Боз шумкар болуп зымырай
(Таланттуу жазуучу, журналист Кален Сыдыковага)
Аңыздап көрсөк Календи,
Ары курч болот калемдүү.
Кыр кызы сымбат бой баккан,
Кыяда кырчын тал өңдүү.
Кайнаган көлдө шар өңдүү
Канында угут бар өңдүү.
Калемгер сейрек кыздардан,
Калемпир тилдүү, ал өңдүү.
Бойтойгон сулуу кыз туруп,
Болуптур бир кез шыбакчы.
Дил сырын төгөт жүрөктөн,
Дирилдеп кагаз бетине.
Ооба, нур чачар сезимге,
Ойт бербес тике сөзүндө.
Толкуйт чоң ойдун деңизи,
Топчудай оттуу көзүндө.
Дегенде чындык тыбырай,
Эл десе жанып жумурай.
Бороонду жарып учкансыйт,
Боз шумкар болуп зымырай.
Уркаш Мамбеталиев
Республиканын эмгек сиңирген артисти, манасчы
20-март, 2002-жыл
«Азия нуру» газетасы
Кыргыздын кадырлуу кызы
Өткөн тарыхыбызга кайрылып кыргыз журналистикасынын жаралуу жана өнүгүү жолуна саресеп сала отуруп, анын коомдогу ролун, кошкон бараандуу салымын, элибизге кылган опол тоодой кызматын акыл сезимибизде туюп-билип аралашып келебиз. Кыргыз журналистикасынын тарых барактарында калган мындай зор эмгектин артында миңдеген калемгерлердин ак ниет эмгеги, тынымсыз иш аракети тургандыгы айкын нерсе.
80-жылдардан кийин кыргыз журналистика майданына чыйрак ой жүгүрткөн, прогрессивдүү көз караштагы кыз-келиндер келди. Алардын бири -кыргыз кызы, белгилүү публицист, жазуучу, СССР жана Кыргызстан Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү Сыдыкова Кален Султангазиевна. Анын журналистикада публицист катары өзгөчө орду бар. Ал буга чейин кезегинде бир катар кызматтарда ак ниет эмгек өтөдү. Акыркы беш жылда Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында башкы редактор болуп иштеди. Учурда республикадагы эл аралык биринчи гезит «Чар тараптын» башкы редактору. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасына N17 Чаек шайлоо округунан депутаттыкка талапкер.
Кален Султангазиевна Сыдыкова кыргыз журналистикасынын босогосун өзүнүн даярдыгы менен, башкалардан өзгөчөлөнгөн үнү менен аттанган эле. Ал -публицистикалык чыгармаларынан патриоттук сезими, жалындап көрүнүп турган, ой жүгүртүү деңгээли бийик журналист. Маселени туура түшүнүп ар бир деталын терең изилдөө менен, аны сындап гана койбостон, чечилишине чейин өзүнүн бүтүндөй концепциялык ойлорун берген, азыркы кезде калайык-калкка даана таанылып калган публицисттерибиздин бири. Мен анын соңку кездеги арымын өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын суверенитетин алып жаткан мезгилде көп кишилер тартынып, империялык саясаттан коркуп турган кезде Календин чыгынып, тайманбай, кандайдыр бир даражада жанын сайып коюп, Кыргыз мамлекетинин суверенитети үчүн күрөшүү багытындагы жазылган макалалары мен гана эмес, жалпы элдин эсинде деп ойлойм. Ал мейли элдин патриоттук сезимине байланышкан маселени жазабы же чарбалык маселени жазабы, мейли азыркы кездеги кыз-келиндердин проблемасына кайрылабы, айрыкча азыркы саясаттын учугун кууган, анын учугун тапкан, саясаттын адамдары кандай шартта элге жакшылык кыла тургандыгына байланышкан, турмушту жакшыртууга жол издеген көп кырдуу макалаларды жазып, элдин ыраазычылыгына ээ болду. Мисалы, кийинки эле учурда жарык көргөн «Алгалоочу элдин акими көп болобу?» деген макаласында, жер-жерлердеги өзүн-өзү башкаруунун саясаты толук иштелип чыкпагандыктан, иш мыйзамдуу жолго түшпөй жатканын ачып берди. Мурунку тоталитардык заман кетип, жаңы демократиянын заманы келди деп турганда, эл менен бийликтин ортосундагы негизги көпүрө боло турган акимдердин иштериндеги айрым чаржайыт ишти көрө билип, алардын ишин жолго салуу менен бүтүндөй элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселесин курч койгондугу жалпыга маалим. Акимдер иштин жакшы-жаманын көрүп-билип турушат. Акимдик бийликтин ролун, бүгүнкү күндө алардын ишкердүүлүгүнүн ачылбай жатканын калайык калктын көзүнө салып бергени Календин азыркы саясатка нак талдоо жүргүзгөн чоң жоопкерчиликтүү иши болду.
Мен биринчи кезекте Кален Сыдыкованын жалпы даярдыгын өзгөчө баалайм. Ал универсалдуу публицст. Календин чыгармачылыгына кандайдыр бир чоң коомдук ишмердин даярдыгы жаткандыгы сезилип турат. Кален Сыдыкова коомдун кайсы тармагын албасын, анын дартын, көйгөй маселесин көтөрүп, чечиле турган түйүнүн таап, аны бир эле акыл менен жазып салбастан, ага өзү абдан ынанып, аны жүрөгүнөн өткөрүп, өзүнүн жан күйгөн илебин кошуп жазгандыктан, анын макалалары тирүү адамдарга жетимдүү, терең, ойчул жана ишенимдүү. Ушул жагынан алганда Календин өз үнү бар, тырышып изденген патриот журналист катары билебиз. Кален өзү козгогон проблеманы адепки жетиле элек жеринен кармаса, аны калк, түшүнмөйүнчө, маселени белден aшырып жибермейинче жана жалпы чечилишине толук көзү жетмейинче тынбай иштейт. Маселени көтөрүп чыгып, жөн эле жазып койгон бирин-экин макаланын иретинде калтырбастан, чечилишине чейин тырышып иштеген- бул накта чыныгы, коомдук ишмердин мамилеси деп эсептесек болот. Анткени, бул -өзү чоң эмгекти талап кылган байсалдуу иш. Таланттуу журналист Кален Сыдыковага колдоо көрсөтүп элибиз ишеним көрсөтүшсө, ал аны толук актай турганында эч шек жок.
Асан Жакшылыков
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Жаштар сыйлыгынын лауреаты
1995-ж.7-март
«Кыргыз туусу»
Чындык үчүн күрөшкөнгө чындык ыр
(Каленге)
Чындык, чындык, чыркыраган көк түтүн,
Чын баркына жеткен экен ким анын?
Адамдагы адамдык бир өксүгүң,
Акмак үчүн түккө арзыбайт дил-арууң.
Максат-мара ким түшпөгөн жарышка,
Кезең жолдо кечүү айлампа иримдейт,
Тирүүлөргө берилбейт так, калыс баа,
Өлмөйүнчө ким кимдиги билинбейт.
Деген менен түндү жарган ай нуру –
Сыяктанып чындыгы үчүн күрөшкөн.
Байлыгы жок, жетишпеген айлыгы,
Бактылуусуң, бактылуусуң, бирок Сен.
Бактылуусуң, көпкө жетип кулачың,
Ийип, төгүп көкүрөктө барыңды.
Жер шаарындай чимирилип турасың,
Коштоп алып балдарыңды, жарыңды.
Добуш алуу кыйын болоор бул чындык,
Жеңиш сенде, жеңиш сенде а бирок.
Анткени, Сен мукамындай комуздун,
Ансыз деле өзүң бийик добушсуң.
Дайырбек Стантегин
1995-ж.30-январь
«Демилге», №3-4
Кален
Жазып жүргөн кыздарыбыз кудая шүгүр көп эле. Ошолордун арасынан күлүктөй суурулуп чыккан, жамы журтубузга аттын кашкасындай таанымал ары таланттуу публицист, ары таланттуу кара сөзчү Кален Сыдыкованы ким билбейт. Аял болсо да эркектей курч жазган калемдешибиздин публицистикаларын окуп жатып, андагы ойлордун таасындыгына, курчтугуна, таамайлыгына өзгөчө баа бересиң.
Кален калемдешибиздин басма «сыры» кете элек «Түпкүрдөгү монстр», «Насыя нике», «Доор кайрыгы» деген жакшынакай китептерин кыйгач өтпөй окуп коюңуз.
Султан Раев
1996-ж.8-март
«Кыргыз руху»
Аял лидер
Мамлекеттин, жалпы калктын кызыкчылыгын көздүн карегиндей таза сактаган, ыйман-адебин жогору туткан, жан-дүйнөсү таза, европалык философия боюнча билимди атактуу Москва Университетинен алышкан Роза Отунбаева менен Мира Жангарачева өзгөчө баса көрсөтүүгө татышат.
Көңүл буруучу жагдай эркин кыргыз мамлекети аялдардын жаңы муунун республикалык деңгээлдеги белгилүүлүккө көтөрүүдө. Алардын катарына бүгүн эле Абдылдабек кызы Жаңыл, Абдырехменова Асылкүл, Бахапова Санабар, Болжурова Ишенгүл, Жолдошева Жылдыз, Түмөнбаева Жаңыл, Саякбаева Канышай, Сыдыкова Кален, Шарипова Салима ж.б. саясий, экономикалык руханий чөйрөлөрдүн аял элитасы жана алардын лидерлеринин жаңы муундары калыптанууда. Демек, аялдардын жаңы ысымдары республикалык деңгээлдеги саясатка келиши алыс эмес.
Кусейин Исаев
философия илимдеринин
доктору, профессор.
«Республика», 1997. 28-январь.
Коргой алат элибиздин намысын
(Каленге)
Кынагандай сөзү ишине төп келип,
Калыстыгы кара кылды как жарган.
Акыл күчү калеминде сыналган,
Чанда чыгат татаал жолдо сынбаган.
Керек болсо сайып коюп өмүрүн,
Калпыстыктын бет пардасын сыйырган.
Эр жигиттей тайманбастан бара алган.
Калем менен тоодой эмгек жараткан,
Кален эже кичипейил, эң жөнөкөй жакшы адам.
Тереңдикке, бийиктикке баа берип,
Адашпай тандап алса эл өз кызын,
Акыл ою таптаза биздин Кален,
Коргой алат элибиздин намысын.
Анаркүл Мукамбетова
1995-ж. февраль
Калемдешим...
Сөздүн күчүн бир акылман «тилдин мизи кылычтан өткүр келет. Каалаганда кара ташты кайыштай тилет» деп аныктаган экен. Тилдин мизи сөз, сөздүн жоопкерчилиги нар көтөргүс. Басма сөз эркиндиги жоопкерчиликти аттап кетүүсү мүмкүн эмес. Сөздүн наркы, куну чүпөрөк болбогондон кийин элдин элегинде, акыл, жүрөгүндө таразаланып турат. Жазмакер аялдар кайсы жанр болбосун жигиттерден кем калышпайт. Бирок, алардын эмгеги жогору бааланбайт. Калем менен жазылбаган менен төмөн тутуу психологиясы бар. Сезимталдык менен жазганы, чак дедире чагып алган сыны, анализдөөсү боюнча да, олуттуулук, ой таштоо, өкүмдүү болуу жагынан да кашкайып көрүнгөндөрү бар. Ошого жараша биринин стили бирине эч окшобойт, ар биринде жекелик, «мендик» да бар.
...Сүйүн Курманованын кыска, сезим козгоп жазгандары кээде кенедей материалга бир чоң ой батырып койгону, элестүүлүгү өзүнчө айырмаланып турат. Массалык маалымат каражаттарында Б.Досалиева, И.Сарбанова, Д.Кодураңова, Н.Рябова, Н.Ничипорова, А.Оторбаева, З.Пасаңова, Б.Чотурова, А.Бакеева, Ж.Акунова, З.Тулпарова, Т.Наматбаева ж.б. кыздар иштеп жүрөшөт.
Кален Сыдыкова кезинде эч ким батына албай турган темага тиш салып, тартынбай жазып таанылган. К.Сыдыковада өктөмдүк, ачыктык бар, чоң маселелерди көтөрүп, батылдык менен жазат. Ал журналист кыз-келиндердин ичинен биринчи жолу депутаттыкка талпынганын эстейсиң да ойго түшөсүң...
Бермет Маткеримова
1997-ж.16-18-сентябрь
«Кыргыз туусу»
Кара кашка тынардай
(Кален Сыдыковага арнайм)
Ашык сөздү айтпаган,
Ашыра сүйлөп адамдарды какпаган,
Эмгектин көзүн тапкан,
Залкар ой мурастардын капкагын ачкан.
Сайга чыккан чынардай,
Кара кашка тынардай,
Кыздан чыккан кыраандай.
Олуя сөздүн атасы,
Публицистиканын апасы,
Умай энелер жуурган камырдай,
Гүлдүн пири мамырыдай.
Асманда Чолпон жылдыздай,
«Ачылбаган сандыкта,
бычылбаган кундуздай».
«Кургак сөз менен кумган жалатпай»,
Жазганы бурганактап ачыган шараптай.
Баланы таарынтпаган,
Байкушту басынтпаган,
Кесир жакка жолобой,
Бой көтөрүп керилбей,
«Ар бир гүлдүн ширесин аары билет»,-дегендей.
Чыккан жери уруктуу,
Турмушунда туруктуу.
Атына камчы чаптырбай,
Элине наалат айттырбай
Китептерди биринен сала,
Бирин чыгарып келесиң,
Сөз каймагын тоодогу
бөрү карагаттай тересиң.
Кокус көрүшүп калсак көктөмдө,
качан публицистикаңдан бирди бересиң?
Группадан коомдук-саясий иштерди жазып,
семичкедей чаккан уздардан,
Жазуучу Сыдык кызы -Кален чыкты кыздардан!
Дадыбаева Калыйман
«Тунук» № 24 (27)
апрель, 2002-жыл
Бийлик жана чындык
Кален Сыдыкова калеми курч журналист экени мен айтпасам деле баарыга маалым. Мындан бир аз жыл мурдарак мен анын «Кыргыз маданиятына» жарыяланган публицистикалык макалаларын окуган элем. Мага жаккан. Ошол себептенби, Календин өзүн көрбөсөм да, «Адабият» басмасында редактор болуп иштеп турган кезимде китебин өзүм сунуш кылып басманын темпланына кийирген элем. Тилекке каршы, 92-жылдан тартып кагаздын тартыштыгына байланыштуу көп китептер жарыкка чыкпай калды. Ошолордун ичинде Календин китеби дагы. Мына ошол китеби эми жарык көрүп отурат. Китеп «Доор кайрыгы» деп аталат.
Менин жекече баамымда, Календин чыгармалары көркөм публицистикага караганда саясий публицистикага көбүрөк ыктап тургансыйт. Азыркы кезде билсе-билбесе деле бардык нерсе саясатташып кетпедиби. Атүгүл ичкен чайынан да саясаттын кермек даамы келип турат. Календин саясат маселесине чапчаң жана батылдык менен аралашып кеткени да закон ченемдүү көрүнүш. Ленин айткандай, ким кайсы коомдо жашаса ошол коомдун ырын ырдайт эмеспи. Бирок, ким кандай ырдайт, кеп ошондо.
Календин бул китебине пубпицистикалык ой толгоолордон турган көлөмдүү алты макаласы топтоштурулган. Ар бири өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Ар бири өзүнчө сөз кылууга арзыйт. А жалпы жонунан алып келгенде, бир гана бүтүмгө такалат: ал азыркы биз жашап жаткан доордун сай сөөгүңдү чаккан кайгылуу кайрыктары. Кайсы гана чыгармасын албайлы, өткөөл мезгилдин өзөктү өрттөгөн өтө мүшкүлдүү жактарын өз ичине камтыйт. Менин жекече түшүнүгүмдө, философиялык категорияга кирбеген менен, философиялык деңгээлде көтөрүлө албаса, ал сөздүн толук маанисиндеги публицистикалык чыгарма болуп саналбайт. Календин публицистикалары дал ушул деңгээлге жетип тургандыгын адилеттик катарында айтып койгон жөн. Кален – чыныгы публицист-журналист. Аны айттырбай эле ушул чыгармалары аныктап турат. Чындыкты айтып коюу бир жөн, ал эми чындыкты айтуу менен бирге, өз оюн, өз көз карашын коомчулукту ортосуна кое билүү - бул өтө кооптуу жана жооптуу жумуш. Киши көз карашынан жаңылат. Ошон үчүн сөз ээсинин көз карашы түз, позициясы бекем болуш керек. Бул жагынан алганда, Календин ой толгоолору орундуу жана омоктуу, орчундуу проблемаларды кучагына камтыйт. Бир сөз менен айтканда, кыргыз коому кайда бара жатат?.. Мына ушундай чоң суроонун айлана-тегерегинде ой жүгүртөт. Баарында эле жообу теңирден тескери чыгат. Совет доорунда Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиев кыргыз элин кың дегизбей орустарга кол куушуртуп келди. Буга Б.Мамбетов, А. Султанов, С. Аттокуровдун тагдыры күбө, ал эми элибиз эгемендүү мамлекет болгондон кийинчи? Кудай бетин көрсөтпөсүн, айылдык атка минерлерден тартып, аким-чиновниктерге чейин тим эле ээн жердин бөрүсүнө айланып кетишти. Алып-жулуп, талап-тоноп жеп атышат, кой-ай деген киши жок. Менчиктештирүү деген шылтоо менен мамлекеттик ири ишканаларды, мейманкана, мекеме-имараттарды, баалуу мүлктөрдү эркинче ээлеп алышты. Анан калса, эсиргендерине эмне дейсиң; бири Орусияга кошулабыз-десе, бири Түркстан мамлекетине биригебиз дейт. Белдүү эркек калбай калгансып, белгилүү аксакал-көксакал депутаттарыбыз экиден аял алабыз деп оолукса, кыздары кытай менен түрктөргө этегин ачып, бозбаш балдары башка диндерди кабыл алып, чиркөөлөрдө чокунууда. Арак менен наркотик болсо кыргыз генофонун ташталканын чыгарып кыйратууда. Айыл жеринде жашагандар кризистин сормо сазына биротоло белчесинен батып бүттү. Ураган улуттук тилибиз дале унутта калып келатат. Аялдар маселеси эң төмөнкү орунга түшүп калды. Адабият менен искусствобуз адам боору ачыгандай абалда. Бирин-бири алдамай. Каада-салтыбыз жаңырмак түгүл жаман жагына ооп баратат. Эсирген эргулдар эчакы өткөн бий-болуштардын 100—150 жылдык тоюн өткөрүүдө. Кыргыз жергеси кокту-колоттон башы көрүнбөгөн кишилердин аттарына толуп кетти. Деги, кыргыз коому кайда бара жатат?
Мына ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелердин баары тең Кален Сыдыкованын «Доор кайрыгы» китебинин негизин түзөт. Чынын айтыш керек, жалданма журналисттер минтип айталбайт да, минтип жазалбайт да. Бийлик менен Чындык ар дайым От менен Суудай бирикпеген, ал турсун бири-бирине карама-каршы келген нерсе. Бийлигин сакташ үчүн, же болбосо бийликке жетиш үчүн жүрөксүз, жууну бош журналисттер чындыктан тайып кетишет,
Журналист — жоокер, калам — найза. Колдогу найзасын калтарып түз суна албаган жоокер жоокерби? Ошондой эле чындыкка дит багып тике бара албаган журналист да журналист эмес. Бул багытта Календин жүрөктүүлүгүнө тан берсе болот. Мен билгенден кийинки 5—10 жыл аралыгындагы кыргыз журналистикасында эң мыкты публицистикалык чыгармалардын бири дээр элем. Мактоо, жагынуу — Президентке да, Өкмөткө да, Журтка да жардам бербейт. Андан көрө чындыкты тике айтып, кемчиликти кескин сындап көрсөтө алсак — ошол жардам. Ал үчүн Календей кара кылды как жарган, калыс журналист болуш керек. Бул оюмду мен «Доор кайрыгын» окуп чыккандан кийин гана айтып отурамын. Кымбаттуу окурман, анда эмесе өзүңөр да бир барактап көргүлө!
Салибай Шатманов
1996-ж.9-январь.
«Нуска» газетасы
Кыз Сайкал
(Кален Сыдыковага)
Кыз Сайкал болсо болгондур,
Өзүңдөй кенен, Акылман.
Баарыга тегиз кол сунуп,
Бооруна баарын батырган.
Тик туруп далай мыктынын
Ажатын сенче ачкандыр.
Азамат жанды кор кылбай
Жарыгын сенче чачкандыр.
Төрлөтүп түркүн конокту
Түткөндүр ысык-суугуна.
Көксөмөк эле Кызыр да
Жар бол деп жандай уулуна.
Кыздардын кыйын сырттаны
Бизди да күттүң кебелбей.
Арканды узун таштаган
Асылзат жансың кеменгер.
Чайды да, пайды көп кылган,
Чалкыган көлдөй пейилде.
Эс алдым, төрлөп жазылдым
Кең дүйнө кымбат өмүрдө
Сыйга сый, балга сыр аяк,
Кымбатсың дайым мен үчүн.
Кыргызым десе тик турган,
Жаралган жансың эл үчүн.
Кыз Сайкал болсо болгондур
Өзүңдөй кенен, акылман.
Тазагүл Закирова
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңөирген ишмер, Молдо Нияз атындагы адабий сыйлыктын ээси
1-сентябрь, 2001-жыл
Достук азил
Сазына тыгылбаган бир уруунун,
Саяктын бир кызы бар жаамы эл деген.
Сайкалдай катар саят жигиттерди,
Сайышка чыгарса эгер калем менен.
Кылымдын күүсүн толгоп чала келген,
Кыргыздын кыяк-кызы, ээй, Кален деген.
Күн беттеп уча берсин учкул рухуң,
Күлгүн жаш бойдон калып фарель денең.
Атантай Акбаров
Республикалык адабий Алыкул, Молдо Нияз атындагы сыйлыктардын ээси
1994-ж.8-март «Аалам», № 6
ТАТЫКТУУЛАРДЫН ТАТЫКТУУСУ
Мындан төрт жыл мурдараак күүлдөгөн жоон топ жазуучулар, журналисттер жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү «Ала-Too» басмасынын залына чогулуп, бүгүнкү күндө бакыйып кыргыз эл жазуучусу болуп алган калемдешибиз Асанбек Истам уулун Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кандидаттыкка көрсөтүп калдык. Ошол күнү баарыбыздын көңүлүбүз көтөрүңкү, куунак, шаңдуу болчубуз. Идеологиядагы кайра куруу ыкчам жүрүп, жакшылык жагына өзгөрүүлөр айкын сезилип, бюрократия, партократия, цензура дегендердин куюшканы бошоңдоп, улуттук эркиндик, көз карандысыздык, демократия, басма сөз жана дин тутуу эркиндиги дегендердин жаңыдан күнү тууп келаткан мезгил эле.
Ошондон бир аз мурдараак Асанбек Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин экинчи катчысы, чоң бюрократ Киселевго басма сөз бетинде тайманбай, тайсалдабай кол салып, катуу сынга алуу менен бир эле күндө бүткүл кыргыз элине таанымал, көк жал улуттук баатырга айланып калган. Ошондон улам чогулгандандын бир добуштан кызуу кубаттоосуна, чын ыкластан колдоосуна ээ болду.
Бирок, Асанбек иним ошол күрдөлдүү күндөрдүн жападан жалгыз кашкайган каарманы эмес эле. Ага удаалаш эле кыргыз-кыздарынан дагы бир күтүлбөгөн көкжал чыгып, кыргыздын улуттук кызыкчылыгын, өз алдынчалыгын, болочок тагдырын коргоп, идеология майданындагы Жаңыл кебетеленип, ат ойнотуп, эл көзүнө көрүнүп келаткан.
Мен анын «Кыргызстан маданияты’’ гезитинде жарык көргөн эки макаласын окуган соң өзү менен да жүз көрүшүп, бир маектешсем, «Ала-Too» журналына да авторлукка тартсам болот эле деп кызыгып жүргөм. Асанбекти депутаттыкка көрсөткөн чогулушта «Кыргызстан маданиятынын» ошо кездеги башкы редактору Ж. Садык уулунун жанына отуруп калыптырмын.
— Жалил, Кален Сыдыкова деген кызды кайдан таптыңар? Окуйт бекен же иштейт бекен? – деп кулагына шыбырап сурай койдум.
— Партия тарыхы институтунда кенже илимий кызматкер. Өзү да азыр ушерде, так сенин желке жагыңда отурат, – деп ал күлүп койду. Артыма бурулуп карай албадым. Кален карындашымдын маңдайынан жылдызы жайнаган жаркын жүзүн чогулуштан тарап баратканда көрдүм. Он чакты кадам ээрчий басып калып калдым. Дароо эле тааныша койгонго батынбадым. Ыңгайлуу учур көптөн кийин келди.
Календин мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн ар бир макаласын кызыгып окуп жүрдүм. Айрыкча тарыхчы Сабыр Аттокур уулун улутчул катарында аеосуз айыпташканда эч кимден, эчтемеден тайсалдабай, чечкиндүү коргоп чыкканына кубандым. Эгерде ушундай эр жүрөк коргоочулар көбүрөөк болсо, шылуундар менен куу шумдар момундарга катаал үстөмдүк жүргүзө албай калышат эле. Саманчы уулу Тазабек агабыздай, Кыдыке кызы Бакен эжебиздей чоң инсандар жабыр тартып жүрүп өлбөйт эле деп ойлодум ичимде.
Албетте, Календин чыгармачылыгы дайым эле менин оюмдагыдай бир калыпта, шыдыр жүрүп кетпеди. Анын жазган эмгектеринин ичинде мазмун- манызы жактан да көркөмдүк жактан да өйдө, ылдыйлары, толуу, бөксөлөрү да болду. Анын «Бурулчанын селкинчек же буулуккан ойлор» аттуу ургаачылардын эркектер менен тең укуктуулугун коргогон, өтө курч жазылган публицистикалык макаласы мени катуу бушайманга салды. Анткени, анда «ойношчулукту тыюга мыйзамдын да, кудайдын да чамасы чак» деген чектен чыккан адепсиз бир сүйлөм бap экен. Башка да орой, эротикалык сөздөрдүн бир нечесин жолуктурдум. Мунун баары эркектер менен жакалашып, жаакташып айтышуу учурундагы кызуулуктан чыгып кеткен экен. Макала абдан ышкылуу, таланттуу, таасын, так жазылыптыр. Ошого карабастан, жөнү жок жерден эле он сегиз миң ааламдагылардын баарынан улук, баарынан бийик, баарынан таза, баарынан асыл, баарынан кудуреттүү Кудайыма тил тийгизгенине ачуум келди. Кыргыз радиосунун башкы редакторунун кабинетине жулунуп кирип барып:’
— Кален карындашым, «Бурулчанын селкинчегин» окудум. Сиз эркектер менен кер- мур айтышып атасыз. Бул жагынан эч доом жок. Мен деле өзүмдү маданияттуу адам катарында эсептеп, ургаачыларды жактайм. Бирок, он сегиз миң ааламды түгөлү менен, телегейин тегиз кылып, адамдарды дан, жан - жаныбарларды да, курт-кумурскаларды да эркек-ургаачы кылып түгөй - түгөйү менен жаратып койгон Алла Тааламда эмне жазык?! Теңиримдин жазыгы эле Сизди топураган көпчүлүктөн өзгөчөлөнтүп, акылдуу, таланттуу, сулуу жаратып койгонубу?! – деп катуу жемеге алдым. Жарым сааттан узагыраак Кудай Таалам, анын периштелери, пайгамбарлары, ыйык Куран, Библия китептери , мусулман, христиан диндери жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Кален «диндик ырым - жырымдарды жаман көрөм» деп чынын айтты. Мен «сизди мага окшоп орозо кармаңыз, намаз, куран окуңуз деп зордобойм. Бирок, ;Кудайды эске ала жүрүңүз, аны урматтаңыз, каарынан коркуңуз, анын бар экенине, кудрети күчтүүлүгүнө ишениңиз? Эгер Теңирим кааласа, жалаң эле жалаптарды эмес, бүткүл жер жүзүндөгү бузукуларды көз ачып -жумгуча жок кылып ийет!» дедим. Кыскасы, ошол күнү агалык кеп-кеңешим, акыл-насаатым текке кеткен жок деп үмүттөнөм. Анткени, Кален эми жалаң эле материализмди эмес, идеализмди да, а түгүл дүйнөлүк масштабдагы чоң жазуучулардын кудайчыл чыгармаларын да окуп көрмөк болуп калды. Кален карындашымын Алла Таалам эми бул карындашымдын курч калеминен айтылган карасанатайлык менен эмес, аңдоосуздан кызыганда капилеттен чыгып кеткен адепсиз, текебер сөздү кечирип, анын зирек бузукуларды көз көкүрөгүндө өзүнүн чабарман периштелеринин бары - аркылуу apyyлап тазарткыч нур жиберип коюшу мүмкүн, ал нурдун жарыгы, эгерде Кудайым өзү жалгаса, болочок кыргыз адабиятына да тийип калышы мүмкүн.
Ошол биз сүйлөшкөндөн кийин көп узабай Кален Сыдык кызын кудай жалгап Түгөлбай Сыдыкбек уулунун ысмындагы бийик даражалуу адабий сыйлыкка талапкер болуп көрсөтүлүп калды. Эми Кудай буйруса, көп эле татыктуу талапкерлердин ортосунда көк-бөрүгө айланган ошол сыйлыкты жеңип алышы да мүмкүн. Мен карапайым окурман катарындагы өз добушумду досторум Кеңеш Жусуп уулу менен Омор Соорон уулуна ыраа көрүп турганыма карабай карындашым Каленге берүүнү чечтим, анткени, аны татыктуулардын татыктуусу деп эсептейм.
Кушчу Медербек уулу Эсенбек
23-апрель, 1993-ж.
Достарыңызбен бөлісу: |