Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


Учурдун «Нравалык издөөлөрү» же нравалуулуктун механилкалык альтернативасы



бет9/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   15

Учурдун «Нравалык издөөлөрү» же нравалуулуктун механилкалык альтернативасы
Жүргүнчүнүн ыйманы – мыкты контролёр (совесть пассажира – лучший контролёр). Бул алтын сөздөрдү совет эпохасынын ар бир жашоочусу жакшы билет. Тилекке каршы бул өткөн заманда калган нравалык баалуулукту бүгүн эми мамлекеттик башкаруу тармагына экстрапаляциялоого мүмкүн болбой калып бүгүн жүүнүбүз бошоп мамлекеттик органдардын жана чиновниктердин ишмердигин көзөмөлдөөнүн кай бир болбогон үчүнчү органдарын амалкөйлөнүп ойлоп таба беребиз. Анан башыбыз катып дагы бир суроо коёбуз: «ал эми бул үчүнчү органды ким көзөмөлдөйт анан?» деп. Ошондой эле коомдук адилеттик өңдүү нерселерге жетишүү максатында кызыктар топторун (группы интересов) ойлоп чыгарабыз, кызыктар тобу маңызында эгоисттик мүнөзгөө ээ экенин капарыбызга албайбыз, анткени жада калса коомдун да кызыкчылыктарын да эч тартынбай эгоисттик кызыкчылыктар тобуна бөлүп-жарып салдык. Ошондой эле өлкөдө темирдей катуу тартип орнотуунун, ыймандуу жана патриот чиновниктерди тарбиялоонун ордуна чиновниктердин ыйманын (мамлекеттик органдардын ишин да) көзөмөлдөй турган байкоо кеңештерин ойлоп таптык. Ал түгүл Конституциянын долбооруна да айлакерленип оголе болбой бийликти адилеттүү бөлүштүрүү жана теңдештирилген көзөмөл механизмдерин ойлоп табабыз.

Өлкөдө же руханий өсүш жок, өлкөдө же муунду нравалык тарбиялоо да жок, өлкдө же темирдей катуу тартип жок да бардык институттарга альтернативалык институттарды ойлоп таба беребиз, мисалы альтернативалык парламент жана ушул сыяктууларды. Курултайдын кереги жок деп айталбайбыз. Бирок эгерде коомдо тартип болгондо курултайларга да зарылчылык болмок эмес.

Ошентип биз нравалык издөөдөн обочолонуп калдык, азыр эми моралдык жана этикалык канондорго таяна албай калдык да алардын ордуна адилеттик жана чындык үчүн күрөшүүнүн механикалык куу амалдарын ойлоп табууга кыйын уста болуп калдык.

Төртүнчү концепция – Маданияттын руханий аң-сезими
Маданияттын руханий аң-сезими
1. Маданиятты өнүктүрүүнүн руханий формуласы.

2. Маданиятты кризистен чыгаруу боюнча жүзөгө реалдуу ашырса боло турган жаңы экономикалык эсеп.

3. Маданият ишмерлеринин, акын-жазуучулардын жана башкалардын турмушун жандандыруу.

4. Кыргызстандын маданияты кандай болушу керек: улуттукпу же улуттар аралыкпы?

Бул концепцияда коомдун руханий жана материалдык өнүгүү тепкичинин катнашы катары аныкталган цивилизация деген түшүнүккө алаксыбай андан баш тарта туруп көңүлдү элдин маданиятын өнүктүрүү проблемасына бурабыз.

Ар кандай эле маданият – маданият деген нерсенин субстанциясы (башкы жаратуучу негизи) катары адамдын ишмердигинин натыйжасы экендиги белгилүү. Адамдардын ишмердиги эле бар болсо – руханий да материалдык да маданият бар боло бермекчи. Алгач руханий маданият деген эмне, ал эми материалдык маданияттын эмне экендигин чечмелеп алалы. Элдин руханий маданияты адабият, искусство, фольклор сыяктуу ресурстарга, нравалык жана эстетикалык баалуулуктарга жана башкаларга ээ болуу менен сыпатталат. Ал эми материалдык маданият тарыхый материалдык дөөлөттөрдү сактоодо жана ошондой эле илимий-техникалык прогресстин продуктысы болгон бардык нерседе чагылдырылат.

Ошентип биз адамдын ишмердиги гана маданиятты жаратарын аныктап алганыбыз соң адамдын ишмердиги негизи – өзүнүн табиятында адамдын руханий мүмкүнчүлүктөрүнүн руханий көрүнүшүн, руханий мүнөзүн чагылдырары талашсыз нерсе болуп турат. Демек адамдын аң-сезимине руханийлүүлүктүн потенциалын же энергиясын салып мунун натыйжасында элдин руханий аң-сезиминин деңгээли – маданияттын өнүгүшүнө түздөн түз пропорционалдуу экендигин элестетебиз. Ошентип,



Маданияттын руханий аң-сезими – маданиятка өмүр берүүнүн табигый шарты жана жаш да улуу да муундун руханий аң-сезими аркылуу жана мамлекет коомдун жашоосун уюштурууга, нукка салууга жана коомдун ар кандай кыймылына, анын абалына жооптуу болгону үчүн мамлекеттин да руханий аң-сезими аркылуу маданиятты өстүрүү.

Маданиятты өнүктүрүү үчүн адамдардын аң-сезими мазмундуу болуп руханий элементтерге бай болушу керек. Адамдар руханий аң-сезими аркылуу гана маданият жаратышат.

Маданиятты өнүктүрүү проблемасы экономикалык салымдан тыгыз көз каранды. Буга мамлекет түздөн түз кам көрөт анткени биздин аныктамабызга ылайык мамлекет да маданияттын аң-сезимин алып жүрүүчү болуп саналат анткени ал маданиятка руханий аң-сезим, өмүр үйлөп берет. Эми маданияттын аң-сезимин (руханий аң-сезимин) жолдуу компоненттер менен комплекттөөгө аракет кылабыз. Азыр руханий аң-сезимдин мазмунуна көркөм адабиятты окуу, кинолорго, театрларга, музейлерге жана башка жерлерге баруу сыяктуу компонененттерди салабыз. өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүдө адамдардын мындай ишмердигинин (китеп окуу ж.б.) мааниси канчалык зор экендигин төмөндө карап көрөбүз.

Көркөм адабиятты окуган жана кино, театрларга жана музейлерге барышкан муун – бул өлкөнүн маданиятынын тоталдык компоненти жана кайра жаратуунун, деңгээлде кармоонун жана өнүктүрүүнүн кынтыксыз кубаттуу жаратман күчү.

Зордукчул рыноктук жана адамдын шаштысын кетирген жогорку ыргактагы постсоветтик жашоонун жана идеологиялык вакуум жана маданият ыдырап жаткан шартта китеп окуу сыяктуу мындай нерселер адамдар үчүн баалуулук ориентациясына ээ болбой калды. Адамдарды руханий жана нравалык-этикалык кайра жаратуу, инсанды ар тараптуу өстүрүү жана өлкөнүн адамдык ресурстарын бекемдөө максатында көркөм адабиятты окуу жана кино, театрларга, музейлерге жана башка жерлерге баруу үчүн шарттарды түзүү өзгөчө зарыл болуп жатат.

Ушул максатта китептерди окуу жаатында жолдуу суроо жылдырып чыгабыз: кандайча бүтүндөй муун өз ыктыяры менен көркөм адабиятты берилип окуп калгыдай кылса болот?

Калктын социалдык-экономикалык абалы оңолмоюн китепти үй тиричилигинде окуу күмөн. Анткени калктын көпчүлүгү анын ичинде кээ бир категориядагы балдар көр оокаттын айынан окуудан бош убактысында нан таап жөө үчүн иштөөгө аргасыз болуп турганы адаткы көрүнүш. Мисалдарды санап отуруунун кажети жок. Анткени биздин каардуу мезгилде турмуштун проблемалары жана инсанды өз алдынча өнүгүүсүнөн алаксыткан факторлор жетиштүү. Башкача айтканда адамдар китеп окууга чолосу тийе бербей жатат. Бирок канткен менен адамдар сөзсүз түрдө өздөрүнүн кымбат баалуу убактысын: балдар – мектепте окууга, жаштар окуу жайларында окууга, улуулар – жумушка арнашат. Солдаттар бир жарым жыл аскерде кызмат кылышат. Кылмышкерлер тордо отурушат. Адамдардын күндөлүк турмушунун ушул жактарынан гана мыйзамдын негизинде адамдар кез-кези менен же такай окуусуна, киного, театрларга, музейлерге баруусуна жана эс алуусуна мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн убакыттан кесип алып берүү зарыл. Кино жана театрларга баруунун финансылык жүгү тууралуу төмөнүрөөктө талкуулайбыз, болгондо да жарандардын пайдасына. Бирок алдын китептерди окууну кантип уюштуруу тууралуу акылдашалы.



өзүнүн өмүр жолунда китептерди каныкканча окуп алуу бала чакта башкача айтканда мектеп жылдарында абдан ылайыктуу. Анткени адам мектепти аяктаганда аны үй-бүлөлүк дегеле чоң турмуш арабасы алаксыта баштайт. Бирок балдардын мектепте, жаштардын орто жана жогорку окуу жайларында, солдаттардын аскерде, кылмышкерлердин тюрмөлөрдө ал эми чоңдор болсо иштеген жеринде ишканасынын менчик формасына карабастан китепти окууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү. Китеп окууну билим берүү чөйрөсүнө (мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, орто жана жогорку аскердик окуу жайларында), Куралдуу күчтөр чөйрөсүнө, тюрмө чөйрөсүнө жана эмгек чөйрөсүнө бөлөлү.

Билим алуу, Куралдуу күчтөр чөйрөсүндөгү китеп окууну сөзсүз түрдөгү тартип катары киргизсе болот. Ал эми эмгек тармагындагы китеп окууну – иш учурунун эсебинен жана эмгек акысын сактоо шарты менен көркөм адабиятты окууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү катары гана тартип кабыл алуу керек. Жогоруда айтылгандай мындай мыйзам жеке менчик ишканаларына да таркайт.

Билим берүү тармагындагы китеп окуу:

Мисалга мектепте жана окуу жайларында сөзсүз көркөм адабиятты окуу үчүн күнүнө бир жуп сабактан (бир пара – бир жарым саат) убакыт бөлүнүп берилет. Мектептин окуучулары биринчи кезекте ошол күндө адабият сабагынан кайсы теманы өтүп жатышкан болсо, биринчи кезекте ошол гана теманы окууга милдеттүү. Ошондон кийин гана каалаган адабий чыгарманы окуй алышат. Ушундай эле тартип орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине жана орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарына тийиштүү. А эгерде аларда факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайык адабият сабагы жок болуп чыкса, анда каалаган чыгармасын окуй алышат. Мындай сөзсүз түрдөгү программа билим берүү мыйзамдарында каралып биринчи класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин милдеттендирилет. Ушундай эле тартип орто окуу жайларынын студенттеринин биринчи курсунан баштап акыркы курска чейин жана аскер окуу жайларында курсанттар биринчи курстан баштап окууну бүткөнгө чейин орнотулат. Окутуунун мындай маданий программасынан мектептеги жана орто жана жогорку окуу жайларынын окутуунун жана кадрларды даярдоонун негизги программасы дегеле жабыр тартып калбайт. Анткени окутуунун мындай маданий программасынан келип чыккан моралдык пайда алда канча артык болот себеби мындай жол аркылуу биз билимдүү жана тартиптүү адамдардын коомуна ээ болуп жатабыз.

Куралдуу күчтөрүндөгү окуу.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик уставы менен аскер кызматчыларынын күн тартибинин бир бөлүгү катары көркөм адабиятты күндө бир сааттан окуу тартиби киргизилет. Албетте, нарядда турган же боевое дежурствосунда турган аскер кызматчылары китеп окуу менен алаксышпайт. Армиядагы солдат минтип китеп окуу жолу менен ал инсандыгын өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот ал эми биз болсо окуган жана маданияттуу жарандарга байыйбыз. Анан акыры аскерде кызматын өтөп бүткөн жаш адам граждандык турмушка кайтканда өзүнүн жеке жана коомдук жашоосун дилгир, сабаттуу, коомго пайдалу тартиптүү адам катары баштай алат.

Түрмөлөрдөгү китеп окуу.

Тюрмөдөгү кылмышкерлерге каалаган көркөм китептерди сатып алууга же китепканадан алууга, камерада китеп кармаганга жана чектөөсүз эркин окуганга укук берилет. Тюрмөлөрдүн администрациясы мындай шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү болуп саналат.

Эмгек тармагындагы окуу.

эмгек мыйзамы аркылуу күндө өз ыктыяры менен эмгек тармагынын өзгөчөлүгүнө жараша нөлдүк, жарым сааттык, бир сааттык жана бир жарым сааттык диапазон убактысында көркөм адабиятты окуу. китеп окуу убактысы сегиз сааттык жумуш убактысына кирет. мындай учурда жумуш учурундагы эмгек акысы сактала берет.

Нөлдүк диапазон деген, китеп окуу өндүрүштүн кызыкчылыгына, иш планына жана башка нерселерге терс таасирин тийгизе турган болсо, ошол тармактагы эмгек чөйрөсүндө китеп окууга жол берилбейт. Мындай ишканалардын категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Ошондой эле мындай тартипти аныктоо үчүн китеп окуу шарты – ишкананын экономикасына жана башка нерселерине зыянын тийгизер-тийгизбешин эске алуу менен бирге ишканалардын жетекчилери бул маселени өзүнчө жеке түрдө же коллегиалдык түрдө чечүү укугуна ээ болушу керек.

Китеп окуунун жарым сааттык, бир сааттык же бир жарым сааттык диапазону деген, ишкана өзүнүн ишканасынын кызыкчылыгына байланыштуу жумушчулардын китеп окуусу үчүн жарым сааттык, же бир сааттык же бир жарым сааттык диапазонун тандап алат. (Жарым сааттын ичинде акындардын бир кыйла эле ырларын окуп алууга жетишсе болот).

Бирок эмгек акысы кылган ишине жараша болгон ишканаларда жумушчу толук көлөмүндө акча иштеп табуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылбашы үчүн китеп окушун же жумушту үзбөй иштей беришин өзү чечет. Бирок бул маселе тигил же бул ишкананын экономикалык максатка ылйыктуулугу аркылуу чечилиши керек. Жана жумушчулар китеп окуп калышса, бул экономикалык пайда алууга кедергисин тийгизеби же жокпу – же административдик түрдө же коллегиалдык түрдө чечилет. Бул жерде эске ала турган нерсе, китеп окуу тартиби өлкөнүн бардык мекеме жана ишканаларына тарай бербеши керек. Мисалы дүкөндөр же ушул сыяктуу калк тейлеген ишканалар китеп окуу убактысына улам эшигин жаап коё бериши элге ылайыксыз болуп калат. Ошондой эле аскердеги жана укук коргоо органдарындагы кызматкерлер боевое дежурстводо турушкан болсо, китеп окуу менен алаксыбашы керек.

Кино-театрларга, музейлерге жана башка жерлерге баруу.

Кинотеатрларга жана музейлерге баруу тартиби ошондой эле билим берүү жана эмгек тармагына киргизилет. Куралдуу күчтөрүндө болсо бул суроону, аскердик тартиптин абалына карап командачылык жеке түрдө чечет. Анткени канткен менен аскер деген аскер. (Бирок аскердеги китеп окуу сөзсүз бойдон калышы керек). Ошондой эле кино жана театрларга катышуу тюрмөлөргө таркабайт. Эгерде акылдуу сөрөйлөр тордо отурган кылмышкердин адам укугу тууралуу кеп кылып калышса, анда анын укуктары кылмышкердин эркиндиктерин кеңейтип киного жана театрларга алып баруу деген жагына берилбей, адам укугу деген нерсе – кылмышкердин отурган жеринин нормалдуу шарттарына, тамактануусуна, медициналык тейленишине гана берилиши керек. Анткени тюрмөдө отурган кишинин юридикалык статусу өзүнөн өзү эле белгилүү нерсе: "кылмыш жасаганы үчүн эркинен ажыратылган". Андан сырткары, эгерде, кылмышкерлер киного жана театрга барып калышса, акыры кайгылуу окуялар менен бүтө турган качууларды уюштуруу ыктымалдуулугу талашсыз. Ал эми кино жана спектаклдерди тюрмөнүн аймагында көрсөтүшсө анда башка кеп. Бирок дагы да белгилеп кете турган нерсе, тюрмөдө отурган кишинин китеп окуу тартиби сөзсүз катары каралат.

Эгерде мектеп окуучулары классы менен, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери тобу менен, орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттары взводу менен кино жана театрларга барып турушу бул – окутуунун жана маданияттуу жана билимдүү муунду тарбиялоо программасына ылайык сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылып турса, ал эми эмгек тармагында адамдардын кино-театрларга барышы сөзсүз бекитилген тартип эмес, тескерисинче, эмгек мыйзамы аркылуу иш учурунан пайдаланып жана ошол убактагы эмгек акысын сактоо менен аталган маданият субъекттерине кез кези менен катышууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк жана укук берүү катары гана каралат. Билим берүү тармагында кинотеатрларга тез тез барып туруу билим берүү проблемасына анчейин деле терс таасирин тийгизе бербейт. Ал эми эмгек тармагында бул нерсе иш процессин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Ушундай баамдоодон улам эмгек тармагында кинотеатрларга катышуунун төмөнкүдөй минималдуу нормасы сунушталат: жумушчу айына бир жолу иш убактысынын жана ишканасынын эсебинен же киного, же театрга же музейге катышууга укуктуу.

Катышуу үчүн акы төлөө тартиби.

Катышуу үчүн акы төлөө жөнөкөй жана кино же театрдын кассасына накталай төлөп берүү тартиби менен аныкталышы керек. Жумушчу киного, театрга же музейге барардан мурда ал киши маалымат базасы аркылуу кайда барары жана билеттин баасы тууралуу билип анан тийиштүү чечим кабыл алат. Андан соң бухгалтериядан тийиштүү суммадагы акчаны алат. Кийин квитанцияны алып келип бухгалтерияга отчёт катары тапшырат. Же болбосо жумушчу кино же театрда билетти өз чөнгөгүнөн сатып алып кийин бухгалтерияга тапшырып билеттин наркы боюнча компенсация алса болот.

Кино жана театрларга баруунун экономикасынын маселеси.

Мектеп окуучулары, студенттер жана курсанттар бекер барышат. Ал эми жумушчулар болсо, буга чейин айтылгандай уюмдун эсебинен акы төлөп барышат. А эгерде мамлекеттин өзүнүн жумушчулары үчүн кино жана театрларга катышуусуна акча төлөп берүүгө каражаты жетишпесе, анда жумушчулардын катышуусун өз чөнтөгүнөн кылып койсо болот. Бирок акы төлөөнүн суммасы сөзсүз принципиалдуу түрдө оор болуп сезилбегендей жана чөнтөгүн какпагандай болушу абдан зарыл. Мисалы, жапайы рынок шартында жашап жатканыбызга карабастан киного, театрга же спектальге же музейге катышуунун акысы дайыма коомдук транспортто жүрүүнүн төлөмүнө барабар болуп турушу керек. Статистиканын жардамы менен өлкөнүн бардык иштеген калкынын санын эсептеп чыгарып алардын бир айда же бир жылда катышуусунун санын көбөйтүп өлкөнүн маданиятына кандай өлчөмдөгү бюджеттин түшүп жатканын билсе болот.

Мисалы, Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда эки миллион иштеген киши бар дейли. Биз буга дейре келишип алганыбыздай, төлөө өлчөмү коомдук транспорттун билетине барабар болуп жумушчунун кинотеатрга ар бир баруусу беш сомго барабар. Эки миллионду беш сомго көбөйтүп он миң миллион сомго ээ болобуз. Бул бир айда маданият тармагына түшө турган сумма. Анктени биз мыйзам менен аныктагандай ар бир жумушчу айына бир жолу гана жумуш убактысынан пайдаланып катышат. Маданият чөйрөсүнө бир жылда түшө турган сумманы аныкташ үчүн 10 миллион сомду 12 айга көбөйтүп 120 миллион сомго ээ болуп жатабыз. Мындан да тагыраак жана конкреттүүрөөк экономикалык эсепти жүргүзүү үчүн өлкөнүн мамлекеттик жана жеке менчик тармагындагы кишинин иштеген санынын, эмгек акыларын аныктоо үчүн кинотеатрлардын жана музейлердин жумушчуларынын жана тейлөө персоналынын так санын статистика аркылуу аныктоо керек болот. Ошондой эле кинотеатрлар жана музейлердин шаймашай абалында сакталышы үчүн, алардын толук кандуу иштеши үчүн ремонттоо жана керектүү материалдар менен камсыз кылуу үчүн так статистикалык маалыматтар керек болот. Эгерде кинотеатрларга катышкан кардарлардын төлөө эсебинен эле каражат жетишпесе, анда мамлекет, албетте, маданият тармагына жыл сайын кошумча бюджет жүктөп турат.

Бирок жарандардын кинотеатрларга жана музейлерге катышуусунун акы төлөө саясаты ажайып жагымдуу, ыңгайлуу болушу үчүн, адамдардын кинотетарларга жана музейлерге баруусу ыктыярдуу болушу үчүн билеттин баасы принципиалдуу түрдө төмөн болушу зарыл. Аны үчүн сунуштала турган нерсе, билеттин баасы дайыма коомдук транспортто жүргөндөй болуп калышы керек.

Көркөм адабиятты окуган жана кинотеатрларга катышкан муундан келип чыккан пайдалуу глобалдык натыйжалар:

Биздин көз карашыбызча күтүлгөн натыйжалар абдан прогрессивдүү. Мисалы, республиканын бардык китепканалары жана кинотеатрлары жандуу иштеп калат. Маданият ишмерлеринин үзгүлтүксүз жумушу жана туруктуу кирешеси пайда болот. Китеп чыгаруу жана китеп соода кылуу тармагы өнүгөт. Акын жазуучулардын китеп продукциясы талап кылына баштайт.



Расмий-мамлекеттик маданият
Эми болсо Кыргызстандын дөө-шаа интеллигенттери талашып-тартышкан Кыргызстандын маданияты интернационалдык болушу керекпи же улуттук болушу керекпи деген парадоксалдуу да, каршы-терши да мүнөздүү суроону чечебиз. Мындай суроону, албетте, көпчүлүк калк мыйзамдуу түрдө аяр, назик, этияттуу жана башка деп эсептешет. Бул жерде бул суроону аяр деген абалдан чечкиндүү түрдө чыгарып ачык деп жарыялайбыз. Чечкиндүү жана ачык жооп жаратаардан мурда Жарандык улут деген биринчи концепциядагы айтылган ойлорду эстейли:

"Кыргызстанда кыргыздар болгон титулдук улут менен бирге 80 ден ашуун улут жашайт. Улуттук кызыкчылыктарды ор-ордуна коюп чыксак. Жалпы кабыл алынган ой боюнча маданият жаатында титулдук улуттун маданияты башка улуттардын маданиятын чектебей үстөмдүк кылып туруусу керек. Биз титулдук улуттун аты менен Кыргызстан деп аталган титулдук улуттун фактору менен макул болуп жатсак, демек, кыргыз маданияты көрсөткүчтүү (официально представительный) болушу керек. Ошон үчүн Кыргызстан баарынан мурда кыргыз элинин маданияты менен көрсөтүлүп андан кийин гана башка улуттардын маданияттары менен көрсөтүлөт."

"Ошентип, Кыргызстанды кыргыз элинин маданияты менен официалдуу түрдө көрсөтүү факторунан башка бардык учурларда башка улуттардын маданияттары толук эркиндикке ээ жана эч кандай чектөөлөргө жол берилбейт."

"Мисалы чет элдик туристтер Кыргызстанда кыргыз улуттук маданиятынын колоритин көргүлөрү келишет жана бул мыйзам ченемдүү жана логикалуу."

Жарандык улут концепциясында чагылдырылган жогорку жободон улам Кыргызстандын маданиятынын кыргыз элинин расмий көрсөтүлүшүнө кошо турган нерсе, башкача айтканда кыргыз элинин маданиятына мамлекеттик деген статус беребиз. Ошентип кыргыз элинин маданияты Мамлекеттик жана расмий көрсөтүлгөн абалга келип Расмий-мамлекеттик маданият деп аныкталат.

Кыргыз маданиятынын мамлекеттик статус жана расмий көрсөтүлүш критерийи маданияттын төмөнкү элементтеринде чагылдырылат:

1. Гимн, герб, желек деген мамлекеттик символдорунда – боло турган аксиома.

2. Тил саясатында. "Жарандык улут" деген биринчи концепцияда айтылгандай ар бир кыргызстандык киши каалаган тилде сүйлөө укугу менен бирге кыргыз тилин билүүгө тийиш.

3. Транспарант маданияты. Бардык көрнөк-жарнактар, рекламалык щиттер жана ушул сыяктуу белги предметтери кыргыз тили мыйзамына ылайык ырасталат: биринчи кыргыз тилинде жазылып андан кийин орус же башка тилде жазылат.

4. Көчө фону. Көчө фону кыргыз маданиятынын колорити менен артыкча толтурулат. Көчө фонунун башкы предмети катары тарыхый эстеликтер жана ушул сыяктуу нерселер жана шаарда, айылда жана башка жерлерде адамдын көзүнө уруна турган нерселердин баары кирет.

5. Улуттук баатырлар. Ар кандай жанрдагы, көркөм адабиятта болобу, кинодо болобу, музей тармагында болобу улуттук баатырларды чагылдырган чыгармаларды колдоп өнүктүрүү жана кыргыз элинин тарыхый инсандарынын эстеликтерин тургузуу жаатында да колдоого алуу.

6. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы. Кыргыз элинин тарыхын мындан ары өнүктүрүү жана билим берүү тармагында бул тарыхты сөзсүз түрдө бардык кыргызстандыктардын окуусу жана азыр бул нерсенин бар экендиги Кыргыз Республикасынын билим берүү саясатынын туура багыты.

7. Улуттук оюндар. Ат чабыш, улак тартыш, кыз куумай, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндардын республикалык жана жергиликтүү регионалдык масштабда салт катары жана майрам күндөрү аткарылышы.

8. Кыргыз элинин карате сыяктуу камбартеп деген согуштук өнөрү. Билим берүү системасы аркылуу каалоочуларды массалык түрдө машыктыруу менен элдин турмушуна киргизүүнү мамлекеттик колдоо жана дүйнөлүк популяризациялоо жана таратуу.

9. Төкмө акындардын "Айтыш" аттуу чыгармачлык иш-чараларын салт катары (дайыма) аткаруу.

10. "Чечен-айтыш" аттуу чыгармачылык иш-чараны салт катары аткаруу.

11. Комуз, ооз комуз жана башкалар сыяктуу улуттук музыкалык аспаптарда ойноону салт катары аткаруу.

12. Манас эпосун айтууну салт катары ишке ашырып туруу.

13. Кинематография. Дүйнөлүк рынокко чыга турган конкуренттүүлүккө жөндөмдүү сапаттуу кыргыз киносун өнүктүрүү.

14. ММК. ММК 50% кем эмес даражада кыргыз тили жана кыргыз маданиятынын колорити менен толтурушу керек.

Ошентип, жогоруда коюлган он төрт шарттардын – маданияттын элементтеринин сакталышы менен Кыргызстандын бардык этносторунун маданияттары эркин өнүгө алат.

бешинчи концепция – Чынчылдык
Совет мезгилинде чындык деген нерсе адамдарда түшүнүксүздүктү жаратчу эмес эле. Учурда мындай түшүнүк бара-бара өзүнүн актуалдуулугун жоготуп коомдук аң-сезимде айкын таржымалга ээ болбой турат. Мисалы бул сөздү козгогондо адатынча бул сөз эмнени билдирет же чындык чар-жайыт түшүнүк деп айтышат. А кээ бири болсо мындай түшүнүктү, өзүнүн жеке кызыкчылыктарынын ордуна элдин кызыкчылыгын сактоо шарты катары түшүндүрүүгө аракет кылат. Мына ушул нерсе чындык жөнүндөгү түшүнүккө жакыныраак болуп жатат.

Көрүнүп тургандай чындык деген сөз бара-бара өзүнүн коомдук-философиялык жана моралдык-этикалык маанисин жоготуп коомдун аң-сезиминде нукура жекече элести пайда кылууда. Ушуга байланыштуу бул сөздү өз алдынча кайра жаратууга, жаңы таржымал берип жаңыдан гуманитардык илимдерге интеграция кылууга аракет кылалы. Ошентип,



Чынчылдык – бул чындыкты жана бир гана чындыкты айтууга, өзүнүн кемчиликтерин абийири менен моюнга алып жогорку моралдык-этикалык канондорго жана анча-мынча (отчасти) юридикалык талаптарга ылайык иш-аракет кылууга жөндөмдүү адамдын моралдык нарк-насили.

Ошентип чынчылдык эки моралдык категорияга ээ, бул чын сүйлөп чын иштөө. Ушул эки жагдайды өз-өзүнчө карап көрөлү.

Чын сүйлөө. Ушул принципти турмуштун бардык учурларында абсолуттук тактык менен машиналдуу жана сокурдук менен сактоо дегенди билдиреби? Албетте, жок. Адам дүйнөсү ушунчалык парадоксалдуу экен, ошон үчүн сөз айтууда идеалдуу чынчыл болууга мүмкүн эмес. Мисалы оор кырдаалга түшкөн адамды жоошутуу үчүн калп сүйлөп коюуга чынчылдык жол берет. Эгерде кырдаал калп айтууну талап кылып турса жана калп айтуу бир нерсеге же бирөөгө зыянын келтирбесе, калп айтып коюуга чынчылдык жол берет. Акыры, канткен менен чындыкты айтпай коюу жагдайы, эгерде, моралдык-этикалык принциптин бузулушуна алып келе турган болсо чынчылдык өзү, чындыкты гана айтууну талап кылат.

Чынчыл адам туура талдоо ыкмасы менен (здравый рассудок) "ынтымакта" болушу зарыл. Болбосо чынчыл адам артыкча педантизм жана тамга жегичтикте адашып машиналдык түрдө бюрократ болуп кетиши мүмкүн. Оң маанисиндеги бюрократизм жана педантизм, албетте, мыйзамдарды так аткаруу үчүн жакшы нерсе. Бирок эске ала жүрө турган нерсе, мыйзамдын тамгалары дайыма эле турмуштун акыйкат түзүлгөн жагдайына дал келе бербейт. Турмуштун ушундай жагдайларында чынчыл адам адашпасы керек, албетте баары бир моралдык-этикалык эрежелерди принципиалдуу түрдө сактап жана туура талдоону жетекчиликке алып. Жөндөп айтканда, эгерде жазылган эрежелердин логикасы турмуштун акыйкат түзүлгөн кырдаалына дал келбей калганда көгөрүп эле педантист болуунун кереги жок.

Мына ошон үчүн биз юридикалык нормаларга ылайык аракет кылуу керек деген жерде принципиалдуу түрдө "анча-мынча (отчасти)" деген сөздү колдондук.

Эми адамдын ишин чынчылдык принциби боюнча карап көрөлү. Буга дейре биз аныктагандай – жогорку моралдык-этикалык канондорго ылайык аракет кылуу, иштөө. Моралдык-этикалык канондор, адам коомчулугу орното турган нормалар аркылуу аныкталат. Мисалы, мыйзамдар, эрежелер жана башкалар. Бирок чынчылдык иш-аракет кылууну дайыма эле кандайдыр бир мыйзам же коом тарабынан кабыл алынган эрежелер эле көрсөтө бербеши мүмкүн. Чынчылдык иш-аракет адамдын өзүнүн моралдык деңгээлинде да камтылып нукура өз алдынча иш жүзүнө ашышы мүмкүн. Муну төмөнкү мисалдан байкап көрөлү:

Президенттикке же депутаттыкка өзгөчө чынчыл кандидат өзүнүн үгүттөөчүлөрүнө мындай катуу талап коёт: алар калкка бар болгону ал тууралуу гана жана анын шайлоо алдындагы программасы тууралуу гана маалымат бергиле анан мага гана добуш бергиле деп элге такыр айта көрбөгүлө. Анткени элге кандидаттар тууралуу чын маалымат гана берип койсоң кимге добуш беришерин эл өзү чечет. Анткени чынчыл кандидаттын түшүгүндө өзү үчүн добуш берүүгө элди ынандырып тартуу анчейин эле чындык эместей көрүнөт. Бирок ал суранууга гана жол берет, бирок таңуулабай. Анан ал өзүнүн үгүттөөчүлөрүнө мындай насаат айтат: мага жан дилиңер менен берилип кызмат кылып жатып менин оппонентимди такыр жамандай көрбөгүлө, менин оппонентимди такыр ушактай көрбөгүлө жана анын афишаларын кулактандыруу тактайларынан айрыбагыла. Себеби бул, биринчиден, чынчылдыкка коошпойт, экинчиден ал эскертет, мындай үгүттөөчүлөрүмдү ыйман жагынан саткын катары баалаймын деп. Анын үстүнө тырнакчадагы мындай "берилген" үгүттөөчүлөр анын нарк-насилине доо кетирип жатышат.

Чынчылдык жөнүндөгү маанини тереңирээек ачып бериш үчүн төмөндө бир метеорологдун турмушунан мисал келтиребиз:

Кайсы бир метеостанцияда метеорологдор ай сайын отчёт түзүшөт. Метеорологиялык отчёттордун күндөлүгүндө, кез кези менен текшерилип анын ката көрсөтүүлөрүн жоюу үчүн түзөтүүгө тийиш болгон флюгер деген аспап тууралуу графа бар. Көп жылдар бою метеорологдор биринин артынан бири флюгер текшерилди, каталары жоюлду, флюгердин көрсөтүүлөрү туура деп калп эле жаза беришчү. Бирок чындыгында текшерүүнү билишкендер да билишпегендер да эч кандай текшерип оңдоо иштерин жасабачу.

Бирок күндөрдүн биринде бир метеоролог көп жылдык салтты бузуп флюгердин текшерилиши тууралуу графада ачыктан ачык минтип жазат: Флюгерди текшерген жокбуз, бизди мындай нерсеге окутушпаган, каталары тууралуу маалымат белгисиз, эске алышыңарды өтүнөбүз. Ыймандуу метеорологдун чын сөзү жана чын ишине ылайык компетенттүү адистер келишип профилактикалык иш өткөрүшөт. Анан ошол мезгилден баштап өлкөнүн метеорологиясы туура метеорологиялык, табигый маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет.

Чындыгында кесиптик ишмердик тармагында жогорку моралдык-этикалык канондорго ылайык чынчыл аракет кылуу зарыл мааниге ээ. Бул адам өзү иштеген тармактын өсүшүнүн кызыкчылыгындагы жеке пайданы көздөбөй иштөө жана элдин кызыкчылыгындагы ишмердик. Бул паракордукту жактырбоо. Ошол эле тармактын эффективдүү жана тоскоолдуксуз өнүгүшүнүн жана адам коомунун прогрессинин кызыкчылыгында кадрлар саясатында объективдүү ык жасоо. Чындыктын салтанаты үчүн керт башын ойлобоочулук жана объективдүлүк. Жана башка көп нерселер.

Сөзүндөгү жана ишиндеги чынчылдык адам коомунун жана бүтүндөй адамзатынын өнүгүшүнүн зарыл фактору.

Ошентип чынчылдык – адам баласын өнүктүрүп ошол адам аркылуу цивилизациянын эффективдүү өнүгүүсүнө алып келе турган коомдук маанилүү жана абдан пайдалуу моралдык категория. Ушул жерден көрүнүп тургандай коомго чынчыл адамдар жана чынчыл кадрлар керек. Айрыкча мамлекеттик башкаруу тармагында. Бул максаттар билим берүү саясатын иштеп чыгуу аркылуу жетишилет.

Чынчыл муунду тарбиялоо үчүн наристенин нравалык аң-сезими ак барактай таза болуп турганда тарбилоо иштерин бала бакчасынан, үй-бүлөдөн жана мектептин биринчи классынан баштоо керек.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет