Турмуш чындыгын жазат
Кален Сыдыкова Кыргызтелерадио компаниясында акыркы төрт жылда башкы редактор болуп иштеди. Редакциянын ишин эң жакшы уюштуруп, угармандардын сынына татыган, табитин жандырган уктурууларды даярдаганы жалпы угарман калкына белгилүү.
Публицист катары турмуш чындыгын жаза билет, кара кылды как жарган калыстыгынан жазбай келет. Чыгармаларынын тили эң жөнөкөй жана жеткиликтүү. Азыркы учурда парламентте аялдардын аз болушу, эне-бала проблемаларынын экинчи планда калышына алып келүүдө. Эгерде, Кален Сыдыковага ишеним көрсөтүлсө, ал бардык күчүн, билимин, аракетин ишке арнамакчы.
Журналист-публицист катары К.Сыдыкова биздин бүгүнкү жаңы заманга келген байлык деп айтар элем. Себеби, кимде-ким анын публицистикаларын, чыгармаларын окуса буга түздөн-түз кошулар эле. «Чар тарап» газетасын уюштуруп, аз убакыттын ичинде окурмандарын табуу жумушу оңой эмес. Бул эмгегин баалабай коюга болбойт. Мындан ары дагы ушул газетанын келечеги үчүн көп жакшы иштерди иштөө жагында К.Сыдыкованын келечек максаттары арбын. Алардын бири – Кыргызстан менен өз ара экономикалык, саясий, маданий байланыштарды ошолордо газетанын өз кабарчыларын даярдоо маселеси. Бул албетте, келечектин иши. Жалпысынан алганда, газетанын келечеги кең, мен буга толук ишенем.
Шарапат Турдакунова
Телерадио диктору, журналист,
жазуучу. 1995-ж.февраль
Патриот журналист
Мен Кален Сыдыкованы студент кезинен бери билемин. Ал публицист катары элибизге белгилүү. Элдин көйгөйүндөгү маселени козгоп, аны жаза билген патриот журналист. Элдик баатыр Курманбек жөнүндөгү публицистикалары, дегеле газетага жарыяланган проблемалуу макалалары окурмандарды кош көңүл калтырган жок. Ал мейли түндүктөн, же түштүктөн жазабы, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди колдоп, ишеним арттырып келет. Кыргыз элин-жерин сүйгөн, патриот журналист.
Тянь Шань жергесинен сайдырган кезде чеп бузган, алдырган кезде кеп бузган, жан өчкөн кезде жан болгон, азамат эрге жар болгон кыздар аз чыккан эмес. Алар акылдуулугу, айлакерлиги, аруулугу менен эле уютку болуп, жоолашканды катыштырып, доолашканды батыштырып, элдин, жердин бүтүндүгү үчүн барымтага башын байлап, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап келген. Элдин атын эр калпактуу эр эле эмес, кызыл топу кыз да чыгарган.
Тянь Шань жергесинен булбул үндүү Мыскал чыккан, татынакай Таттыбүбү, асыл эжебиз Бүбүсара чыккан... Тянь Шань жергесинен кайраттуу калемгер, жалындуу публицист Кален Сыдыкова чыкты. Календи мен жакшы билем, эл да жакшы билет. Депутаттыкка талапкер экендигине карабай, кайратына шек келтирип, намысына кеп келтирип койбогойле деп чочуп турам. Мунун да жөнү бар. Антсе да акыл айлантаар заман ушул. «Томоголуу куштан, топулуу кыз жакшы» деген экен эл. Эл эл экени чын болсо, журт журт экени чын болсо, жалгыз кызынан ак батасын аябас чыгаар...
Шайлообек Дүйшеев
акын, журналист 1995-ж. февраль
ПОРТРЕТКЕ ШТРИХ
Жашым улуу болгон менен жаным курдаш Кален Сыдыкованын мурдатан сыртынан билсем да, 1989-жылдар болуш керек эле, «Кыргызстан маданияты» газетасына чыккан Кыргызстан КП БКнын Москванын жана республиканын деңгээлиндеги кадыр-баркы, алган орду жөнүндөгү макаласы жакындан тааныштырган . Азыр айтып берсе бир кеп болоор, бирок ошол жылдары интеллегенция менен жаштар катуу толкуп, жалпы эл кулагын түрүп турган кырдаалда айтчу сөздү жигиттер эмес, алгач Кален Сыдыкова айтып, жазып чыккан. Ушул убакка чейин эсимде, республиканын интеллегенттик чөйрөсү ошол күндөрү Календин макаласын колдон-колго алып окуп чыккан. Ага чейин каймана айтып, алыстан тап берген менен Апсамат Масалиев, мына ушундай жетекчи...» деп эч ким көзгө сайып көрсөтө алган эмес. Чынында айтсам макаланы окуганда толкунданганымдан демим ичимде калып, анан барып гана «эми эч нерсе болбогой эле Каленге» деп коркуп кеттим. Ошондо бир тан бердим Каленге!
Экинчи ирет «Пайшамба» жарык көрүп, жалжайып бардыгы окуп, окурманы да газета чыгарганы да, бети ачылып ажыкыздана баштаган учур болду. Кой деген кожо жок. Ошондон көп узабай Календин сөз порнографиясы, анын улутка тийгизген таасири жөнүндө макалалар циклы басма сөздөн жарык көрдү. Каленге тиешелүү стиль, цитатадан жана аны интерпретациялоодон турган макала коомчулукка бомба болуп жарылды. Ушул убакка чейин ал «телибай тентектерге» «жап этегиңди» деп кесе айткан жан жок эле.
Бул кескин макала дзоттун оозун жапканга тете макала болду, анткени,ал кезде «Асабанын» чечектери «ушул туура эмес» деген кишини аял - эркегине карабай мазактап ийгенге маш кездери. Аскердик тил менен айтканда « Кален главного удара себя взяла». Албетте, андан кийин «Асабачылар» Календи бир топко чымчылашты, бирок негизги сөз айтылгандан кийин, андай макалалар жаандай жаады. Насилинде, «Асабанын» балдары жаман балдар эмес, коомчулуктагы пикир менен эсептешип, «Пайшамба» жабылды.
Эки учур тең эки башка маселеге тиешелүүдөй болгон менен өзөгү бир эле. «Сөздү учурунда айтпаса, сөздүн атасы өлөт» деп көп айтканыбыз менен учурунда айтпай, бири аркасын качырып, бири тынч жашагысы келип жатып эле, көп жерден «сөз атасы» чырылдап эле өлүп кетип жатпайбы!
Биз курактагы аялзаты жасай элек, дагы бир эрдикти Кален Султангазиевна жасап койду. Ал - Жогорку Кеңештин депутаттыгына aт салышканы. Учурунда деле, колуман келген аракетимди жасаганым менен Кален деген кандай майданга баратканын анча элес албапмын. Анын «Түпкүрдөгү монстр» - деп аталган китебин окуганымда төбө чачым тик турду. Шайлоонун шайтан оюндары , болгондо да идеясы бар бирок, колунда жокту мазактаган, аялзатын кор туткан , алтынга алмашпас кызынын баркын билбей өөдө- төмөн ойноткон жапайы оюндарын окуп, жан курдашыма жардам бере албай , кыштын кычыраган чилдесинде Чаекте көңүлү үшүгөн курбумдун жанында болбогонума уялдым.
Кален бир сырдуу, көп сөзү жок азамат мүнөздүү жан экенине ынандым. Китепте жазылган көп кыйынчылыктын бирин айтпай , «жүзү курусун» деп эле колун шилтеп койгон. Мен анын ордунда болсом ыйлап-сыктап, чып-чыргасын коротпой жомоктотуп айтып бермекмин. Анан кантип Календин көтөрүмдүүлүгүнө тан бербейсиң?!
Бири-бирибизди билген жыйырма жылдан ашуун убакыттын ичинде сыртыбыздан багып, жаман көз менен жаман сөздөн бири-бирибизди коруп келе жатабыз. Экөөбүздөгү тең тоңдоосун мүнөз, башка аялзатындай болуп өтө ысык, жакын катыш алакага жол бербеди. Биз бири-бирибизди күндү жакшы көргөндөй, алыстан жакшы көрүп, терең урмат- сыйдабыз. Эл башына күн түшсө, мен деген эр азаматтардын катарында турчу инсан экенин билем. Бир уруунун кызы, бир эркектин жары деп караш мүмкүн эмес, андай көз караш менен Календи кемсинтип алышыбыз ыктымал. Колдон келсе, көңүлүн өстүрүп , эл-жер, улут жөнүндөгү ойлорун, чыгармаларын жаздырып , китеп кылып бастырып Кыргызстандын кызы деп карасак болот эле.
Саясий публицистика - сейрек жанр, аны дүйнөлүк масштабда өздөштүргөн адамдар деле аз, ошол жанрды өздөштүрүп, коомдук процесстин жүрүшүн гана эмес, келечегин кошо чагылдырган , өзүнө даанышмандыкты камтыган, мен терең сыйлаган Кален Султангазиевнанын портретике тартылган штрихтин бири ушул!
Байма Сүтөнова
жазуучу, журналист
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
9.06.2002-жыл
Классташтар: Гүлшат, Эрмек, Кален,
Сүйөркан, Сымбат.
Уулу Султанбек Кызы Айзада
Апасы Разия Атасы Султангазы
Райкан, Бактыгүл, Салтанат, Гүлжамила, Кален, Фатима
Кален жолдошу
Абдыбек менен
Бүбүкан Досалиева,
Тынара Абдразаева, Эсенбүбү Нурмамбетова, Кален
Сыдыкова, Гүлжамила Шакирова
Агасы Качыке
Эжеси Саламат
Кален чыгармачыл инсандарыбыз менен
Зуура Сооронбаева, Гүлсайра Момунова, Меңди Мамазаирова, Кален Сыдыкова, Жедигер Саалаев
Кален Төлөмүш Океевден
интервью алууда
Кубанычбек Бакиев, Гүлжамила, Кален
чыгармачылык жолугушууда
Автор тууралуу
Сыдыкова Кален Султангазиевна 1958-ж. 25-январда Жумгал районунда туулган. 1982-ж. КМУнун журналистика факультетин бүткөн. Он жыл Кыргызстан КП БКнын Партия тарыхы институтунда, 1991-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Телерадио компаниясында башкы редактор, 1995-жылдан Эл аралык «Чар тарап» газетасында башкы редактор болуп иштеген. 1996-жылдан бери КР ИБ Президентинин Администрациясында бөлүм башчы. Кален Сыдыкова «Кайрылуу» (1988-ж.), «Түпкүрдөгү монстр», «Доор кайрыгы» (1995-ж.), «Насыя нике» (1996-ж.), «Асылдар» (2002-ж.), «Эр издөө» (2002), «Күч күйөө», «Кыргыз тарыхы» деген китептердин автору. Эки жүздөн ашык аналитикалык курч макалаларды жазган. Бир нече илимий китептерди кыргызчага которгон. Журналисттик бир нече сыйлыктын ээси. Коомдук ишмер. 1988-жылдан Кыргызстан (СССР) Жазуучулар жана Журналисттер Союзунун мүчөсү. Ал жөнүндө 1993-жылы «Публицист Кален» деген документалдуу телефильм тартылган.
Мазмуну
Шаңшыган Роза
«Сагынган жанмын сага окшош»
Сулуу болуш бакытпы?
Эркектер проституциясы
Профессор Болжурова
«Сен бакыт өз доорунда өлчөнбөгөн»
Эркиндик ээн ооздукпу?
Шумкар көктү көксөйт
«Кусадан, сагынычтан жалкып калдым»
Бүбүкан
Белгисиз каттар
Кален жөнүндө
Авто тууралуу
© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Достарыңызбен бөлісу: |