Биринчиден, бүтүндөй дүйнөнүн сүрөтүн, элесин («картина мира») тартат. Ай-ааламдын түзүлүшүн, маани-маңызын талдоого алат. Ушул максатта башка илимдердин жемишине, адамдын рухий иш-аракетинин башка формаларынын (искусство ж. б.) натыйжаларына кайрылып, аларды жалпылап, синтездеп, баарына тиешелүү мыйзам - ченемдерди табууга аракет жасайт, адам жашап жаткан дүйнөнүн жалпы, бүтүндөй турпатын аныктоого күч жумшайт. Ошондуктан муну философиянын универсал - интеграциялык функциясы десек ылайык келет.
Экинчиден, адам аны курчаган маданияттын аркасында гана адам катарына кошулат. Бала кезинен бу дүйнө менен кош айтышканга чейин аны адам баласынын акылы менен түзүлгөн, анын колунан жаралган буюм-тайымдар, курал- жарактар, шарт-жагдайлар, не бир баалуу, не бир татаал нерселер курчап турат: бешиктен баштап асман тиреген имаратка, комуздан баштап пианиного, ээрден баштап космос станциясына дейре. Философия маданиятты түзүп турган ар бир буюмду адам баласынын акыл-эсине, интеллектуалдык-рухий дараметине байланыштырып карайт. Муну философиянын культурологиялык функциясы деп түшүнөбүз.
Үчүнчүдөн, ар бир нерсенин баасы, мааниси бар. Адам жашаган дүйнөдө жакшы менен жаман, ак менен кара, чын менен жалган, бийик менен жапыс, таза менен кир аралаш турат. Демек, адам өзүн курчап турган дүйнөнү көрүп-билип эле чектелбейт, ал баалайт, жаккан-жакпаганын, керектүү-керексизин ажыратат. Мында да философиялык ой-түшүнүк жардамга келет. Адам философиядан таалим-тарбия алат, чен-өлчөмдү табат, жол издейт. Муну философиянын аксиологиялык (баалуулук жөнүндөгү окуу) же тарбиялык функциясы катары аныктасак болот.
Жогоруда айтылгандар философиянын дүйнө таанууга байланышкан функцияларына тиешелүү. Анын методологиялык функциялары;
Достарыңызбен бөлісу: |