5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет52/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Маектешүү адеби 
Адам ичиндегисин бѳлүшпѳсѳ жарылып кетээр беле. Анда адам болуудан 
калмак. Маек - адам касиетинин эң зарыл вазипасы. 
Маектешүү - зор ѳнѳр, чеберчилик. Маектешүү учурунда ким сѳзгѳ конок бере 
билсе, кунт коюп укса, маектешүүнү баалай билип, айрыкча сонун сѳз, куйкум кепти 
орду-орду менен айта алса, ал ошол маектешүүнүн нак падышасы болмокчу. Сизде 
андай адептин кайсылары жок экен, окуп баам салып кѳрүңүзчү! 
Той тамаша, маараке же коомдук жайларда маектешип олтурган адамдар 
арасына кирип калсаң тѳмѳндѳгү эскертилген «Адептүү сүйлѳѳ» жобосуна назар 
ташта: 
1. Олтургандардын жек кѳрүүсүнѳ кабылбаш үчүн дене башың, жана кийимиң 
кирсиз таза болсун. 
2. Оозуңдан сарымсак менен кам пияздын жыты келбесин. 
3. Маектешип олтургандардын үстүнѳ кирсең, салам берип, алар менен 
учурашкын. 
4. Бир гана салам бардыгына жетиштүү болот. 
5. Сенден жашы улуу адамдардан жогору олтурбагын. 
6. Эки адамдын ортосуна уруксатсыз олтурба. 
7. Текеберденип олтуруудан сактангын. 
8. Уруксатсыз жамбаштап, бутун сунуп олтуруу адепсиздик. 
9. Улуу-кичүүлѳрдүн бардыгын урматтап, жашына, мартабасына карап мамиле 
кылгын. 
10. Кабак түйүп күңкүлдѳп сүйлѳбѳгүн. 
11. Мамилең жайдары, кабагың ачык, сѳздѳрүң ширин жана назик болсун. 
12. Кокустан чүчкүрүүнү каалап калсаң, оозу-мурдуңду жүзаарчың менен жаап 
акырын чүчкүргүн. 
13. Олтурган мейманга иш буйрубагын. 
14. Жашың кичүү болсо кызмат кылууга камдангын. 
15. Кызматынды милдет кылбагын. 
16. Маектешүү учурунда эстеп, үргүлѳп олтурууга болбойт. 
17. Бѳтѳндѳргѳ сѳз бербей, ѳзүңдү билерман керсѳтүп кайра-кайра сүйлѳй 
бербе. 
18. Бир адам сүйлѳп турганда анын сѳзүн бѳлүп арага сѳз кошпогун. 
19. Артыкча ѳлчѳмдѳ кѳп сүйлѳп эзмелик кылып олтурбагын. 
20. Сѳзүң кыска, маанилүү болсун. 
21.Эч кимди ушактабагын, ушак сѳздѳргѳ кулак салбагын. 
22. Сѳѳмѳйүң, менен сайып сүйлѳбѳгүн. 


72 
23. Маектешиңдин ызат - урматына тийишпегин. 
24. Алардын дилин оорутпагын. 
25. Адеп сактап, тарбия чегинен чыкпай сүйлѳ. 
26. Ар бир эле ыктуу, ыксыз айтылган сѳздѳргѳ каткырып күлѳ бербе. 
27. Лакап аты менен чакырба. 
28.Жаныңдагы адам менен шыбырашып сүйлѳшпѳгүн, башкалардын кѳңүлүнѳ 
күмѳндѳтүү түшүрѳсүң. 
29. Сүйлѳп жатканда эки жагынды аландап карай бербе. 
30. Ыплас, беймааны сѳздѳрдү сүйлѳѳдѳн сактан. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет