Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


Социалдык гуманизмдин объекти – Медициналык тейлӨӨ



бет4/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15

Социалдык гуманизмдин объекти – Медициналык тейлӨӨ:

Социалдык гуманизмдин объекти катары чечкиндүү түрдө медициналык тейлөөнү алуу керек. Дары-дармектердин астрономиялык баалары, айталы организмди былжырак оорулардан тазалоого жана операцияларга ири көлөмдөгү акча талап кылуу – адамсыздык цивилизациясынын ач көз, жапайы, адамдын канын жана жанын ичип-жеген формасы.

Акча бересиң – ордуна баа жеткис ден соолук аласың. Акчаң жетпейби – жайма-жай эзилип чирийсиң жана кемсинип сызга отурасың да адамдардын альтруизмине ишенбейсиң, себеби аны рыноктук психолоигия ажыдаардай жутуп алган. Ошентип сокур болуп, ириңдеп, тишсиз жана башкача мунжу болуп жүрө бересиң. Бир сөз менен айтканда, медициналык тейлөө байларга кандай жеткиликтүү болсо, бардык мезгилдерде жакыр кишиге да кудум ошондой жеткиликтүү болушу керек. Ал эми дары-дармектерге микро баа касиетин киргизип социалдык бош адамдарга керек болсо бекер кылып берүү керек. Ошол эле учурда медиктердин эмгек акы деңгээли эч качан унутта калбашы керек, себеби медиктерди бюджеттик акчалардын керектөөчүлөрү катары гана карабастан, акысыз бекер медициналык тейлөө жаатында асылзат социалдык коргоо берүүчүлөр катары да караш керек.

Ошентип, медициналык тейлөөнү гуманизациялоо максатында, адамга эсепчилдиксиз нормалдуу физиологиялык комфорт тартуулоо үчүн, мээсинин сөөгүнө чейин рыноктун законуна сугарылган экономисттерди жана коомдун мыкты акылдарын медициналык тейлөөнү гуманизациялоо үчүн бардык күчүн жумшоого чакыруу талап кылынат. Бул проблеманын экономикалык чечилишин орундатса болот, эгерде, гумандуу жана гениалдуу болсок.



Социалдык гуманизмдин объекти – Турак Үй:

Турак үй. Турак үй маселеси адамдын жашоосундагы эң эле бир олуттуу жана жаралуу көйгөй болуп саналат. Үй-жайы жок адам жашабай, эптеп эле күн көрөт. Өз үйү жок адам моралдык-психологиялык жана тиричилик дискомфорттун эбегейсиз жыйындысын башынан кечирет. Келгиле, адамдын мойнунан мындай оор жүктү айкөлдүк менен алып салып социалдык гуманизмди турак-үй объектине да тараталы.

Кыргызстан элине – турак үй проблемасы бүткүл эл тарабынан адам азабынын субстанциясы (негизи) деп таанып, ал эми жарандын турак үйгө ээ болушу андан аркы жыргалчылыгынын субстанциясы же материалдык негизи деп макул болушу сунушталат (коомдук аң-сезимге ошондой түшүнүк киргизүү сунушу).

Турак үй проблемасын гумандаштыруу максатында Кыргызстанда турак үй бизнесине жана үйлөргө астрономиялык баа коюуга тыюу салынып бирок бул идеяны абсолютташтырып бизнес эркиндигине зыян келтирбеш үчүн турак үй эмес кыймылсыз мүлккө астрономиялык баа коюп бизнес кылууга жол берилет.

Өлкөнү капилеттен жапайы капитализм ажыдаардай алкымдап ала турган болсо да андан көз каранды болбой төмөнкүдөй туруктуу баа саясаты сунуш кылынат: турак үйдүн баасы курулуш материалына жана аны куруу үчүн эмгек акысы төлөнгөн жалпы сумманын кошундусунан түзүлсүн.

Социалдык гуманизмдин объекттери – цемент жана курулуш материалдары:

Цементтин баасы жарыктын ылдамдыгы менен өсүп турган кездер болуп өткөн да анын кесепетинен турак үй куруу проблемасы да өскөн. Бир телеберүүдө бир журналист кайсы бир чиновникке бул проблеманы чечүү боюнча суроо узатып калган. Анда ал чиновник проблема цементтин кымбаттыгында эмес, экинчи рыноктун бар болгондугунда деп жооп берген. Башкача айтканда эгерде орой айтканда бир киши элге эч нерсе калтырбай цементтин эбегейсиз чоң партиясын сатып алса, анда ал сатып алуучу катары аны менен каалаганын жасайт имиш: кааласа курулушка пайдаланат, кааласа кайра сатат. Бул анын өз ыктыяры, анын толук укугу имиш. Биздин чиновниктер кандай зээнсиз экендиги ушул жерден айкын көрүнүп турат.

Эгерде элдин бактысына акылман мамлекеттик ишмерибиз бар болсо, анда ал мындай кырдаалдан чыгуунун амалын тапмак. Мисалы, мындай:

Коомдук байлыкты сатып алып кайра саткан бул алып сатарманга мындай деп түшүндүрүү орундуу: өзүнүн керт башынын камын көрүүчүлүгүн, жеке кызыкчылыгын ооздуктап, элдик кызыкчылыкты эске алып руханий эрдик жасасаңыз жана канткен менен батыштагы индивидуализм эмей Кыргызстан, көөдөнүндө эзелтен бери коллективизм менталитети жашаган калк менен отурукташкан деп. Анан акыры Кыргызстан социалдык гуманизм өлкөсүнө айланып жатат да буга ылайык мамлекет жалпы элдик кызыкчылыкты, гуманизм принцибин жетекчиликке алып баа саясаты жаатында рыноктун шок мыйзамдарын чектеп жөнгө салуу функциясын аткарат. Мындай керт башынын камын ойлогон алып сатарманга социалдык гуманизмдин идеалдарын түшүндүрүп социалдык гуманизмдин нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгуу керек. Мисалы цементке байланыштуу мындай конкреттүү кырдаалда юридикалык жактан бекитилген төмөнкүдөй процедураны колдонсо болот: Цементти сатууну квитанция аркылуу жүзөгө ашыруу. Эгерде сатып алуучу белгиленген нормадан ашыкча сатып алса, ал "сатып алуу максаты" жана "кайда алып барат" деп атайын ачылган графаны толтурууга милдеттүү. Мисалы цемент сатып алуу нормасы беш жүз килограмм болсо жана андан ашыкча сатып ала турган болсо, анда ал киши "сатып алуу максаты" жана "кайда алып барат" деген графанын толтурат.

Образдуу айтканда элдик кызыкчылык кызматы же социалдык полициянын инспекторлору тарабынан кез кезде цементти сатуунун отчёту текшерилип турат. Анан жанакы социалдык нормадан ашыкча сатып алган киши дарек боюнча изделип текшерилет. Эгерде "курулуш максатында сатып алдым" деп коюп бирок чынында элди тоноп ал цементти кайра сатып жаткан болсо, социалдык гуманизмдин укуктук нормасын бузган мындай алып сатуучу жоопкерчиликке тартылат.

Социалдык гуманизмдин объекти – маркум менен жер соодалашуу:

Социалдык гуманизмдин кийинки объектине, маркумга жерди сатуу фактын колго алуу керек. Калктын экономикалык турмушу кейиштүү абалда турганда маркум үчүн алакандай жерди үч миң сомдон жыйырма миң сомго чейин (минималдуу айлыктын жүз сом болуп турган кезинде) сатуу этикага туура келбейт жана гумандуу да эмес.

Өлүктүн жаны үчүн жерди сатуу, ойлонуп көрсөңөр философиялуу, этикага жатпайт жана киндик каны жерге тамып космо-биологиялык закондор боюнча адам – жер жана бүт курчаган жаратылыш бири бири менен тыгыз байланышкан бирдиктүү органикалык системаны чагылдырат. А адам жандыгы болсо өлүк үчүн жер сатып акча пайдасын табуу жапайы-кумар эрежени ойлоп таап даана өзүнө каршы чыгып алды.

Этикалык жана гумандуу принциптерден улам өлүктүн жаны үчүн жерди тартуулоону такыр бекер кылып ошентип ансыз деле жакын адамынан айрылуунун оор трагедиясынан запкы жеген адамдын финансылык жүгүн жеңилдетүү зарыл.



социалдык гуманизмдин объекттери – Товардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты:

Товардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жөнүндө.

Рыноктун каардуу мыйзамдарынын жана гуманисттик материалдык-тиричилик комфортунун гармониялуу өз ара карым катнашуусун ишке киргизип бул көрсөткүчтөрдү таразага коюп салыштыруу керек. Ошондо рыноктун кызыкчылыгынын товардын сапатына каршы үстөм болуусуна жол берилбеши керек.

Мына ушулар ач көз рынок кызыкчылыктарына чечкиндүү түрдө каршы коюлуп материалдык-тиричилик жана социалдык комфорттун үстөмдүгүнө жетишүү максатында бардык туура эрежелер тоталдуу түрдө бардык тамак аш продуктыларына, тиричилик жана чарбалык товарларына, кийимдерге жана бут кийимдерге тарайт. Товарлардын айлануусун ылдамдатуу максатында товардын сапатын атайылап төмөндөтүүгө жол берилбейт. Башкача айтканда сатып алуучунун товары тезинен эскирип, айрылып-тытылып тезирээек жараксыз болуп калып анан сатып алуучу тезинен кайра сатып алууга келип калышы максатында андай нерсеге жол берилбеши керек. Рыноктук кызыкчылыктардан улам адамдын ыңгайлуулугун төмөн коюп троллейбустун бортун мүмкүн болушунча тыгындап толтуруу үчүн аялдамада жүргүнчүлөрдү саргартып күтүүгө жол берилбеши керек.

Төмөнкү товарлар жана элге көрсөтүлгөн кызматтар туруктуу түрдө эбегейсиз катуу этикалык, санитардык, укуктук көзөмөлгө жана стандарттык көзөмөлгө алынышы керек:

– нан өндүрүшү. Мерездик менен үнөмдөө үчүн нандын ичинен камырды оюп алып ортосунда бош мейкин калтырып "аба нанын" (воздушный хлеб) чыгарууга кескин түрдө тыюу салынат. Адамдын ден соолугуна зыян келтире турган нанды чыгаруунун технологиясын бузууга катуу тыюу салынат;

– коомдук тамактануу пункттары. Бардык ашканалар, кафе жана ресторандар эбегейсиз катуу санитардык, гигиеналык жана рыноктук (тамактын салмагын алдап азайтып тартып берүү) көзөмөлгө алынат;

– тамак-аш өнөр жайы;

– тигүү тармагы (кийим-кече, бут кийим). Мисалга сараңдык менен материалды жукартып кемитип халтуралык түрдө бут кийим даярдоого кескин түрдө жол берилбеши керек.

ЭСЕПЧИЛДИК МЕНЕН ТОВАРДЫН САЛМАГЫН ТОЛТУРБОО ЖАНА КЕМТИК КЫЛУУ ФАКТЫЛАРЫ.

Мисалы алар булар болушу мүмкүн:

– ширеңке коробкалары. Башкача айтканда ширеңке коробкалары менен жабдып туруучу соодагерлер ошол коробканы атайын толтурушпайт же ач көздүк менен ичиндегисин азайтып коюшат;

– кнопкалардын жана скрепкалардын канцелярдык коробкалары.

– кайрадан ошол эле «воздушный хлеб».

Бул жерде элдин душманы болгон алдым-жуттум жабдуучулар гана күнөлүү, себеби биз болгону сатуучубуз, товарларды кемитип алып келген ошолор гана күнөөлүү, бизде не жазык деген дүкөндүн ээлери жана сатуучулары терең ыйман жаңылышуусуна дуушар болуп жатышат. Бирок бул жерде элдин душмандарынан баш тартып алдоо касиети бар товарларды билип туруп албай коюуга жарап койбогон дүкөндөрдүн ээлери жана сатуучулары да мойнуна зор күнөө алып жатышат. Башкача айтканда сатуучулар көбүнчө минтип шылтоо айтышат: эгерде биз албай койсок баары бир башкалар алышат да дешип. Мурдакы коллективизм түшүнүгү кайда? Мындай ач көз индивидуализм кайдан келип чыкты?

Ушул жана башка эрежелерди бузуу өктөм абалда каардуу, каардуу гана укуктук нормалар менен каардуу жазага тартылышы керек.

ТОВАРДЫН ЖАШЫРЫЛГАН ЖАРАКТУУЛУГУНУН МөөНөТҮ.

Товарлардагы жарактуулук мөөнөтү көзгө көрүнбөгөнү жана кайсы жеринде жазылганы түшүнүксүз болуп турганы атайын жасалгандай. Себеби чөгүп кеткен сактоо мөөнөтүн сатып алуучу табалбасын дегендей ойго салат. Антпесе соодада алдап сатуу амалы жоголуп кала тургандай.

Мында өндүрүүчү жана керектөөчүнүн ортосундагы таза чын мамиле түзүү, жарактуулугу тууралуу шифрлерди кыйла чоңойтуу жана тез табылчудай кылып жайгаштыруу жана сатып алуучу кыйналбай тез таба алуу мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү сунушталат.

Социалдык гуманизмдин объекти – Түндө жүрүүчү социалдык коопсуз электрдик транспорт:

Түндө жүрүүчү социалдык коопсуз электрдик транспорт. Айрым адамдардын турмуш тирилиги каалайбызбы, каалабайбызбы, түнкү убактарда ар кандай себептер менен улана бериши мүмкүн. Башкача айтканда: – адамдар кечки-түнкү мезгилде конокко барышы мүмкүн; – түркүн маданий иш-чараларга (концерттерге, спектаклдерге жана башкалар) кечки-түнкү учурларда барышы мүмкүн; – кээ бир өзгөчө жумуштардын анын ичинде сменалык жумуштардын шартына ылайык адамдар үйүнө өтө кеч кайтууга мажбур болушу мүмкүн. Адамдын турмушу көп кырдуу экени жана ушул сыяктуу мисалдар сансыз көп болушу шексиз. Бул жерде сутканын түнкү убактысында кынтыксыз түрдө ишенимдүү транспорттун бар болуу жана үйүнө чейин коопсуз абалда жетип баруу көйгөйү өзүнөн өзү түшүнүктүү болуп турат. Анан бардык эле учурда бардык эле адамдардын таксинин кызматынан пайдалануу шарты боло бербестиги белгилүү. Ошон үчүн жарандардын жыргалчылыгын ырааттуу түрдө ар тараптуу өнүктүрүү үчүн коомдук жашоонун ушул проблемасын да гумандаштырууну максатка ылайык деп табабыз. Демек социалдык гуманизмдин түбөлүк режимин киргизүү идеясына ылайык коомдук жашоонун мындай жакшы жышаанасын уюштуруу мамлекет тарабынан туруктуу негизде кепилдикке алынып түнкүсүн жүргөн социалдык коопсуз электрдик транспорт жаратылат. Транспорттун мындай түрүнүн маңызын ачып берүү үчүн алгач жогорудагыдай аталыштын өзүн чечмелеп берели. Эгерде ошондо да мындай транспортту жаратуунун айкын максаты жетиштүү ачылбай калса, анда түшүндүрүүнү комментарий менен толуктап коёбуз.

Эмесе, ар бир сөздү өзүнчө чечели. Социалдык деген сөз. Мында комментарий зарыл деле эместей көрүнөт, анткени кечки-түнкү ыңгайлуу проблемасынын бул маселеси социалдык гумандаштыруудан улам эле айкын болуп жатканы ырас. Кийинки коопсуз деген сөз. Кечки түндө биздин коргоосуз калган кыздарыбызга, айымдарыбызга дегеле ар кайсы биздин мекендештерибизге, үйлөрүнө кайтып жатканда тоноочулар, шылуундар жана башкалар тарабынан коркунучтун жаралышы ыктымалдуу. Бул проблема атайын дежурный боло турган милиционерлерди ишке тартуу менен чечилет. Башкача айтканда борттук милиционерлердин курамы уюштурулат. Милиционерлердин ишин уюштуру ыкмасын кенен жазуу төмөнүрөөктө чагылдырылат. Кийинки сөз электрдик. Эмне үчүн транспорттун бардык түрлөрү эмес, электрдик гана? Түн жарымда белгиленген маршрут боюнча күйүүчү отун менен (бензин) иштеген транспорт жолго чыкты дейли. Түнкүсүн жүрө турган транспортту жаратуу идеясына эле ылайык ал түнү бою жүрүшү керек. Эгерде бул транспортто түндөсү жүргүнчүлөр болбой калса, башкача айтканда тигил же бул түнү керексиз болуп калса, ал эми буга карабастан айдоочу мамлекеттик бюджеттен же тийиштүү автоишканасынын бюджетинен айлык алып иштесе, күйүүчү отун бекеринен эле коромжу болот. А бул болсо экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес. Ал эми транспортту электр энергиясы менен иштетүү негизи түгөнгүс кенч – миң жыл болсо да генераторду айландыра берсең электр тогу түгөнбөйт. Ал эми күйүүчү отун пайдаланган тарнспортту максатсыз эле эксплуатациялай берсең, анда миң жылдан кийин нефтинин ресурсу планетада түгөнүшү ырас. Ал эми электростанциялардын эскириши башка маселе. Ошентип келечекте бара-бара өлкөнүн бардык жолдору троллейбус мененби, трамвай мененби, электропоезд менен болсо да толтурулуп жарандарды кеч киргенде ташышы керек. Азыркы мезгилде биздин өлкөдө электр транспортунан троллейбус гана бар. Ошон үчүн троллейбус боюнча мисал келтирип кетели.

Биринчиден, түн жарымдан кийин, дегеле коомдук транспорт токтогондо ар бир линияга графиктерге ылайык иштеген бир-эки (балким көбүрөөк) дежурный троллейбус чыгат. Экинчиден, дежурный троллейбустар эртең мененкиге чейин же коомдук транспорт жүрө баштаганга чейин жүрүп турушу керек. Үчүнчүдөн, бул социалдык рейстер пайдаланган электроэнергияга төлөө жолу льготалык категорияга өтөт же бул троллейбустар электроэнергияны бекер пайдаланышат. Төртүнчүдөн, сөзсүз түрдө ар бир троллейбуска милициялык коштоп жүрүү, башкача айтканда борттук милиционерлер бекитилет. Коштоп жүрө турган милиционерлер экөө болобу же үчөө болобу алардын саны, куралынын түрү (табелдик курал, автомат же куралсыз эле) өз убагындагы түзүлгөн кырдаалга жараша аныкталат. Коштоп жүрө турган борттук милиционерлер айдоочуларды да коргоосуз жүргөн жүргүнчүлөрдү да коргоону камсыз кылууга милдеттүү болушат. Бешинчиден, жүргүнчүлөр тарабынан жол кирени төлөө жалпы эрежелик негизде сакталат. Бирок эч качан жол киренин акысы күндүзгү адаттагыдай тарифтен жогорулатылбашы керек. Болбосо мындай учурда социалдуулуктун чеги бүтүп рыноктук эсептешүүгө өтүү пайда болуп калат.

Ушул пункттардын баарын чечкен менен бир проблема калып калууда. Бул тигил же бул маршрутта бар болгону бир-эки эле троллейбус жүргөнүнө байланыштуу тигил же бул номердеги троллейбусту канчалык көпкө дейре саргарып күтүүнүн белгисиздиги. Муну үчүн троллейбустун тигил же бул аялдамага белгиленген убакытта келүүнүн орточо графиги математикалык жол менен иштелип чагарылат. Математикалык жол менен иштелип чыккан троллейбустардын келүү графиги ар бир аялдамада илинет. Ал эми троллейбустун айдоочулары, иштелип чыккан графикти мүмкүн болушунча тагыраак сактаганга умтулуп көчөлөрдүн түндөсү бошураак болуп турган абалынан пайдаланып алда канча тезирээк жүрүшөт. Мындай проблеманы чечүүнүн башка жолу, троллейбустар күнү-түнү бою жетиштүү боло тургандай болуп троллейбус ишканасынын микроэкономикасынын же өлкөнүн макроэкономикасынын чечилиши. Бирок бул айтылгандай тийиштүү микро же макроэкономиканын чечилиши менен келе турган нерсе.

Социалдык гуманизмдин объекти – улуу адамдар:

Дагы бир өзгөчө оор социалдык көрүнүштү практикалык чечүүгө алып келе турган абстрактуу социо-философиялык ой жүгүртүү менен алектенсек. Мекенине сиңирген эмгеги үчүн улуу адамдарды улуу адам же улуу инсан деп атоону, жаңы социогумандык ойлоого ылайык өлкөдө бомждордун бар же жок фактыларына салыштырып гана, улуулардын улуу же улуу эместиги жөнүндөгү түшүнүктү коомчулуктун аң-сезимине кийирсек. Башкача айтканда улуу адам өлкөдө бир бомж бар болсо да коомчулуктун аң-сезиминде улуу адам катары эсептелип жашоого татыксыз. Бул улуу адам өзүнүн иштеген ишине ылайык бомждордун көйгөйлөрүн чечүүгө милдеттүү болбосо деле. Анткени ал бактылуу карьерасы же жетишкен атак-даңкы менен эгоцентристтик маанайда манчыркап бактылуу сезимге бөлөнүп жатып ушундай жакыр адамдар жөнүндө түк эле ойлоп коюуга жарабаса, анысы аз келгенсип жылдыз ооруусуна кабылып жылдыздын артындагы жылдыз болуп карапайым кишиге кол жеткис болуп бой көтөрүп жатса, ошол адам улуу адам же улуу инсанбы?

Адам бийик үйдүн кабаттары менен улам көтөрүлө берген сайын жердеги майда таштардын бар экенин билип турса да ал майда-барат таштарды көрбөй калат. Ушул сыяктуу, бизге турмуш даана көрсөтүп жаткандай, кай бир улуу адамга бомждор көрүнө бербейт. Себеби алардын жүрөгү сокур болуп капкара ыш басып аллергияны пайда кылат. Карапайым адам менен болгон байланышуудан «сылык-сыпаа» качууга кынтыксыз үйрөнүп алган.

Иштеген ишине, милдетине ылайык төрт буттуу ак сөөктөр, ансыз деле биз адамдарды сортторго бөлүп жатканда аларды ушинтип төрт буттуу ак сөөктөр деп атоого уруксат эткиле. Демек бул, эл мүлкүн курсагына ыймансыз тартып алган төрт буттуу аристократтар, албетте, бомждордун проблемаларына такыр тиешеси жок болуп алардын иштерин кароого милдеттү болбошу да мүмкүн. Бирок моралдык жактан алар жөнүндө айтып турууга милдеттүү. Себеби адам жөнөкөй кишинин акылман идеяларын угуудан көрө, көрбөйсүңөрбү, сөзү сандырак же формалдуу болсо да аттуу-баштуулардын, президенттердин, эксперттердин, саясатчылардын сөзүнө артыкча кулак салышаары психологиялык трагедия. Мейли бомждор тууралуу алар айтышпасын, бирок кур дегенде алар жөнүндө ойлошсун, себеби улуу адам болуш үчүн чынында жөн гана адам болгондо гана улуу адам болуп саналат.

Мына ошондо гана саясий «элитанын» көз нурлары коомдук жашоонун кол жеткис бурчтарына жете баштайт. Комфортабелдүү машиналардын ичинен жана борбодук кабинеттерден чыкпай жатып катардагы элдин турмушун көз жаздымында кармап туруу кыйын эмеспи.

Адамдардын улуулугун адилеттүү баалоо үчүн коомдук аң-сезимди туура калыптандырууну мектеп босогосунан баштоо керек. Мисалы бул идеяны мамлекеттик деңгээлге көтөрүп жана коом таануу, философия, социология өңдүү китептерге киргизүү жолу менен.

Ошентип бомждордун бар же жок фактысы биздин коомдун социалдык гуманизминин барометри болуп калышы керек. Бирок, кайрадан цивилизациялык турмушка, жылуу-жайлуу жашоо шарттарына кайтып келүү бомжго жагабы же анын ысык мекени цивилизациянын чет-жакасы болуп калганбы – бул башка суроо.

Баса, аксакалдарды жана авторитеттерди сыйлоо тууралуу. Албетте, Кыргызстан элинин ыймандуу менталитетине ылайык жаштар улууларды сыйлашы керек. Бирок коомдук жайларда, турмуш-тиричиликте, дасторкон үстүндө гана урмат-сый көрсөтүп аларга жол берип туруу керек. Бирок сөз, идеялар маселесине келгенде, айрыкча массалык маалымат каражаттарында дөө-шаа авторитеттер жана аксакалдар жаш адамга татыктуу түрдө жол бошотуп бериши керек, эгерде жаш инсандын сөздөрү чынчылдыктын, идеялуулуктун жана башка нерселердин жүктөмү менен айырмаланып толуп турса. Мындай эреже авторитеттерге табынып-сыйынып сокур ишенүү стереотибин жоюуга өбөлгө болот. Анткени кээде авторитеттер же урматтуу аксакалдар жаш интеллекттерге жол бошотпой өздөрү билип-билбестен цивилизациянын өнүгүшүн тормоздоп жатышат. Анын үстүнө аксакалдардын жана авторитеттердин бир беткей популист болуп ал эми жаштардын оозунан ординардуу эмес ойлор чыккан мисалдар турмушта көп кездешет.

Келгиле, ойлонуп көрөлү, биздин жашообуздун кайсы чөйрөлөрүн жана кандай жол менен гумандаштыруу зарыл болуп жатат жана түбөлүк социалдык гуманизм режимине киргизүүгө болот?

Коомдук жашоонун гармониялуу режими: жумуш убактысын жана жеке турмушту ажыратуу, жумуш убактысын кыскартуу
Адамдардын таң эртеси нерв болгон шашкалактоодон башталат:

1. Эртерээк тезирээк туруш керек.

2. Тезирээк чай кайнатып же тамак жылытуу керек.

3. Тезирээк шам-шум этип алуу керек.

4. Тезирээк кийинип алыш керек.

5. Баланы ойготуп, кийиндирип-жасантырып, тамак берип балдар бакчасына же мектепке алып барыш керек.

6. Тезирээк аялдамага жетип барыш керек.

7. Автотранспортту күтүп эптеп-септеп тыгынып ага батып алыш керек.

Убакыт дефицит – запаста бир минута да жок, анысы аз келгенсип МАИ инспектору таң азандан бир деме каалап тургансып кычап айдоочуну токтотуп 5-10 минутага кармап калат.

Айдоочулар рыноктук кызыкчылыктарды адамдардын ыңгайлуулуктарына каршы коюп рыноктук кызыкчылыктарга сыйынышып, мүмкүн болушунча көбүрөөк акча табуу максатында салонун тыгып толтуруп атайылап жай айдашат. Ушинтип алар кыянаттык менен автотранспорттун эң биринчи маанисин жокко чыгарып салышты – автотранспортту атайын керектүү жерге эртерээк жетип алыш үчүн ойлоп чыгарышкан эмес беле. Башкача айтканда автомобилдердин жай жүрүшү такыр жарашпаган нерсе, тезирээк жүрбөсө анда анын эмне кереги бар. Адамдар бир жакка шашылып тезирээк жетип алгысы келип турганда айдоочулардын жан талашып көбүрөөк акча табыш үчүн атайылап жай айдашы такыр ыйманга сыйбаган нерсе. Мына ушинтип жапайы рыноктук кызыкчылыктар биздин коомду (айдоочуларды) эгоист кылып жатат, коомдук ыңгайлуулуктарды жана кызыкчылыктарды көөмп салышты. Канткен менен биз коомдо жашап жатпайбызбы. Транспортто жүргөнү үчүн акча жыйноонун жаңы амалдары биздин элдин коллективизмин жокко чыгарып салды.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн улам адатта адамдар эртең менен анча саламдаша беришпейт, сүйлөшө беришпейт, шашылып жүрүшөт жана ачуулуу болушат. Башкача айтканда адамдардын ачуусунун эң жогорку чеги таң эртеңге туура келет.

Жумушта да көйгөйлөр көп:

Ар бир адам жумуш учурунда ар кандай себептер менен жооп сураганга мажбур болушу мүмкүн: ооруканага барып келүү керек, баланы балдар бакчасынан же мектептен алып кетүү керек, базарга барып келиш керек. Болбосо жумуштан кийин базар жабылып калат, эми ар кандай ушул сыяктуу нерселер.

Ал эми жумуштан жооп сураганга болбойт – мындай жагдай бир да нормативдик-укуктук актыда көрсөтүлгөн эмес – ал түгүл эмгек кодексинде да жок.

Ал эми жооп сурагандарды жетекчилер жаман (“жек көрүшөт”) көрүшөт. Ал эми адам эртедир-кечтир бир жакка барып келиши үчүн жумуш учурунда жооп сураганга аргасыз болот. Турмуштун ушундай каршы-терши көрүнүштөрү.

Кечки-түнкү мезгилде да үйдө режимдик чыңалуу орун алат:

Чарчадың, бирок арга канча үй-бүлөң үчүн тамак бышыра коюу керек.

Моокумуң канганча телеберүүнү көргөнгө болбойт – өзүңдү зордоп болсо да эртерээк жатыш керек – болбосо эртеси күнү жумушка кечигесиң. Жумуштан чарчап келсең эртең менен кайра жумушка кечикпөө үчүн таң атпай эле жумушка шашылыш керек.

Дагы эле дайымкыдай: үйдө тигил же бул жумушту кыла коюуга мүмкүн эмес: эртең менен эрте турсаң эшикте али караңгы, эч нерсе көрүнбөйт, ал эми таң агарып көзгө көрүнө баштаганда шаштың кетип жумушка жөнөп кетишиң керек. Кечинде деле үйдөгү иштериңди жасай албайсың: жумуштан кайтып келсең эшик караңгы болуп калып көзгө эч нерсе көрүнбөйт. Анан баарын эс алуу күндөрүнө калтырууга аргасыз болосуң. Эгерде эс алуу күнү ишемби жана базар күнү болуп эки күн болсо го жакшы, ал эми бир эле базар күнү болуп калсачы? Анда эмне кылуу керек?

Адам бүт жума бою чыңалууда (бушайман): күндө эртең менен жумушка шашыласың, үйдөгү жумуштарыңды жасап алууга убакыт жетишпейт, кокус керек болгон учурда жумуштан жооп сураганга да болбойт – колдон келишинче азыраак жооп сураш керек, себеби мыйзам тарабынан форс-мажордук абал каралган эмес, мыйзам тарабынан күндө жумуш үчүн сегиз сааттан убактыңды арнап берип турушуң керек – бул деги көбүрөөк болуп калган эмеспи? Балким булар нормалдуу эле ченемдердир? Бирок эмнеге адам күндө эртең менен жумушка жалаң гана шашылышы керек, үй иштеринде жумуштарын аткарып алууга жетишпей калып турушу керек, жумуштан кеч кайтып чыңалууда бушайман болушу керек: тезирээк жатып укташ керек, болбосо эртеси күнү жумушка кечигип каласың.

Бүт жерде каардуу иштелип чыккан эрежелердин зордугу. Адамдардын турмушун жеңилдетип абдан ыңгайлуу кылууга кез келип жетти. Бир кырдаал башка кырдаал менен максималдуу түрдө шайкеш боло турган турмуштун жана тиричиликтин бардык жагы тең генералдык түрдө эске алынган жаңы жана прогрессивдүү коомдук жашоонун гармониялуу режимин иштеп чыгууга кез келди. Мисалы баланы балдар бакчасына же мектепке жеткирип алып келүү убактысы улуулардын жумуш убактысынын башталышына карама-каршы келбеши керек. А эгерде ушул эки нерсе бири бирине карама-каршы келип калса, ал проблемаларды чечүү үчүн жумуштан жооп суроо проблемасы болбошу керек. Дегеле жумуштан жооп суроо проблемасын эмгек кодекс менен мыйзамдаштырып салыш керек. Болбосо жумуш учурунда мисалы ооруканага же башка жакка барып келиш үчүн жаман көрүнүп араңдан зорго жооп сураганга туура келет. Жумуштан жооп суроо көрүнүшү дегеле жетекчилерге жакпаган нерсе. Турмуштун карама-каршылыктарын чечкиндүү түрдө минималдаштырыш керек.

Коомдук жашоонун шайкеш, бирдиктүү, гармониялуу жана коомдук макулдашылган режимин жаратуу үчүн бүткүл коомго ыңгайлуу жана комфорттуу болгон коомдук жашоонун эки варианттагы режими сунушталат:

1. Мурдакы сегиз саат жумуш убактысынын ордуна эми төрт саат жумуш убактысындагы вариант.

2. Мурдакы сегиз саат жумуш убактысынын ордуна эми алты саат жумуш убактысындагы вариант.

Мында болсо жумуш убактысын трансформациялоонун экономикалык жана башка проблемалары пайда болушу мүмкүн жана бул проблемалар мамлекеттик макроэкономиканын чегинде чечилиши керек:

- өлкөдөгү жумуш сменаларынын эселенип көбөйүп кетерине байланыштуу эмгек акыларына талапкер-жарандардын саны эселенип көбөйүп кетет. Бирок бул фактор оң социалдык факторго да ээ. Демек, жумуш сменаларынын көбөйүшүнө байланыштуу – жумушчу сменаларга пропорционалдуу түрдө жумушчу орундар көбөйөт да бул өз кезегинде өлкөдөгү жумушсуздукту азайтат;

- кээ бир ишканалардагы материалдык жана материалдык эмес байлыктарды чыгара турган жумушчулардын категориялары, андан сырткары соода кызматкерлери жана тейлөө тармактарынын башка жумушчулары жарандардын негизги массасынан айырмаланып суммалашкан жумушчу сменаларга жараша эки жана андан көп эсе көбүрөөк иштеп калышы ыктымалдуу. Анткен менен жумуштун мындай түрлөрү, иш аткарган сменалардын санына жараша эмгек акылары көбөйтүлүп компесанция болуп турат.

Адегенде төрт саат жумуш сменасынын вариантын, анан алты саат жумуш сменасынын вариантын карап көрөлү:

Жумуш убактысы саат 1000 дө башталып 1500 дө бүтөт.

Суткадагы негизги жумуш убактысы мурдакы сегиз сааттын ордуна эми төрт саат болот. Эгерде жумуш убактысы суткасына 8, 12, 16, 20, 24 саатка созулса, ошого жараша жумуш убактылары мындай болот: суткасына сегиз саат иштегени үчүн жумуш убактысы эки сменага барабар болот, суткасына 12 саат иштегени үчүн жумуш убактысы үч сменага барабар болот, суткасына 16 саат иштегени үчүн жумуш убактысы төрт сменага барабар болот, суткасына 20 саат иштегени үчүн жумуш убактысы беш сменага барабар болот, суткасына 24 саат иштегени үчүн жумуш убактысы 6 сменага барабар болот. Ошого жараша эгерде адам суткасына 2,3,4,5,6 смена иштесе, анын эмгек акысы ошончо сменага жараша көбөйтүлүп төлөнүп берилет.

Түшкү тыныгуу 1300 дөн 1400 чейин.

Негиздеме:

1. Адам жумушка жөнөрдөн алдын жайбаракат, шаштысы кетпей ымыркайларды балдар бакчасына же кичинекей балдарды мектепке жеткирип коюу мүмкүнчүлүгү бар болушу керек. Ал эми ошол эле балдарды балдар бакчасынан же мектептен алып кетүү убактысы ата-энелердин жумуштан кийинки убактысына туура келиши керек.

2. Адамдардын чымын-куюн болуп жумушка традициялуу абдан шашылуусун эпохалуу жоюу. Ал эми жумуштан кийин адамдар шашылбай, дүрбөлөңгө түшпөй үйгө жайбаракат кайтышы керек, убактысын жеке иштерине жана турмуш-тиричилигине бөлүүгө жана үйүндөгү майда-чүйдө жумуштарын жасоого жетишип калышы керек. Жумуштан кийин эс алганга үлгүрүшү керек. Адамдын кечки убактысы – “эрте жатыш керек”, “эртең менен эрте туруп турмуш-тиричиликти таштап салып жумушка чуркап жөнөө керек” дегенден улам чыңалбаган тынч абалда болушу керек.

Адамдардын жашоосун тынчтандыруу, биз анча баамдай бербеген күндөлүк, ал түгүл өмүр бою боло турган чыңалууну жоюунун натыйжасы катары төмөнкү убакыт-физиологиялык дөөлөттөр болушу керек:

Убакыт закым куштай учканын токтотот. Жашоо ыкчамдыгын токтотот. Жашоо жайыраак жүрүп ошого жараша жайыраак улгая баштайбыз. Болбосо, макул болсоңор, коомдук жашоонун закымдыгынын айынан жылдар өтө тез учуп жатат.

Балдар бакчаларынын режими боюнча:

Балдар бакчасынын негизги жана сөзсүз жумуш убактысы саат 0900 дөн до 1600 чейин болушу керек. Бирок ошол эле убакта балдарды балдар бакчасына саат 0800 дө кабыл ала турган жана саат 1700 1800 жана 1900 дө бүтө турган дежурство (кезек менен кызматкерлер дежурный болушат) уюштурса да болот. Мындай тартип эрте бир жакка барып кечирээк кайтып келе турган ата-энелер үчүн керек. Бирок балдар бакчаларынын негизги, жалпыга тийиштүү жана кепилдик түрдө иш убактысы саат 0900 дөн саат 1600 гө чейин болушу керек.

Мектепте окутуу режими боюнча:

Мектептеги окуу бардык класстарда бир сменалуу болушу керек: кенже жана чоң класстарда окуу убактысы саат 0900 дө башталып саат 1600 дө аякташы керек (мектептердин саны жана класстардын жетишпей калуу проблемасын ананыраак талкуулайбыз). Күндөлүк окуу эки этаптардан турушу керек: үй тапшырмаларын даярдоо жүгүн үйгө калтырбаш үчүн: негизги окуу убактысы жана окуудан кийин сабакты мугалимдин көзөмөлү менен мектептин өзүндө эле даярдоо этабынан. Бирок бул үйгө берилген бардык тапшырмаларды мектепте эле бүтүрүп үйгө эч нерсе калбырбоо керек дегенди билдирбейт. Эгерде окуучу мектепте үй тапшырмаларын толук аткарууга жетишсе анда үйүнө толук аткарылган үй тапшырмалары менен кайтып келсе болот. Бирок мындай учурда үйдө китеп окуу сунушталат. Жалпы сунуштар мындай: мектепте жүргөн убакыттын ичинде жазуу түрүндөгү бардык үй тапшырмаларын аткарып, ал эми үйгө болсо окуу түрүндөгү үй тапшырмаларын калтыруу. Бирок эгерде мектеп окуучусу жазуу жана окуу түрүндөгү бардык тапшырмаларын аткарууга жетишсе, анда үйдө окуу түрүндөгү үй тапшырмасын кайталап окуса болот.

Жогорудагы сунуштардын негизги мааниси мындай: үй-бүлөдө режимдик мүнөздөгү чыңалуулар мүмкүн болушунча азыраак болсун үчүн, ар бир үй-бүлө мүчөсү өзүнүн үй-бүлө чөйрөсүндө ыраазы боло эс алууга ажайып сонун мүмкүнчүлүк бар болсун үчүн, үй-бүлөсүнө мээримин төгүү мүмкүнчүлүгү бар болсун үчүн – үй-бүлө турмуш-тиричилигине мүмкүн болушунча азыраак кам көрүүлөр алынып келиниши керек.

Сабактардын саат тогузда башталышын сунуш кылуунун себеби, ата-энелердин жумушу саат ондо башталганга чейин кичинекей балдарын мектепке жеткирип алууга үлгүрүп калышы керек. Ал эми сабактардын саат 1600 дө бүтүрүү сунушунун себеби, ата-энелер саат 1500 дө жумуштан чыгышып бир сааттын ичинде мектепке балдарына келип калууга үлгүрүп калышы керек. Албетте, бул эрежелер чоң класстын окуучуларына тийиштүү эмес, анткени алар өз алдынча мектепке бара алышат. Бирок ошого карабастан чоң да кичүү да класстын окуучуларынын сабактары бир эле убакта болушу сунушталат. Бул болсо өз кезегинде коомдун күндөлүк жашоосунун гармониясын мүмкүн болушунча көбүрөөк гармонияга жеткирүүнү деталдаштырат.

Мында ачык көрүнүп тургандай мектептеги окууну бир сменалуу кылуу сунушталып жатышы менен бир эле убакта баарына мектептердин, класстардын жана мугалимдердин саны жетиштүү болбос. Ушул ойлордон улам төмөнкүдөй нерсени сунуш кылсак болор эле (бирок?):

Биринчи күнү кичинекей класстардын окууучулары окушат, ал эми экинчи күнү чоң класстын окуучулары окушат. Кичинекей класстын окуучулары окуп жатышкан кезде чоң класстын окуучулары бул убакта үйдө сабактарын окушмак. Бирок буга жол берүүгө болбойт. Себеби окуучулар эки күндүн биринде үйдө болушуп чоңдордун көзөмөлүнөн чыгып кетип жатышат. А балдар деген дайыма чоңдордун көзөмөлүндө болуп турушу керек.

Эми болсо, эки смена жок болуп калып бардык окуучулар бир сменада бир убакта окуп калышкан учурдагы мектеп класстарынын жетишпегендигин талдап көрөлү.

Жашоо ордунда тура бербес, турмуштаа баары өзгөрүп турат эмеспи. Калктын саны барган сайын өсүүдө. Эртедир-кечтир мектептердин жана мугалимдердин санын көбөйтүүгө туура келет. Андан сырткары ансыз деле жогоруда чагылдырылган сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн, башкача айтканда коомго ыңгайлуу болгон жаңы режимди жаратуу үчүн мектептердин жана мугалимдердин санын көбөйтүүгө туура келет. Ошон үчүн этабы менен, жылдан жылга жана кырааты менен жашоонун жаңы шарттарына өтүү план-программасын кабыл алуу керек.

Орто жана жогорку окуу жайларында окутуу режими:

Орто жана жогорку окуу жайында окуу режими жалпы кабыл алынган жумуш убактысынын режимине шайкеш келиши керек: сабактар саат 1000 дөн башталып 1500 дөн кечикпей аякташы керек.

Аргументтер:

1. Орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын жумуш режими да коомдун жалпы иш режимине таандык.

2. Студенттер ата-энелерине жардам берүү иретинде өздөрүнүн кичинекей инилери карындаштарына кам көрүүгө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек: кичинекей балдарды балдар бакчаларына же мектептерге саат тогузга жеткирип барып анан саат онго өздөрүнүн сабагына барып алышы керек.

3. Студенттер чоң жана өз алдынча адамдар. Ошон үчүн өздөрүнүн сабак даярдашын өздөрү пландаштырышат. Эң негизгиси, окутуучулар жана студенттер эл катары эле саат 1500 дө окуу жайында сөзсүз бар болуу милдетинен кутулуп бош болушу керек.

Китепканалардын иш режими өзүнчө каралат.

Дүкөндөрдүн иш режими:

Режимдердин варианттары:

Күнү-түнү иштөө варианты:

Коом үчүн жалпы кабыл алынган иш убактысынын узактыгы күнүнө төрт саат болгону үчүн, эгерде дүкөндөр күнү-түнү иштечү болсо, сутканын 24 сааты бир сменага туура келген 4 саатка бөлүнүп күнү-түнү иштеген дүкөндөрдүн бардык сменалары 6 сменага барабар болот.

Бирок эгерде күнү-түнү иштеген дүкөндө 8 сааттан турган үч смена бар болсо (4 сааттан эки смена), анда 8 саат иш убактысы эки смена деп эсептелип эмгек акысы ошого жараша эки эселенип төлөнөт.

Смена алмашып иштөө варианты:

Бүткүл коом үчүн жалпы кабыл алынган жумуш убактысы мурдакы сегиз саатка караганда төрт саат болгону үчүн дүкөндөрдүн сатуучулары да күнүнө төрт гана сааттан иштегенге укугу бар. Ушул эрежеден улам дүкөндөрдүн иш режими эки сменага бөлүнөт. Айрым учурларда тараптардын макулдашуусу менен бир эле сатуучу күнүнө сегиз сааттан да иштесе болот да мындай учурда эки эсе көп иштеди деп эсептелинип ошого ылайык эмгек акысы эки эсе көп болушу керек.

Ошентип, дүкөндөгү биринчи смена эртең мененки саат сегизде башталып саат 1200 чейин созулушу керек. Атайын саат сегизден башталышы сунушталат, анткени адамдар жумуштарына кетерине чейин дүкөндөргө барууга эки саат бою мүмкүнчүлүгү бар болушу керек. Саат он экиден саат он үчкө чейин смена алмаштыруу. Экинчи смена саат 1300 дө башталышы керек. Иштеген адамдар саат 1300 дө түшкү тыныгууга чыгып кетиши белгилүү. Демек ушул учурда алар кааласа дүкөндөргө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Дүкөндөрдүн жумуш убактысы саат 1700 дө аяктайт. Мында саат 1500 дө жумуштан бошогон адамдар эки саат бою дүкөндөргө баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Түшкү тыныгуу варианттары: эгерде биринчи сменанын дүкөнчүсү экинчи сменада да иштей турган болсо, анда ал түшкү тыныгууга саат1200 дөн 1300 гө чейин чыга алат. А эгерде биринчи сменада бир сатуучу иштеп, ал эми экинчи сменада экинчи сатуучу иштесе, анда саат 1200 дөн 1300 чейин смена алмашуу жүргүзүлөт. Биринчи сменанын сатуучусу сменасын тапшыргандан кийин түштөнүп алса болот, ал эми экинчи сменаны сатуучусу өзүнүн сменасына алдын тамактанып алып келиши керек.

Коомдук транспорттун иштөө режими:

Коомдук транспортту эртең мененки саат 0600 дөн түнкү саат 0200 чейин кыймылга келтирүү сунушталат. Бул сөзсүз түрдөгү 5 жумуш сменасын түзөт. Анан адамдар түнү бою жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн түнкү саат 0200 дөн эртең мененки саат 0600 чейин дежур сменасы иштейт.

Бир эле айдоочу катары менен бир нече сменада иштеп ошого жараша көбүрөөк эмгек акы алып иштесе болот.

Ооруканалардын иштөө режими:

Ооруканалардын иштөө режими дүкөндөрдүн штөө режимине аналогиялуу келип эки сменадан турат: биринчи смена саат 0800 дөн саат 1200 чейин. Түшкү тыныгуу саат 1200 дөн саат 1300 чейин. Мында болсо адамдар жумушка чейин эки саат бою ооруканага барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле бир сааттык түшкү тыныгууда тезинен ооруканага барып келе калса болот. Экинчи смена саат 1300 дөн саат 1700 чейин иштейт. Мында болсо адамдар жумуштан кийин эки саат убакыт ооруканага барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бир эле медик эки смена катары менен иштесе да болот, ошого жараша анын эмгек акысы эки эсе көбөйөт.

Медициналык тез жардамды чакыруу коомдун сөзсүз талабы болуп кала берет.

Стратегиялык зарыл субъекттердин иштөө режими:

Стратегиялык зарыл субъекттери деп биринчи кезекте керек боло турган продуктыларды чыгарчу өндүрүш субъекттерин эсептейбиз. Бул нан, сүт жана башка нерселерди чыгарчу ишканалар. Ушул жана башка сыяктуу стратегиялык зарыл субъекттерде тийиштүү тейленчү региондордун реалдуу талаптарына жараша керектүү чекте жумуш сменасы көбөйүп ошого ылайык эмгек акысы кошулат.

Айыл чарба чөйрөсүндөгү жумуш убактысында өзүнүн сезондук жана убактылык өзгөчөлүктөрү бар. Андыктан айыл чарбасында акыл эмгеги менен иштеген кызматкерлерден башкаларынын, башкача айтканда дыйкандардын иш убактысын идеалдуу жөнгө салууга мүмкүн эмес. Алардын эмгек акысы иштин же натыйжанын көлөмүнө жараша жөнгө салынышы ыктымалдуу.

Коргоо, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук чөйрөлөрүндөгү иш убактысында өзүнүн аскердик өзгөчөлүктөрү бар.

Алты саат жумуш убактысынын варианты:

Иш убактысы саат 1000 дө башталып саат 1700 дө аяктайт. Суткасына иш убактысынын узактыгы 8 сааттын ордуна 6 саат. Эгерде жумуш суткасына 12, 18, 24 саатка созулса, ошого ылайык суткасына он эки саат иштөөнүн эсебинен жумуш убактысы эки сменадан турат, эгерде он сегиз саатка созулса үч сменадан турат, эгерде жыйырма төрт саатка созулса, төрт сменадан турат деп эсептелиниши керек. Андыктан эгерде адам суткасына 2,3 жана 4 смена иштесе, эмгек акысы ар бир смена үчүн көбөйүп кошулат.

Түшкү тыныгуу саат 1300 дөн саат 1400 чейин.

Балдар бакчасынын иштөө режими боюнча:

Балдар бакчасынын негизги жалпыга сөзсүз жумуш убактысы саат 0900 дөн саат 1800 чейин болушу керек. Бирок балдарды балдар бакчасына саат 0800 дөн саат 1900 жана 2000 чейин кабыл алуу үчүн дежурство (кызматкерлер кезеги менен дежурствого чыгышат) уюштурса да болот. Бул эрте бир жакка жөнөп үйгө кечирээк кайтып келе турган ата-энелер үчүн керек. Бирок негизги жана жалпыга сөзсүз кепил боло турган бардык балдар бакчаларындагы иш убактысын саат 0900 дөн саат 1800 чейин кылуу сунушталат.

Мектептеги окуу режими боюнча:

Мектептеги окуу бардык класстарда, башкача айтканда кичине жана чоң класстарда бир сменалуу болуп саат 0900 дө башталып саат 1800 аякташы керек (мектептердин саны жана класстардын жетишпестиги тууралуу жогоруда талкууланган). Күндөлүк окуу эки этаптан турушу керек: негизги окуу убактысынан жана үй тапшырмаларын аткаруу жүгүн үй тиричилигине алып келбестен мектепте эле мугалимдердин окутуусу менен үй тапшырмаларын аткаруу этабынан. Бирок бул бардык үй тапшырмаларын мектепте эле бүтүрүп салып үйгө эч нерсе алып келбеши керек дегенди билдирбейт. Эгерде, мектеп окуучусу сабакты даярдоо үчүн бөлүнгөн убакта бардык сабактарын аткарып алууга жетишсе, анда үйгө толук аткарылган үй тапшырмалары менен кайтып келе алса болот. Бирок мындай учурда үйдө китеп окуу менен алек болуу сунушталат. Жалпы-жонунан сунуш мындай: мектепте жүрүп жазуу түрүндөгү бардык тапшырмаларды аткарып ал эми үйгө болсо окуу түрүндөгү үй тапшырмаларын алып келүү. Бирок эгерде мектеп окуучусу мектепте жазуу жана окуу үй тапшырмаларын аткарып алууга жетишип калса, анда окуу тапшырмасын кайталап окуса болот.

Бул сунуштардын жалпы мааниси мындай:

Жогорудагы сунуштардын негизги мааниси мындай: үй-бүлөдө режимдик мүнөздөгү чыңалуулар мүмкүн болушунча азыраак болсун үчүн, ар бир үй-бүлө мүчөсү өзүнүн үй-бүлө чөйрөсүндө ыраазы боло эс алууга ажайып сонун мүмкүнчүлүк бар болсун үчүн, үй-бүлөсүнө мээримин төгүү мүмкүнчүлүгү бар болсун үчүн – үй-бүлө турмуш-тиричилигине мүмкүн болушунча азыраак кам көрүүлөр алынып келиниши керек.

Окуунун эртең мененки саат тогузда башталышын сунуш кылуунун себеби, кичинекей балдардын ата-энелеринин жумушу саат ондо башталганга чейин өзүнүн балдарын мектепке жеткирип келүүгө үлгүрүп калышы керек. Окууну саат 1800 дө бүткөрүүнү сунуш кылуунун себеби, ата-энелер саат 1700 дө жумуштан чыгышып бир сааттын ичинде мектепке балдарына жетип барууга үлгүрүп калышы керек. Албетте бул эрежелер жогорку класстын окуучуларына таандык эмес, себеби алар мектепке өз алдынча бара алышат эмеспи. Бирок ошого карабастан чоң да кичүү да класстын окуучуларынын сабактары бир эле убакта болушу сунушталат. Бул болсо өз кезегинде коомдун күндөлүк жашоосун мүмкүн болушунча көбүрөөк гармонияга жеткирүүнү деталдаштырат.

Орто жана жогорку окуу жайларындагы окуу режими:

Орто жана жогорку окуу жайларындагы окуу режими жалпы кабыл алынган жмуш режимине шайкеш келиши керек: окуу саат 1000 дө башталып саат 1700 дөн кечиктирилбей бүтүшү керек.

Аргументтер:

1. Орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын жумуш режими да коомдун жалпы иш режимине таандык.

2. Студенттер ата-энелерине жардам берүү иретинде өздөрүнүн кичинекей инилери карындаштарына кам көрүүгө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек: кичинекей балдарды балдар бакчаларына же мектептерге саат тогузга жеткирип барып анан саат онго өздөрүнүн сабагына барып алышы керек.

3. Студенттер чоң жана өз алдынча адамдар. Ошон үчүн өздөрүнүн сабак даярдашын өздөрү пландаштырышат. Эң негизгиси, окутуучулар жана студенттер эл катары эле саат 1700 дө окуу жайында сөзсүз бар болуу милдетинен кутулуп бош болушу керек.

Китепканалардын иш режими өзүнчө каралат.

Дүкөндөрдүн иш режими:

Режимдердин варианттары:

Күнү-түнү иштөө варианты:

Бүткүл коом үчүн жалпы кабыл алынган жумуш убактысынын узактыгы күнүнө алты саат болгондуктан дүкөндөр күнү-түнү иштечү болсо, анда 24 саат 6 сааттык режимге бөлүнүп дүкөндөрдө 4 смена каралат.

Смена алмашып иштөө варианты.

Бүткүл коом үчүн жалпы кабыл алынган жумуш убактысынын узактыгы мурдакы сегиз сааттын ордуна күнүнө алты саат болгондуктан, дүкөндүн сатуучулары да күнүнө алты сааттан иштөө укугуна ээ. Ушундан улам дүкөндөрдүн иштөө режими эки сменага бөлүнөт.

Айрым учурларда тараптардын макулдашуусу менен бир эле сатуучу күнүнө он эки сааттан иштесе болот да мындай учурда эки эсе көп иштеди деп эсептелинип ошого ылайык эмгек акысы эки эсе көп болушу керек.

Ошентип, дүкөндөгү биринчи смена эртең мененки саат сегизде башталып саат 1400 чейин созулушу керек. Атайын саат сегизден башталышы сунушталат, анткени адамдар жумуштарына кетерине чейин дүкөндөргө барууга эки саат бою мүмкүнчүлүгү бар болушу керек. Саат 1400 дөн саат 1500 гө чейин смена алмаштыруу. Экинчи смена саат 1500 дө башталып саат 2100 де аякташы керек.

Иштеген адамдар саат 1300 дө түшкү тыныгууга чыгып кетиши белгилүү. Демек ушул чурда алар кааласа дүкөндөргө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Биринчи сменанын кызматкери өзүнүн сменасын тапшыргандан кийин түштөнө алат. Ал эми экинчи сменанын кызматкери өзүнүн сменасына буга чейин түштөнүп алып анан сменасына келсе болот. Дүкөндөрдүн жумуш убактысы саат 2100 дө аяктайт. Ушундан улам адамдар саат 1700 дө өздөрүнүн жумушунан бошоп кечки саат 2100 гө чейин дүкөндөргө баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.

Түшкү тыныгуу варианттары: эгерде бир эле сатуучу эки сменасы менен катар иштей турган болсо, анда ал түшкү тыныгууга саат 1400 дөн 1500 чейин чыга алат. А эгерде биринчи сменада бир сатуучу иштеп, ал эми экинчи сменада башка сатуучу иштесе, анда саат 1400 дөн саат 1500 чейин смена алмаштыруу болот. Биринчи сменанын сатуучусу сменасын тапшырып анан түштөнүүгө кетсе болот, ал эми экинчи сменаны сатуучусу өзүнүн сменасына түштөнүп анан келсе болот.

Коомдук транспорттун иштөө режими:

Коомдук транспортту эртең мененки саат 0600 дөн түнкү саат 1200 чейин кыймылга келтирүү сунушталат. Бул сөзсүз түрдөгү 3 жумуш сменасын түзөт. Анан адамдар түнү бою жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн түнкү саат 1200 дөн эртең мененки саат 0600 чейин дежур сменасы иштейт.

Бир эле айдоочу катары менен бир нече сменада иштеп ошого жараша көбүрөөк эмгек акы алып иштесе болот.

Ооруканалардын иштөө режими:

Ооруканалардын иштөө режими дүкөндөрдүн штөө режимине аналогиялуу келип эки сменадан турат: биринчи смена саат 0800 дөн саат 1400 гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 1400 дөн саат 1500 гө чейин. Мында болсо адамдар жумушка чейин эки саат бою ооруканага барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле бир сааттык түшкү тыныгууда тезинен ооруканага барып келе калса болот. Биринчи сменанын медиктери биринчи сменасын тапшыргандан кийин түштөнүп алса болот, ал эми экинчи сменанын медиктери жумушка алдын түштөнүп анан келишет. Экинчи смена саат 1500 дөн саат 2100 гө чейин. Мында болсо адамдар жумуштан кийин төрт саат убакыт бою ооруканага барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Медициналык тез жардамды чакыруу коомдун сөзсүз талабы болуп кала берет.

Коомдук жашоонун жаңы режиминин бул бөлүгүндө, коомдук жашоонун гармониялуу режимин түзүүдө базалык боло турган негизги жумуш субъекттерин карап чыктык.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет