Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



бет13/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15

Декреттик убакыт
Декреттик убакыт жөнүндө (саатты жылдыруу). Сааттын жебесин бир саат алдыга жылдыруу – күйүүчү отун-энергетикалык ресурстарды үнөмдөө менен мотивдештирилгени белгилүү. Кандайдыр бир экономикалык ресурстарды үнөмдөөнүн мындай мотивин көздөөнүн өзү тилекке каршы жарандардын психикалык жана дене соолугунан жогору коюлуп жатат. Бул жерде элдин ден соолугу үчүн деп арналган 180 саатка тете кошумча күндүн нурларын алуу максаты акталбайт. Коомдук пикирди эске албай, демек демократиянын принциптерин бузуп сааттын жебесин жылдыруу төмөнкүдөй терс таасирин тийгизет:

– турмуштун адаткы абалынын бузулушунан жарандардын массалык муңдануусу (өздөрүнүн арыз-муңдарын өкмөткө жеткирбеген пассивдүү арыз-муң);

– адамдын адаткы биологиялык ыргагынын бузулушу. Бул көйгөйдөн айрыкча жаш балдар жана оорулуулар азап тартат;

– жарандардын жалпы психикалык бузулуусу.

Статистиканын нугу менен алып караганда сааттын жебесин бир саат алдыга жылдырган күндөрү анча көңүл бурбаган жана сааттын бир саат алдыга жылдырылуусу жөнүндө билбей калган жарандардын максаттуу объекттерине (самолёттор, поезддер, сабактар, жолугушуулар жана башка социалдык көрүнүштөр) кечигүүлөр болуп турат.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылардан улам демократия принциптерин жана адам укуктарын сактоо максатында сааттын жебесин бир саат алдыга жылдырууга бет алдынча өкүм түрдө указ чыгаруудан алдын, жылдыруунун мотивинин учурдун реалияларына жооп берүүсүн салыштырып чыгуу керек. Учурдун реалияларына жооп бербеген учурда, демек сааттын жебесин жылдыруунун максаттуу мотивинин жоктугунда адамдардын ритмине таасир этүү традициясын максатка ылайыксыз кароо кажет. Которуунун реалдуу негиздемесинин бар болуп калган учурунда которуунун акыры эмине болорун элдин жабыркашы менен салыштыруу илимий анализин жүргүзүү керек. "Ооба" жана "жокту" объективдүү таразалап чыгуу керек. Кырдаал нейтралдуу абалда болуп калса, элдин ыңгайлуулугу үчүн саттын жебесин которуу же которбоо туурасында коомдук пикирди сурамжылоо өткөрүү зарыл.



Кыргызстанда жылаңач жанрын эмне кылуу керек?
Жарандардын тиричилик шарттарынын жана коомдук жашоосунун бардык тармактарына экстраполяция касиети бар классикалык мисалдар:

Биринчи мисал:

Мисалы, мамлекет кош көңүл эмес түрдө чыгыш менталитети бар чыгыш мамлекетинин жылаңач жанры жана аларды ачык көрсөтүүгө тыюу салуу жөнүндөгү коомдун пикирине кулак салуусу керек. Кыргызстан чыгыш мамлекети болуп саналат, бирок өлкөдө 80ден ашуун улут жашайт. Бул маселени объективдүү калыс чечүүнүн илимий жолу бар. Ал илимий жол тууралуу романдын үчүнчү бөлүмүнүн "Коштошуу" деген темасында берилген.

Телефон-автоматтар
Экинчи мисал:

Мисалга көчөдөгү телефон-автоматтарды алсак. Демек, адам телефон аркылуу сүйлөшүп жатып блокнотко маалымат жазууда же колунда жүк кармоо менен колу бош болбогондо антропологиялык ыңгайсыздык сезээри шексиз. Ошон үчүн адам тиричилигинин бардык тармактарына сүңгүп кирип коомдук жыргалчылык объекттерин илимий-тиричилик жагынан өнүктүрүүгө илимий-ойлоп табуу коомчулугун чакыруу керек.

Телефон-автоматтарга микрофону бар кулакчын кошуп коюуга эмнеге болбосун. Телефон-автомат аркылуу башка кишиге оорунун жукпашы үчүн телефондун материалы иммундук касиети бар материалдан жасалуусу керек.

Телекөрсөтүүдөгү рекламалык дүрбөлөң – адамдарды одоно зордоо
Үчүнчү мисал:

Бул мисалды телеканалдагы рекламалык дүрбөлөң деп атайбыз. Рыноктук жашоонун же тириликтин бул тармагында да эл тарабынан нааразычылыктар бар болууда. Бул жерде биз рекламалык кызматтар телеканалдарга киреше алып келээрин, реклама берүүчүлөргө жана калкка кызмат кылаарын эске алып телеканалдагы рекламалык акциялардын бар болушу керек экендигин танбайбыз. Бирок коомдук этиканын өңүтүнөн алганда рекламалык дүрбөлөңдүн үрөй учурган көрүнүшүн толугу менен этикалык тартипке келтирүүнүн зарылдыгы пайда болуп жатат.

Биринчи жагдай.

Адегенде, кызыктуу көркөм фильм жүрүп жатканда күтүүсүздөн фильмди үзө коюп рекламаны сала коюу адатынын кереги барбы деп суроо коюп көрөлү. Алгач карап көргөндө минтип реклама берүүнүн оң жагы бар сыяктуу. Мисалы реклама учурунан пайдаланып адам өзүнүн тиричилик же башка жеке иштери менен алектенип алууга, мисалы ашканага барып чай коё коюуга жана башка нерселерди кылып алууга мүмкүнчүлүк алат. Анткени кызыктуу кино жүрүп жатканда алаксыгың келбейт да. Бирок бул нерсенин терс жагы да бар сыяктуу. Рекламалык дүрбөлөң учурунда кээ бир адамдар кинонун жүрүшү тууралуу унутуп калып фильм менен болгон эстетикалык-рахат, психологиялык жана башка тутумдаш болуусун жоготуп алышат. Андыктан кинофильм учурунда реклама берүү керекпи деген суроону коомдук пикирди сурамжылоого алып чыгуунун мааниси бар.

Экинчи жагдай.

Көп учурларда кинонун уландысы башталса да реклама кадыресе жүрүп жаткан болот. Телекөрүүчүнү сыйлоо кайда? Эгерде телестудиядагы оператор киши филмдин уландысынын башталып кеткендигине таамай көз салууга алы жетпесе же жоопкерчиликсиздигинен улам таамай көз салууну каалабаса, анда эфирдик көз салууну автоматташтыруу максатка ылайыктуу. Реклама заказчик тарабынан төлөнгөндүгүнө да карабастан фильмди толук кандуу берүүнү сактоонун кызыкчылыгында рекламаны, албетте, үзүп салса болот. Анан аягына чейин чыкпай калган рекламаны кийин деле кайталап берип койсо болот да.

Үчүнчү жагдай.

Реклама берүүчү, албетте, анын рекламалары баш айландырган ийгилик менен кайра-кайра кайталанып берилиши үчүн ошого жараша чоң акча төлөөгө, албетте, укугу бар. Рыноктук мыйзамдын өңүтүнөн алганда бул туура нерсе. Бирок бир рекламалык пауза учурунда бир рекламаны кайталап бергенде психология мыйзамдарын бузуу келип чыгууда. Мисалы телекөрүүчүлөрдүн нервин зордоп кайнатуу, адамдардын кыжырын келтирүү. Ошон үчүн телекөрүүчүлөрдүн психологиялык тең салмактуулугун сактоо үчүн, этика үчүн, адамды сыйлоо үчүн бир рекламалык пауза учурунда бир эле рекламаны кайталай берүү одоно көрүнүш деп эсептеп буга жол бербөө керек.

Төртүнчү жагдай.

Бул жагдай жүгүрүүчү саптарга тийиштүү. Маалымат кылымында, айрыкча рынок маалыматы кылымында бул, бир жагынан, жарандарга ыңгайлуу шарт. Бирок интервью берип жаткан кишини телекөрүүчүлөргө тааныштыруу максатында экранга анын аты-жөнү чыгарылганда көбүнчө жүгүрүүчү саптар ал маалыматты көрсөтпөй тосуп калышат. Бул жерде телекөрүүчүгө болгон урмат-сый кайда? Кантип гана рыноктун жапайы мыйзамдары элдин укуктарына жана ыңгайлуу шарттарына аёосуз үстөмдүк кыла бериши керек? Интервью берип жаткан кишинин аты-жөнү экранда пайда болгондо оператор киши дароо эле байкай коюп заматта рекламаны өчүрө коюуга жетишип калары күмөн. Ошон үчүн бул жерде да рекламаны үзө коюу системасын автоматташтыруу сунушталат.

Жогоруда чагылдырылган проблемаларды өз өзүнчө этикалык чечүү талап кылат. А эгерде телеэкрандардагы рекламалык дүрбөлөң жаатында этикалык тартип орнотуу адам баласынын колунан келбесе, глобалдык техникалык чечүү сунушталат.

Эмесе, глобалдык техникалык чечүүчүнү карап көрөлү.

Рекламалык акцияларды иш жүзүнө ашырууга бир же эки атайын канал ачуу керек. Дагы башка канал ачуунун өзү акча каражатын талап кылаары түшүнүктүү нерсе. Рекламалык каналдар күнү-түнү да иштей берсе болот. Мында бардык телекомпанияларга атайын рекламалык каналдарды пайдаланып өздөрүнүн кирешелерин алуусуна тең укук берилет.

«ИЛИМДИН ПРЕЗИДЕНТИ» АСКАР АКАЕВ
Бул идеянын пайда болушу тууралуу азын-оолак сөз.

Бул 2010-жылдын жазында болгон. Бир жолу мен өзүмдүн компьютеримдин катуу дискин ремонтко алып баргам. Ошон үчүн мен булгаары заводунун аймагына баргам. Ошол заводдун алдында телевизиондук техниканы оңдой турган устакана бар эле. Мен ошол жерге кайрылдым. Мен техникалык илимдерге кызыгуучу катары илим жана техника жөнүндө бир эрудициялуу орус устасы менен сүйлөшүп калдым.

Аңгемелешүү узак жана кызыктуу болду. Ал орус тууган, Кыргызсанда радиозавод курса болорун жана өзүбүз эле компьютерлерди чыгарсак болот деди. Дегеле биздин берекелүү Кыргызстан жергебизде көптөгөн нерсени өнүктөрсө болот.

Ушул сүйлөшүүдөн улам менин патриоттук сезимим талуу жеринен терең козголду. Эмне үчүн бул проблемалардын үстүнөн биздин президент ойлонбойт деген ойлор мени катуу тынчсыздандырып кирди. Эмнеге коомдун бардык «элита» өкүлдөрү көбүнчө бир гана демократиянын өнүгүшү тууралуу эле сайрашат да ал эми кыргыз илиминин өнүгүшү тууралуу көпчүлүгү унчукпайт?

Эмнеге мурда техникалык предметтердин мугалими болуп иштеген, техникалык илимдер тармагында окумуштуу болуш үчүн диссертацияны жактоодон өз ыктыяры менен баш тарткан бул орус тууганга, Кыргызстандын илимине зор салым кошушу үчүн шарт түзүп берүүгө болбосун? Маселен, анын жетекчилиги астында радиозавод куруу же компьютердик техниканы чыгаруучу завод куруу. Анан эмнеге биздин Президент, акыры патриоттук кылып Кыргызстандагы илимдин оор абалына уялып ушул маселелерди чечүү боюнча демилге көтөрбөйт?

Аңгемелешүү учурунда мен кокус мурдакы Президент Аскар Акаевди эстедим:

– Баса, – жаңы ой мени нес кылды, – Аскар Акаевди ушул проблемаларды чечүүгө тартса болот ко? Ал деген техникалык илимдер тармагындагы чыныгы окумуштуу го?

– Албетте болот, – деп жооп берет эрудициялуу орус тууган.

Демек, урматтуу мекендештер, Аскар Акаев Кыргызстандын материалдык дүйнөсүн гана талкалап кетпестен, идеологиялык вакуум жаратып элдин руханий дүйнөсүн да талкалап кеткендей жана коомдук ойго ылайык ал номер биринчи кылмышкер да, көрбөйсүңөрбү, ал жоопко тартылышы керектей. Бирок минтүүдөн Кыргызстан элине пайда болобу?

Эгерде, албетте, аксы трагедиясынын курмандыктарынын жакын туугандары жана эгерде ошол трагедияларга Аскар Акаев күнөөлүү болсо аксы трагедиясынын курмандыктарынын туугандары Аскар Акаевди кечирүүгө даяр болушса, мен Аскар Акаевди жазалоону Кыргызстандын илими үчүн Кыргызстандын илимине кызмат кылуу менен алмаштырууну сунуш кылат элем. Ошентип өзүнүн күнөөлөрүн ал альтернативалык жол менен жуусун.

Маселен анын алдында мындай стратегиялык милдеттерди коюга неге болбосун?

- радиозавод куруу;

- автомобиль заводун куруу;

- Кыргызстандын аскердик жана жарандык авиациясын өнүктүрүү;

- өнөр жайды өнүктүрүү

- илимий-техникалык өндүрүштүн бардык тармактарында инженердик кадрларды даярдоо жана башка көптөгөн нерселер (Кыргызстандын геологиялык жана башка инженердик маселелерин чечүү үчүн качанга дейре чет өлкөлүк инженерлерге кайрыла беребиз?).

Ушул маселелердин үстүнөн Кыргызстан элине, патриоттук позициясы менен ойлонуп көрүшүн сунуш кыламын. Аскар Акаевдин жаштыгы жана ден соолугу жарап турганда жана кеч боло электе Кыргызстандын илимин өнүктүрүү үчүн тезирээк чечим кабыл алууну кыргыз элине сунуш кыламын. Болбосо кеч болуп калат.

ЭкономиКАНЫН СУБСТАНЦИЯСЫ
Идеология жаатында экономикалык тема боюнча азырынча экономиканын субъекти болгон – Адамга субстанционалдык ык менен чектелип туралы. Башкача айтканда экономиканын субстанциясы (башкы негизи) адам. Мындай ыкка ылайык өлкөнүн экономикалык тагдырын мамлекеттик башчынын, экономика ишмерлеринин жана эмгекчил элдин жүзүндөгү чынчылдык, акылмандык, узакты көрө алуучулук жана кесиптик сапаттары ыйман аспектилеринде күтүү туура.

Мамлекет башчысынын чынчылдыгынын жана элдин эмгекчилдигинин натыйжасы.

Мамлекет башчысынын чынчылдыгынын жана чынчыл кызматты мамлекеттик башкаруунун бардык бутактарына киргизүү шартында Кыргызстандын экономикасы өзүнө өзү жетиштүү боло алат, анткени муну үчүн Кыргызстанда негизи ресурстар жетиштүү. Бар болгону адамдан чынчыл кызмат, акылмандык жана алысты көрө алгандык талап кылынат.

Калктын экономикалык жана социалдык деңгээли дагы өлкөнүн экономикасынын көрсөткүчү экендиги белгилүү. Ошон үчүн калк эмгекчилдиги аркылуу өзүн өзү камсыз кыла алаары шексиз.

Мисалы кыргыз элинде эмгекчилдик жетишпейт жана бул сапаттарга корей тугандардан, дунган жана башка туугандардан үлгү алып үйрөнсөк болот.

ЭКОНОМИКАНЫ КЫЙРАТУУ – ЭКОНОМИКА МЕНЕН КҮРөШҮҮ

Экономика деген эмне? Жөнөкөй гана жооп беребиз. Бул адамдын муктаждыктарын канааттандыруу жана коомдун материалдык дүйнөсүн өнүктүрүү. Мамлекетте экономика проблемаларын минимумга жеткирүү үчүн адамдын муктаждыктарын экономиканын абалынан көз каранды болуусун азайтуу багытында иш алып баруу керек. Башкача айтканда адам жашоосунун образын экономикадан көз каранды болуусун минималдаштыруу керек.

Төмөндө экономиканын негизги антропологиялык проблемаларын, башкача айтканда адамды экономикалык көз карандыга койгон турмуштун минимум тизмесин келтиребиз.

Ошентип экономика, бул төмөнкү минималдуу тизме:

– турак-үй, башкача айтканда турак-үй проблемалары;

– тамактануу, башкача айтканда тамактануу проблемалары;

– ден соолук, башкача айтканда дарылануунун финансылык проблемалары;

– кийим-кече, башкача айтканда кийим-кече менен камсыз болуунун финансылык проблемалары;

билим алуу, башкача айтканда окуунун финансылык проблемалары;

– жумушчу орундар, башкача айтканда материалдык жетишкендиктердин жумуштун бар же жок болууусунан көз карандылыгы;

– транспорт, башкача айтканда өлкө ичинде жана андан сырткаркы чекте бир жерден экинчи жерге баруунун финансылык проблемалары.

Жогорудагы адамдын муктаждыктарын чечүү же жоюу экономиканын проблемаларын минималдаштырууга алып келеер эле.

Жогоруда көрсөтүлгөн экономиканын негизги проблемаларын ирети менен чечүүгө аракет кылып көрөлү:

ТУРАК-ҮЙ:

Проблема эмнеде? Проблема, биринчиден, ар бир, ар бир гана муктаж болгон жаранга керек болгон учурда кезекке тургузбай турак-үй куруусу үчүн жер үлүшүн бөлүп берүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү. Бул жерде жердин жетишпөө проблемалары айкын болуп отурат. Бул проблемаларды дыйканчылык иштерин түз жерлерден тоо аймактарына канчалык мүмкүн болсо, ошончолук жылдыруу менен чечүү сунушталат. Мына ошондо жарандарга турак-үй куруу үчүн бир кыйла түз жерлер бошоп калар эле. Мындай мүмкүнчүлүктү теплица системаларын өнүктүрүү менен кеңейтсе болот, анткени ошондо кандайдыр бир даражада элге керек болгон эгин талаасынын аянты азаяр эле.

Кыргыз эли алмустактан бери тоолордо жашап келишкен, бирок цивилизациянын эски формасында. Андыктан ишке илимий ык жасап жатып бардык турмуш-тиричилик жактарынан өнүккөн жаңы тоо цивилизациясын өнүктүрсө болот. Ошентип дыйканчылык зонасын тоо аймактарына жылдыруу вариантынын ордуна үйлөрдү куруп адамдарды жайгаштыруу үчүн тоо аймактарын жаңычылдык менен багындыруу жагын караса болот.

Экинчиден, ар бир адам же турак-үйгө муктаж болгон ар бир адамдын өз алдынча үй куруу жөндөмү жок болгон проблемасы – куруучуларга эмгек акысын төлөө финансылык проблемасын жаратат. Эгерде үй куруу үчүн жер үлүшүн алган ар бир адам өз алдынча үй кура алса же үй куруунун негизги этаптарын өздөштүрө алса, бул бир кыйла финансылык жеңилдикти бермек. Бул проблеманы төмөнкүдөй кылып чечүү сунушталат:

Мектептин окуу программасына улук класстарда үй куруунун негизги этаптарына теориялык жана практикалык окутуу киргизилет. Бул фундамент куюу жөндөмү, кирпич коюу жөндөмү, тамдын чатырын салуу жөндөмү. Булар үй куруунун эң негизги компоненттери эмеспи. Үй куруунун ушул жагы чечилсе биринчи убактары үйгө көчүп кирип жашай берип шыбак, актоо жана башка жасалгалоо иштерин анан шашпай финансылык мүмкүнчүлүктүн улам жаралышына карап жасай берсе болот.

Албетте, ар бир адам үй куруу үчүн жер үлүшүн алгандан кийин үйдү өзү курабы же куруучуларды жалдайбы же байлыгына жараша даяр үй сатып алабы өзү гана чечет. Бирок фундамент куюу, кирпич салуу жана үйдүн чатырын жабуу практикасына окутуу мектеп программасына сөзсүз киргизилет да окуучуну бул өнөрлөргө окутуу ишин курулуш объекттерине жөнөтүп же мектепте эле атайын окутуу базасын куруп мектептин эле аймагында ишке ашырса болот.

Турак-үйлөрдү экономдуу куруунун башка варианты катары курулуш батаольондорун (стройбат) өнүктүрүү болуп саналат. Анда солдаттар бир-эки жылдык аскердик кызмат ичинде мөөнөттүү аскердик кызматын өтөп жатышкан катары жарандар үчүн үйлөрдү бекер курушат.

ТАМАКТАНУУ.

Бул арзан нан – нандын арзандыгы айыл чарба министрлигинин атамекендик, атамекендик гана буудай өндүрүүнү туура пландаштыруу жолу менен жетишилет. Бул арзан картошка. Бул дагы айыл чарба министрлигинин картошка өндүрүүнү туура пландаштыруу менен жетишилет. Бул арзан эт жана арзан сүт – мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен жетишилет. Бул арзан жумурткалар – тоок фермаларын өнүктүрүү менен жетишилет. Бул арзан кант – кант кызылчасын өндүрүүнү өнүктүрүү менен жетишилет. Бул арзан балык – өлкөнүн көлдөрүндө жана суу байлыктарында балык чарбачылыгын өнүктүрүү эсебинен жетишилет.

ДЕН СООЛУК.

Бул жерде адамдын оорудан айыгуу жана ден соолугун сактоо мүмкүнчүлүктөрүнүн финансылык көз карандылыгын жою тууралуу сөз болуп жатыр. Мындай нерсе атамекендик фармакологияны өнүктүрүү менен жетишилет. Ошондой эле акысыз профилактикалык медицинаны өнүктүрүү менен жетишилет. Башкача айтканда балдар бакчасы, мектептер, окуу жайлары жана жумуш деген социалдык институттарда өлкөнүн медиктери, мисалы, жарым жылда бир жолу бардык жарандарга акысыз сөзсүз медициналык комиссии өткөрүп турушат: балдарга балдар бакчаларында, окучуучуларга мектептерде, студенттерге окуу жайларында, жарандарга иштеген жерлеринде, үйлөрдө болсо жумушсуз жарандарга жана пенсионерлерге. Ошондой эле калктын ден соолук проблемалары дене тарбияны, спортту өнүктүрүү аркылуу жана глобалдуу түрдө сергек жашоого үндөп жана ден соолукту сактоо адебине үйрөтүү менен ишке ашырылат. Ошондой эле ушул платформанын башка бөлүмдөрүндө айтылгандай медицина рыноктун чегинен чыгарылып гумандаштырылат.

КИЙИМ-КЕЧЕ.

Кийим-кечинин ар бир түрүнө болгон баалар орто эмгек акысына ыңгайлаштырылат. Атамекендик кийим тигүү тармагы жана кийим-кечени экспорттоо өнүктүрүлөт.

БИЛИМ БЕРҮҮ.

Билим берүүнүн бардык деңгээлдери жаңы коомдук-экономикалык формацияда: социалдык гуманизмдин экономикалык моделинде чагылдырылгандай болуп акысыз болот.

ЖУМУШ ОРУНДАРЫ.

Мында жумушсуздукка жол бербөө. Мындай ийигиликке жетишүү дыйканчылыкты өнүктүрүп ишмердиктин бул түрүн массага кийирүү менен жүзөгө ашырылат. Муну үчүн бүтүндөй коомго жогорку билим берүү үчүн массалык дипломдоштурууга жол бербей калктын иш менен алек болуусун аң-сезимдүү бөлүштүрүү саясаты жүргүзүлөт. Себеби эгерде бардык жарандар жогорку билим алып алышса дыйканчылык зоналарында иштей турган адамдардын үлүшү азайып калат. Мында дагы бир эске ала турган нерсе, канткен менен Кыргызстан агрардык өлкө.

ТРАНСПОРТ.

Өлкөнүн ичиндеги бир жерден экинчи жерге баруунун финансылык проблемаларын чечүү үчүн калк отурукташкан пункттун чегинде жана калк отурукташкан пункттар аралык жүрө турган транспорттун электрдик түрлөрү өнүктүрүлөт. Муну үчүн калк отурукташкан пункттардын жана шаарлардын ортосундагы троллейбус линиялары өнүктүрүлөт. Ошондой эле илимдин жана техниканын өнүгүшү менен күйүүчү-майлоочу заттар менен иштеген транспорттун түрлөрүнөн четтеп транспорттун электрдик түрүнө өтүү колго алынышы керек.

Адамдын жогоруда аталган негизги муктаждыктарын кандырууга жетишип экономикалык проблемалардын көлөмүн азайтса болот.

Шайлоо системасы

Адам өзүнүн ыйманы менен илим жана техниканын жетишкендиктерине карама-каршы келет


Илимий-техникалык прогресстин, электрониканын кылымында, шайлоону өткөрүүнүн дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбасынан бир азга эле алыстоону моралдык жактан эскирген деп эсептеп, шайлоо иштеринде цивилизациялуулук белгиси катары илимдин акыркы жетишкендиктерин пайдалануу орундуу көрүнгөнсүйт. Бирок, техникалык ыкмаларды, ал тургай кагаздарды пайдалануунун өзү бурмалоодон, манипуляциялоодон жана шайлоонун жыйынтыгын жасалмалоодон сакталган эмес. Техникалык каражаттарды анын үстүнө электрондук системаларды колдонуунун өзү эле шайлоонун параметрлерин жана жыйынтыктарын манипуляциялоонун мүмкүнчүлүктөрүн алда канча көтөрөт. Ушундай эле ийгиликтер менен бюллетендерди жасалмаласа болот. Мисалы кагаздарды алмаштырып жана ошондой эле карапайым эл биле бербеген башка кир технологияларды пайланануу мүмкүнчүлүгү бар болот.

Ошон үчүн адам коомчулугу, шайлоо компаниясында кир технологияларды пайдалануудан таптакыр уялбай жатканда, шайлоонун эски ыкмаларына кайтуудан куру намыстанбай эле койсо. Адам коомчулугу илим жана техниканын жетишкендиктерине өзүнүн жорук-жосундары менен өзүнөн өзү эле ыйман жагынан каршыланып келет.

Ошон үчүн шайлоону өткөрүү канчалык жөнөкөйлөтүлүп, илимдин жана техниканын жетишкендиктеринен канчалык алыстатылып, канчалык көбүрөөк кол иштери пайдаланылса, шайлоонун тазалыгы жана тунуктугу ошончолук жогору болот. Андыктан шайлоону мурдакыдай кол менен добуш берүү ыкмасы менен өткөрүүдөн өткөн ишенимдүү жол жоктой жана мындай нерседе болуп жаткан окуя алаканга салгандай даана көрүнүп жатат.

Ушундай ойлорго карата президенттик шайлоону өткөрүү механизмин чагылдырып көрөлү.

Президентти шайлоо кол ыкмасы менен өткөрүлөт. Ар бир шаарда же калк жашаган жерде жарандар шайлоо үчүн чогула турган аянттар аныкталып даярдалат. Аянттардын саны жана алардын кеңдиги, ошол шаардын же айылдын бардык шайлоочулары бата тургандай тандалып алынат же даярдалат. Бир жаран бир убакта бир аянтта шайлоого катышып, башка убакта башка аянтка бара калып дагы бир ирет шайлоого катыша албасы үчүн, шайлоо бүт республика боюнча бир эле убакта бирдей өткөрүлөт. Ар бир жарандын добуш берүүсүнүн жашырындыгын камсыз кылуу максатында республика боюнча бардык шайлоочулардын саны аныкталып, ар бир шайлоочу үчүн бир жолку же көп жолку маскалык материал даярдалып таратылып берилет. Ошондо маска кийген адамдар, ким ким үчүн добуш бергенин билишпей калышат. Бирин бири кийиминен таанып калбашы үчүн жарандарга өзгөчөлөнбөгөн кийим кийип чыгуу сунушталат. Каалоочулар болсо маска кийбей ачык түрдө добуш бере алат.

Жарандардын кол ыкмасы менен өткөрүлгөн шайлоо фотосүрөт дагы видеотасма менен дагы катталат. Сүрөткө жана тасмага тартууну көз карандысыз байкоочулар да ишке ашыра алышат. Андан ары фотосүрөт жана тасма аркылуу добуштарды саноо жүргүзүлөт. Бул иш, албетте, узак убакты ала турган оор иш, бирок, канткен менен, ишенимдүү ыкма.

Шайлоону минтип өткөрүүнүн аналогиялык механизмин депутаттарды да шайлоо үчүн иштеп чыгарса болот.

Эскертме: шайлоо системасы туурасындагы жогорудагы тема 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында өткөн "Кыргызстандын өнүгүүсүнүн азыркы этабы: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар" аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга алынып чыгып анын жыйынтыгында студент У.Дүйшөналы "Стандартсыз ой жүгүртүү" номинациясынын жеңүүчүсү катары Грамота менен сыйланган.
Эми болсо Президенттердин балдары сөзсүз эле депутат болушу керек эместиги тууралуу бир-эки сөз. Анткени мамлекет, тагыраак айтканда бийлик менен эл бирдикте болуусуна коом али өсүп жете элек жана алардын ортосунда дайыма эле каршылашуу болуп келет. Качан гана адамдар, жарандык коомго жетишкенде, жөнөкөйлөп айтканда аң-сезимдүү жарандардын коому жаралып мамлекет өз элине чынчылыраак жана жоопкерчилик менен мамиле кылганда мындай проблемалар жоюлушу мүмкүн. Ушундай божомолдордон алып караганда президенттердин балдары депутат болуп калса коомдун кызыкчылыктарын чынчылдык менен объективдүү алып чыгышат деп анчейин деле ишене берүүгө болбойт. Мында президенттердин балдары, биздин укугубуз бузулуп жатат деп күйпөлөктөбөсүн. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жаткандай, реалдуу турмушта президенттердин балдары ата-энелеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып ыйман жана этиканын чегинен чыгып кетишип кээде коомчулукка зыянын тийгизип кылмыш иштерине барышып адатта жазасыз эркин калышат. Эгерде Президенттин уулу же кызы бийик жана жаркын идеалдар үчүн, татыксыз Президент-атасына же Президент-апасына каршы чыккан улуу инсан болсо башка кеп. Бирок мындай көрүнүш феноменалдуу жана сейрек.
Башка проблема. Кандайча парламентке мансап жана башкалар үчүн гана барбай цивилизация үчүн ак кызмат кыла турган чыныгы патриоттордун келишин ишке ашырса болот? Муну үчүн депутаттарды мамлекеттик камсыздандыруу элементтерин чектеп кыскартуу сунушталат. Буларды төмөнкүдөй деталдар аркылуу чагылдырып көрөлү:

– башка жактан келген депутаттарга туруктуу турак үй бербей, депутаттык мөөнөтү бүткөнчө гана убактылуу турак үй берүү;

– алардын эмгек акыларын катардагы жарандардан айырмалап өзгөчөлөбөй, тескерисинче жөнөкөй кишинин айлыгына мүмкүн болушунча жакын болгон орточо стандарт иштеп чыгуу; бир жагынан мындай механизм депутаттардын жөнөкөй адамдардын проблемаларын жана азабын унутпай катардагы жарандардын ачуу социалдык демин сезип туруусуна түрткү болуп тураар эле.

– депутаттын нормалдуу иш аткаруусун камсыз кылуу үчүн автоунаа менен, албетте, камсыз кылуу зарыл. Ошентсе да депутаттар коомдук транспортту пайдаланышы тууралуу да ойлонуп көрүү маанилүү.

Идеалдуу алганда жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик камсыздандыруу элементтерин, бүткүл калктын жашоо-турмушу, өлкөнүн экономикасы өнүгүп качан гана депуттатарга чынчылдык жана ыйман-этикалык көрсөткүчтөрү мүнөздүү болгондо депутататрдын бактысына жактап берсе болот. Бирок мындай мезгилдин келиши али алыс.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет