүктүү эли көтөрүлүп чыгаар эле. Минтип улуттук белгисин баса белгилөө азиат да, европа тарабынан да бирдей жолго коюлган. Кыргызстандын элинин жооштугуна шүгүр. Бул жооштукту кара пайдаланбай, дүрмөт көтөрүлүшкө айлана элегинде жооштук – асыл байлыкты баалап кубанышыбыз керек. Улутту белгилеп беришчү жарыяларга кескин түрдө токтоосуз тыюу салуу керек. Жумушка кабыл алууда жумушсуздун этникалык, улуттук психологиясына жана менталитетине карабай жекече ык жасаш керек. Ар бир эле улуттун ичинен чынчыл жана жакшы жумушчу табылат да. Жаман улуттар болбойт. Тескерисинче, улуттарды жана улуттар аралык мамилелерди козгундаган адамдар гана болот.

Андыктан, келгиле адамдар, улуттук атмосферанын ылайыктуу абалынан пайдаланып, элдердин достугунун «бешигин» алдейлеп алалы.

Ошентип, орус туугандар, еврей туугандар, өзбек туугандар жана бүтүндөй Кыргызстан жарандары, Жарандык улутту түзүү үчүн алдыбызга төмөнкү максат жана милдеттерди коёлу.

1. Кыргызстан элдеринин достугунун жыл сайынкы майрамын кабыл алып бул майрамды «Кыргызстан элдеринин достугу күнү» деп атасак.

2. Бүткүл Кыргызстан элдеринин сүйлөө речинде, адабий, илимий, официалдуу-иштиктүү, публистикалык стилдерде улутту атаганда «туугандар» деген сөздү кошуп айтуу жана жазуу. Мисалы, орус туугандар, өзбек туугандар. Бул сөз катнашуусу сөзсүз лексикалык да, нравалык-этикалык да норма болуп калышы керек.

3. Кыргызстан элинин Ассамблеясына улутчулдукка каршы иш жүргүзүү атайынкы милдеттенме жүктөлсүн. Турмуш-тиричилик деңгээлинде улутчулдуктун бар экенин жана бул майда-барат көрүнүш экенин көпчүлүк айтып келет. Улуттар ишинде майда-барат иштер болбошу керек. Анткени бул, күнөөсүз урпактарга муундан муунга өтүүчү, түбөлүктүү улутчулдукту жаратып туруучу үрөн, акыры барып ишке жай киргизилген бомба.

4. Кыргызстандын бардык элдеринин маданияттарынын эркин өнүгүүсү: Кыргызстандын официалдуу көрсөтүлүүсүн кыргыз элинин маданияты менен ишке ашыруу шарты менен бирдикте Кыргызстандын бардык элдеринин маданияттарынын эркин өнүгүүсү сакталсын. Мисалы чет элдик туристтер Кыргызстанда кыргыз улуттук маданиятынын колоритин көргүлөрү келишет жана бул мыйзам ченемдүү жана логикалуу. Өзүнүн эне тили жана маданияты үчүн достук маанайда күйүп жаткан кишини адилетсиз түрдө улутчул деп сын такканда аргасыз таарыныч түрдө ал кишинин улутчулдугун жаратып алышыбыз ыктымал экендигин эске алсак. Адам дагы көпкө дейре өзүнүн тили жана маданияты үчүн моюн сунбай, токтобой, багынбай күрөшүүсү, жада калса башка маданияттарга үстөмдүк кылуу үчүн башын сайып коёру таң каларлык эмес.

Адам баласы дагы узакка дейре улуттун туткунунда болот жана бөтөн маданиятты күчтөп кийирүү сөзсүз түрдө өз маданиятын сактап калуу көйгөйүн жаратат. Бирок маданияттардын табигый трансформация шарттарында башка элдердин асыл баалуулуктары топтолот.

Ал эми маданияттардын өз ара сиңишүүсүн, байышуусун, интернационалдык жакындашуусун, буга дейре айтылгандай табигый өнүгүү процессине койсок. Цивилизациянын өнүгүшү менен адамдар улуттук эгоцентризмден бошонору жана ошондо маданияттардын кадам артынан кадам таштап өз ара сиңишүү, өз ара байышуусу жана интернационалдаштырылуусу кирип келет деп айтууга эволюциялык негиз бар.

5. Диндердин эркиндигин сактоо. Кудайдын бар же жоктугу илимий айкын боло элек. Ошон үчүн Кудайга ишенгендер жана ишенбегендер да бар. Анан акыры келип Кудайдын бар же жоктугун билбей туруп кантип ишенүүгө болсун. А билиш үчүн догмага берилбей окуу керек. Адам аң-сезимдүү жан катары төмөнкүнү аңдаса болоор эле, сүйүүнү таржымалдоонун жана мамлекеттик идеологиянын "Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу" аттуу илимий-фантастикалык романдан цитата келтирели:

"Эгер адам жакшылык жасаса, негизинен Кудайды, бейишти, тозокту жана башка нерселерди акылына сиңирип алгандыгынан келип чыгууда. Эгерде адамдын нравалык тазалыгы жогоруда айтылган түшүнүктөрдөн көз карандысыз туруктуу болуп жүрө берсе, анда анын ыйык сапаттары нукура мүнөзгө ээ болмок жана акыйкат жарыгына гениалдуу жогорку руханий өз алдынча жол алган болоор эле."

Ошон үчүн жакшы, акылдуу жана мээримдүү киши болуш үчүн сөзсүз эле чыйыр түрдө тигил же бул динди тутунуунун кажети жок. Кудайга ишенбей туруп эле жакшы жана мээримдүү болуу колунан келген аң-сезимдүү адамдар да болот.

А Кудайга ишенгендер болсо аң-сезимдүү жан катары дин, мечит, кимдир бирөө же кай бир нерселер аркылуу Кудайга жол курабай ага түздөн-түз чыкса да болор эле, эгерде, Кудай өзүнө түз чыгууга жол берсе.

Кантсе да, дин жана ишеним эркиндиги Кыргызстанда сакталсын жана Кудайдын бар же жоктугун илимий издөө эркин, көз карандысыз болуп сындалбашы керек.

6. Бир-эки кара санатайлардын мисалында бүтүндөй улут тууралуу талкууланбасын. Бүт улутка эмес, ошолорго гана таарынуу керек. Бардык улуттар жакшы. Бирок баарын айрымдар гана жана бүт улут жөнүндө ушул айрым экземплярлардын негизинде гана ойлогондор жаманатты кылышат. Жамандыкка жамандык менен жооп бербей, тескерисинче элдин ушундай айрым душмандарын гана, жана бир нече гана кокустуктардын негизинде бүт улутка баа берүүгө маашыр адамды тарбиялоо керек. Анткени жамандыкка жамандык менен жооп берүү эч качан прогресс да, турмуштун гүлдөшүн да бербей жамандыктын тамырын гана сугарып турат.

Улуттар аралык достуктун үлгүлүү мисалы
Россияда айрым жарандар Кыргызстандан көчүп барган орус туугандарыбызды этно-стереотиптик түшүнүктөн улам кабыл ала бербегендиги жашырын эмес. Жыйынтыгында кээ бир орус туугандарыбыз кайра кайтып келишүүдө. Орус тилдүү достордун Кыргызстандан Россияга эмиграцияланышынын бир себеби, албетте, Кыргызстандын экономикалык абалы. Бирок келгиле, адамдар, улуттук жагынан аларга бардык шартты түзүп берип, кетишпешине, а эгер кетип кайтышса орус туугандарга досторчо кол сунуп бүт дүйнө элине нукура достуктун, адамдык мамиленин зор үлгүсүн көрсөтөлү.

Интернационализмдин улутчулдугу
Ар түрдүү улуттун өкүлдөрү, мамлекеттик башкаруу органдарында ошол улуттун өкүлдөрүнүн аздыгына же такыр жоктугуна даттануусу сыяктуу улуттук-саясий тенденцияга кандай баа берсе болот? Кээде болсо мамлекеттик башкаруу органдарында алардын да өкүлдөрү отурушу керек деп ачыктан-ачык эле талап кылышат. Бул улутчулдукпу же адилеттүүлүктү талап кылуубу? Маселен, шайлоолордо тигил же бул улуттун өкүлдөрүнө тоскоолдук деле кылынбаганы белгилүү эле нерсе. Демек, бул жерде, тигил же бул улутка каршы адилетүүлүктүн бузулганы деле жок болуп турат.

Демек, мамлекеттик башкаруу органдарында тигил же бул улуттун өкүлдөрүнө орун талашуу көрүнүшү, албетте, адилеттүүлүк эмес, анык улутчулдук.

Себеби, биринчиден, ар бир чиновник, депутат болобу, аким болобу, губернатор, Президент, шаардын мэри болобу, дегеле ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн гана улутунун кызыкчылыгына эмес, бүтүндөй Кыргызстан элинин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек. Анан ар бир чиновник, улуту боюнча ким болсо да, чечим кабыл алууда, тигил же бул улуттун өкүлдөрүн таарынтпагыдай кылып чечим кабыл алышы керек.

Булар менен бирге Кыргызстан элинин жалпы элдик кызыкчылыктарынан тышкары ар бир улуттун, жалпы элдик кызыкчылыктан айырмаланган өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктары да бар болушун танбайбыз. Булар, тилди сактоо, маданиятты өнүктүрүү, ошол улуттун калкынын санынын өсүшү жана башка нерселер.

Мамлекеттик башкаруу органдарында ар кандай улуттардын өкүлдөрүн баланска келтирүү максаттуулук эмес (уравниловка не самоцель). Тек гана төмөндөгү факторлорго көңүл буруу керек:

1. Статистикалык фактор. Бул деген нерсе, мисалы, өлкөнүн парламентине шайлоо болуп жаткан кезде жөн гана тигил же бул улуттун өкүлдөрү болгон эмес. Же, өлкөдө алардын саны аз болгонунан эле, бекеринен «улуттук азчылык» деген атоо келип чыккан эмес да, алардын саны шайлоодо аз болгон. Же шайлоодо алардын саны көп болсо деле, балким алар шайлоодо жеңишке жетишкен эмес чыгар. Же, башка мисал келтирели. Мамлекеттик кызматка конкурс жарыяланды. Жөн гана конкурста тигил же бул улуттун өкүлдөрү болгон эмес. Же болсо да конкурстан өтпөй калышкандыр.

Жогоруда айтылгандан улам, мамлекеттик башкаруу органдарында биздин өкүлдөр жетишпей жатат деп курулай коңгуроо кагып адилеттүүлүктү талап кылуу туура эмес. Андан да жаман нерсеси, бирөөлөрдү күнөөлөө көрүнүшү. Бул жерден чыгара турган жыйынтык, жасалмалуу теңдештирүү бул жашырылган улутчулдуктун элементи.

2. Улутчулдук фактор. Бул деген өлкөнүн парламентине шайлоо болгондо же мамлекеттик кызматка конкурс болгондо кандидатты атайын түрдө улуттук себеби менен басмырлашкан. Мына ушундай жерде күнөөлүүлөрдү айыптап адилеттүүлүктү талап кылса болот жана талап кылуу керек.

Күнөөлөө жана адилеттүүлүктү талап кылуу локалдуу гана болушу кажет. Бул деген, парламентке шайлоо болгондо же мамлекетик кызматка конкурс болгондо улутчулдук дискриминация фактысы катталса, бир топ убакыт өткөн соң мурда болуп өткөн окуяга шылтоолоп мамлекеттик башкаруу органдарын өздөрүнүн өкүлдөрү менен толуктоону талап кылбастан, ошол гана мезгилде, ошол гана окуяга байланыштуу айып коюп адилеттүүлүктү талап кылуу керек. Себеби эгер минтип отурсак, улутчулдукка улутчулдук менен жооп берүү дегендикти билдирет, башкача айтканда жамандыкка жамандык менен жооп берүү дегенге барабар. Ишке мындай мамиле кылып отурсак улутчулдукту жеңүү мүмкүн эмес.

Кыргызстан элдеринин достугуну символу – кош тилдүүлүк
Акыры, эң негизгиси, стратегиялык суроону чечмейин, жогоруда айтылган интернационализмдин идеялары иш жүзүнө эч качан ашпас.

Граждандык баалуулуктан алып караганда, орус тилине официалдуу статус берилгендиги жакшы жөрөлгө. Бирок өз тилин сактап калып өнүктүргүсү келген түпкүлүктүү элдин эркине каршы болуп калды. Жакшысы – орус жана башка туугандар өздөрүн жайбаракат сезишет жана бир бирибизди сүйүп достошууга мүмкүнчүлүктөр бар болчудай. Эки мамлекеттик тилдердин жанаша жашоосу Кыргызстан элдеринин достугунун айныксыз символу болуп калуусу керек. Бирок, тилекке каршы, башка улуттагы туугандарыбыз улуттук эгоизм менен мамлекеттик кыргыз тилинен коркуп аны үйрөнгүбүз келбей жатканда бул символ бүгүнкү күнү реалдуубу? Албетте, жок. Качан гана Кыргызстандын бүт эли эки тилге жана башка аз улуттардын тилине бирдей мамиле кылып, көп улуттуу Кыргызстан элинин интернационалдык асылдуулугу катары каралган орус тилинин статусун сөзсүз сактаганда гана реалдуу болот.

Орус тилине статус берилгенде, мамлекеттик кыргыз тилин сактап калып өнүктүрүү мыйзам ченемдүү көйгөйү жаралат. Эгерде чындыктын көзүнө эрдик менен көңүл буруп көрсөк мындай көйгөй, шексиз бар. Муну кыргыз тилинин проблемалары боюнча расмий иш-чаралар ырастайт жана да, кыргыз элинин жан-дүйнөсүнүн ачык кыйкырыгы жана совет доорундагыдай буларды улутчул деп күнөөлөбөшүбүз керек. Шүгүр, буюрса, мындай нерсе бизде жоктур. А эгер алар улутчул болсо, келгиле анда, өзүнүн эне тилине кам көргөн бүт дүйнө элдерин улутчулдар деп табалы. Ким-кимдир, жумушка кабыл алуу жарыяларында улутун сураганга ачууланып көтөрүлбөгөн түпкүлүктүү жоош эли бар Кыргызстан лоялдуу жана достукту сүйгөн өлкө; анан да, жүздөгөн өлкөлөрдүн ичинен кыргыз эли досторчо орус тилине статус берип жатса. Андыктан, түпкүлүктүү кыргыз эли өз эне тили үчүн досторчо кам күрүүгө толук моралдык укукка татыктуу болуп жатат. Баса белгилейбиз, жумушка кабыл алуу жарыяларында жумушка тигил же башка улуттагы киши гана кабыл алынат деп улутту көрсөтүп жазуу, тилекке каршы, азиат жана европа тараптан тең жүргүзүлүп жатат. Көп улутуу Кыргызстан эли үчүн уят көрүнүш.

Кыргыз тилинин проблемасын чечүүдө башка улуттардын, өзгөчө орус туугандардын сөзсүз психологиялык колдоосу талап кылынат. Мунун жөнү мындай: орус тилине расмий статус берилгени үчүн орус туугандар, жана россиялык боордоштор ыраазы болушуп кыргыз элин мактап эле жатышат. Акыйкатта бул достуктун белгисин чагылдырбай тескерисинче көрүнүштү чагылдырып жатат. Досторчо болоор эле, эгерде ушул жерде орус туугандар минтип эле кошуп коюшса: бирок силер, кыргыз достор, өзүңөрдүн эне тилиңерди да унутпагыла, сактагыла жана өнүктүргүлө, эч айбыгып тартынбагыла. Мындай достук кеңеш психологиялык жактан чоң демөөр болоор эле. Себеби, көпчүлүк кыргыздарга өз тилинде сүйлөөдөн уялуу касиеттүү; көпчүлүк кыргыздарга, башка улуттагы туугандарга кыргыз тилин үйрөнгүлө деп айтуудан тартынуу касиеттүү, себеби андай учурда улутчул экенсиң дешет же мамилеси сууй түшөт.

...Сыягы, канткен менен, өзүбүздүн өлкөбүзгө өзүбүз гана эч тартынбай чечкиндүү кам көрбөсөк, биз үчүн эч ким жана эч бир улут эч нерсе кылып бербейт деген эл оозундагы кеп талашсыз адилеттүү айтылып жүргөн тура.

Эгерде биз бул мыйзамды өзгөртпөй орус тилинин статусунун түбөлүктүүлүгүн кааласак, төмөнкү нерсеге назар салалы:

Бир жолу башка улуттагы тууган, кайсы улуттан экендиги зарыл эмес, берки кишинин эркине каршы: мен кыргыз тилин такыр түшүнбөймүн деп телевизордун каналын чечкиндүү түрдө которуп салды. Бул, түрдүү улуттар радио угуп же телевизор көргөндө пайда болуучу психологиялык проблема эң эле кенен тараган учурлар. Тигил же бул тилге байланыштуу проблемалар толтура жана сан жеткис сейрек учурлар негативдүү коомдук-психологиялык системаны жаратат. Тилдерди билсек, макул болсоңор достор, сөздөр, талаштар, нааразычылыктар, телеканал талашуулар азая түшөт. Жана: "жанымда отургандар өз тилинде эмне жөнүндө сөз кылышып атты экен? …мени жамандап жатышпады бекен, акыры?" Мына ошондо гана куунак улуттар аралык атмосфераны жаратууга мүмкүнчүлүктөр өсөт. А, кайсы тилде сүйлөө – ар кимдин өз эрки.

Кыргыз эмес туугандар, орус тилинин статусу түбөлүктүүлүккө ээ болду деп негизсиз бейкапар ишене бербесек. Орус тилинин статусу убактылуу болуп калаарына кантип гана акылыбыз жетпей жатат? Себеби, эртедир-кечтир, эгер кыргыз тили мындан ары да кош көңүлдүүлүккө дуушар боло берсе, эне кыргыз тилининин тагдырына күйгөн калк бышып жетилип маданият төңкөрүшүн жасап жиберсечи. Бийлик деле убактылуу эмеспи. Балким кийин жаңы бийлик мамлекеттик кыргыз тилинин оор абалын көрүп туруп, кыргыз тилин сактап калып өнүктүрүү максатында орус тилинин статусуна императивдүү түрдө каршы чыгууга аргасыз болсочу.

Мына ошентип, адатынча биз көз жумган ачуудан ачуу чындыкка карап көрдүк. Анткени Жарандык улутка кеткен жолдо ачуу чындык гана бизди тазалашы керек эле. Чындап эле ал идеалдуу болушу үчүн, себеби ооруну жашыруу эртедир-кечтир атмосферанын идеалдуулугун бошоңдотмок.

Эми болсо, элдин тилдик айыгуусуна конкреттүү эмне сунушталаарына көңүл бөлсөк жана ушуну менен биринчи концепциянын соңуна чыксак. 2002-жылдын 7-8 майында өткөн республикалык студенттер аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары боюнча чыккан «Тоо калкынын социомаданий ишмердиги: «каада-салттар жана заман баптык» илимий макалалар жыйнагынан «Орус тилин окутуудан Кыргызстан элинин филологдук-лингвистикалык агарышына чейин» деген докладдын (У.Дүйшөналы) текстине көңүл буруп көрсөк:

Боордош орус калкынын орус тили советтик мезгилде чоң мааниге ээ болуп, улуу тил болуп даңкталып СССРдин бардык улут жана элдердин баа жеткис дөөлөтү болгон. Бул тил Кыргызстандын көп улуттуу дос калкынын аң-сезиминде жана жүрөгүндө бүгүн, эртең жана дайыма өзүнүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн эч жогото көрбөөсү зарыл.

Айрым шериктеш өлкөлөргө караганда Кыргызстанда орус тили, орус тилдүү калк жагымдуу кабыл алынып урмат-сыйга ээ. Бул болсо, кыргыз элинин орус тилине көз караш жаатында достук мамилени жана окуу предмети катары, башка тилдүү элдер менен руханий баюу шабданын шексиз чагылдырып турат.

Республиканын тоолуу регионундагы орус тилинин абалы жөнүндө сүйлөшөлү. Бул айыптоо эмес, чындыкты объективдүү чагылдыруу. Тилекке каршы, моюнга алуу керек, мектептеги кээ бир орус тили жана адабиятынын мугалимдери орус тилинин грамматикасын жакшы билишпейт, ошондой эле чабал сүйлөшөт, себеби эч ким менен сүйлөшүп сүйлөө речин деңгээлде кармоого шарт жок жана бул салыштырмалуу гана кечиримдүү. Мындай абалдын бардан жоктугу, себеби мугалимдердин катасын окуучулар сиңирип алышып жылдар арасында жай жүргүзүлгөн бомбага окшош, ошон үчүн сабатсыз кадрларды өндүрүп алып жатабыз.

Жыйынтыгында окуу жайларда, чынында билимдүү улуу урматтуу кыргыз тилдүү окутуучулардын оозунан сөздөрдү жана сөздөрдүн акыркы уңгуларын туура эмес угабыз, а бул болсо, студенттердин билим алуу сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Студенттердин толук түшүнө бербегендиги жана конспекттерин туура эмес жазып жаткандыктары талашсыз факт.

Баса, белгилеп кетүүчү нерсе, республиканын тоо жерлеринен келген студенттер орус тилдүү окуу жайларында кыйынчылыкка дуушар болушат. Мындай тил барьерлерден студенттер өзүнүн жөндөмдөрүн толук ача албай окуунун отличниктери академиялык деңгээлин жоготуп жаткандары да аз эмес. Мына ушулар, алыскы айыл жерлеринде орус тилин окутуунун төмөн сапатын түздөн түз чагылдырып жатпайбы.

Дагы бир мисал. Республиканын тоо региондорунда соода-рекламалык көрнөктөрдө массалык түрдө тилдик сабатсыздыкты көрүүгө болот. Ошондой эле гезит беттеринде кыргыз адистери тарабынан орфографиялык, грамматикалык жана башка каталар кетирилет. Минтип жаш муундардын аң-сезимине маалыматтар дайрасында туура эмес билим салып жатып, моралдык жоопкерчилигин өчүрүп жатканыбыз үчүн тилге жок дегенде сый жана жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек. Башкача айтканда жаш адистер, анча-мынча каталарга жол бериле берет экен жана анчейин деле уят эмес окшойт деген терс түшүнүктө калыптанышат.

Жогоруда толук эмес келтирилген көрсөткүчтөр республиканын тоолуу региондорундагы орус тилинин маанисин ачып берди. Андан тышкары, адам орус тилин билүү аркылуу гана өлкөлөр аралык мамилелерге, дүйнөлүк билим мейкинине интеллектуалдуу интеграциялай алат. Тилдерди билүү дайым пайда да. Бирок жогорудагы турмуштук себептерден улам орус тилин билүү муктаждыгы, эгоцентристтик ориентацияланган мүнөзгө ээ болуп жатат. Ошон үчүн орус тилин билүү муктаждыгын – аны эсептешпей нукура сүйүү, орус жана башка тилибизди билүү аркылуу руханий баюуга болгон умтулуу, жүрөктүн жалындуу каалоосу менен бөтөн тилдүү элдер менен көңүл жакындашуу менен толуктоо керек. Ушул сыңары инсандык умтулуулар ар тилдүү элдердин арасында бирдей болгондо гана бул нерселер гармониялуу ишке ашат.

Тоолуу аймактарда орус тилин окутууну иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Швейцариянын СIМЕRА уюмунун Долбоору менен координациялуу иштөөгө тийиш. Бул Долбоор балдар бакчасына кош тилдүүлүктү киргизет. Окутуу дайымкы реалдуу сүйлөшүп туруу принциби менен курулган. Маселен, жарым күн балдар менен кыргыз тилинде бир педагог иштейт да, ал эми күндүн экинчи жарымында орус тилдүү педагог иштеп бардык сөздөрдү жана оюндарды окулуп жаткан тилде гана жүргүзөт. Мындай эксперименттер бир топ бала бакчаларда өткөрүлүп жыйынтыгы эффективдүү жана укмуш болду. Жакын арада долбоор өзүнүн методикасын билим берүү системасына кийирмекчи.

Долбоордун педагогу Беатрис Шультердин «Кутбилим» гезитине, Кыргызстандын бүткүл билим берүү системасын «кош тилдүүлүккө өткөрүүдөгү каражат жөнүндөгү сөзүн келтирсек (Кутбилим № 16, 24.04.02, 2-б. «Двуязычие с детского сада», Ж.Турдубаев): «…Өткөн жылдын сентябрында биз эл аралык конференция өткөргөнбүз. Анда Женевадан келген профессор Франсуа Грин айткан ошондо. Кош тилдүүлүккө өтүү үчүн атайын эсептөөлөргө караганда учурдагы каржылоого 5 гана пайызын кошуп койсо эле жетиштүү. Бирок моралдык жана материалдык пайда кошумча чыгашадан көп эсе аша түшөөр эле. Ал эми Кыргызстандын шартында, ансыз деле чоң өзгөрүүлөр болуп жатканда (жаңы китептер түзүлүп, пландар, ал түгүл долбоорлор иштелип, методикалар жаңыланууда) бул 5 процентти коротпой эле кош тилдүүлүккө өтсө болот. Албетте, эгерде бул трансформацияга кошулуп кире алсак.»

Кыргызстан элинин кызыкчылыгында, албетте, бул трансформацияга чечкиндүү киришүүбүз зарыл жана Шультер айым айткандай, материалдык жана моралдык пайда кошумча чыгашадан аша түшөт.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет