Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



бет15/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15

Аскер окуу жайларындагы окутуу
Аскер окуу жайындагы проблемалардын бири эки нерсенин айкалышы: окуунун жана аскердик кызматтын. Башкача айтканда аскер окуу жайынын курсанты окуу менен аскер кызматын бирге алып барат. Бул болсо өз кезегинде келечектеги офицердин сапаттуу билим алуусуна терс кедергисин тийгизет.

Карапайым элге түшүндүрүп берсек.

Мисалы аскердик окуу жайынын жарандык окутуучулары (военный эмес окутуучулары) курсанттардан сапаттуу окууну жана сапаттуу сабак даярдоону талап кылышат. Сапаттуу сабак даярдаш үчүн курсанттын уйкусу канышы керек. Окуунун биринчи жылдары курсанттар түбөлүк уйку канбоону (вечное недосыпание) баштан кечиришип көбүнчө сабактарда уйкусурап отурушат да баштарын партага салышып көздөрү уйкуга илешип кете берет. Кез-кези менен курсанттар ротага дневальный болуп, часовой болуп, ашканага нарядка барып, патрулга барып күнү-түнү нарядда турушат, аскер тартибин бузса гаупвахтага отурушат. Бул күндөрү, албетте, курсант аскердик кызматын аткарып сабакка катышпайт. Күнү-түнү турган наряддан кийин курсантка уктап эс алып алуусуна уруксат берилбейт, сандалып сабакка барып өткөрүп жиберген темаларын кайталап окуйт. Сабактардан кийин курсанттар сабагын даярдашы үчүн убакыт берилет. Эгерде курсанттар кандайдыр бир күнөө жасашса алар сабак даярдоо укугунан ажыратылып марш тебишет же пол жуушат же картошкө аарчышат же башка жаза тапшырмаларын аткарышат. Алардын окуу проблемасы офицерлерди кызыктырбайт. Офицерлер аскердик кызматты, аскердик тартипти талап кылышат, ал эми жарандык окутуучулар болсо сапаттуу окууну талап кылышат.

Мисалы 1987-1990-жылдардагы окууда Фрунзенин суворовдук аскердик окуу жайында бир суворовчу айткан: мектепте жакшы окучумун, ал эми бул жерге келип жаман окуп калдым деп. Себеби кежирленген офицерлер дайыма сабак даярдоо убактысынан алаксытышып кичине эле кынтык табышса плацта тизилүүгө буйрук беришчү. Башкача айтканда эгерде сабак даярдоо учурунда тигил же бул взводдон бир эле суворовец сабак дярдоонун ордуна коридордо же эшикте басып жүрүп кармалып калса ошол взвод плацка чыгарылып турчу.

Эегерде курсант өзүнүн түнкү уйкусун курмандыкка чалып түнү сабагын даярдагысы келсе, анда дежурный офицер анын сабак проблемалары менен эсептешпей уктоого буйрук берип коюшу мүмкүн. Мисалы 1991-жылы ВЛКСМдин 50-жылдыгы атындагы Челябинскидеги жогорку аскердик Кызыл Туу наамындагы авиациондук штурмандар окуу жайында мындай болгон: курсанттар менен ардагер-штурмандын жолугушуу болгон. Анда ал айткан: силер кесиптик жактан күчтүү штурмандар болуп биздин армиябыз душмандардын армиясынан күчтүү болсун үчүн силердин командириңерден суранамын, күндөлүк турмушуңардын аскердик жагына басым жасай бербей, сабагыңарга көбүрөөк көңүл бурушсун деп суранамын.

Мында аскердик окуу жайларындагы курсанттардын турмушунун кээ бир гана жактары келтирилди.

Эгерде кандайдыр бир офицер сырттан окуу аркылуу билим алуусун уланткысы келсе, сессиясы жылына эки эле жолу болуп турганына карабай сабак учуруна гана барып келүү уруксатын берүү учурлары болушу мүмкүн. Башкача айтканда эгерде сабагы эртең мененки саат сегизде башталып саат күндүзгү бирде бүтсө, анда ал саат бирден баштап кызматка кайтып келиши керек. Кээ бир командирлердин, ал башка группалаштары сыяктуу сабактан кийин китепканага барып сабактарын даярдайт деген түшүнүгү жок.

Көрүнүп тургандай аскер окуу жайларында окутуу системасындагы күндөлүк турмуштун аскердик жагы сапаттуу билим алууга терс кедергисин тийгизет. Биз атамекендин ишенимдүү коргоочусуна ээ болуш үчүн сапатсыз билим алуу бардык эле аскердик кесипке терс таасирин тийгизе бербейт, чынында.

Мисалы балким аскердик танкалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү эгерде курсанттык жылдары аскердик кызматка алаксый берип математика, философия, тил жана адабият сабактарынан көп калып жакшы билим ала албай калып бирок полигондо танк башкарууну жетиштүү убакытта өздөштүрүп алса жаман танкист болбойт негизи. Ошондой эле мотострелковый взводдун командири же артиллерист да курсанттык жылдары күнүмдүк аскердик кызматка алаксый берип математика, философия, тил жана адабият сабактарынан алаксыган болуп бирок полигондо жетиштүү убакыт машыккан болсо жакшы командир же жакшы артиллерист болушу деле мүмкүн. Бирок штурман, учкуч, космос байланышынын инженери, штабдык офицер, врач, авиациялык инженер, чалгынчы, химиялык коргонуунун адиси деген аскердик кесиптин элеринин аскердик кесипкөйлүгү күнүмдүк турмуштун аскердик жагына алаксыбай математика, химия, тил жана адабият, философия сакбатарына жетиштүү катышып жетиштүү интелектуалдык даярдыгы менен гана күчтүү адис боло турган аскердик кесиптер бар да. Ошон үчүн келечектеги офицерлерди даярдоодо келечектеги жоокер көбүнчө интеллектуалдык даярдыгы менен күчтүү мекен коргоочу болобу же физика, математиканы жана классиктердин ырларын жакшы окубай калган, бирок аскердик турмушка такшалган киши күчтүү мекен коргоочу болобу, мына ушуларды аскердик кесипктин түрүнө карап аныктап эске алуу керек. Ушуга ылайык кайсы аскердик кесиптер көбүнчө интелелктуалдык даярдыкты талап кыларын аныктап алып аскердик окуу жайынын курсантынын күндөлүк режиминде окууну жана аскердик кызматты кандайча туура айкаштырууну ойлонуп көрүү зарыл.

идеологиялык насаат
1. Чындыктын бар экендигине ишен.

2. Чынчылдык турмуш-тиричиликте жана мамлекеттик башкарууда керек.

3. Чынчыл бол же чынчылдарды моралдык жактан колдогун, анткени алар коомдо аз гана болушат. Чынчылдарга күлбөгүн, анткени чынчылдык кемчилик эмес, руханий нарк-насил.

4. Өзүң жалгыз өз өлкөң үчүн эч нерсе кыла албаймын деп колдоруңду жазбастан, "Ким, мен болбосом" деген принцип менен жашап көр.

5. Ар бири өзүнөн башташы керек деп гана чектелип калбагын. Мындай сөз сени акылдуу кылып көрсөткөнү менен, дайыма эле бардык адамдар өзүнөн баштоого жарай беришпей жатканын эске ал. Ар бири өзүнөн башташып калса, коом жана бүтүндөй өлкө тез эле өсүп-өнүгүп кетээр эле. Ошон үчүн адамдардын өзүнөн башташына кимдир-бирөө түрткү бериши керек. Ал түрткү бере турган субъект (тарап) – моралдык жактан жооптуу катары муунду, жаштарды жана бүтүндөй элди тарбиялаган мамлекет болушу керек.

6. Улутту белгилеп айтканда нравалык-этикалык норма катары "туугандар" деген сөздү кошуп айтып жүр (орус тууган, өзбек туугандар жана башкалар).

7. Эч качан бир-эки бузуку шүмшүктөрдүн айынан бүткүл улут тууралуу жыйынтык чыгарбагын жана жаман улут болбошун, тескерисинче өз элинин гана эмес, кийинки муундун да душманы болуп бардык улуттарга ынтымактуураак жана бактылуураак болуусуна тоскоолдук кылган жаман адамдар гана болорун билип жүргүн.

8. Эң кеминде кыргыз, орус жана чет тилдердин бирин эркин бил.

9. Эгерде улуу адам жөнөкөйлүктөн жарды болуп карапайым адамга жеткиликтүү болбосо, жылдыз оорусуна чалдыгып бомждордун проблемасы тууралуу ойлобосо жана айтпаса, аларды улуу адам деп эсептебегин.

10. Экологиялык ыйманга ээ бол.

11. Өз мекендештериңдин туура эмес иш-аракеттерине кош көңүл караба жана Педагогикалык аң-сезим Өлкөсүнүн активдүү куруучусу бол.

12. Пунктуалдуу так болгун жана элге кино жана театрдын убагында башталышына сөз берип бирок кечиреек баштагандарга каршы туруп кинону же театрды бир мүнөт кечиктирүүсүнө кинотеатрларга эч качан жол бербегин.

13. Эгерде кимдир бирөөнүн жоголгон буюмун таап алсаң, эч качан сыйлык акыны сурап талап кылбагын.

14. Өнүкккөн экономиканын субстанциясын (алгачкы негизин, тамырын) камсыз кылуу үчүн мамлекеттик кызматта чынчыл болуп турмушта эмгекчил болгун.

15. Аксакалдарды жана авторитет-окумуштууларды коомдук жайларда, турмушта жана дасторкон үстүндө сыйлагын жана авторитеттерге сокур ишенип табынуу менен оорубай, эгерде, авторитети жок жапжаш кишинин сөздөрү жарык идеяларга толгон болсо, ага жол берип аксакалдар жана авторитет-окумуштуулар өздөрүнүн кадыр-баркынан пайдаланып жаш генийге жол бербей жатышса, авторитеттердин цивилизациянын тормозу болушуна жол бербегин.

16. Демократия тууралуу туура түшүн жана демократия астында моралдык жоопкерчиликке ээ бол, мекендештериңе урмат-сый мамиле кылып коомдук этиканы сактагын жана демократиялык укуктарыңды ишке ашыруудагы аракеттердин же аракетсиздиктердин оң жана терс ыкмасы үчүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргызстандыктардын оң же терс имиджи деп түшүнгүн.

17. Эгерде сен өз ишиңдин кесипкөйү же интеллигенциянын жарык өкүлү болсоң, өз өлкөңдү таштап кетпе, патриот болуп өз өлкөңдүн өсүп-өнүгүшүнө жардам бер.

18. Чыныгы мамлекеттик ишмерлер деп Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков жана Султан Ибраимов деп эсептегин жана алардан өзүңдүн өлкөңө жана элиңе кызмат кылуунун үлгүсүн алгын.

19. Эч качан коомдук мүлктү жана коомдук жыргалчылыктын объекттерин бузбагын.

20. Коомдук жайларда уят сөздөрдү жазуу жаман адатына кабылбагын жана мындай кылууга башкаларга жол бербегин.

21. Уят сөздөргө адабий альтернатива тапканга дайыма умтулгун, уят сөз айтуудан дегеле баш тарткын жана коомдук жайларда уят сөздөрдү колдонуудан баш тартып жүр.

22. Өзүңдү моралдык-нравалык көзөмөлдөгөндү, өзүңө өзүң акыйкат баа берүүнү жана өзүңдү өзүң туура сындоону билип жүр.

23. Тазалыкка көнүп коомдук жана өздүк гигиенаны сактагын.

24. Журналист болуп иштеп жатып элдин арам ойлуу алдамчысы, коомдун руханий өсүшүнүн тормозу болбогун жана ушак-айымдар менен ойноп жатып коомдун керексиз адамы болуп калбагын.

25. Коомдун аң-сезимине баа берүү үчүн адамдар шайлоолордо өздөрүн кантип алып жүргөнүнө көңүл бур жана алар өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырууда канчалык даражада моралдык жоопкерчиликти сезишерине карап көр.

26. Улуу Манас кантип кыргыз элин бириктиргени эсиңде болсун, Манастын патриоттук аң-сезимин баалагын, сыйлагын жана тамшангын.

27. Бүгүн ар бир кыргыздын, трайбализм айыга турган нерсе экендигине ишеними абдан керек жана кыргыздарды бирдиктүү психологиясы бар бирдиктүү кыргыз элине бириктирүү кези келди.

28. Кыргыз элинин бирдиктүү психологиясын иштеп чыгууга өз салымыңды кошкун.

29. Эгерде өз облустуңдун сүймөнчүк-кыргызы болуп башка облустагы кыргызды сыйлабасаң, демек сен бүткүл кыргыз элинин душманысың, анткени кыргыз элин тарбиялап бириктирүүгө өз салымыңды кошкондун ордуна сен трайбализм тууралуу элдик эс тутумду азыктандырып өзүңдүн кийинки муунуңа мурас кылып кыргыз элинин трайбалисттик трагедиясын өткөрүп берип жатасың.

30. Эгерде сен билимдүү жана маданияттуу кыргыз болсоң, Кыргызстандын башка облусунан келген кыргызды жолуктурсаң, сен же ал тигил же бул облустан болгондугу боюнча региондор тууралуу сөзгө көңүл бурууга жол бербей, тескерисинче, өз өлкөңдүн жана бүткүл Кыргызстан элинин патриоту катары жалпы эле Кыргызстандагы иштердин абалы тууралуу сүйлөшүүнү туура көргүн.

31. Эгерде сен өз өлкөң үчүн күйсөң, тигил же бул облустун эли тигиндей мындай жана башка сыяктуу талаш-тартышууга акылыңдын кубатын сарптаба, андан көрө кыргыз элин кантип бириктирип ынтымактуу кылууга акылыңды иштет, анткени бул өлкөдө кийин сенин балдарың жашайт эмеспи.

32. Эгерде улутуң кыргыз болсо, кыргызды жолуктуруп калсаң, анын жердиги кайдан экендигин сураганга ашынбай бул суроону акыркы планга калтырууга көнгүн да эң оболу анын нукура адамдык касиеттерин таанып билгин.

33. Эгерде сен кыргыз болсоң, кыргыз кишини жердиги боюнча эмес, анын нукура адамдык касиеттери боюнча мүнөздөөгө үйрөнгүн.

34. Канча регион бар болсо, ошончолук кыргыздар болбойт, тескерисинче бир гана кыргыз эли бар, а эгерде сен кыргыз элин регионалдык белгиси боюнча бөлсөң, анда сен кыргыз элинин бирдиктүү прогрессин тормоздогондордун бирисиң.

35. Педагогикалык аң-сезим концепциясынын рамкасындагы Милиция кыраакылыгын кеңейтүү принцибине түшүнүү менен мамиле кылып өз милицияңдын элди активдүү тарбиялоого катышуусуна жардам бер.

36. Соода кылуунун адебин билгин, эгерде кардар башка сатуучуга барып алган болсо, ал кардарды чакырып тартып албагын; Ашканада кардарды тейлеп жатып эч качан "ушул элеби?" дей көрбөгүн, анткени ар бир адам өзүнүн табитине ылайык же акча каражатынын мүмкүнчүлүгүнө карап тамак сатып алат. "Ушул элеби?" деп айтып "жакыр" кардарды оңтойсуз абалда калтырып жатасың жана ал мындан ары сенин ашканаңа келбей калышы мүмкүн. Бардык адамдар "мендей" бай деп ойлобогун жана бардыгы эле ашканада мол тамак алып жей ала бербейт.

37. Тегерегиңдеги калктын алдында коммуналдык-этикалык жоопкерчиликти жетекчиликке алгын жана өзүңдүн үйүңдө электрди жана суу түтүкчөлөрүн оңдоп жатканыңда тегерегиңдеги калкты электрден жана суудан убактылуу ажыратуу муктаждыгы пайда болсо, калкка келтирилген ыңгайсыз абалды мүмкүн болушунча азыраак кылгандай рационалдуу жасагын.

38. Коомдук транспортто отурганда этиканы сактоо үчүн буттарыңды алдыга сунуп (тизелериңдин тик бурч абалынан ашык болбошуна аракет кыл) же капталыңа соройтуп чыгарба, анткени алдыңда турган жүргүнчүлөр кысылып сенин олчойтуп чыгарып алган буттарыңа чалынышы мүмкүн. Турган жүргүнчүлөргө алардын ишенимдүү таянычы үчүн жетиштүү жер болушу үчүн, өзүңө ишенимдүү таяныч менен отуруу жетиштүү болгондой кылып буттарыңды өзүңдүн астыңа бүгүп ал.

39. Эгерде коомдук транспортто карыган кишилер же айымдар турушса, өзүң отургандан намыстангын. Ал эми өзүң жаш болуп туруп бирок ден соолугуңа байланыштуу туруп турууга мүмкүн болбосо, себебин сылык түшүндүрүп бер.

40. Эгерде сен коомдук транспорттун айдоочусу болсоң жана пенсионерлер же улгайган адамдар жеңилдиктен (льгот) пайдаланарын же бекер жүрүшүн кынтыксыз билсең, кантсе да улгайган адамдарга токтоп коюудан эринбегин, ач көз рыноктук инстинкттерге айкөлдүктү жана адамдык жүзүңдү каршы коё жүр.



ИДЕОЛОГИЯНЫ ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ЖүЗөГө АШЫРУУ ЫКМАЛАРЫНЫН БИРИ КАТАРЫ ИДЕОЛОГИЯНЫН МОТИВИ БОЮНЧА Эң ЭЛЕ МААНИЛүү ЖОБОЛОРУНАН КРНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНА СУНУШ-СТАТЬЯЛАР
Сунуш-статья 1 "Жалпы принциптер бөлүмүнө"

1. Кыргызстан Социалдык гуманизм мамлекети болуп саналып коомдун турмушуна социалдык гуманизмдин түбөлүк режими киргизилет.

2. Социалдык гуманизм – бул гуманизмдин социалдык чөйрөгө бардык жагынан туруктуу өтүп кирүүсү жана коомдук-экономикалык формациянын бардык түрлөрүндө адамды жана коомду шексиз коргоо катары убакыт жана мейкинде туруктуу болуусун айгинелейт.

Гуманисттик принциптеринен жана жарандардын жыргалчылыгын өнүктүрүү принциптеринен улам социалдык гуманизм рыноктун каардуу закондорун чектеп жөнгө салуу, ошону менен катар кедейчиликке жол бербөө максатында баа саясатынын гуманисттик барометри функциясын аткарат.

3. Рыноктук аң-сезимдин жана рыноктук психологиянын кесепетинен келип чыккан Рыноктун кызыкчылыгынын, товардын сапатына жана көрсөтүлгөн кызматтарга үстөмдүк кылышына кескин түрдө жол берилбейт. Ушул жана башка эрежелерди бузууга этика, ыйман, санитардык жана юридикалык нормалардын жаатында мыйзам аркылуу катуу чара көрүлөт.

4. Социалдык гуманизмдин объекттери төмөнкүлөр:

1) медициналык тейлөө. Медициналык тейлөө рыноктук кызыкчылыктарды жокко чыгарып калкка бекер тартууланат, дары-дармектердин баасы калктын жаралуу катмарына карата коюлушу керек;

2) турак үй. Турак үй проблемасы бүткүл эл тарабынан адам азабынын субстанциясы (негизи), ал эми жарандын турак үйгө ээ болушу андан аркы жыргалчылыгынын субстанциясы же материалдык негизи деп таанылат. Турак үй проблемасын гумандаштыруу максатында Кыргызстанда турак үй бизнесине жана астрономиялык баа коюуга тыюу салынып бирок турак үй эмес кыймылсыз мүлккө астрономиялык баа коюп бизнес кылууга жол берилет. Сөзсүз түрдө төмөнкүдөй баа саясаты ишке ашырылат: Турак-үйдүн баасы – курулуш материалына кеткен чыгымдан жана куруучуларга акы төлөөгө кеткен жалпы суммадан келип чыгышы зарыл;

Турак-үй проблемасын гумандаштыруу принциптеринин чегинде кармап туруу үчүн цемент жана курулуш материалдарына болгон бааларынын деңгээли мүмкүн болушунча жол берилген эң төмөнүрөөк чегине чейин түшүрүлүп сакталат. Жол берилген эң төмөнкү чек – өзүн өзү актоонун минимуму, салык салуунун минимуму жана курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрүнүн жана аларды сатуучулардын минималдуу жетиштүү эмгек акысы;

3) коммуналдык кызматтарга коюлган баалар. Электроэнергия, газ, жылытуу, телефондук байланыш, суу, мусор чыгарууга коюлган баалар социалдык гуманизм принциби менен минималдаштырылат. Коммуналдык тейлөөлөрдүн топтоштурулган жалпы суммасы, анын үстүнө коммуналдык кызматтын өзүнчө бир көрүнүшүнө болгон төлөмдүн ченеми үй-бүлөнүн ай сайынкы кирешесин ашкере каптап-жаап турбашы керек;

4) маркумду көмүү үчүн көрүстөндөгү жер бөтөнчө бекер тартууланып жерди сатууга кескин түрдө тыюу салынат;

5) бардык шаарларда жана айыл жерлеринде түнкүсүн смена менен алмашып иштей турган транспорт каражаты катары – түнкүсүн жүрө турган социалдык жактан коопсуз электр транспорту колдонулат. Жарандардын жыргалчылыгын күнү-түнү жогорулатып тийиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн транспорттун мындай түрү түндөсү транспорт жүрүү проблемасын жоюуну камсыз кылат.


Сунуш-статья 2 "Жалпы принциптер бөлүмүнө"

1.Кыргызстан Педагогикалык аң-сезимдин мамлекети болуп саналат.

2. Ар бир жаран, Кыргызстандын Жалпыжарандык идеологиясына ылайык педагогикалык аң-сезимге ээ болууга, башка жарандардын туура эмес кыймыл-аракеттерине кош көңүл болбоого милдеттүү. Жарандардын туура эмес аракеттерин байкаган ар бир жаранга, кайдигер болбостон баарынан мурда ага моралдык-нравалык таасир этүүсү сунушталат.

3. Педагогикалык аң-сезим идеясын турмушка ашыруу максатында Кыргызстан расмий түрдө "Педагогикалык аң-сезим Мамлекети" деп жарыяланып өлкөнүн педагогикасы мамлекет тарабынан приоритеттү багыттардын катарына алынып чыгып билимдүү жана тартиптүү жарандардын коомун түзүү, адамдардын маданий-этикалык деңгээлин идентификациялоо максатында мамлекет элди тарбиялоонун бирдиктүү саясатын иштеп чыгат жана педагогиканы үй-бүлөдөн, балдар бакчасынан баштап жогорку билим берүү системасына чейин сиңдирип кийирүүгө кам көрөт.

Кесиптик-техникалык окуу жайларынын, атайын орто окуу жайларынын, жогорку окуу жайларынын окутуучулары предметтерди тек гана "машиналдуу" түрдө окутуп чектелип калбастан, өсүп келаткан муунду лектордук ыкма жана жеке үлгүсү менен тарбиялоо милдети окутуучуларга жүктөлөт да эгерде окутуучу студенттин моралдык-этикалык жана этикалык принциптерге туура келбеген жүрүм-турумун байкаса, ага кош көңүл кароосуна жол берилбейт. Кесиптик-техникалык окуу жайларынын, атайын орто окуу жайларынын, жождордун окутуучуларынын кесиптик ишмердигине, студенттерди тарбиялоо функциясынын кошулганы – гүлдөгөн өлкөнү куруу үчүн мындай саясаттын иш жүзүнө ашырылышынын стратегиялык зарылдыгын баса белгилөө катары жана педагогикалык эмгекке материалдык түрткү катары кесиптик-техникалык окуу жайларынын, атайын орто окуу жайларынын, жождордун окутуучуларынын эмгек акысы принципиалдуу түрдө көтөрүлөт.

4. Жарандарды тарбиялоонун кепилдиги катары милициянын кыраакылыгын кеңейтүү принциби кабыл алынып милиция укук коргоодон тышкары жарандардын этика, жүрүш-туруш маданиятын жана ошондой эле санитардык жана экологиялык маданиятты сактоосуна, ошондой эле коомдук мүлккө аяр жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна көз салып жарандарды тарбиялоого эң эле активдүү катышат.

5. Педагогикалык аң-сезим концепциясы Кыргызстан элинин менталитетине пунктуалдуулукту кийирет жана ар бир жаран жана калкты тейлөөнүн бардык субъекттери – ар кандай коомдук иш-чаралардын башталышынын жана аякташынын белгиленген убактысын өзгөчө так сактоосу сунушталат.
Сунуш-статья 3 "Жарандын укуктары жана милдеттери" бөлүмүнө

Ар бир жаран коомдук мүлктү бузганы үчүн жана аны туура эмес колдонгону үчүн сөзсүз бүт эл алдында моралдык жана жазык жоопкерчилик алып барат. Бул эрежени иш жүзүнө ашыруу, "Милициянын кыраакылыгын кеңейтүү" принциби боюнча укук коргоо органдарына жүктөлөт. Ушул принципке ылайык укукту коргоодон сырткары милиция коомдук мүлктү бузгандарды аңдып муунду тарбиялоого түздөн түз активдүү катышат.


Сунуш-статья 4 кадрлар жөнүндө

1. Кыргыз Республикасында кадрлар стратегиясынын иерархиясы түзүлөт. Биринчи орунга, коомдук аң-сезимге таасир этип коомдук аң-сезимдин түзүлүшүндө эбегейсиз зор ролу бар ММК кадрлар стратегиясы коюлат. Экинчи орунга күч структуралар тармагынын кадрлар стратегиясы коюлат. Үчүнчү орунга улуттук кадрлар прообразы катары мамлекеттин элиталык кадрлары коюлат. Мамлекеттин элиталык кадрлары интернационалдык курамында түзүлөт.

2. Мамлекет мамлекеттин элиталык кадрларын түзүү менен өзүнө кадрлардын жетиштүүлүгүнө кам көрөт. Мамлекеттин элиталык кадрларынын маани-маңызы: а) өлкөнүн бирден бир экономикалык жана саясий коопсуздугунун шарты катары кадрлардын элдик чарбанын бардык тармактарында жетиштүүлүгү; б) мамлекетте кадрлардын туруктуулугу жана кадрлардын сыртка агып кетпөөсүнө кам көрүү.

3. 1-жана 2-пункттарды ишке ашыруу максатында, иштелип чыккан "Мамлекеттин элиталык кадрлары" программасы кабыл алынат.

4. Кыргыз Республикасынын элинин маданиятында Башкаруучунун (мамлекеттик чиновниктер) Образы түзүлөт. Башкаруучунун образы жаранды, коомду негативдик аң-сезимдин бардык формасынан сөзсүз тарбиялоо шарты катары чынчылдык, чечкиндүүлүк, ыйман тазалыгы, бүткүл элдик патриоттуулугу жана педагогикалык балансы менен сыпатталат.

5. Трайбализмде байкалган Башкаруучу (мамлекеттик чиновниктер) кызмат ордунан кетирилет.

6. Өздөрүнүн даяр жазылган функционалдык милдеттерин түздөн түз машиналдуу түрдө аткарып профессионал деп эсептелинип кала бербестен чыгармачылык ыгы бар, коомду, элди жана муунду трайбализмден жана негативдүү аң сезимдин бардык формаларынан тарбиялоого жөндөмдүү чиновниктер Кыргызстан эли тарабынан колдоого алынат.
Сунуш-статья 5 сөз жөнүндө

Мыйзамдын негизинде массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтардын тууралыгына кандуу жоопкерчилик коюлат. Атайын жасалган ушак-айымдарга кескин түрдө тыюу салынат жана маалыматтын туура эмес болуп үчүнчү тараптан доо коюлса, ар бир сөз үчүн сөзсүз түрдө далил талап кылынат. Ушак-айым алып жүрүүчүлөр бүткүл элдин кара жолтой алдамчылары катары элдик жек көрүүнүн объектиси жана кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жана цивилизациянын өнүгүшүнүн тормоздору болуп саналышат.


Сунуш-статья 6 декреттик убакыт боюнча адамдын укуктары жөнүндө

Жарандардын нааразылыгын болтурбоо, көнүмүш биоритмдин сакталышы максатында, демократияны жана адамдын укугун сактоо үчүн коомдук пикирди сурап билбей туруп Өкмөт өктөм түрдө сааттын жебесин жайкы мезгилге жана артка жылдыруусуна буйрук берүүсүнө жол берилбейт. Сааттын жебесин жылдыруу, бүгүнкү күндүн реалдуу шартына туура келбеген күйүүчү отун-энергетикалык ресурстарды үнөмдөө максатында келип чыккан. Адамдын ден соолугу жана көнүмүш турмуш тиричилик шарттары күйүүчү отун-энергетикалык ресурстарын үнөмдөөдөн жогору турушу керек.


Сунуш-статья 7 тил жөнүндө

1. Мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринин бар болуусу Кыргызстан элинин достугунун символу болуп калышы керек.

2. Расмий орус тилинин статусунун туруктуу бар болушунун кепилдигинин мыйзам ченемдүү шарты катары – мамлекеттик кыргыз тилинин өнүгүшүнүн көйгөйүн чечүү болуп саналат. Терс учурда мамлекеттик кыргыз тилинин тагдырын сактап калуу максатында расмий орус тилинин статусун мыйзам ченемдүү чектөө муктаждыгы пайда болуп жатат. Мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринин гармониялуу өз ара бар болушун камсыз кылуу максатында Швейцариянын CIMERA программасына ылайык сөзсүз түрдө кош тилдүүлүк программасы балдар бакчасына киргизилип мектеп программасына да киргизилет. Башка программа болуп күнү-түнү бою туруктуу кылып орус, кыргыз жана англис тилин радиоокутуу болуп саналат.

3. Кыргызстандын жарандарынын жагымдуу коммуникабелдик комфортун өнүктүрүү максатында жаңы муун мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдерин билүүлөрү тийиш. Ал эми дүйнөлүк мейкиндикке интеграция жөндөмүн калыптандыруу үчүн англис тилин да билүү зарыл. Бирок жарандардын ортосундагы баарлашуу абсолюттук эркин болуп каалаган тилде сүйлөй алышат.


Сунуш-статья 8 кыргыз эли тууралуу

Кыргыз элинин унутта калган мыкты менталитетин, байыркы руханий жана саясий кубаттуулугун кайтарып жана тарыхый адилеттикти кайра жандандырып калыбына келтирүү үчүн, кыргыз эли жетектөөчү этнос деген өзүнүн миссиясын татыктуу жүзөгө ашырсын үчүн жана Кыргызстанда жашаган бардык улуттарды жана элдерди бириктирип улуттар аралык мамилелердин үлгүсү болсун үчүн, руханийлүүлүктүн, нравалык-этикалык тазалыктын, жогору маданияттын жана прогрессивдүү интеллектин үлгүсү болсун үчүн, кыргыз элинин миңдеген жылдардагы тарыхынын эстутумуна кайрылып, байыркылыктын тамырынан керектүү дөөлөттөрдөн алып жана жаңы замандын талабынан да зарылдарын алып кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын болоттон бек ширелген Синтезин жаратуу үчүн кыргыз элине жоопкерчиликтин төмөнкү тизмеси жүктөлөт:

1. Кыргызстанда пара алганы үчүн кыргыздарга башка улуттагы туугандарыбызга караганда артыкча катаал жазалоо жүктөлөт. Бирок кыргыз эмес улутундагы жарандар пара алгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен кутулбайт. Пара алып кармалган кыргыз улутундагы жаранга мыйзамдарда каралган жазадан башка дагы элге расмий түрдө ашкере кылып жарыялана турган төмөнкүдөй кошумча катаал моралдык жаза жүктөлөт: "Ата-бабаларыбыздын ыйык салтынын алдындагы чыккынчы жана кыргызстандык-туугандардын алдында кыргыз элинин ыйык арнамысына доо кетирген кылмышкер".

2. Кыргыз элинин камбартеп деген тарыхый өнөрү кайра жаралып, мамлекет тарабынан колдоого алынып, кыргыз элинин салттык машыгуусу жана бардык кыргызстандыктардын дөөлөтү болуп кыргыздын бул өнөрү дүйнөлүк масштабда популяризацияланат.

3. Кыргыз улутундагы кишиге өзүнүн эне тилин сүйүп билүүсү талап кылынат.

4. Кыргыз улутундагы ар бир жаран мектепте билим алуу аркылуу орус тилинде жазуу жана ооз эки эркин билүүсүнө мамлекет билим берүүнүн бардык программалык шарттарын түзүп берет.


Сунуш-статья 9 элдердин достугу жөнүндө

1. Кыргызстан элдеринин достугунун жыл сайынкы майрамын кабыл алып бул майрам «Кыргызстан элдеринин достугу күнү» деп аталат. Кыргызстан элдеринин достугу күнүндө расмий түрдө майрамдык жана шаан-шөкөт иш-чаралары уюштурулат.

2. Бүткүл Кыргызстан элдеринин сүйлөө речинде, адабий, илимий, официалдуу-иштиктүү, публистикалык стилдерде улутту атаганда «туугандар» деген сөз кошулуп айтылат жана жазылат. "Улуттун аталышы+туугандар" сөз курамы сөзсүз лексикалык да, нравалык-этикалык да норма болуп калышы керек.

3. Жумушка кабыл алуу жарыяларында улутту белгилеп көрсөтүүгө кескин түрдө тыюу салынып жумушсуздун этникалык, улуттук психологиясына жана менталитетине карабай жекече ык жасалышы керек.


Сунуш-статья 10 маданият жөнүндө

Эмгек мыйзамы аркылуу күндө өз ыктыяры менен эмгек тармагынын өзгөчөлүгүнө жараша нөлдүк же жарым сааттык же бир сааттык же бир жарым сааттык диапазон убактысында көркөм адабиятты окуу тартиби каралат. Китеп окуу убактысы сегиз сааттык жумуш убактысына кирип жумуш учурундагы эмгек акысы сактала берет.



Нөлдүк диапазон деген, китеп окуу өндүрүштүн кызыкчылыгына, иш планына жана башка нерселерге терс таасирин тийгизе турган болсо жана калкты тейлеген ишканалар болсо, ошол тармактагы эмгек чөйрөсүндө китеп окууга жол берилбейт (дүкөн, аскер бөлүктөрүндөгү боевое дежурство ж.б.). Мындай ишканалардын категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет