Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык


ШААР КЫШТАГЫ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА



бет14/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15

ШААР КЫШТАГЫ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА
Социализм идеясы шаар менен кыштактын айырмасын максималдуу азайтуу максатын көздөгөн. Өлкөдө ички жана сырткы миграция болуп жаткан бүгүнкү шартта, Кыргызстандын чек араларынын алдындагы аймактардан өлкөнүн тереңине жана өлкөнүн сырт жактарына калктын массалык агымын эске алсак, жогоруда айтылган социализмдин идеясы азыркы кезде кайрадан актуалдуу болуп жаткан кез. Бул проблемалардын социалдык-экономикалык себептери анык экендиги талашсыз. Бирок бул жерде айылдарды, биринчи кезекте чек аранын алдындагы райондорду өнүктүрүү тууралуу сөз кылабыз жана мындай өнүктүрүү өлкөнүн терең жагына жана сырт жактарына миграцияны кыскартаар эле.

Өлкөнүн айылдарын жана чек ара алдындагы райондорун өнүктүрүү төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүшү керек:

1. Маалыматтык камсыздандыруу.

Басма чыгарылыштарынын, тактап айтканда гезиттер жана журналдардын бардык алыскы райондорго, анын ичинде республиканын чек ара алдындагы райондоруна үзгүлтүксүз сөзсүз жана өз убагында жеткирилип турушуна мамлекеттик деңгээлде бардык чаралар көрүлүшү керек. Ошондой эле бардык алыскы райондорду, анын ичинде республиканын чек ара алдындагы райондорун Интернет менен камсыз кылып туруу ишине мамлекеттик деңгээлде бардык чаралар көрүлүшү керек. Ошондой эле бардык алыскы райондорго чейин, анын ичинде республиканын чек ара алдындагы райондоруна чейин мамлекеттик телеканалдын жана мамлекеттик радионун теле жана радиосигналдарынын сапаттуу жетип турушу, аны менен катар борбордо гана белгилүү болгон айрым жеке телеканалдардын сигналдарынын жетип турушуна мамлекеттик деңгээлде бардык чаралар көрүлүшү керек.

Жогоруда аталган талаптардын жүзөгө ашырылышынын субъекти болуп маданият жана маалымат министрлиги деген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, тактап айтканда анын тийиштүү министри болуп саналат. Бул проблемаларды чечпеген министр компетенттүү эмес, жоопкерчилиги жок, башка кесипкөйлөрдүн ордун ээлеп алган, өз элине кызмат кылбаган жана өз элинин жана мамлекетинин чыккынчысы деп табылат. Мындай бопбоз министр бизге, аны үчүн бардык проблемалар чечилип калганда жана аны үчүн гүлдөгөн Кыргызстанды даярдап койгондо гана керек болушу мүмкүн. Ага чейин мындай министрлердин зыяндан башка пайдасы жок.

2. Өлкөнүн тереңинде да, бардык айылдарда да, анын ичинде чек ара алдындагы бардык калк отурукташкан жайларда да билим берүүнүн синхрондуу өнүгүшү. Мугалимдердин, билим берүүнүн жана педагогиканын проблемалары Педагогикалык аң-сезим концепциясында жана «Жаңы коомдук-экономикалык формация: социалдык гуманизмдин экономикалык модели» деген бөлүмдө каралган да бул маселелер өлкөнүн тереңинде да, алыскы райондордо да, анын катарында чек ара алдындагы калк отурукташкан жерлерде да бирдей чечилиши керек.

3. Медик кесибинин кадыр-баркын көтөрүү, эмгек акысын көтөрүү, көңүл бурулган социалдык коргоо. Бул болсо жергиликтүү медиктердин өз жумуштарында калып бардык айылдарда, ошондой эле чек ара алдындагы бардык калк отурукташкан жерлерде жашай берүүсүн шарттайт.

4. Бардык айылдарды, анын катарында чек ара алдындагы калк отурукташкан бардык жерлерди товарлар менен синхрондуу камсыз кылуу. Башкача айтканда тигил же бул товардын түрүнүн, тигил же бул медикаменттин түрүнүн, кийим-кеченин тигил же бул түрүнүн, азык-түлүктөрдүн, техникалык жана турмуш-тиричилик товарларынын айылдарда жана чек аранын алдындагы калк отурукташкан жерлерде дефицит болушуна, ошол дефициттин айынан адамдардын өлкөнүн тереңине барууга мажбур болуусуна жол бербөө. Ушундай проблемаларга дайыма дуушар болуп турбоо үчүн өлкөнүн тереңирээк жерлерине көчүп кетүүгө аргасыз болуу негативдүү көрүнүш.

Бул проблемалар тийиштүү мамлекеттик органдарга жана алардын тийиштүү бөлүмдөрүнө конкреттүү милдеттерди жана функцияларды жүктөө менен чечилет.

5. Бардык айылдарда, ошондой эле чек ара алдындагы бардык калк отурукташкан жерлерде адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында заводдорду жана фабрикаларды эми шаарларда эмес, айылдарда жана биринчи кезекте чек ара алдындагы калк отурукташкан жерлерде куруунун максатка ылайыктуулугун ойлонуп көрүш керек. Ошондой эле заводдорду жана фабрикаларды шаарлардан айылдарга, биринчи кезекте чек ара алдындагы калк отурукташкан жерлерге которуу мүмкүнчүлүгүн ойлонуп көрүү керек. Айылдардагы курчап турган чөйрөнүн булганышы боюнча арга жок. Бул эми турмуштун парадокстору. Бирок бул курчап турган чөйрөнүн булганышынын проблемаларын чечпеш керек дегендикке жатпайт. Бул проблемалар дайыма көңүлдүн борборунда болушу керек.

6. Сууну социалдык гуманизмдин объекти катары карап, Социалдык гуманизмдин жана социалдык гуманизмдин түбөлүк режими деген Концепциянын экинчи Задачасына ылайык бардык айылдарды жана чек ара алдындагы бардык айылдарды ичер суусу жана сугат суусу менен камсыз кылуу.

7. Бардык айылдарда, анын катарында чек ара алдындагы калк отурукташкан бардык жерлерде бүт инфраструктураны өнүктүрүү.

8. Жаштар саясатынын бардык айылдарда, ошондой эле чек ара алдындагы бардык калк отурукташкан жерлерге тоталдуу таратылып аракетке келтирилиши.

9. Кыргызстандын бардык айылдарынын, ошондой эле чек ара алдындагы бардык калк отурукташкан жерлеринин бардык маршруттарында транспорттун толук, сапаттуу жана монополдук эмес иштеши.

10. Аскер бөлүктөрүн борбордон, өлкөнүн терең жерлеринен которуу жолу менен аларды алыскы калк отурукташкан жерлерде, биринчи кезекте чек ара алдындагы аймактарда топтоштуруу. Бул болсо кандайдыр бир даражада жергиликтүү жашоочулардын аскер бөлүктөрүндө жумуштарга кирүүсүн, ошондой эле контракттык негиздеги аскер кызматтарына кирүүсүн камсыз кылар эле.

11. Борбордун демографиялык коопсуздугунун түшүнүктөрүнөн улам чуулгандуу адам укуктарына карабастан, эгерде борборго алыскы райондордон келген адамдар борбордо бар болуунун аң-сезимдүү мотивдерине ээ болбосо жана аң-сезимдүү эмгек ишмердигин жүргүзүшпөсө алардын борборго агып келүүсүнө чек коюу керек.

Мамлекеттин чек ара маселеси боюнча. Мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү чек ара алдындагы калк отурукташкан жерлердеги жарандарды кошуна мамлекеттеринин чек арачылары атып салуусунан коопсуздукту камсыз кылууга багытталышы керек.

Мамлекеттик чек араларды бекемдөө, делимитация жана демаркация маселелери территориалдык бүтүндүүлүктү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө кызыкчылыгында тездетилиши керек.



САЯСАТТАШТЫРУУДАН ИШКЕ, БАШКАРУУ ФОРМАСЫ ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ ЭГОЦЕНТРИЗМ КАТАРЫ
Ар бир адам өз иши менен алектениши керек
Политологиянын өңүтүнөн алганда коомдун саятталышы керек болгондой, себеби саятташтыруу же саясий активдүүлүк, элдин кош көңүл болбой саясий чечимдердин тууралыгына көз салышын шарттагансыйт. Бирок коомдун дайыма саятталышып турушу же калктын дайыма саясий активдүүлүгү мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүн кечеңдетет. Анткени мамлекеттин жана коомдун туура өнүгүшү үчүн эл саятташуудан тазаланып ар бир адам чынчыл эмгеги менен, өз иши менен активдүү жана натыйжалуу алектениши керек.

Коомдун чектен тыш саясатталышы адамдардын өздөрүнүн конкреттүү кесиптеринен четтешине алып келип көпчүлүк адамдар депутат, министр же президент болгулары келишет. Элдин саясатталышы бүткүл коомдун кесиптик ишмердигинин гармониясын бузат.

Ошентип, саятташуу керекпи? Керек эмес деген ой келет. Саясатташтыруунун ордуна адамдардын ички дүнүйөсүнө патриоттуулукту салуу керек. Патриоттук сезими зарыл болгон учурда элдин көтөрүлүп турушун камсыз кылат да башка убактарда ар бир адам коомдун жана бүткүл өлкөнүн гүлдөп-өсүшү үчүн өз иши менен алектениши керек.

Эгерде өлкөдө бардык нерседе туруктуу тартип орносо жана эл өлкөнүн ички саясатына ыраазы болсо элдин саясатташусуна эч кандай муктаждык болбойт.



Башкаруу формасы тууралуу
2010-жылдын 19-июлунда «open.kg» деген сайтка Улан Дүйшөналынын берген интервьюсуна көңүл буралы.

«Сөздү депутаттар өздөрүнүн мыйзам долбоорлорун алдыга жылдырып алуу үчүн өздөрүнүн кесиптештеринин, башкача айтканда башка депутаттардын добуштарын сатып алышат деген коомдук пикирге көңүл буруудан баштайлы. Эгерде ушул сөздөр чын болсо, анда биз сатылма парламентке ээ болобуз. Андан сырткары парламентте Крыловдун «Ак куу, чортон жана рак» деген тамсилинин сюжети роль ойношу мүмкүн. Ошондой эле депутаттын жоопкерчилиги жамааттык жоопкерчилигинде чар жайыт болуп жайылып депутаттын жоопкерчилик сезими мокоп калышы мүмкүн.

Эки Президенттин фактыларында башкаруунун президенттик формасы Кыргызстанга ылайыксыз деген чечим системдүү чечим эмес. Сыягы бул өлкөнү парламенттик башкаруу формасына өткөрүүнүн шылтоосу болуп калды. Мурдакы эки президенттердин мисалында чечим чыгаруунун өзү, Кыргызстан элинен эч качан тартиптүү таза президенттер чыкпайт дегенге барабар. Минтип Кыргызстандын адамдарынын кадыр-баркын кемсинтүүгө, башкача айтканда кыргыз элинен эч качан чынчыл президенттер чыкпайт деп кыргыз элин кордогон болбойт да. Тек гана биз таза кандидаттарды өнүгүүнүн эрте стадиясында «өлтүрүп» жатабыз. Эгерде шайлоолор башкача өткөрүлгөндө, Акаев жана Бакиевден айырмаланып башкача таза иштеген башка президенттер болушу мүмкүн эле».

Демократия эгоцентризм катары
Биз, албетте, демократиянын курмандыгы болгон эмеспиз, өзүбүздүн демократиялык укуктарыбыз үчүн күрөшүп жатып абакта отурган эмеспиз. Ошого карабай демократиянын баркын билебиз. Бирок:

Кыргызстандын өсүп келаткан мууну тарбияга муктаж. Буга шайлоо сыяктуу коомдук саясий жашоонун формасы далил. Шайлоо алдындагы кампанияларда калктын жүрүм-турумунун ачуу чындыгы, элдин башын айлантып алдоо, шайлоочулардын сатылмалуулугу, трагедиялуу трайбализм сыяктуу кыргызстандыктардын аң-сезиминин нукура деңгээли ачыкка чыгат. Ошондой эле элди тарбиялоонун зарылдыгы тууралуу булар далил болот: элдин демократияны туура эмес түшүнүүсү, калкыбыз болсо бийликке каршы болуунун жакшыраак ыкмаларын таппай жолдорду тосуп өздөрүнүн эле жарандарына душмандык кылып, каардуулук кылып, зөөкүрдүк кылып алардын эркин жана укуктарын зордоп жолдон өткөрүшпөйт. Кыргызстандын саясий тарыхында, калктын айрым бөлүгү Ысык-Көлдүн жолун тоскон учур болбоду беле. Бул болсо туризмдин кызыкчылыгына, акыры барып экономикасына, Кыргызстан элинин имиджине кедергисин тийгизди.

Ошентип Кыргызстан эли демократия деп морадык жоопкерчилик, иш-аракеттеринин же аракетсиздигинин ыкмасы үчүн өзүнүн мекендештерин сыйлоо, иш-аракеттин же аракетсиздиктин гуманизми жана коомдук этикасы деп түшүнүшү керек.

Эми кайрадан 2010-жылдын 19-июлунда «open.kg» деген сайтка берилген Улан Дүйшөналынын интервьюсуна көңүл буралы.

«Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу моделин түзүүдө, коомдун жана мамлекеттин прогрессивдүү өнүгүүсүнө ачык эле тоскоолдук кылган демократия эң кубаттуу тормоздогон фактор болуп жатат. Айтаар сөз, элге демократия берерден алдын өсүп келаткан муунду тарбиялаш керек эле, бул болсо Кыргызстан суверендүүлүккө жетишкенден бери аткарылбайт жана бул өз кезегинде идеологиялык вакуум жаратууда. Башкача айтканда адамга демократия берүүдөн мурда аны маданиятташтыруу керек. Образдуу айтканда биз жаш балага пистолет берип койдук.

Тилекке каршы көпчүлүк адамдар өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырууда өздөрүнүн иш-аракеттеринин моралдык жана юридикалык жоопкерчилигинин чегин билишпейт. Өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашыруу фактылары көбүнчө ыймандын чегинен чыгып кетүүдө. Натыйжада көбүнесе үйүлгөн топтордун бийлигине ээ болуп жатабыз, ал эми үйүлгөн топтордун укуктук маданияты жана руханий маданияты өзгөчө төмөн.».

Ойду улантабыз. Демек, демократия топтордун эгоисттик кызыкчылыктарын жаратат. Башкача айтканда мамлекеттик жана саясий чечимдер кабыл алынганда демократиянын айынан көбүнчө адамдардын карама-каршы келип тирешкен үйүлгөн топтору пайда болот. Мисалы, мамлекеттик кызматка тигил же бул адам дайындалганда тирешкен үйүлгөн топтор көтөрүлүп чыгат. Кызык, кайсынысынын койгон талаптары адилеттүүрөөк экен? Кайсынысынын талаптары эч кимисине жан тартпаган калысыраак экен, ал эми кайсынысынын талаптары эгоисттик экен? Ишке объективдүү ык жасалган Кыргызстан жарандарынын жалпы кызыкчылыктары кайда? Тартип кайда? Акыры келип уят-сыйыт кайда?

Көп партиялуулук тууралуу.

Көп партиялуулук эмгекчилдерди жутуп жеп аларды саясатчы-бекерпоздорго айландырат. Көп партиялуулук адамдарды бөлүнүп-жарылууга алып келип амбицияларды жана эгонцентризмди жаратат. Көп партиялуулук адамдардын жалпы кызыкчылыгы үчүн биригүүнүн душманы. Көп партиялуулук хаос жана башаламандыкты жаратат.

Кыргызстан, жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербей, ыйман демократиясын абдан катуу көзөмөлгө алып бүтүндөй өлкөнү тикенектүү кол капта кармаган чынчыл, харизматикалык күчтүү лидер болгон күчтүү Президентке муктаж.



Курултай
Белгилүү болгондой, 2010-жылдын 23-24-мартында Кыргызстан элинин Ынтымак курултайы болуп өттү.

Делегаттардын чыгып сүйлөө моменттерине, мазмунуна, кабыл алынган резолюцияга, элдин проблемаларын «түздөн түз» карапайым элдин оозунан «угуп туруп билип алган» Президентке токтолуп көрөлү:

Чыгып сүйлөө тартиби боюнча:

Делегаттарга чөз берүү тартиби туура эмес болуп калды. Кыргызстандын жарандары калктын көйгөйлүү проблемаларын айтыш үчүн атайын алыскы райондордон келип жатышса, убакыт чектелүү болуп турса, сөздү белгилүү жана авторитеттүү инсандарга берүүнүн ордуна ошол алыстан ат арытып жер карытып келген адамдарга берүү абдан зарыл эле. Бул авторитеттүү инсандар Курултайсыз эле чексиз элдин алдында чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ – анткени журналисттер үчүн интервью бере турган объектилер катары адатынча белгилүү адамдар болушат эмеспи. Ал эми белгилүү эмес адамдар чуулгандуу политологдордон жана эксперттерден акылдуу болушса да эл алдына чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошентип трибунаны «басып алышкан» белгилүү адамдар чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө жетишпеген адамдарга карата этиканы бузушуп аларга «душмандарча» мамиле кылып алышты. Белгилүүлөрдүн этиканы бузгандыгы – алар түз мааниде эле айтканда адамдардын убактысын жеп-жутуп жатышты, алардын катарында Президент – эмне үчүн Президент Курултайды өтө узакка дейре ачып жана жаап жатты?

Чыгып сүйлөгөндөрдүн мазмуну боюнча:

Кээ бир акылдуу адамдар комментарий берип жатышты: «Курултайда майда-барат иштерди талкуулабаш керек», көрбөйсүңөрбү, «Курултайда глобалдуу маселелерди көтөрүү керек» дешип. Ошондой эле алар жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин тийиштүү өкүлдөрү отурушкан соң, эмне кереги бар региондордун проблемаларын бул жерде көтөрүп дешти.

Бул жерде жогорудагы акылдуу сын пикирлерге комментарий берип көрөлү:

Майда-барат маселелерди Курултайдан тыш чечүүгө мүмкүн болбогон соң ошол майда-барат маселелер мыйзам ченемдүү түрдө Курултайда гана көтөрүлгөнү анык туура болду. Андан тышкары, региондордун проблемалары бүт элге адилеттүү эле түрдө ачыкталып ашкереленди, анткени Курултайдын аркасынан бүт өлкө, ошондой эле Президент, региондордо бекерпоз чиновниктер отурушканын билип алышты.

Курултайда Президент коомдун проблемарын «билип алышы» тууралуу:

Президент коомдун проблемаларын жарандардын оозунан түздөн түз билип алды деп кайра кайра баса белгиленип бул жакшы нерсе дегендей таризде комментарийлер айтылып жатты. Президентти эркелете манчыркатып бул факторго чоң жана оң маани берген туура эмес да. Анткени жакшы Президент, кабинеттик чиновник деп эсептелбестен, өзү көбүрөөк мобилдүү болуп, элдин проблемаларын өзүнүн проблемарындай билген Президент жакшы Президент.

Кабыл алынган резолюция боюнча:

Кабыл алынган резолюциянын 30 пайызы гана жаңы, калганы эч нерсеге жарабайт. Анткени кабыл алынган резолюциянын 70 пайызы, бийлик органдарындагылардын ак эмгектениши менен, алардын түздөн түз милдети катары эч бир Курултайсыз эле аткарылышы керек эле. Башкача айтканда мамлекеттик органдарда адамдар ак иштешсе, резолюциянын 70 пайызы Курултай болгонго чейин эле ишке ашышы керек эле. Эмне үчүн резолюцияны «Президент баштаган реформа колдоого алынсын», «эмгек мигранттарына көңүл бурулсун», «улантыла берсин», «колдонула берсин» деген сөздөр менен арбын кылып салышты.

Корутунду:

Өткөн Курултайда кетирилген каталар, келерки Курултайларда эске алынышы керек.



ТУРИЗМДИН ТАЛУУ АТРИБУТТАРЫ
Туризмдин эң эле талуу жана символикалык атрибуттары кымыз жана боз үй болуп саналышы керек.

Мында туризмдин сервис, тейлөө, меймандостук жана башка көптөгөн проблемаларына көңүл бурбай туралы, бул нерселер боло турган иш жана дайыма өнүктүрүлө турган нерселер болуп кала берет.

Ошентип, кымыз жана боз үй имидж жаратуучу зарыл ролду ойношот.

Образдуу айтканда кымыз чет элдик конок үчүн легендардуу суусундук, кызыгуусу арткан объект болору ыктымалдуу, себеби чет элдик турист берекелүү кыргыз жергесин көрө электе эле кымыз тууралуу алдын ала уккан чыгар. Анын кызыккан объекти боз үй болору да талашсыз. Чет элдик турист өмүрүндө биринчи жолу кандай сапаттагы кымыздын даамын татып көрсө, анын көңүлүндө кыргыз кымызынын андан аркы таасир изи калыптанат.

Адегенде төмөнкүдөй түшүнүк-терминдерди жараталы:

1. Чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган жерлери (бирок бул турсттик зона деген белгилүү сөз курамы эмес).

2. Чет өлкөлүк коноктор ыктымалдуу жүрө турган автотрассалар.

Бул жерде турист деген түшүнүктөн чет өлкөлүк конок деген түшүнүккө бекеринен салмактуу жай өтүү жасалган жок себеби, биринчиден: чет өлкөлүк конок потенционалдуу турист; экинчиден, эгерде кымыздын жана боз үйдүн имиджи чет өлкөлүк коноктун көңүлүндө жарала турган, эсте кала турган жагымсыз таасиринен (жагымсыз впечатлениесинен) корголсо, анда кымыз жана боз үй чет өлкөлүк туристтин да жагымсыз таасиринен (жагымсыз впечатлениесинен) корголот.

Ошентип кымыздын жана боз үйдүн имиджин коргоо чеги кеңейтилиши керек.

Демек, чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган жерлери аэровокзалдар, темир жол вокзалдары, автобекеттер, мейманканалар, эс алуу зоналары, коруктар, пансионаттар жана мындай нерселердин чеги максималдуу кенен боло турган көптөгөн башка нерселер.

Чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган автотрассалары Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Ош, Кытайдын чекрасынан Нарынга чейинки автожолу жана мындай нерселердин чеги максималдуу кенен боло турган көптөгөн башка жолдор.

Жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган жерлеринде жана чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган автотрассаларында туризмдин атрибуттары болгон кымыз мыкты сапатта, ал эми боз үй таза жана тыкан абалда болушу керек.

Ушул өңүттөн алып караганда туризм жөнүндөгү мыйзамдарда чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган бардык жерлеринин жана чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган бардык автотрассаларынын тизмеси иштелип чыгат.

Чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган жерлеринде сунуш кылына турган кымыз мыкты сапатта, ал эми чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган автотрассаларында тигиле турган боз үйлөр таптаза жана тыкан болушу керек. Кымыздын сапаты, боз үйлөрдүн тазалыгы жана тыкандыгы мамлекеттин катуу көзөмөлүнө алынат. Кымызга суу жана башка нерселерди кошуу фактылары кыргыз элинин ар-намысына, беделине жана маданиятына шек келтирүү деп саналып буга күнөөлүүлөр жазык жоопкерчилигине тартылат.

Чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган жерлери жана чет өлкөлүк коноктордун ыктымалдуу жүрө турган автотрассалары, андагы санитардык-гигиеналык жактары, ошондой эле тамак-аштардын гигиенасы мамлекеттин өзгөчө катуу көзөмөлүнө алынат.

АСКЕР РЕФОРМАСЫ
Карала турган маселелердин сектору
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо контекстинен, аскер кызматкерлерин социалдык коргоо жана техниканын акыркы сөзү менен куралдануусу маселелери ансыз да ыктымалдуу болуп күн тартибинде турганы үчүн бул суроолорго токтолбойбуз.

Бул жерде Кыргыз Армиясын өнүктүрүүнүн кээ бир гана идеяларын келтиребиз.



Салыштыруу
2011-жылга карата Борбордук Азияда куралдуу күчтөрдүн өнүгүшү боюнча биринчи орунда Өзбекстандын аскери турат. Экинчи орунда Казакстандын аскери. Кыргызстандын аскери тууралуу айтуудан баш тартып туралы…

Казакстанда, аялдар да кызмат кылып жаткан аба-десанттык аскери сыяктуу аэромобилдик аскерлер түзүлгөн. Кыргызстанда аба-десанттык аскер түзүлбөгөн (Улуттук гвардия?). Баткен окуяларынын учурунда Өзбекстандын Аскер-аба күчтөрү өздөрүнүн истребитель-бомдировщиктеринен, адашып калуу шылтоосу менен Алай районунун аймагына бомбаларын таштап өздөрүнүн аскердик кубаттуулугун сыймыктуу менен демонстрациялап көрсөтүштү. Кыргызстанда Өзбекстандагыдай өнүккөн истребителдик авиация жок. Ошондой эле өзбек аскердик учкучтарындай кыргыз аскердик учкучтары көп эмес. Кыргызстандын аскердик самолётторун жана вертолётторун, ал түгүл аскердик учкучтарын кол менен санап чыкса болот. 20 жыл суверенитет учурунда бир да чиновник Кыргызстандын аскердик авиациясын өнүктүрүү тууралуу башын оорутуп койгон да эмес. Мисалы Кыргызстандын экономикасы Кыргызстандын Аскердик-аба күчтөрүн өнүктүрүүгө объективдүү мүмкүнчүлүк бербейт дейли.


Бирок ошого карабастан жыйырма жыл суверенитет ичинде жыл сайын беш кыргыз балдарынан Россия Федерациясынын жогорку аскердик авиациондук учкучтар окуу жайына жиберилип турса болор эле, курсанттын бир саат учуусу кымбатка турарына байланыштуу бир аскердик учкучту даярдоо кымбат турарына жана ал аскер учкучтары, кыргыз чиновниктери кыргыз аскердик авиациясын өнүктүрүү тууралуу ойлошпогонуна байланыштуу алар керексиз болуп калышарына карабастан.

Ошентип жок дегенде жыйырма жыл ичинде запастагы аскердик учкучтардын жетиштүү санына ээ болот элек. Эгерде учкуч системдүү түрдө учуулар менен машыгып турбаса өзүнүн учкучтук чеберчилигин жоготору башка маселе. Ошого карабастан, Кыргызстандын саясатчылары саясат менен гана алек болушуп аскер авиациясын өнүктүүрүүгө кызыкпай жатышканы үчүн ал аскердик учкучтар керексиз болуп калышса, жыл сайын Россия Федерациясынын жогорку аскердик авиациондук окуу жайларынан атамекендик аскердик учкучтарды алып жатып запастагы аскердик учкучтар катарын сактап турсак болор эле.

Аларды төмөнкү жолдор менен запаста сактап турсак болор эле: эгерде эксплуатациялык ресурстары жетиштүү заманбап самолёттор жана вертолёттор, алардын учуусу үчүн күйүүчү отундар жетишпесе жана алар кесиптик чебердигин дэңгээлде сактап турушу үчүн кез-кези менен учуп туруу мүмкүнчүлүгү жок болсо башка альтернативалык кызмат же жумуш менен камсыз кылып турсак болор эле. Бирок алар өздөрүнүн учкучтук ден соолугун жана учуу өмүрүн (лётное долголетие деген проффессиоаналдык термин бар) сактап калышы үчүн ошого ылайык жагымдуу жумуш менен гана камсыз кылсак болор эле.

Ошентип биздин мамлекетибиз зарыл болгон учурда Мекенибизди коргоп чыгууга даяр болгон аскер учкучтарынын элитасына ээ болор эле.



Жоокердиктин дефицити
Коомдук пикир боюнча кыргыздар жоокер эл болот. Бирок акыркы жыйырма жылдагы окуялар бул анчейин деле андай эместигин көрсөттү. Бул нерселер, өзүнүн элинин жана мамлекетинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн конфликт жүрүп жаткан зонага умтулгандардын саныз аз болгонунан байкалган. Атамекенибиз коркунучка дуушар болгондо өтүп жаткан окуяларга кош көңүл болгондор аз эмес болгон.

Себептери түшүнүктүү: өзүмчүл рыноктук аң-сезим, учурдагы индивидуализм жана эгоцентризм, патриоттук тарбиялоонун жоктугу, коомдун руханий кризиси, эгерде согуштун майыбы болуп калсаң биздин мамлекет сага кам көрүшүнө ишенбөөчүлүк.



Күчтүү жоокер
Кыргыз Республикасынын жоокери жакшы камсыз болуп жакшы тамактанса, жакшы кийинсе, аскер өнөрүнө жакшы үйрөтүлсө күчтүү жоокери болору түшүнүктүү. Мында аскердик дух тууралуу кеп кылабыз. Солдат күчтүү жоокер болсүн үчүн анын согуштук духун (воинский дух) тарбиялаш керек. Буга жетишүү үчүн куралдуу күчтөрүнө чыгыш согушуу өнөрлөрүн кийирсе болот.

Солдаттын күндөлүк режимин өзгөртүп аны күчтүү жоокер кылса болот. Мисалы, Кореяда жоокер эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануудан сырткары эртең менен тургандан кечинде жатканга чейин тынымсыз миллиондогон жолу мушташуунун бир түрүн тынымсыз кайталай берип өзүнүн өнөрүн автоматизмге чейин жеткирет. Адамдын мүмкүнчүлүктөрүнөн алып караганда бул реалдуу нерсе. Мисалы Кекусинкай стилиндеги каратенин ар бир спортсмени кара куруга экзамен тапшырганда 5-6 сааттык жүктөмдү көтөрө алат. Башкача айтканда экзамен тапшыруучу тынымсыз 5-6 саат бою бардык көнүгүүлөрдү жасайт, секирет, каталарды, соккуларды аткарат. 5-6 сааттык эбегейсиз кыйын көнүгүүлөрдөн кийин каратист чарчап-чаалыгып калчудай. Бирок ушул жерде тынымсыз жүрө турган толук контакттуу, башкача айтканда чындап мушташуу башталат. Анын узактыгы бир саат, эки минута сайын эс алып чарчай элек партнер менен мушташуу болот. Башкача атйканда экзамен тапшыруучу каратист чарчап турган болот, ал эми аны менен мушташа турган партнёр: эки минута сайын эс алып турган күчтүү спортсмен чыгып турат. Экзамендин башталышынан акыркы мушташууга чейин 5-6 саат бою бир заматка да тыным берилбейт.

Баса, тынымсыз машыгуу тууралуу. Ишке мындай ык кылуу адамдын навыгын жаратат. Психология илиминен алганда навык деген бул адамдын кандайдыр бир кыймыл-аракетти эч бир кыйналбай, машиналдуу, автоматикалуу түрдө, эч бир тоскоолдукка кенебей аткара алышы. Навык деген согуш талаасындагы жоокерди, алдан тайып баратса да куткара турган психикалык жакшы сапат. Акыры келип навык деген бул экинчи дем алууунун ачылышы.

Солдат эч качан эс албашы керек деген сөз бар аскерде. Башкача айтканда уктоодон жана устав боюнча суткасына бир саат бош убактысы берилгенден тышкары эч эс албашы керек. Жогоруда айтылгандардан улам мындай нерсе сунушталат:

Солдаттын күн тартиби чегине жете жыш болушу керек. Сутканын ар бир минутасы кесипкөйлүктүн өнүгүшүнө жумшалышы керек. Башкача айтканда эгерде аскердик бөлүктө ок-дарылар жетиштүү көп болсо, анда солдат өзүнүн аскердик өнөрүн терең өздөштүрүүгө жана таамай атууга машыгышы үчүн мүмкүн болушунча тез-тез атуу даярдыгын өтүп турушу керек. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк жок болуп ок-дарылар жетишпесе, солдаттын убактысы башка жактарын өстүрүүгө жумшалышы керек. Мисалы учениелердин сейрек графиктери боюнча гана эмес, күндө полигондордо жана тоолордо согуш тактикасына машыгып турушу керек. Ошондой эле эгерде аскердин түрү жана өзгөчөлүгү чыгыш өнөрлөрүн үйрөнүп турууга жол берсе анда Корея армиясындагыдай навыгын өнүктүрүшү үчүн эртеден жатарга чейин тыным албай машыгып турушу керек.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет