Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



бет12/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15

...Эгерде мен Президент болсом:

"Президент болгон чагымда мен мамлекеттик педагогдун образын, акылман ойчулдун жана философтун образын өзүмө камтымакмын, чынчыл жана акылман мамлекеттик ишмер, катуу жана адилеттүү, чечкиндүү тартип орнотуучу жана муунду тарбиялоочу болоор элем. Анткени бул замандын ачуу талабы. Кандайдыр бир маселе Президентке караштуу болбой тийиштүү министрдин же акимдин түздөн-түз милдети болсо да адамдар митингге чыгып Президенттен гана талап кылып жатышканы, кандай Президент болсо куду ошондой чиновниктер, куду ошондой тартип болоруна байланыштуу гана туура көрүнүш. Өлкөнүн өткөөл мезгилинде Президенттин бир-эки эле жылда өлкөдөгү абалды оңдоп жиберүү такыр мүмкүн эмес деп актанышы адаткы көрүнүшкө айланып жатат. Эгерде экономика же социалдык көйгөйлөр тууралуу кеп болуп жатса мындай "актануу" туура эле. Бирок такыр эле убакытты талап кылбаган маселелер деле болот. Бул нерсе убакыттан такыр көз каранды эмес, тескерисинче Президенттин эркинен, жеке моралдык-психологиялык сапаттарынан көз каранды. Бул – тартип. Өлкөдөгү темирдей катуу жана адилеттүү тартип орнотуу маселеси. Президент шайланып өз милдетине киришкенден кийин өлкөдөгү тартипти бир айда эле орнотсо болот. Ал эми президенттигинин биринчи күнүндө ыйманы кеткен коомдун мүчөлөрүнө кыргын коркунучун көрсөтүп, начар иштеген чиновниктерди дүрбөлөңгө салып үрөйүн учурса болот.

Ошон үчүн Президент болсом мен:

1. Өлкөдө катуу тартип орнотууга киришип бир жолу жана түбөлүккө темирдей катуу тартипти жар салып бекитмекмин. Мамлекеттик кызматкерлердин жана коомдун мүчөлөрүнүн тартибисиз экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес. Андыктан темирдей катуу жана адилеттүү тартип – экономиканын өнүгүшүнүн биринчи шарты.

2. Бүтүндөй муунду тарбиялоого киришмекмин. Анткени мен буга чейин белгилегенимдей, мезгилдин талабы менен мен мамлекеттик масштабда педагог болбодумбу, ойчул жана философ, акылман мамлекеттик ишмер болбодумбу.

Тарбиялоону эки ыкма менен өткөрмөкмүн:

а) Колумда кубаттуу жана бай маалымат ресурсу – телекөрсөтүү жана газеталарды пайдаланып бүткүл улуттук форматта системалуу түрдө теледен чыгып ойчул катары өсүп келе жаткан муунга, бүтүндөй элге лекция окуп турмакмын. Эч талыкпастан баарынан мурда ЧЫНДЫК, ЧЫНЧЫЛДЫК ТУУРАЛУУ, ыйман, этика, гуманизм, трайбализм проблемасы жана башка көптөгөн нерселер тууралуу айтып турмакмын. Ишенсеңер, эл артыман жүрмөк, эл мени сүйүп калмак. Анткени мен Президент болуп туруп ушулардын баарын айтып жатпаймынбы.

Мен элестеткен бир кызыктуу мисал келтирбей коё албай жатамын:

"Урматтуу маршруттук таксилердин айдоочулары, акчанын артынан кууп жатып жакшылык, адамды сүйүү жана гуманизм тууралуу унутпагыла. Суранам, биздин чоң энелерибизди, чоң аталарыбызды жана урматтуу пенсионерлерибизди сыйлайлы. Кечирип койгула, урматтуу мекендештер, бирок сиздер өзүңүздөрдүн машинаңыздардын ичинде пенсионерлердин бар болуусун, алар жеңилдиктерден пайдаланып беш сомдун ордуна үч гана сом төлөп жаткан себептен улам аларды пайдасыз жүргүнчүлөр катары жактырбай жатасыңар. Баарынан да жаманы, аялдамаларда улгайган адамдар турса токтобой өтүп кетесиздер. Алар эмгек сиңирип алышкан льготтордон пайдаланышканынан улам сиздерге пайдасыз жүргүнчүлөр болуп жаткан себептен ушинтип жатканыңыздар бизге айкын. Суранам, ак көңүл, айкөл болуңуздар, өзүңөрдүн ыймандуу жүзүңөрдүн рыноктук турмуштун казанында эрип кетишине жол бербеңиздер.

Урматтуу маршруттук таксилердин айдоочулары, сиздердин оңой эмес жана эрдиктүү жумушуңарга ийгиликтерди каалаймын. Мени кечиририп коюңуздар, жаман көрбөңүздөр, Сиздерге терең таазим этемин!"

Мында окурмандын ыктымалдуу суроосу: кынтыксыз комфорттуу жерде жашап турмуш-тиричилик да, коомдук мүнөздүү да көйгөйгө дуушар болбой жыргал шартта жашап жүргөн Президент коомдук транспорттогу мындай жаман нерселер тууралуу кайдан билет? Президенттин жообу мындай болот: же мен жаш кезимде карапайым адам болуп жүргөндөгү көйгөйлөрдү жүрөгүмдө жана аң-сезимимде сактап келгем, же президент болуп туруп, көчөдө бара жаткан жалгыз энени көрө калып, машинелердин токтошуна буйрук берип, машинеден чыгып ал кемпирдин жанына басып барып, анын көйгөйлөрү тууралуу сурап жатып заманыбыздын ушундай бир өтө баалуу мүнөздүү ыйман проблемаларын билип алдым.

б) тарбиялоо иштерин билим берүү системасы – балдар бакчасынан баштап университет жана академияларга чейин жүзөгө ашырмакмын. Жана мындай долбоорду иш жүзүнө ашырууга кечиктирбестен дароо киришмекмин, анткени муун ушунчалык тез өсүп турат, бүгүн эмнени сепсек, эртең ошону алабыз. Жөнөкөй арифметика: эгерде бүгүн эле биринчи класста окуган окуучуга нравалык-этикалык таасир тийгизе баштабасак, он жылдан кийин ал олдоксон моралдык-этикалык жүзү менен коомдук жашообузга кошулуп кире келгенде, анда орточо эсеп менен бул адам 50-70 жыл бою адамдарга нормалдуу идеологиялык атмосферада жашоого тоскоол болот. Анткени болжол менен ал киши ушунча жыл арабызда жашап коомдук терс моралдык-этикалык атмосфера жаратып турат. Мындай адамдардын армиясы жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн эсебинен миллиондоп толукталып турушу мүмкүн. Ал эми өзүнүн көз карашы калыптанып калган мектеп бүтүрүүчүсүн кайра оң жолго салып өзгөртүү абдан кыйын.

3. Президенттик ишмердиктин кабинеттик образынан баш тартып калктын тыгыз катмарына интенсивдүү түрдө кирип адамдар менен жандуу сүйлөшүп турмакмын, буттарымда чуркамакмын. Президент катары жашоонун комфорттук шарттарында чөгүп кетпестен элди аралап жон терим менен карапайым адамдын көйгөйлөрүн сезип туруш үчүн. Буйруктарды берип жатып, кез-кези менен жана эң эле катуу талап менен менин буйруктарымдын аткарылышын көзөмөлдөп турмакмын, БУТТАРЫМДА ЧУРКАП.

Өзүмдү курчаган чөйрөдөгү төгүн маалымат бергендерди жана кошоматчыларды аёосуз түрдө элге шерменде кылып бетин ачып турмакмын. Кошоматчыларды өлкөнүн өнүгүшүнүн тормоздору катары бааламакмын.

4. Элдин укуктук маданиятын өстүрүүнүн үстүнөн иштемекмин. Маселен элге демократия жөнүндө кандайча туура түшүнүүнү айтып тураар элем. Тилекке каршы демократиянын урааны астында эл көбүнчө тоз-тополоң жасап жатат. Өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырып жатып коомдун башка мүчөлөрүнө зыян келтирип жатышат. Мисалы бийликке каршы акциясын өткөрүп башка адамдарга зыян тийгизип жолдорду тосуп салуу – жапайылыктын кынтыксыз белгиси. Анткени мындай учурларда митингдерди же ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнүн башка акылдуу жолдорун табууга адамдардын зиректиги жетпеди. Ошондой эле калктын мындай бөлүгү Кыргызстан элин дүйнөлүк коомчулуктун алдында уят кылып жатат.

5. Менин компетенциям жетпеген коомдук жашоонун айрым тармактарында кээ бир проблемалардын кийинки муундарда кайталанбай тургандай кылып түбөлүккө чечүү милдетин окумуштууларды топтоп аларга тапшырма кылып бермекмин. Урматтуу окумуштуулар үчүн илимий-изилдөө жана илимий-өндүрүш иштери үчүн бардык шарттарды түзүп бермекмин. Алгач алардын орчундуу көйгөйлөрүн сурап чыкмакмын. Эгерде окумуштуунун турак үй проблемасы бар болсо ага бекер үй тартуулап бермекмин. Же алардын башка көйгөйлөрүн чечип бермекмин. Окумуштуунун жеке көйгөйлөрүн мамлекеттик бийликтин күчү менен чечүү эң зор илхам болуп тураар эле. Мен түзүп бере турган шарттардын арасында алардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылып бермекмин. Керек болсо атайын кызматтарды жана элиталык спецназды кызматка тартып, анткени чет өлкөлүк атайын кызматтардын биздин мамлекетибиздин өнүкпөшү үчүн кызыкчылыктарын дайыма эске алып тураар элем.

6. Таза инсан болуп чындыктан жана журналисттерден коркмок эмесмин. Менин тартип бузууларым тууралуу чындыкты жазган журналистке тиймек эмесмин. Андан көрө чын жүрөктөн кейип өзүмдүн аброюмду сактап элден кечирим сурамакмын. Бирок сөз эркиндигине карата мага гана эмес, Кыргызстандын ар бир жаранына айтылган ушак-айым үчүн аябай катуу, бирок адилеттүү жаза колдонмокмун. Эл алдына чыгып ушакчыларды элдин душмандары, кыргыз мамлекетинин жана кыргыз цивилизациясынын тормоздору жана муунду жана элди тарбиялоонун душмандары деп жарыяламакмын.

...

Жогоруда көрсөтүлүп чыккан менин президенттик образымдын иш жүзүнө ашышы жана өлкөдө мен орноткон сонун тартип бар болгону маселени тактикалык чечүү болуп калып менин президенттик мөөнөтүм аяктап отставкага кетишим менен мени менен кошо жок болуп кетпей муундан муунга өтүү касиетине ээ болуп калышы үчүн ал эрежелер өзүндө стратегиялык жүктөмгө ээ болушуна кам көрмөкмүн.

Стратегиялык жүктөмдүн мындай бир жарык линияларынын бири катары, албетте, коомдун аң-сезимине идеологиялык жактан терең сиңип элдин туруктуу маданиятына жана ыйык салтына айланып калышы керек. Мындай салт – бул башкаруучунун образы. Аталган образ президенттикке кандидатты тандап алууда элдин эсинен эч качан чыкпай турган туруктуу критерий болуп калышы зарыл.

Башка стратегиялык линия болуп, эгерде мындай зарылдык пайда болсо, Башкаруучунун образына ылайык мындай критерийлер Конституцияда мыйзам катары да бекемделиши керек".


Саясаттагы кадр маселелери
Учурдагы кадр саясатындагы ката болгон тенденциялар булар:

1. Белгилүү саясатчылардын туңгуюк айланып туруусу. Башка айтканда көпчүлүк учурда бир белгилүү саясатчыны башка бир белгилүү саясатчыга алмаштырып турушат. Ошентип, эгерде бир министр кызмат ордунан кулап түшсө, аны башка министрдин креслосуна алып барып отургузуп коюшат. Ушундан улам ушул саясатчылар эч качан, өлөр-өлгөнчө саясий аренадан кетпеши керекпи деген ой пайда болуп жатат. Эмнегедир кадрлар жаңыланбайт. Саясатчылардын туңгуюк айлампасы дилетантизмди жаратууда.

2. Министр, губернатор, аким деген саясий мамлекеттик кызматтарга жана башка саясий мамлекеттик кызматтарга белгилүүлүк критерийлери менен дайындашып жатат. Тийиштүү министрлик кызмат ордун татыктуу ээлегидей анын белгилүүлүгү кырааттуу кесиптик өнүгүүсү менен келип чыккан эмес да. Анан кандайдыр бир депутат депутаттык ишмердигине чейин тийиштүү кесиптик өнүгүүгө жетишпесе да, же жок дегенде райондук жана областтык деңгээлде бир жыл жетекчилик кызматында иштебесе да бар болгону депутаттык ишмердиги менен эле белгилүү болуп калганы үчүн аны министр кылып дайындап коюу туура эмес. Анан кимдир бирөө эң кеминде мамлекеттик башкарууда, же жөн гана башкаруу тармагында тажрыйбасы жок болуп туруп бирок белгилүү журналист болуп калганы үчүн эле аны мамлекеттик кызмат ордуларына дайындай коюу туура эмес.

Адамды депутаттыкка БЕЛГИЛҮҮЛҮК КРИТЕРИЙИ МЕНЕН ЭМЕС шайлоого эл көнүшү керек. Белгилүүлүк критерийи менен шайласа болот, эгерде анын белгилүүлүгү, депутаттык ишмердикте керек боло турган кесиптик жол менен жетишилген болсо. Ушундай эреже-талапты, адамдарды саясий мамлекеттик кызматтарга дайындай турган чиновниктер жана Президент жетекчиликке алып иштеши керек.

Ошондой эле адамдын оратордук талантына сокурданбаш керек, жана ал кооз жана сабаттуу сүйлөй алгандыгы үчүн гана кызматка дайындоо туура эмес. Кандай гана болбосун кандидаттын билимине, эмгек стажына жана иш тажрыйбасына квалификациялык талаптарды коюу керек.

3. Саясий мамлекеттик кызматкерлердин тез-тез алмашып турушу. Бул нерсе саясий мамлекеттик кызматкерлердин өз ишине берилип ак иштешине терс кедергисин тийгизет. Бул болсо өз кезегинде мамлекеттик башкаруунун сапатына терс таасирин тийгизип тийиштүү тармактын жана коомдун өнүгүшүн кечеңдетет. Мында болсо министр, губернатор же аким сыяктуу саясий мамлекеттик кызматкер жаңы кызматка келип өзүнүн министрлигинин же тийиштүү мамлекеттик администрациясынын ишмердигин толук кандуу изилдеп анализдеп чыгуу сыяктуу жумушка чыгармачылык ык жасоого жана ошол системага же тармакка өзүнүн салымын кошууга үлгүрбөй калат.

4. Мамлекеттик казнаны уурдаган министрди, акимди же губернаторду, элдин күлкүсүн келтирип көбүнесе тек гана кызматынан четтетип бошотуп коюшат. Согуш мезгилинде эң кеминде атып салуу, ал эми тынч убакта казнанын ордун толуктоо талап кылынышы керек.

Министрди кызмат ордунан бошотуп коюу – аны эркиндикке коё берүүгө жана андан кийинки министр дагы жасоосуз уурдай берүүгө шарт түзүп берүүгө тете.

Министрлер, мамлекеттик комитеттин төрагалары, административдик ведомстволордун жетекчилери, областтык жана райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары иш тажрыйбасы жана иш билгилиги менен дайындалышы керек да авторитет, белгилүүлүк критерийлери боюнча же коомго белгисиз себептер менен дайындоого, ал аз келгенсип анын белгилүүлүгү ошол дайындалып жаткан министрликке тиешеси жок болгон дайындоолор практикасы түп-тамырынан бери жоюлушу керек.

5. Бар болгону кесипкөйлүктү талап кылуу каталыгы. Кыргызстанда трайбализм өкүм сүрүп турган шарттарда жана коом бул трагедиялык оорудан айыгууга мажбур болуп турганда, саясий мамлекеттик кызматка кандидат болуп турган кишиден ыйман сапаттарын да талап кылуу зарыл болуп жаткан кез. Башкача айтканда ал коомго канчалык деңгээлде үлгү боло алат жана коомду артынан ээрчитип кете алат. Анан ал бардык кыргызстандыктарга бирдей мамиледе экенин канчалык даражада ынандыра алат.

6. Үлгүлүү кадрларды тандап кыргыз элин трайбализмден тарбиялап-айыктыруунун ордуна кадрлардын мамлекеттик башкаруу органдарындагы орун алышын жасалма түрдө регионалдык тең салмакка келтирүү каталыгы. Татыктуу кадрды тандап алууда конкурстук тандап алуу сунушталат. Бирок бул региондордун өкүлдөрүнүн арасындагы конкурс дегенди билдирбейт. Тек гана конкурска жарандар регионалдык факторлорго карабай катыша алышат. Эгерде конкурста тигил же бул региондон бир да кандидат жок болуп калса деле конкурс өткөрүлө берет. Себеби дагы бир жолу кайталап кетебиз, конкурс регионалдык эмес. Жөн гана бул регионалдык келип чыгуусунан көз каранды болбогон Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы акыйкат конкурс. Болгондо да конкурска катыша электе эле билими, эмгек стажы жана тажрыйбасы жагынан жооп берген кандидаттарга гана конкурска катышуу укугу берилиши керек. Жеңилип калган кыргыз тарап, конкурска алардын жердеши өтпөй калганын татыктуу моюнга ала билиши керек. Ал эми жеңишке жетишкен кандидат эгерде жеңилип калган кандидатка трайбализм жаатында шылдың кылып күлсө, кайрадан дароо кызматынан бошотулат. Себеби жеңишке жетишкен кандидат өзүнүн коомунун үлгүсү болушу керек.

7. Тигил же бул этностун мамлекеттик башкаруу органында башкалардай эле бар болуп орун алышын максат кылып талап кылуу – бул маңызында улутчулдук, себеби мамлекеттик башкаруу органына тигил же бул этностун өкүлүнүн келишине тоскоолдук кылуу фактысы болбой турса да жасалма теңештирүүнү талап кылуу маңызында улутчулдук көрүнүш (тоскоолдук кылуу фактору жана тоскоодук кылгандарды жазага тартуу бул башка маселе. Бирок эмнеге мамлекеттик башкаруу органдарында жасалма түрдө улуттардын өкүлдөрүн бар кылып теңдештирүү максаттын өзүнө (самоцельге) айланышы керек?).

8. Мамлекеттик башкаруу органдарына квоталарды коюу каталыгы. Бул болсо, татыктуу кадрларды жетишерлик кылып тандап алуу мүмкүн болбой калган учурда жумушчу орундарын дилетанттар менен жасалма түрдө толтурууга алып келет.

Жаштар саясатта
Он алты жаштан отуз беш жашка чейинки адамды жаш адам деп эсептөө кабыл алынган. Бирок мамлекеттик башкарууда бул түшүнүк салыштырмалуу гана нерсе. Мисалы кырк жашта Президент, премьмер-министр, министр, губернатор жана башкалардын кызмат ордун элөө жаш деп саналышы керек.

Жаштар Жогорку Кеңешке депутаттыкка баруу үчүн жаш чектөөсүн 21 жашка чейин түшүрүүнү талап кылып жатышканы туура эмес. Жаш адамдын телеберүүдө активдүү чыгып сүйлөп өзүн мыкты көрсөткөнүнө, митингдерде, жаштар кыймылында өзүнүн лидерлик жана оратордук өнөрү менен элди укмуштай таң калтырганына карабай иш тажрыйбасынын жана билиминин бар болушу сөзсүз шарт болуп калышы керек. Эгерде ал 21 жашында Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлей ала турган чын эле гениалдуу инсан болсо, дагы 25 жашка чыкканга чейин дагы төрт эле жыл сабырдуулук кылып чыдап турса, ал андан да күчтүүрөөк кадр болуп мамлекетке жана коомго көбүрөөк пайда алып келер эле.

Төмөнкүдөй тенденциялык көз караштар ката болуп саналат:

1. Эгерде саясатка жаштар келишсе, бул туура болот деген жаңылыш көз караш.

Азыркы учурда билим берүү сапаты бир кыйла төмөн түшүп кеткен, себеби дипломдук иштер, рефераттар жана курстук иштер ачыктан ачык сатылып жатат, башкача айтканда студенттердин бул проблемалары боюнча коомдо ачыктан ачык ушундай бизнестин түрү нукка коюлган. Анын үстүнө даяр жасалган иштерди интернет булактарынан эле көчүрүп алып жатышат. Эми болсо Кыргызстандын эмес, чет мамлекеттик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн башкага ишенүүгө болбой калды.

Андан тышкары эгерде жаштар өздөрү коомдук жайларда өздөрүнүн тартипсиздигин көрсөтүп жатып ошол тартипсиздигин оңдой албай жатып кантип өлкөнүн абалын оңдошмок эле: – айымдарды көзгө илбей сөгүнүп сүйлөшөт, ал түгүл мыкты деп аталаган университеттердин коридорлорунда да уялбай эле сөгүнүшөт; – коомдук транспортто улулууларга орун беришпейт; - улууларды урматташпайт; - коомдук жайларда тазалыкты сакташпайт; - парктарда болсо скамейкаларды буттары менен булгашып жатышат жана башка көптөгөн терс көрүнүштөр.

2. Жаштар таза келишип пара алышпайт деген жаңылыш ой-пикир.

Жаштардын көбү, албетте, чиновник боло элишек ошон үчүн өздөрүн пара алуу айдыңында текшерип көрө элишек, мына ошон үчүн аларды азырынча таза деп айтууга болот. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп көп адамдар менен, анын ичинде көп жаштар менен пара албай ак кызмат кылуу тууралуу көп сүйлөшкөм. Мен пара албай ак эмгектенем, пара алуу туура эмес деп айтып турчумун. Тилекке каршы көпчүлүк жаш адамдар пара албай ак кызмат кылуу бул акмакчылык, себеби азыркы рыноктук турмушта пара алып гана жашай алса болот деп жооп кайтарышчу. Анан алар, эгерде чиновник болуп калышса, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып пара алып жашайт элек деп ачык эле ой бөлүшчү. Бар болгону алар азырынча гана таза эмеспи. Ошон үчүн жаштар пара алуу айдыңында текшерилмейин, парага азгырылар-азгырылбашы билинмейин жаштар таза болушат деп жаңылбаш керек. Жогоруда келтирилген жаштардын пикирлерин билип көрүү учурларын мыйзам ченемдүү түрдө социалдык сурамжылоо жагынан карап көрсө болот. Мындай учурда мындай статистика пайда болууда: чынчыл болууга даяр болгон жаш адамды коомдо табуу кыйын.

3. Жаштар жаңы идеялардын дыйканы дешет. Бул жаңылыш ой-пикир.

Эки жарым жылдан бери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында (мурдакы аталышы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик иштери боюнча агенттиги) иштеп жатып Чүй, Талас областтарынын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарындагы кызмат орундарына конкурстарга, аттестацияларга, ошол эле мамлекеттик органдарга текшерүүгө барып иштеймин. Ошол конкурстарда жана аттестацияларда жаңы идеялары бар жаштарды көрүү кыйын. Жүздөгөн конкурстарга барып жүрбөдүмбү. Дээрлик бир да жолу конкурска катышкан жаштар жана ал мамлекеттик органдарындагы жаш кызматкерлер мени жаңы идеялары менен көрүнүп таң калтырышкан жок. Андыктан жаңы идеяларга дыйкан болуу адамдын жаш курагынан көп көз каранды боло бербейт.

4. Мамлекеттик башкаруу органдарында жаштарга квота берүү. – Бул жаңылыш ой.

Эгерде кокусунан жумуш орундарын татыктуу жаштар менен толтуруу мүмкүн болбой калса, мунун арты жакшы бүтпөйт, башкача айтканда мамлекеттик кызмат орундарын дилетанттар менен же жетишерлик тажрыйбасы жок жаштар менен жасалма түрдө толтурууга туура келет.

5. Жаштар иштери боюнча министрликти ачуу талабы – бул салыштырмалуу ката.

Мамлекеттик башкаруу теориясына ылайык мамлекеттик башкаруу тармактары үч негизги чөйрөгө бөлүнөт:

- экономика чөйрөсүндөгү башкаруу (экономика, каржы, айыл чарба, транспот, байланыш жана башка министрликтер);

- административдик-саясий чөйрөсүндөгү башкаруу (ИИМ, тышкы иштер министрлиги, коргоо министрлиги, улуттук коопсуздук комитети);

- социалдык жана маданият чөйрөсүндөгү башкаруу (эмгек министрлиги, маданият министрлиги, билим берүү жана башка министрликтер).

Ошентип, үчүнчү чөйрөдөгү башкаруу дайыма өзүнө жаштардын иштерин башкарууну камтыйт. Ушул өңүттөн алып караганда жаштар саясаты деп аталган жаштар иштери Кыргызстанда бирде билим берүү министрлиги тарабынан, бирде дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, бирде эмгек министрлиги тарабынан жана башка мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан башкарылып келген.

Ошон үчүн билбегендер үчүн: мамлекет жаштар иштери боюнча өзүнчө иш алып барып жатты бекен деген суроо жылдырып чыгаралы. Ооба, көрүнүп тургандай иш алып барган жана алып барууда. Мамлекеттин бир гана терс жагы жаштар ишин башкаруу функциясы уламдан улам бир министрликтен башка министрликке ары-бери ыргытылып турган.

Демек, жаштар жаштар иштери боюнча министрлик ачууну талап кылууга теориялык же илимий жактан негизделген ык жасабай жөн гана эмоционалдык ык жасап жатышат. Башкача айтканда суроо-талапты туура коюш керек. Министрликти ачуу муктаждыгы эмнеден улам келип чыкканын негиздеп берүү керек. Балким жаштар иштерин алып барган мамлекеттик органдар натыйжасыз иштеп жатабы? Же алар натыйжалуу иштеп калышы үчүн бар болгону жаштардын иштерин башкаруу функциясын адеп бир министрликтен улам башка министрликке ыргыта берүүнүн ордуна биротоло бир министрликке, мамлекеттик комитетке же административдик ведомствого бекитип койсо эле житиштүүдүр? Же тигил же бул министрликтин алдындагы жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлеринин штатын кеңейтип койсо эле жетиштүүдүр? Же бар болгону жаштар саясаты боюнча прогрессивдүү Концепция иштеп чыгуу эле жетиштүүдүр? Же жаштар иштерин алып барган департаменттин бардык кызматкерлерин айдап салып алардын ордуна акылдуураак кызматкерлерди отургузуп коюу жетиштүүдүр? Же болбосо жаштардын иштери боюнча атайын жаңы министрлик ачмайын жаштардын проблемаларын чечүү мүмкүн эмеспи?

Ошон үчүн жаштар иштери боюнча министрликти ачуу муктаждыгын, жогоруда коюлган суроолорго жооп издеп таап анан негиздеп айтыш керек.

Кандай гана болбосун, жаштар кубаттуу эмгек ресурсу, мамлекетти өнүктүрүүнүн потенциалы экендиги талашсыз. Жаштар менен эсептешпей коюуга кескин түрдө мүмкүн эмес! Жаштардын иштери кай бир министрликтин алдындагы мамлекеттик орган аркылуу башкарылабы, же жаштардын иштери өзүнчө бир бүтүн атайын министрлик аркылуу башкарылабы, ага карабастан жаштар саясаты боюнча иштер дайыма мамлекеттин приоритеттүү маселеси болуп келген жана болуп кала бермекчи.

Ошентсе да.

Кадр саясаты системасында, атап айтканда мамлекеттик кызматка кабыл алуудагы жаш кадрларды колдоо ишинде кандидаттын жаш экендигине, мамлекеттин жаш кадрларды колдоо саясатына да карабастан ошол жаш адамдын артында калтырган эмгек этабына олуттуу көңүл буруу керек. Маселеге мындай ык жасоо жаш адамдын министрлик кызмат ордун ээлөөгө тоскоолдук кылбайт жана жаш кадрларга колдоо көрсөтүү программасын четке какпайт. Мисалы, эгерде жаш адам министр болуудан алдын райондук деңгээлдеги мамлекеттик органда жок дегенде бир жыл, областтык деңгээлдеги мамлекеттик органда жок дегенде үч жыл, министрликте жок дегенде беш жыл иштеп келсе, ошол жаш адам болгону отуз эле жашында министр боло алат. Бул эмгек стажына коюлчу талаптын болжолдуу гана сунушу.



КООМДУК ЖАШООНУН ТОТАЛДЫК ПРОГРЕССИ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН НУКУРА ИЛИМДИГИ: "ЖЫРГАЛЧЫЛЫК ҮЧҮН БААРЫ ЖАНА БҮТ БААРЫ" ЖЕ "ТОТАЛДЫК КӨҢҮЛ БУРУУНУН ПРИНЦИБИ"

Тоталдык илимий көңүл буруу
Элдин турмушу, анын жайлуулугу, комфорту, тиричилик жана психологиялык ыңгайлуулуктары мамлекеттин тоталдык көңүл буруусунун принциби боюнча түзүлүүсү керек. Мамлекеттик башкаруу институнун же анын башчысынын, өзүнүн мамлекеттик максаттары жана милдеттеринин жалпы, глобалдык багытына ылайык коомдук жана тиричилик шарттарынын бардык жактарына тоталдуу көз сала албаган мыйхам ченемдъъ бошоңдугу бар. Анткени мамлекеттик башкаруунун маңызы табиятынан ушундай: жарандын жеке проблемаларына жакындай албай, жалпы мамлекеттик иштерди алып барат.

Мамлекет жана элдик башкаруучу, адамдардын турмушун моралдык жана укуктук жөнгө салуунун чегинде жарандардын турмушунун бардык жагына көзү жетип кулак салуусу керек. Мамлекет, чечиле элек көйлөрдүн себебинен келип чыккан элдик дискуссияларга өзгөчө көңүл буруп маселелерди илимий чечүү менен дискуссияларды жоюп туруусу керек. Албетте, дискуссияларды пайда кылган бардык эле көйгөйлөр гармониялуу чечиле бербей убакыт жана мейкинди, кандайдыр бир эволюцияны талап кылат.

Коомдук жашоонун тоталдык прогресси жана мамлекеттик башкаруунун нукура илимдиги: "жыргалчылык үчүн баары жана бүт баары" же "тоталдык көңүл буруунун принцибин" иш жүзүнө ашыруу максатында адамдардын турмушунун жыргалчылыгынын бардык тармагына сүңгүп кирип жана коомдук жыргалчылык объекттерин илимий-тиричилик өнүктүрүүнү издөөгө илимий-ойлоп табуу коомчулугун чакыруу керек.

Төмөндө, элдин коомдук жана тиричилик шарттарынын потенциалдуу табыла турган бардык көйгөйлөрүнө экстраполяция болуу касиетине ээ боло турган, классикалык мүнөзгө айланган көйгөй-мисалдар чагылдырылат.

Алдын төмөндө кыла турган сөз дагы мамлекеттик башкаруунун жол баштаган көрүнүшү болот деген ишеним менен кеп кылабыз:



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет