Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Тема 3. Орто кылымдар философиясы



Pdf көрінісі
бет32/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Тема 3. Орто кылымдар философиясы 
1. Орто кылымдарда Чыгыш менен Батышта философиянын өнүгүүсүнүн 
жалпы белгилери 
2. Орто кылымдагы Европада философиялык ойлордун өнүгүүсүнүн 
өзгөчөлүктөрү. Фома Аквинский – орто кылымдагы схоластиканын 
систематизатору. Орто кылымдарда реализм менен номинализмдин 
полемикасы
3. Орто кылымдардагы араб-ислам философиясы.
Батыш Европада XI-XII кылымдарда орто кылым шаарларынын 
калыптанышы башталат. Бул кол өнөрчүлүктүн айыл чарбасынан бөлүнүшүнүн 
негизинде жүрөт, кол өнөрчүлүк цехтери пайда болгон, акча-товар мамилелери 
өнүгөт, орто кылымдагы жаңы тап – шаардык бай граждандар-бюргерлер табы 
калыптана баштайт. 1054-жылы Левь IX тушунда христиандык чиркөөдө 
ажырым же бөлүнүү жүрөт: батыш жана чыгыш. Экөө көптөгөн үрп адаты, 
сыйынуу тили, башкаруу системасы жагынан айырмаланган.
Ал эми Чыгышта философия араб-ислам философиясы деген ат менен 
белгилүүболот. Эки маданиятта тең философия дин менен тыгыз байланышта 
өнүгөт. Батышта – христианчылык, ал эми Чыгышта – ислам дини. Орто кылым 
философиясы теоцентриттик мүнөздө. Кудай (тео) дүйнө борборунда туруп, 
бардык нерсе ага гана байланыштуу каралат.
XIII-кылымдан баштап Аристотелдин чыгармалары латын тилине кеңири 
которула баштаган. Аристотелдин философиясын чиркөөнүн керектөөсүнө 
ылайыкташтырууга аракеттенишет. Анын окуусун Христиандык догматикага 
ылайыкташтыруунун ири өкүлү болуп Фома Аквинский эсептелет. 
Фома Аквинский (1225-1274-жж.) орто кылымдагы философ жана 
теолог, католик динине өтө берилген жактоочусу (ортодоксалдык көз карашта 
болгон) – схоластиканы системалаштырган, томизм агымынын негиз 
салуучусу, доминиканчы монах. Ал 1323-жылдан баштап католик-христиан 
дининин ыйыктарынын эсебине киргизилген, ал эми католик-христиан динине 
сиңирген эмгеги үчүн 1567-жылы «чиркөөнүн бешинчи окутуучусу, мугалими» 
болуп таанылган. Ф.Аквинский Улуу Альберттин окуучусу. Ф.Аквинскийдин 
объективдүү идеалисттик философиялык көз карашы Аристотелдин 
философиялык окуусун бурмалоо аркылуу, христиан дининин талабын 
калыптандыруу менен калыптанган. Фома Аквинскийдин оюу боюнча адамдын 
жаны (душа) материалдуу эмес жана негиздүү бирок аягына чейин өзүнүн ишке 
ашырылышында дене аркылуу болот. Адамдын жаны – дененин 


38 
«кыймылдаткычы» эмес. Бирок анын биринчи негизги формасы (түзүлүшү). 
Инсандык (личностук) Ф.Аквинскийдин оюу боюнча табияттын бардыгынын 
эң акыл эстүүсү жана асылы, интеллектиси. Интеллект – бирөөгө гана 
тиешелүү, анткени абсолюттук башталыш эмес, бирок бүтүндүн бөлүгү. 
Жалгыз гана кудайда интеллектин маңызы бар, ал эми адамда – маңыздын 
потенциясы болот, ошондуктан «интеллект ойлобойт», бирок адам интеллект 
аркылуу, анын жардамы аркылуу ойлонот, ой жүгүртөт. 
Фома Аквинскийдин философиялык принцибинин негизин ишеним менен 
акыл эстин бири бирине жарашкан байланышы түзөт жана анын оюу боюнча 
акыл эс кудайдын бар экендигин рационалдуу түрдө далилдейт жана 
ишеничтин чындыкка болгон каршылыгын четке кагат. Бардык ааламдагы 
болгон нерселер кудай жараткан биринен кийин экинчиси болгон 
тепкичтердеги тартипке сыйынышат. Фома Аквинскийдин бул схоластикалык-
философиялык концепциясы официалдуу түрдө «католицизмдин» жалгыз гана 
чыныгы философиясы болуп жарыяланат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет