АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ:
Социалдык гуманизмдин экономикалык моделин ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн, айрыкча жаңы коомдук-экономикалык формацияны жаратуу үчүн өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун мааниси абдан зор.
Калкты азык-түлүк менен камсыз кылуунун негизи айыл чарбасы экендиги белгилүү. Бул мааниде айыл чарба министрлиги жана аткаруу бийлигинин башка органдары өлкөнүн азык-түлүк кооопсуздугун камсыз кылуунун субъекттери болуп саналат. Аны үчүн айыл чарба министрлиги демографиялык абалды эске алып жыл сайын ундун, шекердин, картошканын, пияздын жана башка биринчи кезектеги азык-түлүктөрдүн керектүү санын математикалык түрдө эсептеп турат. Келип чыкан эсепке карап ар бир келерки жылга канча гектар жерге буудай, жүгөрү, картошка, пияз жана башка көптөгөн жер-жемиштерди эгүү керектиги аныкталып турат. Биринчи кезекте Кыргызстандын калкын камсыз кылуу эсеби жүргүзүлөт, андан кийин мүмкүнчүлүккө жараша азык-түлүктөрдү импортто үчүн эгин эгүү эсеби жүргүзүлөт.
Жогорудагыларды эсептөөдө тигил же бул түшүмдү дыйкандардан мамлекеттин эсебине сатып алуунун проценттери да эске алынат.
Бардык айыл чарба жерлери мамлекеттин көзөмөлүнө алынат. Айыл чарба жерлерин туура пайдалануу үчүн бир эле жерге тигил же бул үрөндү себүүнү айкалыштыруу технологиясы сакталат.
ҮЧҮНЧҮ КОНЦЕПЦИЯ – ПЕДАГОГИКАЛЫК АҢ-СЕЗИМ
Педагогикалык аң-сезим жөнүндө
Педагогикалык аң-сезим – бул кош көңүлдүктү жокко чыгарып өзүнүн жарандарынын туура эмес жүрүш-турушуна оптималдуу моралдык-этикалык таасир тийгизе турган активдүү аракеттеги моралдык-этикалык позицияны адам өзүндө камтышы, ошондой эле Педагогикалык аң-сезим өлкөсүн куруучунун образы, гуманизмдин, этиканын жана экологиялык ыймандын концентрациясы.
педагогикалык аң-сезимдин функциялары:
1-функция. Ар бир жарандын аң-сезимин, ошол адамдын ажырагыс ыйман сапаты жана анын тартиптүүлүгүнүн белгиси катары педагогикалык аң-сезимдин мазмуну менен (жогорудагы аныктамага ылайык) толтуруу.
2-функция. Муунду жана бүтүндөй элди үй-бүлөдөн, мектептен баштап жана орто жана жогорку окуу жайларына чейин стратегиялык жактан тарбиялоо катары педагогикалык илимдин ролун глобалдык жогорулатуу.
Бул функция элди тарбиялоонун бирдиктүү саясатын чагылдырып мындай саясатты жүзөгө ашыра турган субъект катары мамлекет болушу керек. Тарбиялоо үй-бүлөдөн башталышы керек деген коомдук пикир бар болгон соң, мамлекет мектептер, орто жана жогорку окуу жайлары аркылуу жана башка стратегиялык ыктар менен үй-бүлөдөгү тарбиялоону координациялашы керек. Анткени ар бир үй-бүлөдө эле уурдаба, өлтүрбө, чекпе жана ичпе өңдүү тарбиялоонун жалпы кабыл алынган критерийлерин ата-энелер өз балдарына таалим кылып айта жүрүшү мүмкүн. Бирок бир үй-бүлөдө ата-энелер еврей туугандарга, чукча туугандарга жана башкаларга бирдей мамиле кылгыла деп өз балдарына таалим беришсе, ал эми башка үй-бүлөдө – тигил же бул өкүлдөр менен мамиле түзчү болбогула деп тескерисинче акыл үйрөтүшү мүмкүн. Бир үй-бүлөдө бардык кыргыздар бирдиктүү калк болуп региондук белгилер боюнча бөлүнбөй-жарылбай жашагыла деп балдарын үйрөтсө, башка үй-бүлөдө тескерисинче тигил же бул өкүлдөр менен байланышпагыла деп акыл үйрөтүшү мүмкүн. Бир үй-бүлөдө коомдук транспортто улулууларга орун бошоткула деп таалим берсе, ал эми башка үй-бүлөдө – тескерисинче өз наристесин сокур сүйүп аяп мындай таалим бербеши мүмкүн. Бир үй-бүлөдө бирөөнүн буюмун таап алса ээсине кайтарып бер деп үйрөтсө, башка үй-бүлөдө – ар кандай жол менен алдым-жуттумга үйрөтүшү мүмкүн. Бир үй-бүлөдө өз элинин меймандостугу тууралуу баласынын эсине салып турса, башка үй-бүлөдө тескерисинче антпеши мүмкүн. Кыскасы ушундай мисалдар көп болушу мүмкүн. Ошентип айкын болуп жаткан нерсе, өз балдарына тигил же бул тарапка каратып ыйман ориентациясын берүү ар бир конкреттүү ата-эненин жекече аң-сезиминен көз каранды болушу мүмкүн. Ошон үчүн мамлекет жакшы деген эмне жана жаман деген эмне, улууларга орун бошотуп берүү керекпи же жокпу өңдүү талаш-тартыш ыйман-этикалык баалуулуктарды жана башкаларды аныктайт. Натыйжада мамлекет коомдун аң-сезимине нравалык-этикалык ориентацияланган баалулуктардын бирдиктүү системасын кийриши керек, жок дегенде биздин элибиздин арасында адамдар ортосунда парадоксалдуу карама-каршы көз караштагы маданий жүрүм-турумдардын конфликти болбошу үчүн.
3-функция. Педагогиканын төмөнкү баалуулуктарын бекитүү.
Мугалимдер Улуттун Чырагы, Интеллигенциянын Чырагы, бүткүл коомдун билим жана ыйман коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттин ишенимдүү жардамчылары деп таанылышы керек.
Мугалим – анын намысына жана кадыр-баркына окуучулар тарабынан, окуучулардын ата-энелери тарабынан, ошондой эле коомчулук тарабынан шек келтирүүдөн мыйзам менен корголгон кол тийгис инсан.
Мугалим – мамлекеттин коргоосуна алынган эң биринчи объект.
Мугалим – эң жогорку деңгээлде социалдык коргоого алынган мамлекеттин эң алдыңкы жараны.
Мугалим – коомчулуктун ыйман аң-сезиминин алтын темирчиси (золотой кузнец).
Мугалим – руханий баалуулуктардын кенчи.
Мугалим – коомдун коррупцияланбаган чынчыл мүчөсүн калыптандыруучу, ошого тең экономиканын коррупцияланбаган чынчыл ишмерин калыптандыруучу катары гүлдөгөн экономиканын Суу башы.
4-функция. Милициянын кыраакылыгын кеңейтүү принцибин жар салуу жана ушул принципке ылайык милиция укукту коргоодон тышкары жарандар тарабынан этика, жүрүм-турум маданиятын ошондой эле санитардык жана экологиялык маданиятына, коомдук мүлккө аяр жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна байкоо жүргүзүп элди тарбиялоого эң активдүү катышат.
5-функция. Элдин ыйман этикасын козгоп беймаза кылган демократияны нормалдаштыруу, себеби элге эркиндикти жана демократияны берүүдөн алдын муунду тарбиялоо керек эле.
6-функция. Адам тиричилигинин бардык тармактарында калкты ыймандуу тейлөөнүн кодексин коомдун аң-сезимине киргизүү:
– коомдук тамактануу тармагындагы тейлөө. Ашканаларга, кафелерге, ресторандарга жана ар кандай тамактануу пункттарына келгендерге тамакты даярдоо, идиш-аякты таза жууп берүү жана гигиеналык таза тамакты берүүнүн санитардык жана гигиеналык эрежелерин ыймандуу сактоо. Ушул эрежелерди сактоо боюнча санитария кызматтарынын өзгөчө катуу көзөмөлү ишке ашырылат;
– нан даярдоонун жана азык-түлүктөрдү даярдоо жайларында түркүн тамактануучу азыктарды даярдоонун санитардык жана гигиеналык эрежелерин ыймандуу сактоо. Ушул эрежелерди сактоо боюнча санитария кызматтарынын өзгөчө катуу көзөмөлү ишке ашырылат;
– чач-тарачтарда оорулар менен жугузуп албоо эрежелерин ыймандуу сактоо (аспаптарды хлораминге жетиштүү убакытка чейин салып дезинфекциялоо);
– врач-стоматологдордун оорулар менен жугузуп албоо эрежелерин ыймандуу сактоосу (аспаптарды хлораминге жетиштүү убакытка чейин салып дезинфекциялоо).
Адеп-ахлак, ыйман, көз карашты алып жүрүүчү адам болуп саналат. Адамдын, коомдун жана бийликтин моралдык-нравалык сапаттары, көз караштары, баалуулуктары жана идеалдары кандай болсо, адам, коом жана бийлик ошондой турмуш жаратат. Адам гана, коом жана бийлик гана аракет кылып, тагдырдуу чечимдерди кабыл алып жатып, өзүнүн моралдуулугун, нравалуулугун, көз карашын жетекчиликке алат же башка бирөөнүн моралдуулугунун, нравалуулугунун, көз карашынын таасирине дуушар болуп тагдырдуу чечимдерди кабыл алат. Бир сөз менен айтканда адам өзү ошол адам катары же коом катары же бийлик катары – прогрессивдүү жыргал же жаман регрессивдүү турмуштун субстанциясы. Адам – дүйнөнү цивилизациялайт же талкалайт. А бизге болсо, көп улуттуу Кыргызстан өлкөсүнүн жашоочулары үчүн трансулуттук, башкача айтканда улуттар аралык, бардык улуттар менен бирдикте, руханий жана материалдык гүлдөп-өнүгүүгө багытталган цивилизация керек жана мындай жетишкендиктер бүткүл адамзатка таркатылып акырында жердиктердин рухун, моралдык-нравалык касиетин жана планетардык аң-сезимди чагылдырган бирдик "Планетардык аура" трансформацияланат.
Келгиле ошентип жаратман адамдан баштап ага педагогикалык аң-сезим берели. Ар бир наристе аны курчаган ар бир адамдан белек катары педагогикалык аң-сезим алып турсун. Ошентип өлкөнүн наристелер жана чоң кишилерден турган аң-сезимдүү калкынын жана педагогикалык аң-сезимди алып жүрүүчүлөрдүн ортосунда барабар белгиси жатып калышы керек. Коомдун педагогикалык аң-сезими эволюциялык өнүгүүгө жетишип, али дүйнөгө аң-сезимдүүлүк орной элек аң-сезимдүүлүккө алып жөнөсүн.
Биздин түшүнүгүбүздө аң-сезимдүүлүк – адамдардын жүрүш-турушундагы жакшынын артыкча жогору болушу, согуштардын түп тамырынан бери жок болушу, курчаган чөйрө менен өз ара аракеттенүү катары экологиялык гармония. Башкача айтканда адам жандыгынын кынтыксыз комплекстүү өнүгүүсү.
Ошентип педагогикалык аң-сезим – адам жандыгынын аң-сезимдүүлүгүнө алып барчу жолкөрсөтмө жылдыз болуп калмакчы. Педагогикалык аң-сезимдин акыркы максаты – адамдын нукура аң-сезимдүүлүгү.
Педагогикалык аң-сезимдин атрибуттары төмөнкүлөр болушу керек:
1. Коомдун ар бир мүчөсү моралдык-нравалык өзүн өзү көзөмөлдөө, өзүнө өзү баа берүү жана өзүн өзү сындоо касиетине ээ болот.
2. Коомдун ар бир мүчөсү ымыркайынан баштап өзүнүн аракети же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик сезимге ээ болот.
3. Коомдун ар мүчөсү ымыркайынан баштап жакшы жамандын чегин билүүгө умтулат жана билип жүрүүгө милдеттүү;
4. Коомдун ар бир мүчөсү моралдуулуктун жана ыймандуулуктун, чынчылдыктын жана гуманизмдин принциптерин көздүн карегиндей сактайт;
5. Коомдун ар бир мүчөсү өзүнүн жолдошунун жорук-жосунуна кош көңүл боло албайт.
Ушул 5 пунктка комментарий:
Бирок өзүнүн жолдошунун, айрыкча жакын досунун же андан да жаманы өз атасы же өз апасынын туура эмес жорук-жосунуна кош көңүл болбосун деген шартта, мындайча айтканда, "машиналдык акыл" коркунучу жаралып, кош көңүл болбоо эрежесин өзүнчө максат катары карап өзүнүн апасын же атасын "сатып", өз атасына же апасына донос (Сталиндин учурундагы донос, НКВДга жалган маалымат жеткирүү сыяктуу) кылуудан да кайра тартпай коюу коркунучу жаралат. Бул туурасында артыкча идеологияланып салынган совет адамынын образынын ачуу тажрыйбасы эсибизге салууда. Совет адамы идеалдуу алганда мээрман, гумандуу, чынчыл болгон бирок артыкча идеологияланып, жүрүш-турушу артыкча жөнгө салынганына байланыштуу жазылган жүрүм-турум эрежелерин, реалдуу кырдаалды чанып, машиналдуу сактоо менен кооптуу болгон. Мисалы тамга жегич педантист, мыйзамдын тамгаларын чайнап жатып адамдын реалдуу оор абалын көңүлгө албаган сыяктуу. Мисалы мыйзамдар, адам тигил же бул кырдаалга туш болуп калаарын дайыма эле "пайгамбарча биле албай калат" эмеспи. Ошондо мыйзамда адамдын абалын жөнгө сала турган атайын пункт жок болуп калышы мүмкүн. Мына ошондо педантист киши адамдын, мыйзамда каралбай калган адамдын абалын көзгө илбей сокур түрдө мыйзамдын тамгасын жеп жатып адамды чайнап салышы мүмкүн.
Бул жерде ушундай парадоксалдык кырдаалдарда кантүү керектиги жөнүндө моралдык рецепт берүүгө аракет кылып көрөбүз:
Атасы же апасы, укук бузган өзүнүн баласына каршы сот адилеттиги үчүн чыга алат. Мамлекет башчысы болгон атасы, укук бузган өзүнүн баласын сотко бере алат. Бул өңдүү окуяларга тарых көп жолу күбө болуп келген жана мындай көрүнүш негизи моралдык-этикалык жактан акталат. Бирок бала, укук бузган өз апасын же өз атасын сотко берүүгө моралдык-этикалык укугу жоктур. Жакын адамың болсо да кылмышкерди жаап-жашыруу туура эмес экендиги сыяктуу эле укук бузган өз атасы же апасына каршы чыгууга болор, эгер баласы бул нерсени нравалык-этикалык жактан туура эле кылып жатам деп эсептесе жана ошого чечкиндүүлүгү бар болсо.
Мындай парадоксалдуу учурларда сотто иштеген адам мыйзамдын тамгалары менен зомби болуудан сак болуп моралдык-этикалык жагынан лоялдуу жолун тандап ала алат бирок кылмышкер болгон жакын адамын жаап-жашырууга жол берилбейт. Эгер сот болуп иштеген адамдын туугандык сезими укук бузган өз атасын же өз апасын соттоого жол бербесе, ал киши соттоодон баш тартып бул ишти өзүнүн кесиптешине же башка сотко өткөрүп берүүгө моралдык да юридикалык да укук берилиши керек. Эки классикалык мисал коюп бергенге аракет кылалы:
1) Гезиттин башкы редактору укук бузган жакын адамына каршы макала жазуудан баш тартууга укугу бар бирок бул нерсени аткарууга өзүнүн журналист кызматкерине тыюу сала албайт жана мындай макала жазылып калса, эр жүрөктүүлүк менен өзүнүн жакын адамынын укук бузган фактысын моюнга алып, адилеттик идеалы менен жарашып башкы редактор катары макаланы гезитке чыгарууга кол коюп бериши керек.
2) Башкы сот укук бузган жакын адамын соттоодон баш тартууга юридикалык жана моралдык укугу бар бирок кылмышкерди жаап-жашырууга укугу жок болгон сыңары сотту иш жүзүнө ашырууга башка сотко жолтоо боло албайт. Жана ал адилеттик жана мыйзамды аткаруу үчүн соттун чечимине кол коюушу керек. Эгерде башкы сот, минтүүгө туугандык же достук сезиминен улам бара албаса, анда ал сот баштала элегинде өз убагында сот процессинен чыгып кете алат жана бул миссияны башка кишиге өткөрүп бере алат.
Кандай гана болбосун адам, чечим кабыл алып жатып, өзүнүн аң-сезиминин жана жүрөгүнүн үнү багыттаган жагына бурула алат.
5 пунктка болгон комментарий аяктады.
Педагогикалык аң-сезимдин адамдары трансулуттук цивилизациянын төмөнкү натыйжаларын берүүсү керек:
1. өкмөт башчыларынын чынчыл жана акылман иштөөсү жана калктын эмгекчилдиги Кыргызстандын экономикасынын өнүккөн жана стабилдүү ана башы болуп, ошондой эле элдин социалдык жана материалдык жетишкендигинин өбөлгөсү болор эле.
2. Руханий аң-сезимдин материалдык аң-сезимге үстөмдүк кылуусу – эсепчил рыноктук психологияга бөгөт болуп жана пайданы көздөбөгөн нукура жакшылык, нукура жардам – туура жана нормалдуу көрүнүш болуп эсептелип альтруизминен (башка бирөөгө кам көрүү жөндөмү) кур жалак калган адамдар тарабынан сынга алынбайт.
3. Альтруизмдин келишин жана адамдардын мамилесин абсолютизациялоо. Бул болсо, биздин өлкө капиталисттикпи же социалисттикпи жол тандап алганына карабай ар бир адамга татыктуу жашоого мүмкүнчүлүк берет. Маселен, капитализм өз маңызында эсепчилсиз мамиленин (альтруизмдин) душманы болуп адамдарды байларга жана кедейлерге, аристократтарга жана жөнөкөйлөргө бөлүп мындай катмарлар ортосунда мамилелердин барьерин жаратары жашырын эмес.
4. Адамдардын маданий-этикалык деңгээлин идентификациялоо – кай бир ак сөөк адамдын жөнөкөй адам менен бир тамактануу дасторконуна отурууда жийиркенүүнү жоёт. Кыргызстандын педагогикасына чоң иш-чара жүктөлүп, ар бир инсан, алыскы айылдан келеби, жогорку интеллектуалдык жана маданий потенциалга жетишип, жыйынтыгында кекирейген ак сөөк адам аны менен байланышуудан жийиркенбеши керек. Бир чөгүп жаткан кемеде, бир окуу группасында, бир согуштук взводдо, бир иш жамаатында жана турмуштун көпчүлүк шарттарында аристократ жана жупуну, бай жана кедей, интеллигент жана дыйкан камалып калып алардын тагдыры чырмалышып калаарын бизге турмуш таасын көргөзүп жатат. Табият деле адамдын социалдык ордуна карабай адилеттүү талант берип жатканы, биз адамдар, Акыйкат алдында баарыбыз бир экендигибиз жөнүндө кабар берет.
5. Экологиялык ыйман. Экологиялык ыйманы бар адам урнага жетпей жатып тамекини, кагаз-магаздарды туш келди жерге таштай албайт.
6. Жаратылышка рационалдуу мамиле кылуу жана Сонун экологияны сактоо. «Экология» деген сөз адамдын жаратылыш чөйрөсү менен болгон мамилесин билдирээри маалым. Аң-сезимдүү тарбияланган адам гана жаратылышка рационалдуу мамиле кыла алат.
7. Рыноктук психологияга көнүп калган адамдын сөздөрүнүн ордун алмаштыруу: сен өзүңдү гана коркунучка дуушар кылбай, мүлктү да коркунучка дуушар кылып жатасың – бул, мүлктүн сакталышын адам коопсуздугунан жогору койгон рыноктук аң-сезимге сиңип бүткөн адамдын образы. Сен мүлктү жоготуу коркунучуна гана дуушар болбой, өзүңдүн өмүрүңө да коркунуч келтирип жатасың – бул, адамдардын акылына рынок идеалдары каптап кирип келгенде нукура адамдык сапатын жоготпой сактап калган гуманист адамдын образы.
8. Адамдан баштап маданият мекемелерине жана калкты тейлөөнүн бардык объекттерине чейин маданияттуулук жана пунктуалдуулук; маданият мекемелеринде маданий иш-чаралардын иш жүзүндө башталышынын жана башталуу убактысынын жарыясынын ажырым болушуна кескин түрдө тыюу салуу; Кыргызстан эли өзүнүн менталитетинин жагымсыз токтоп калуусуна укугу жок – дүйнөлүк коомчулуктун алдында ар-намысын жана аброюн сактап менталитетин өнүктүрүүгө милдеттүү. Бул ушул гана негативдүү көрүнүшкө тийиштүү болуп калбастан, тигил же бул элди жаныбардын аты менен атаганга да тиешеси бар... ...аны үчүн менталитетти өстүрүү керек...
9. Коомдук мүлктүн бүтүндүүлүгүнө жана сакталышына камкордук жана коомдук мүлктүн бузулганы үчүн кандуу жоопкерчилик.
Ушул 9-пунктту иш жүзүнө ашырууга рекомендация:
Милициянын кыраакылыгын кеңейтүү принциби:
"Милициянын кыраакылыгын кеңейтүү принцибин" кабыл алуу. Бул принципке ылайык образдуу айтканда милиционер кылмышкерлерди кармап гана калбастан, элди маданияттуулукка тарбиялоого активдүү катышат. Коомдук мүлктү (телефон-автоматтар, отургучтар, бүт баарын) бузган жарандарды аңдып кармап, эл алдында ашкерелеп жарандарды тарбиялоого салым кошуу милдетин мыйзам түрүндө күч структураларынын милдети катары жүктөө. Коомдук отургучтардын капталдарына отуруп булгалоого кескин түрдө тыюу салуу. Милициялык кадрлардын жетишкен же жетишпеген шарттарына карабай "Милициянын кыраакылыгын кеңейтүү принцибин" колдонуп мүлктү ири мүлк же майда мүлк экен деп бөлбөй, борбордо же чет-жакада жайгашканына карабай, ошол коомдук мүлккө колун салгандарды кармап (кайтаруу эмес, аңдуу, кармоо) сөзсүз түрдө жашыруун дежурлук (штаттык формада) же такай рейд жүргүзүп туруу. Ошентип шаардын чет-жакасында деле, алыскы айылдарда деле коомдук мүлккө, мисалы телефон-автоматка жашыруун аңдуу жүргүзүлүп ага кол салгандарды кармап, элдин алдына алып чыгып ашкерелеп таалим-тарбия иштери жүргүзүлөт.
10. Мүрзөлөрдөгү вандализм жоюлсун, анткени андай жайларда да ар кандай кылмыш иштери жасалат ошон үчүн мамлекет милициянын кыраакылыгын кеңейтү принцибинин алкагында мүрзөлөргө коюлган гүлдөрдү, тосмолорду жана башка нерселердин уурдалышына бөгөт коюп мүрзөлөрдө ыйык тартиптин камсыз болушуна кам көрөт.
11. Коомдук жайларда, дубалдарда уят сөздөрдү жазууга кескин тыюу салуу жана эл алдына алып чыгып таалим-тарбия берип керек учурда жазалоо; мында да милициянын кыраакылыгын кеңейтүү принциби колдонулат.
12. Бирөөнүн жоголгон мүлкүн таап алууда аны ээсине алып барып берип сүйүнчүсүн төлөтүп алууга жол берилбейт. Анткени адам таап алган буюмду өзүнө менчик кылып алууга моралдык да юридикалык да укугу жок анын үстүнө маданиятсыз түрдө анысы үчүн сүйүнчү талап кылуу одоно көрүнүш. Чектен чыккан тартип (исключение) – акча сыңары башка буюм болсо жашырын түрдө өзүнө ыйгарып алышы мүмкүн, анткени канткен менен адам баласы идеалдуу жетишкен эмес пенде эмеспи. Бирок ушул сыяктуу кырдаалда да адамга чынчыл жана татыктуу жүрүм-турум, башкача айтканда табылган акчаны деле жаап-жашырбай кайтарып берүү сунушталат.
Эволюциялык аң-сезимдин жолуна чыккан педагогикалык аң-сезимдин адамы мерезденбей бирөөнүн жоголуп табылган буюмун кайтарып берет. Буюмун таап бергени үчүн сүйүнчү талап кылганы өзүнүн адамдык нарк-насилин кемсинткени болуп саналат. Педагогикалык аң-сезимдеги жарандарды тарбиялоо максатында, жоголгон буюмун таап келген адамга кубанып кетип чын көңүлдөн чыгарып сүйүнчү берүү туура көрүлбөсө жана адамды тарбиялоо максатында адамдарды жаман үйрөтпөй педагогикалык аң-сезимге багытташыбыз керек...
13. Айлана-чөйрөңдөгү калктын алдындагы коммуналдык-этикалык жоопкерчилик. (Бул жерде биз "коммуналдык ыйман" деген сөз курамын ойлоп табуудан баш тарта туралы). Этика деген түшүнүк жүрүш-туруш нормалары деп гана түшүндүрүлбөстөн, жеке кызыкчылыктарыңды ак ниеттүүлүк менен коомдук кызыкчылыктар менен айкалыштыруу деп да түшүндүрүлөт. Башкача айтканда адам жамааттын же коомдун кызыкчылыктары менен эсептешпей ошону менен бирге айланадагыларга ыңгайсыздык салып өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашырса бул да этикалык нормаларды бузуу болуп саналат. Айланадагылардын алдында коммуналдык-этикалык жоопкерчилик дегенде – өзүнчө бир үй бүлө өз үйүндө кранды оңдоп алуу үчүн коомдук суу түтүкчөлөрүн камырабай жаап койгондугу, өз үйүндө электрин оңдоп алуу үчүн электрдик подстанцияга барып бүт коомдун электрин тартынбастан өчүрүп алгандыгы же өзүнчө бир үй бүлө кошуналарды уктатпай түндөсү пилораманы иштетип чуулдагандыгы тууралуу кеп болуп жатат. Турмуштун мындай кырдаалында айрым бир үй-бүлөлөр айланасындагы калкка карата одоно урматсыз мамиле кылышы мүмкүн. Тартипти көргөн адамдар гана калкка келтирген ыңгайсыздыктын коэффициентин мүмкүн болушунча минимумга жеткирүүгө умтулуп мындай иштерин рационалдуу чечишет. Анткени кандайдыр бир үй-бүлө элди эскертпей туруп (эскертүү сөзсүз эле зарыл шарт эмес, эң негизгиси бул процесстин созулуп кетпешине жоопкерчиликти сезе билүү) күтүүсүздөн подстанциядан баарынын жарыгын өчүрүп кенелбей, эч шашылбай өзүнүн үйүндө электрин оңдоого киришкени одоно адепсиздик. Ал эми коомдук суу түтүкчөсүн өчүрүп койгондочу. Мындай учурларда айланадагы калк турмуш-тиричилик ал түгүл психологиялык ыңгайсыздыкка дуушар болушу талашсыз.
Суу түтүкчөлөрүнө карата мүнөздүү этикалык катачылык булар: кандайдыр бир үй бүлө үйүндө кран орнотуп жатканда сактай турган вентиль орнотпостон суу магистралына түздөн түз туташып алганы. Анан кокусунан үйүндө краны бузулуп суу ага баштаса үйдүн кожоюну үйүнө кран орнотуп жаткан кезинде сактагыч вентиль орнотпогону үчүн ошол заматта коомдук түтүктү тим эле бууп өчүрүп калууга мажбур болот. Дагы бир этикалык катачылык, адамдардын акылында "акыркы момент" деген түшүнүктүн жок болгондугу. Башкача айтканда кимдир бирөө өзүнүн үйүндө электрдик же суу иши менен алек боло баштаганда адегенде коомду суудан же электрден ажыратып, кур жалак калтырып анан гана шашпай иштей башташат. Эң туурасы алгач үйүндө бардык нерселерин мүмкүн болушунча жакындатып даярдап келип, анан гана акыркы моментте коомдук суу магистралында же подстанцияда сууну токтотуп же жарыкты өчүрүп турса акылга сыярлык болоор эле.
Ошентип айланадагы калк, өзүнчө бир үй-бүлө суудан жана электрден убактынча ажыратуусуна жол берет, бирок бул иштерди рационалдуу эмес жана коммуналдык-этикалык жактан жоопкерчиликсиз жасоого жол бербейт деген жыйынтык чыгаралы.
Педагогикалык аң-сезим идеясын турмушка ашыруу максатында Кыргызстан расмий түрдө "Педагогикалык аң-сезим Өлкөсү" деп жарыяланып өлкөнүн педагогикасы мамлекет тарабынан приоритеттү багыттардын катарына алынып чыгып билимдүү жана тартиптүү жарандардын коомун түзүү, адамдардын маданий-этикалык деңгээлин идентификациялоо максатында мамлекет педагогиканы үй-бүлөдөн, балдар бакчасынан баштап жогорку билим берүү системасына чейин сиңдирип кийирүүгө кам көрөт. Кесиптик-техникалык окуу жайларынын, атайын орто окуу жайларынын, жогорку окуу жайларынын окутуучулары предметтерди "машиналдуу" түрдө окутуп гана чектелип калбастан, өсүп келаткан муунду лектордук ыкма жана жеке үлгүсү менен тарбиялоо милдети окутуучуларга жүктөлөт да эгерде окутуучу студенттин моралдык-этикалык жана этикалык принциптерге туура келбеген жүрүм-турумун байкаса, ага кош көңүл кароосуна жол берилбейт. Кесиптик-техникалык окуу жайларынын, атайын орто окуу жайларынын, жождордун окутуучуларынын кесиптик ишмердигине, студенттерди тарбиялоо функциясынын кошулганы – гүлдөгөн өлкөнү куруу үчүн мындай саясаттын иш жүзүнө ашырылышынын стратегиялык зарылдыгын баса белгилөө катары жана педагогикалык эмгекке материалдык түрткү катары кесиптик-техникалык окуу жайларынын, атайын орто окуу жайларынын, жождордун окутуучуларынын эмгек акысы принципиалдуу түрдө көтөрүлөт.
Бул идеяны толук кандуу жүзөгө ашыруу үчүн адамдардын акылынан: адамды бала кезинде тарбиялашат, ал эми ал чоңойгондо адам өз жүрүм-туруму үчүн өзү гана жооптуу, ошон үчүн аны тарбиялап кайра өзгөртүү такыр мүмкүн эмес өңдүү чыйыр түшүнүк өчүрүлүшү керек. Мындай стереотип түшүнүктөн баш тартып, жетилген адамга деле моралдык-этикалык таасир тийгизсе болот, мисалы жок дегенде чоң кишинин да уяты болору жана анын намысына таасир тийгизсе болорун эске алып оптимисттик ишенимге келишибиз керек.
Жаштар жөнүндө
(Студент-практикант У.Дүйшөналыга берилген индивидуалдуу тапшырмадан (макала жазуу тапшырмасы))
Жаштардын психологиялык портрети.
Бүгүнкү жаштар идеологиялык вакуумга дуушар болуп турган кез. Ошон үчүн алар өздөрү билгендей туура эмес моралдык-этикалык ориентир алып жатат. Жыйынтыгында жаштардын аң-сезими, образдуу айтканда, адеп-ахлакка жооп бербеген алдым-жуттум инстинктине сугарылып жатат. Ошондой эле жаштардын аң-сезимин эгоцентристтик өзүмчүлдүк, эсепчил рыноктук өз ара мамилелер колго алып калды. Анан өткөөл мезгилдерде элибизге мүнөздүү болгон альтруизм деген эң баалуу сапатты биздин коом жоготуп жатат.
Коомдук жайларда.
Жаштар коомдук жайларда өздөрүн абдан корс алып жүрүшөт. Алардын этикалык кейпи көз алдыбызда чирип жатат: жаш адамдардын лексикасы уят сөздөргө жык толгон, коомдук объекттерди бузуп-талкалап жатып буттары менен отургучтарды тебелеп-тепсешет, транспортто болсо кашайып карыларга жана айымдарга орун бошотушпайт.
Адатынча мындай көйгөйлөр тууралуу кеп козгосоң, сөздү мындай чыйыр сөздөр менен жыйынтыкташат: ар бир адам өзүнөн башташы керек. Бирок бир нерсени башташ үчүн жаштарда аң-сезимдүү түрткү боло бербей жатканы талашсыз. Ошон үчүн жаштар өздөрүнүн моралдык-этикалык абалы тууралуу ойлонушу үчүн мамлекет аларды акырын түртүп коюшу керек. Башкача айтканда мамлекет жаштарды тарбиялоого милдеттүү, элди да.
Саясатта.
Саясий аренада жаштарды нукура активисттерге жана арам ойлуу саясатчылардын сатып алууларынын курмандыгы болушкандарга бөлүштүрсө болот. Жаштардын активдүү бөлүгү адатта саясий жактан сабаттуу.
Азыркы мезгилде көптөгөн жаштар уюмдары жана кыймылдары бар. Кээ бир жаштардын уюмдары өздөрүнүн миссияларын иш жүзүнө ашырууда өздөрүн эффективдүү көрсөтө алышты.
Эгерде жаштарды социалдык сфера жагынан карап көрсөк, алардын көп бөлүгү жумушсуздуктун курмандыгы болушуп маргиналдардын саны өсүп кетти. Ал эми мындай жагдай өз кезегинде криминалды пайда кылууда.
Билим берүүдө.
Биздин коомго жана мамлекетке коркунучтуу болгон псевдокадрлардын (жасалма жалган кадрлар) армиясын даярдап жатканыбызды зор өкүт менен моюнга алышыбыз керек. Буга ким күнөөлүү дегенде, чет өлкөлүк конокторго көз көрүнөө даяр дипломдук иштерди, рефераттар жана башкаларды ачыктан-ачык эле сатып жатканыбызга мамлекеттин таптакыр кош көңүл мамилеси. Окуу жайларында, айрыкча сырттан окуу системасында аң-сезимсиз студенттердин басымдуу көпчүлүгү диплом алганга татыксыз. Анткени алардын дипломдору, бешенеден тер агызып алган билим катары баш-мээде жарык из кала тургандай болбой жөн гана чөнтөккө түшүп жатат.
Алар менен академиялык чынчылдык тууралуу жана өлкөгө чынчыл, сабаттуу жана кесипкөй кадрлардын керектиги тууралуу сүйлөшсөң, алардын трагедиялык жообу мындай болуп турат: не пайда чыкмак эле, мен болбосом да баары бир башкасы бардык нерсеге бузукулук кылат. Өздөрүнүн жеке позициялары жана көз карашы, патриоттук сезими жок бир беткей ой жүгүрткөн мындай студенттерди студенттик отургучтардан аёосуз шыпырып таштоо керек.
Жыйынтык:
Жаштардын мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу керек.
Достарыңызбен бөлісу: |