5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


-кадам: Мугалим окуучуларга текстти таратып берет. Окуучулар окуп  чыгышкан соӊ талкуу уюштурулат. Аалам падышасы аталган Искендер Зулкарнайн



Pdf көрінісі
бет45/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   41   42   43   44   45   46   47   48   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

2-кадам: Мугалим окуучуларга текстти таратып берет. Окуучулар окуп 
чыгышкан соӊ талкуу уюштурулат.
Аалам падышасы аталган Искендер Зулкарнайн бир жашыруун сырын жакын 
адамына айтып салат. Анын да жакыны бар да. Жакынынын да жакыны болуп отуруп, 
айтор, атактуу колбашчынын купуя сыры бүт мамлекетке тарайт.
Буга Искендердин ачуусу аябай келет. Устазы Арастуга ушул окуя тууралуу 
айтып, эми сыр сактай албаган тигил кишини кантип жазаласам деп сурайт. Антсе 
устаты: «Сенин ал кишиге жаза берүүгө акың жок, өзүң айыптуусуң, сырыңды өзүң 
сактай албай, дилиң ташып кетип, бирөөгө айтып салгансың. Сен сактай албаган 
сырыңды башка бирөө кантип сактамак эле! – деп жооп бериптир. 
Сыр сактоодо сабырдуу боло албоо – мамлекеттерди, керек болсо улуу 
державаларды кыйраткан, душман алдына полководецтерди чөгөлөткөн, эчендеген 
тагдырларды кыйраткан. Ошон үчүн «сөз күмүш болсо, сүкүт алтын» дешет. 


62 
№21 Сабак:
ИШТЕМЧИЛДИК 
Сабактын максаты: 
➢ 
Окуучулар эмгекчилдикке үйрөнүшөт; 
➢ 
Иштерман болуунун пайдасын түшүнүшөт; 
➢ 
Бири-биринин пикирин баалоону үйрѳнүшѳт; 
Сабактын жабдылышы: 
Окуучуларга таркатылуучу текст, ватмандар, маркерлер, проектр, слайддар.
Сабактын жүрүшү: 
1-кадам: Мугалим окуучуларга текстти окуп берет. Текст боюнча суроолорду 
берет. Класста талкуу уюштурулат.
Текст.
Бирөөнүн үч уулу болуптур. Атасы аларга ар дайым «уйкуну кандыра уктагыла, 
тамакты кушкер кылып жегиле» деп насаат айтуучу экен. Жылдар жылып, мезгил 
закымын кубалап жүрүп, үч уул тең эрезеге жетип, атасын ээсине тапшырып, өз бет 
алдынча жашоону баштайт. Эки улуусу ата керээзи деп, жуурканды калың салып, бак 
ичинде булбул-кушту сайратып, уйкуну катырчу экен да, түрдүү даамдарды 
тынымсыз жеп, жаштыгын өткөрүптүр. 
Кичүү уулу болсо ата керээзин башкача кабылдаптыр, кечке тыным билбей тер 
агызып, талаада иштеп, кечинде чарчап келип, курсагы ачып, берген оокатты 
калтырбай жеп, тырп этпей уктап калчу экен. 
Кийин-кийин эки улуу баланын ичи чыгып, эткээлдиктен ооруга кабылып, 
үйүндө ырыскысы түгөнүп, итке минип калышса, кичүүсү дени сак, саглам болуп
байлык да, ырыскы да, олжо да үйүнө батпай кетиптир... 
Көрсө атасы эмгектенген кишинин гана уйкусу канат, тамагы кушкер болуп 
жакшы сиңет деген экен.
Хадистерде «Адал кесиптен чарчап уктаган адам күнөөлөрү кечирилген абалда 
түнөйт» деп айтылат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   41   42   43   44   45   46   47   48   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет