Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү


-2014-жж. саламаттык сактоонун негизги көрсөткүчтөрү



бет11/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   19

2013-2014-жж. саламаттык сактоонун негизги көрсөткүчтөрү


Көрсөткүчтүн аталышы

Ченөө бирдиги

2013-жыл

2014-жыл

Иш жүзүнөн

Четтөө

(+,-)

Төрөлүүлөр

1 миң адамга

27,2

27,7

0,5

Табигый өсүштүн көрсөткүчү

1 миң адамга

21,1

21,6

0,5

Жалпы өлүмгө учуроонун көрсөткүчү

1 миң адамга

6,1

6,1

0,0

Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү

1000 тирүү төрөлгөндөргө

19,9

20,2

0,3

Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү

100 миң тирүү төрөлгөндөргө

36,0

47,6

11,6

Калктын инфекциялык жана мите ооруларына чалдыгуусу.


2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу сальмонеллез инфекцияларына (2,2 эсеге), вирустук гепатитке (1,7 эсеге), сифилиске (1,5 эсеге), бруцеллезго (1,2 эсеге) чалдыгуулардын азайгандыгы байкалган. Инфекциялык жана мите ооруларынын түзүмүндө курч респиратордук-вирустук инфекциялар мурункудай эле жогорку бойдон калууда (61 %).

Ошол эле учурда, 2014-жылы эпидемиялык кырдаал бактериялык менингитке (2,9 эсеге), сасык тумоого (1,5 эсеге), педикулезго (1,1 эсеге) жана эпидемиялык паротитке (1,2 эсеге) чалдыгуунун көбөйгөнү менен мүнөздөлдү. 2014-жылы кызамык оорусуна чалдыгуунун кескин өсүшү катталды, 2013-жылы 1 учур болсо, 2014-жылы 308 учур катталган.

Кургак учук ооруларынын азайгандыгы байкалды. 2013-жылы 5918 учур (100 миң адамга 103,5) катталган болсо, 2014-жылы 5849 учур катталды (100 миң адамга 102,0).

ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 27,4 %га көбөйүп, 100 миң адамга карата 10,7 түздү (2013-жылы- 8,4), анын ичинен 14 жашка чейинки балдар - 100 миң адамга карата 2,3 түздү (2013-жылы - 100 миң адамга карата 1,3).

ВИЧ учурларына электрондук байкоо жүргүзүү системасы иштеп жатат, бул ВИЧ менен жашаган адамдарга медициналык байкоо жүргүзүүгө көмөктөшөт.

2014-жылы иммуноферменттик анализ методу менен 450,7 миң адам текшерилди, 645 ВИЧ-инфекциялуу адам аныкталды, анын ичинен 612си Кыргызстандын жараны. 612 ВИЧ-инфекциялуулардын ичинен, 82 учурду кош бойлуу аялдар, 175 учурду инъекциялык баңги затты керектөөчүлөр түзөт.

2014-жылы биринчи жолу антиретровирустук терапияга 779 ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адам кошулду, бул 2013-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге көп. СД4 иммундук статуска лаборатордук мониторинг жүргүзүүгө жеткиликтүүлүк жакшырды, 1452 изилдөө
(2013-жылы- 1138, 1,3 эсеге өстү), вирустук оорчулукка 2153 изилдөө жүргүзүлдү (2013-жылы - 1004, 2,1 эсеге өстү).

ВИЧ инфекцияларын, С гепатитин, В гепатитин аныктоо үчүн


21 диагностикалык препараттардын сапатына иммуноферменттик метод, линиялык жана иммундук блотинг жана экспресс-тестирлөө методдору менен баалоо жүргүзүлдү. Сифилисти диагностикалоо боюнча
80 лабораториянын, ВИЧти диагностикалоо боюнча 46 лабораториянын (анти - ВИЧ), В гепатит (HBsAg) диагностикалоо боюнча 42 жана С гепатит (анти-ВГС) диагностикалоо боюнча 42 лабораториянын сапатына тышкы баалоо жүргүзүлдү.

Мамлекеттик дары-дармек саясаты. 2015-жылдын 9-январына карата Кыргыз Республикасынынын медициналык практикасында колдонууга 6789 фармацевттик продукциянын аталышы катталды жана уруксат берилди: алардын ичинен дары каражаттары (ДК) - 4575, медициналык багыттагы буюмдар (МББ) - 2214. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын бажы аймагына дүң жеткирип берүүчүлөр тарабынан 11428,9 млн сом суммасына фармацевттик продукциялар алып келинди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы
№ 306 токтому менен Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы («Ден соолук-2020») бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 452 токтому менен «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылды.

«2014-жылдын 7-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти 2014-жылдын 13-июнунда кол койгон.

«2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF015135) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти 2014-жылдын 9-июлунда кол койгон.

2014-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-2014-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

«Кургак учук менен күрөшүү программасы V» долбоорун ишке ашыруу башталды. Немис өнүктүрүү банкынын (КFW) гранттык колдоосу менен төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда: «ВИЧ/СПИДи алдын алуу II (Канды коопсуз куюу), «Кургак учук III-IV», «Эне жана баланы коргоо IV-V»; «Кечиктирилгис медициналык жардамды түзүү -2».

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар:

- Сузак районунун Октябрь айылындагы аймактык оорукананын
50 койкалуу орукана комплексинин имаратынын курулушу аяктады;

- Суусамыр айылында Жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имаратынын курулушу бүттү, жабдуулар менен жабдылды;

- Алай аймактык ооруканасынын Сопу-Коргон филиалынын
25 койкалуу хирургиялык бөлүмүнүн курулушу аяктады;

- Араван аймактык ооруканасынын 40 койкалуу инфекциялык бөлүмүнүн имаратынын курулушу аяктады;

- Жалал-Абад шаарында № 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер топбунун жаңы имаратынын курулушу АРИСтин (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин) финансылык колдоосу менен аяктады, жалпы долбоордук наркы 5 млн сом, шаардын мэриясы 0,6 млн сом;

- 2014-жылдын сентябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жалпы сметалык наркы 21,0 млн сом болгон жаңы Үй-бүлөлүк медицина борборунун (мындан ары-ҮМБ) ачылышы болду; 2014-жылдын ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунун ҮМБ курулушу аяктады.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен саламаттык сактоонун чыгымдарына иш жүзүндө 12031,3 млн сом каржыланган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (мындан ары - ММК). 2014-жылы ММК фондунун иши Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоого, көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга, камсыздандырылган жарандарды жана калктын жеңилдик алууга укуктуу категорияларын дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртууга, Бирдиктүү төлөөчү системасынын каражаттаарынын сарамжал жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоого, ошондой эле медициналык кызматтарды алууда жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, саламаттык сактоо жаатындагы укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

2014-жылы ММК фонду тарабынан Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - МКП) ишке ашырууга 248 мамлекеттик жана 3 жеке менчик саламаттык сактоо уюму менен келишим түзүлгөн.

2015-жылдын 1-январына карата ҮДТга катталган калктын саны республика боюнча 5456,1 миң адамды, анын ичинен камсыздандырылгандар 4097,8 миң адамды түздү, бул катталган калктын жалпы санынын 75,1 %ын түзөт.

Калктын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылышын көбөйтүү максатында, камсыздандырылбаган жарандар үчүн 9196,8 миң сом суммасына 23,7 миң ММК полиси сатылган, бул
2013-жылга караганда 44 %га көп (2013-жылы 5524,0 миң сом суммасына 16,4 миң ММК полиси сатылган).

Стационарларларда түздөн-түз бейтапка кеткен чыгымдар


1 оорулууга 1 күнгө консолидацияланган бюджеттен (ыкчам маалыматтар боюнча): медикаменттерге 166,16 сомду (2013-жылы 139,77 сом), тамактанууга 74,74 сомду (2013-жылы 68,21 сом) түздү. ММКнын Кошумча программасынын рецепттери боюнча сатылган дары-дармек каражаттары үчүн орду толтурулган сумма 173,1 млн сомду түздү.

Каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында ММК фонду тарабынан Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз негизде экспертиза жүргүзүлүп турат.

2014-жылга карата Бирдиктүү төлөөчү системасынын такталган консолидациялык бюджетинин планы 10875,6 млн сомду түздү жана
2013-жылга салыштырмалуу 1,3 %га көбөйдү (2013-жылы - 10740,0 млн сом).


      1. Билим берүү, илим жана инновация

2014-жылы негизги жыйынтыктар тѳмѳнкүлѳр болду:

Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө:

- балдарды мектепке даярдоо программасы боюнча мектепке 95991 бала (100 % ѳз каалоолору менен келгендер) камтылган, анын ичинде мектепке чейинки курактагы 72,4 % бал 240 сааттык мектепке даярдоо программасы боюнча, 24,4 бала - балдар бакчаларында, 3,2 % бала - ар кандай мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутулду.

- балдарды мектепке даярдоочу 2237 класс жабдылды жана методикалык колдонмолор, китептер, акыл-эсти өстүрүүчү оюндарды жана көргөзмө материалдарды кошкондо, окуу-методикалык материалдар менен камсыздалды.

- 927 балдар бакчасы 2 жаштан 7 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүн беришет. 2014-жылы 132,5 миң бала же мектепке чейинки курактагы балдардын 17,5 %ы балдар бакчаларына барышты 13.

- 2014-жылы жооптуу мамлекеттик жана укук коргоо органдары менен биргеликте мурдагы балдар бакчасынын 92 имараты кайтарылды. Дагы 2 имарат боюнча соттук териштирүүлөр жүргүзүлүүдө. Кайтарылып алынган 92 мектепке чейинки уюмдардын 68и өзүнүн түз багыты боюнча иштеп баштады, 17синде оңдоо иштери жүрүүдө, ал эми 7 имарат үчүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражат издѳѳ зарыл.

Мектептик билим берүү чөйрөсүндө:

- Кыргыз Республикасы боюнча бардыгы 2207 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анда 1027,1 миң бала билим алышат14;

- мектептердин жүктөмүн азайтуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2014-жылы 42 мектеп курулду, (анын ичинен


15 мектеп туркия кредитинин эсебинен). авариялык мектептерди кошкондо;

- жаңы типтеги мектептердин саны 12,5 %га көбөйдү жан азыркы учурда республикада 276 окуу-тарбия берүү комплекстери, лицейлер гимназиялар иштейт;

- 2014-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн массалык жалпы билим берүүчү уюмдардын базасында иштешкен инклюзивдик билим берүүнүн 2 ресурстук борбору ачылып, иштеп жатат (Нарын жана Ош шаарлары). Мурда борбор Чүй облусунда ачылган;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн республика боюнча 2218 баланы камтуу менен 14 балдар бакчасы, жалпы 2543 баланы камтуу менен 15 мектеп-интернат, ошондой эле 542 баланы камтуу менен 4 күндүзгү адистештирилген мектеп иштейт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү өзгөчө чектелген 512 бала үчүн үйүнөн билим берүү уюштурулган;

- билим алуусу үзгүлтүккө учураган, анын ичинде иштеген балдар үчүн республикада 9 кечки мектеп, 1 сырттан окуу мектеби иштейт, 42 жалпы билим берүүчү уюмдарда ачылган, кечки/сырттан окуу формалары менен 183 класс ачылган жана иштейт. Жалпы 6403 бала билим берүү менен камтылган;

- билим берүүнү күтүүнү реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген, ага ылайык окуучуларда кометенттүүлүктү калыптандырууга багытталган билим берүүнүн жаңы методологиясын бекитүүчү Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасына жаңы муундун стандарттарын этап-этабы менен киргизүү улантылууда;

- 3-класстарга жаңы муундун стандарттары үчүн окуу-методикалык комплекттер басылып чыкты. Республиканын 79 жалып билим берүүчү уюмдарында 4-класстар үчүн окуу китептерин апробациялоо аяктады (кыргыз, өзбек, орус тилдеринде);

- 5-9-класстар үчүн жаңы муундун 18 предметтик стандарты иштелип чыкты;

- 2004-жылы кабыл алынган Мамлекеттик стандарт боюнча окуу китептери менен камсыз болуу 2014-жылы республика боюнча 75 %ды түздү, ага ылайык 4-11-класстар окуп жатышат. 2014-жылы 21 аталыштагы окуу китептери 495,7 миң нускада жалпы суммасы 93,6 млн сомго басып чыгарылды;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына (edu.gov.kg) «Электрондук китептер» бөлүмү жайгаштырылган, анда ачык жеткиликтүүлүктө 11 аталыштагы китеп,


8 методикалык колдонмо жайгаштырылган;

- 2014-жылы 2012-жылга салыштырмалуу компьютерлердин жетишсиздиги 1 компьютерге 57ден 22 окуучуга чейин азайтууга мүмкүндүк болду;

- 2014-жылы табигый илимдердин циклинин 4 предметин окутуу үчүн 100 инновациялык мектепти интерактивдүү жабдуулар менен жабдуу боюнча долбоор биринчи жолу ишке ашырылды. Мындан тышкары республиканын 180 мектебине 623 жеке компьютер жана 103 көп функциялуу түзүлүштөр сатып алынды жана жеткирилди;

- 11-класстын окуучулары үчүн ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү документти алуу укугун объективдүү ырастоо практикасы улантылууда;

- Мугалимдердин кесибин жогорулатуу алкагында балдардын окуудагы жетишкендиктерин баалонун модулдук системасы боюнча башталгыч класстардын 3300 мугалими жана башталгыч класстар боюнча директорлордун 2200 орун басары билимин жогорулатуу курсунан ѳтүштү;

- 2015-жылдын 1-январына карата педагогикалык кадрларга болгон керектѳѳ 1409 түздү (бул 2012-жылга караганда 2 эсеге аз);

- 2014-жылы республиканын бардык мектептери ченемдик бюджеттик каржылоого ѳтүштү, республикалык бюджеттин каражаттары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык түзүмдѳрү аркылуу жиберилүүдө.

Орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө:

- азыркы учурда орто кесиптик билим берүү уюмдарында билим алган студенттердин контингенти 93 миңден ашык адамды түзѳт, алардын16,9 %ы бюджеттин эсебинен окушат. 2011-2012-жылдарга салыштырмалуу орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин санын өсүшү жалпысынан 46 %ды түзөт, бул ортоңку класстагы кесипке болгон калктын кѳз карашынын олуттуу өзгөрүүсүн билдирет;

- жумуш берүүчүлөрдөн заказды түзүүнүн жана алдарды аттестациялык комиссияга киргизүүнүн эсебинен да, ошондой эле өлкөлүк артыкчылыктарга ылайык кабыл алууну түзүүнүн эсебинен эмгек рыногу менен болгон байланыш олуттуу күчөтүлдү. Орто кесиптик окуу жайларындагы төрагалары жумуш берүүчүлөр болгон мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын үлүшү 80 %га жеткирилген. Максаттуу даярдоого жумуш берүүчүлөрдөн заказдардын негизинде кабыл алуу планын түзүүчү орто кесиптик окуу жайларынын үлүшү 2011-жылы 3 %дан 2014-жылы 21 %га чейин ѳскѳн;

- орто кесиптик окуу жайлары берген маалыматтар боюнча
2014-жыл ишке орношкон бүтүрүүчүлөрдүн ( адистигине жараша) үлүшү орточо 30-40 %ды түзөт. Орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн 25-30 %га жакыны жогорку окуу жайларына билимин улантуу үчүн тапшырышат. Ошентип орто кесипик окуу жайларынын ишке орношкон бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн пайызы билим алуусун улантууну эске алуу менен 55-70 %ды түзөт.

Кесиптик жогорку билим берүүдө:

- республикада 52 жогорку окуу жай иштейт, алардын 31и мамлекеттик жана 21и мамлекеттик эмес. Жогорку окуу жайлардын студенттеринин жалпы контингентин 223,2 миң адам түзөт, алардын 15 %ы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана 85 %ы контракттык негизде билим алышат;

- 2014-жылы бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары 100 %га иштелип чыкты. Стандарттарга туруктуу өнүктүрүү маселелери киргизилген;

- кесиптик жогорку билим берүүнүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө шайкеш келген багыттары менен адистиктери боюнча үлүшү үлүшү 2012-жылы 85 %дан тартын 2014-жылы 100 %га чейин жогорулады. Мында Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан түзүлгөн эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды божомолун, гранттык негизде адистерди даярдоо жөнүндө жумуш берүүчүлөр менен келишимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн мурунку жылдарда даярдоонун тийиштүү багыттары жана адистиктери боюнча ишке орношуусу тууралуу маалыматтардын болушун эске алуу менен мындай керектөөнү аныктоо механизми тандалып алынды;

- бүтүрүүчүлөргө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларынын карьера жана ишке орноштуруу борборлору тарабынан берилеген маалыматтар боюнча республикада жапысынан бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу пайызы 73,9 %ды түздү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
23-майындагы № 227 токтому менен «2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу концепциясы» кабыл алынды;

- отчеттук мезгилде «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жогорку окуу жайларда жана кесиптик орто окуу жайларда камкордук кеңештерин түзүү бөлүгүндө аткаруу боюнча иштер улантылды. Камкордук кеңештери 22 мамлекеттик жогорку окуу жайда жана 11 мамлекеттик орто кесиптик окуу жайда түзүлдү жана иштеп жатат. Бардык мамлекеттик жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында бюджеттик эмес каражаттарды чыгымдоо боюнча коомдук угуулар белгиленген тартипте өткөрүлдү;

- 2014-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 53000 жакын абитуриент катышты.

Чоңдор үчүн билим берүү деңгээлинде жана формалдуу эмес билим берүү:

Чоңдордун квалификациясын жогорулатуу же кайра квалификациялоо үчүн кошумча кесиптик билим берүү кызматтарын алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүүсүн белгилей кетүү зарыл. Анткени 2014-жылдын маалыматтары боюнча кесиптик орто окуу жайларында кошумча кесиптик билим берүү кызматтарын кѳрсѳтүүгө 25 лицензия болгон, догорку окуу жайларында кошумча кесиптик билим берүү кызматтарын кѳрсѳтүүгө 33 лицензия болгон, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо, кыска мөөнөттү курстар ж.б. аркылуу кошумча кесиптик билим алуу үчүн курстарды уюштурууга бардыгы 2106 лицензия берилеген.

Билим берүү чөйрөсүнө чыгымдар 2014-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен иш жүзүндө 22427,5 млн сомго каржыланган.

Илим чөйрөсүндө:

2014-жылы илимий изилдөөлөрдү республикалык бюджеттен каржылоо үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталды:

- экология жана курчап турган чѳйрѳнү коргоо;

- биотехнология (ѳнѳр жайда, медицинада, айыл чарбасында);

- табигый жана техникалык илимдер жаатындагы изилдөөлөр;

- медицина жана саламаттык сактоо жаатындагы изилдөөлөр;

- айыл чарба;

- чийки заттарды жана продукцияларды кайра иштетүү;

- экономика, социалдык-гуманитардык жана коомдук-саясий илимдер жаатындагы фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр;

- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар.

2014-жылы бул багыттар боюнча 48 уюмда 118 илимий долбоор аткарылды.

Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциянын долбоору иштелип чыкты. Концепция өзүнүн стратегиялык максаты катары Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун технологиялык модернизациялоого илимдин салымын жогорулатууну камсыздоо үчүн илимдин системасын башкарууну жаңылоону коет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Илим фондун түзүүгө даярдык көрүү боюнча иш негизги багыт болуп калды, ал өлкѳ үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн болгон каражаттарды концентрациялоого, ошондой эле илимди өнүктүрүү үчүн ар кандай булактардан, анын ичинен бизнестен финансылык жардамды активдүү тартууга мүмкүндүк берет.

2014-жылы жогорку окуу жайлардын алдында илим-изилдөө иштери үчүн аныкталган төмөнкү артыкчылыктарга шайкеш келген багыттар боюнча 5 илим-изилдөө институту ачылды: инновациялык технология, медициналык-биологиялык жана курулуш.

Ошентип, акыркы жылдары илим чөйрөсүн реформалоо үчүн негиз түзүлдү, мамлекет менен коомчулуктун илимди өнүктүрүү жолдоору боюнча позициялары салыштырылды, кийинки жылдары иштөө үчүн артыкчылыктар аныкталды.

Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан интеллектуалдык менчик объектилерине 4049 өтүнмө каралды. Интеллектуалдык менчик объектилерине экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча 2014-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 75 787 өнөр жай менчик объектилери, рационализатордук сунуштар, селекциялык жетишкендиктер, салттуу билимдер корголот, алардын ичинен ойлоп табуулар - 3982, өнөр жай үлгүлөрү - 6162, пайдалуу моделдер - 44, товардык белгилер - 64398. 2520 автордук укук объектилери, 360 ЭЭМ программалары , 22 маалымат базалары катталган.

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу функцияларын ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатент 8,7 млн сом суммасында автордук сый акыларды чогултууну жүзөгө ашырды. 2014-жылы автордук сый акыларды чогултуу 2013-жылга салыштырмалуу 17 %га өстү.

Эл аралык стандарттарга шайкеш келүүчү интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртуу максатында бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана андан ары кабыл алынды.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол коюлду жана күчүнө кирди. Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2 токтому иштелип чыкты жана колдонууга киргизилди.

Азыркы шарттарда инновацияны түзүүчү экономиканы өнүктүрүү, интеллектуалдык активдердин үлүшүн көбөйтүү боюнча маселелерди чечүү ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн негиз болот. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ИМБДУ) колдоосунда Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору (ТИКБ) ачылды. ТИКБнын негизги милдеттери болуп бизнестин жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнө, студенттерге жана ойлоп табуучуларга патенттик жана илимий-техникалык маалыматты издөөдө көмөк көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууда жана технологияларды алга илгерилетүүдө жардам берүү саналат. 2014-жылы ТИКБнын тарамы кеңейтилип, өлкөнүн аймактарында - жогорку окуу жайлардын, Илим-изилдөө институтун жана Кыргыз Республиканын Соода-өнөр жай палатасынын базасында ТИКБнын 5 филиалы ачылды.

Улуттук инновациялык системаны түзүү жана өнүктүрүү боюнча бирдиктүү көрө билүүнү калыптандыруу, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн фундаменталдуу негиздеринин жана артыкчылыктуу багыттарынын принциптерин аныктоо үчүн 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасын инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоору иштелип чыкты, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин отурумунда жактырылды. Ошондой эле өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду тандоону жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү болжолдогон «Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорго киргизүүнүн критерийлери жана талаптары жөнүндө» жобонун долбоору жана «Мыкты инновациялык долбоор» конкурсу жөнүндө жобо иштелип чыкты.

Отчеттук мезгилде Кыргызпатент 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын (мындан ары - Мамлекеттик программа) ишке ашырууну улантты. Мамлекеттик программа билимдерге негизденген экономиканы өнүктүрүүгө, инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө, инвестицияларды демилгелөөгө багытталган. 2014-жылы Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча негизги иш ченемдик укуктук базаны жакшыртууга, инновациялык, ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердикке өбөлгө түзүүгө, интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө коомчулуктун маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга багытталды.

Мамлекеттик программанын алкагында чакан жана орто ишканалардын инновациялык ишмердигин өнүктүрүүгө маалыматтык көмөк көрсөтүүгө, калктын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирүүчү контрафактылык продукциянын жайылтылышына каршы аракеттенүүгө, жаштардын жана мектеп окуучуларынын арасында ойлоп табуучулукту жана чыгармачылыкты колдоого (Бишкек шаарында жана Чүй облусунда балдар үчүн техникалык жана көркөм чыгармачылык ийримдер ачылды), ошондой эле элдин салттуу билимдерин сактоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугуна зыян келтирүүчү контрафактылык продукциянын жайылтылыш көйгөйүнө калктын көңүлүн буруу максатында «Абайла, контрафакт», «Сапат - бул биздин тандообуз», «Интеллектуалдык менчик - биздин байлыгыбыз» деген темаларда мыкты плакаттарды жана видеороликтер үчүн сценарийлерди тандоо боюнча конкурс өткөрүлдү. 3 видеоролик түзүлүп, алар КТРКнын эфиринен, «Сүйүктүү шаар» телеканалынан берилүүдө жана маалыматтык агенттиктердин сайттарында, кинотеатрлардын жарнамалык блокторунда жайгаштырылды; контрафактылык продукциянын зыяндуулугу жөнүндө 9 плакат жарнамалык такта катары Бишкек шаарынын көчөлөрүндө илинди.

2014-жылдын сентябрында контрафактылык продукцияга каршы күрөш боюнча Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте «Каракчылыкка жол жок» деген темада масштабдуу акция өткөрүлдү.

Укук колдонуу практикасын жакшыртуу жана укук колдонуу практикасынын субъектилеринин интеллектуалдык менчик маселелери боюнча бирдиктүү системаны түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын окутуучулары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү үчүн «Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо» боюнча окуу курстары өткөрүлдү. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөр Мамлекеттик программанын алкагында да ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын ББга жана ЕЭМга кирүүсүнүн алдында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, Кыргызстандын чек арасында интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу, дары каражаттарын коргоо чөйрөсүндө патент мыйзамдарын өнүктүрүү, Интернетте автордук жана чектеш укуктар объектилерин коргоо, контрафактылык программалык камсыздоо, контрафактылык сапатсыз оюнчуктарды жана тамак-аш продуктуларын жайылтууга менен күрөш маселелери боюнча эл аралык жана аймактык семинарлар, тегерек үстөлдөр өткөрүлдү.


      1. Жаштар жана гендер саясаты

Жаштар саясаты. Саясий, экономикалык жана башка бардык процесстердин негизги катышуучусу болуп - жарандык коомдун бир кыйла активдүү бөлүгү болушкан Кыргызстандын жаштары эсептелет, анткени жаштар коомдун жашоо турмуштун ар кыл чөйрөсүндө жаңы жана прогрессивдүү нерселердин жайылышына мыкты ыңгайлашат. Кыргызстандын жаштары өлкөбүздүн башкы стратегиялык ресурсу болуп саналат.

2014-жылдын 1-январына карата экономикалык жактан жигердүү калктын арасындагы 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын саны
1 676,0 миң адамды, же өлкөдөгү жалпы калктын 29 %ын түзгөн.

Кыргыз Республикасында жаштар саясаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому менен бекитилген 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын алкагында ишке ашырылат

Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө багытталган натыйжалуу иштер жүргүзүлдү:

- жаштардын потенциалын жогорулатууга;

- жаштарды адеп-ахлактуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоого;

- жаштардын сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоого;

- рэкетчиликтин, кылмыштуулуктун алдын алууга;

- улуттар аралык ынтымакты чыңдоого.

Жаштардын жумушсуздук көйгөйү барган сайын актуалдуулукка ээ болуп бара жатат, анткени жаштар эмгек базарынын түзүмүндөгү эң ири сегмент болуп эсептелет, мунун өзү азыркы учурда жумушчу күчүн сунуштоонун өсүү тенденциясын жаратууда. Жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 11,8 %ды түзөт. Расмий катталган жумушсуз жаштардын дээрлик 48 %ы узак убакытка жумушсуз жүрүшөт, алардын арасында ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү да аз эмес (12,2 %).

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бир түзүмдүк бөлүнүшү атайын жаштарды ишке орноштуруу менен алектенет. Бул Жаштар эмгек биржасы (мындан ары - ЖЭБ).

ЖЭБге жана ЖЭБтин аймактык бөлүмдөрүнө 2014-жылы ар кандай маселелер менен бардыгы болуп 10,7 миң адам кайрылган, алардын
5,7 миңи аялдар. Бардык кайрылуучуларга кесиптик багыт берүүчү жана психологиялык консультациялар берилген. Жалпы кайрылгандардын 5882си ишке орноштурулган, алардын 3215и аялдар.

ЖЭБ жана ЖЭБтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан ай сайын «Бош иш орундары жармаңкеси» уюштурулат. Отчёттук мезгилде 52 «Бош иш орундары жармаңкеси» өткөрүлүп, ага 26,9 миңден ашык адам келген.

Жалпы кайрылган жарандардын ичинен жогорку билимдүүлөр 28 %, атайын орто билимдүүлөр 26 %, орто техникалык билими барлар 16 %, орто билимдүүлөрү 30 %ды түзгөн. Кайрылгандардын ичинен 29 % жогорку билимдүүлөр, 25 % атайын орто, 11 % орто техникалык, 36 % орто билимдүүлөр ишке орноштурулду.

Жаштар эмгек биржасынын иши менен иш берүүчүлөрдү тааныштыруу жана бош иш орундарын табуу максатында, ЖЭБдин кызматкерлери жалпы 1550дөн ашык ишканаларды жана уюмдарды кыдырышып, жумушсуз жаштар үчүн 3700дөн ашуун бош иш орундарын табышкан.

Айыл жаштарына колдоо көрсөтүү, жаштарды өнүктүрүү жана өздөрүнүн ой-максаттарынын жетишине шарттарды түзүү, түрдүү улуттагы жаштар арасында достук мамилени чыңдоо максатында жаштар борборлору ачылды. Имараттар жана аларды оңдоп-түздөө үчүн финансылык жана техникалык каражаттар, техникалык каражаттар издештирилип, табылды. Жыйынтыгында ЮНИСЕФ, ЮСАИД жана GIZ сыяктуу эл аралык донорлордун жардамы менен республиканын аймактарында жалпы 45 жаштар борбору ачылды жана иштеп жатат. Жаштар борборлорунда жаштарды ар тараптан колдоого алууга багытталган ар кандай иш-чаралар, тренингдер, тегерек столдор, кыска мөөнөттүү курстар өткөрүлөт, интернетке чыгуу камсыздалган, жаштардын баарлашуусу, бош убактыларын пайдалуу өткөрүүлөрү үчүн шарттар түзүлгөн, сергек жашоо мүнөзү, руханий адеп-ахлактык баалуулуктар, мекенди сүйүү пропагандаланат, ошондой эле жаштар саясаты чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулоо аянты бар.

Гендердик саясат. Пекин Декларациясын жана «Пекин+20» Иш-аракеттер платформасын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Сереби даярдалып, Азия жана Тынч Океан (ЭСКАТО) үчүн БУУнун Экономикалык жана Социалдык комиссиясына жиберилген. Бул сереп Кыргыз Республикасындагы гендердик теңчилик саясатын өнүктүрүүнүн 20 жылдык мезгилин жана 2015-жылдан кийин туруктуу өнүгүүнүн жаңы артыкчылыктарын киргизүү менен тыгыз байланышкан маселелер чөйрөсүн камтыйт.

Үй-бүлөлүк зомбулук проблемаларын чечүү максатында «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунда мыйзамды аткаруу субъекттеринин чөйрөсү кеңейтилген, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого катышкан субъекттерди координациялоого жана өз ара аракеттенүүсүнө жооптуу органдын милдеттери аныкталган, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жана жоопкерчиликтери чектелген, сактоо ордерин берүү тууралуу арызы менен ички иштер органдарына, ошондой эле зордук-зомбулукту аткарган адамга белгилүү бир чектөөлөрдү коюу тууралуу талаптары менен сотко кайрылууга укугу бар адамдар аныкталган, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү субъекттер аныкталган.

Өкмөт жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көйгөйүн чечүү максатында долбоор демилгелеп, БУУнун Трастык фондунан грант берилди. Гранттын өлчөмү 720 мин АКШ доллары. Долбоордун негизги натыйжалары - үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүү боюнча сапаттуу кызматтарга жеткиликтүүлүк, зомбулукту түп тамырынан бери жок кылуу жана үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси боюнча улуттук баарлашууну илгерилетүү максатында, конфликттер болуп өткөн аймактардагы жамааттардын мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүү.

«Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү» темасында коомдук угуулар уюштурулган жана өткөрүлгөн.

2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк айылдык аялдар күнүнүн алкагында «Айыл жергесинде аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү» аттуу II Республикалык конференция өткөрүлдү.




      1. Маданият

Маданият тармагында жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө багытталган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Өкмөттүн иши төмөнкүлөргө багытталган:

- тарыхый-маданий мурастарды колдонууга, өнүктүрүүгө жана сактоого;

- кесипкөй искусствону өнүктүрүүгө.

Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү максатында, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерди техникалык жактан изилдөөгө алуу менен бирге тарыхый-маданий мурастардын объектилерин этап-этабы менен инвентаризациялоо жана эсеп документтерин түзүү иштери жүргүзүлдү.

2014-жылы Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарында республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданияттын 205тен ашуун эстелиги изилдөөгө алынды. Анын ичинен 50 %ы консервациялык жана оңдоп-түзөө, реставрациялоо иштерин талап кылат. Бишкек шаары жана Чүй облусунда тарыхый-маданий мурастардын 120 объектисине эсепке алуу документтери таризделди. Тарых жана маданияттын 48 эстелигине паспорттор түзүлдү. Тарыхый-маданий мурастардын кайрадан аныкталган 27 объектиси боюнча корутунду даярдалды .

Тарыхтын жана маданияттын 12 эстелигине жарым-жартылай реставрациялык жана консервациялык иштер жүргүзүлдү. Шах-Фазиль мавзолейин реставрациялоо иштери башталды.

Материалдык маданий мурастарды сактоонун эң жогорку уюштуруу формасы - эстеликтин ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси статусуна ээ болушу. 2014-жылдын 22-июнунда Доха шаарында (Катар) өткөн ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар Комитетинин


38-сессиясында кабыл алынган чечим менен Красная Речка (Невакет),
Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) шаар урандылары ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарынын тизмесине кирди. Бул номинациянын алгачкы этабы.

Ошондой эле, ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине «Кыргыз жана казак боз үйүн жасоонун салттуу билими жана даярдоо ыкмалары» (көчмөн түрк элинин турак үйү) аталышындагы билдирме киргизилди.

ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине «Айтыш - төкмөлүк өнөр» номинациясы Казакстан менен биргеликте даярдалып, 2014-жылдын март айында ЮНЕСКОнун штаб квартирасына жөнөтүлдү.

2014 - жыл тарыхый - маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча маданий иш-чараларга да бай болду.

2014-жылы 30дан ашуун маанилүү мааракелик даталарды майрамдоонун алкагында төмөнкү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер жүрдү: Шабдан Жантай уулунун 175 жылдыгы, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы, Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгы, Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы, Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгы, Аалы Токомбаевдин 110 жылдыгы, Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгы, Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгы, Кааба Атабек уулунун 90 жылдыгы, Зуура Сооронбаеванын 90 жылдыгы, Насыр Давлесовдун 85 жылдыгы, Уран Сарбагышевдин 80 жылдыгы, Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы, Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгы ж.б.

ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө-мамлекеттердин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин жыйынынын чечимине ылайык (2013-жылдын


2-октябры, Анкара шаары), Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына байланыштуу, 2014-жыл түрк мамлекеттеринде Т.Сатылгановдун жылы деп жарыяланды.

Буга байланыштуу ТҮРКСОЙ уюмунун урааны алдында уюмга мүчө-мамлекеттерде түрк маданиятынын көрүнүктүү инсаны Т.Сатылгановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын чыгармачылыгын жайылтууга багытталган ар кыл иш-чаралар өттү.

Элдик акын жана комузчу Т.Сатылгановдун 150 жылдыгынын салтанаттуу ачылышы 2014-жылдын 23-майында ТҮРКСОЙ өкүлдөрүнүн катышуусу менен республикалык деңгээлде өттү. Токтогул Сатылгановдун мааракесин белгилөөнүн алкагында Салттуу музыка жумалыгы (21-25-апрель) жана Мамлекеттик тарых музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулду.

Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, 2014-жылдын 21-ноябрында Иркутск шаарында (Россия Федерациясы) Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы элдер жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө Концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле элдер арасында этностор аралык мамилелерди жана достукту бекемдөө максатында Баткен облусунда «Алтын өрөөн» аттуу Достук фестивалы өттү, фестивалдын алкагында чыгармачыл жамааттардын концерттери, кол өнөрчүлөрдүн жана улуттук ашкананын көргөзмөлөрү уюштурулду.

Маданияттын өнүгүшүндөгү негизги тенденциялардын бири - көркөм, тарыхый-маданий жана табигый мурастардын нукура үлгүлөрүн сактап келе жаткан музейлерге көңүл буруунун жогорулашы болуп эсептелет. Жаштарды патриоттуулукка тарбиялап, атуулдук аң-сезимди жана жоопкерчиликти калыптандырууда маанилүү роль ойногон музейлердин билим берүүчүлүк жана агартуучулук функциясы кайра жаралууда жана кыймылга келүүдө.

2014-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик музейлердин жалпы саны 56га жетти.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин китепкана системасына өлкөнүн бардык аймагында жайгашкан 1061 китепкана кирет.

Айыл жеринде жайгашкан китепканалардын үлүшү китепканалардын жалпы санынын 87,7 %ын түзөт (931 китепкана).

1061 китепкананын китеп фондусунда 19097,87 нуска китеп бар, айылдык китепканаларда 7771,8 нуска. Акыркы жылдары белекке берилген адабияттар китепкана фонддорун толуктоонун негизги булагы болуп калууда.

Сейрек кездешүүчү жана баалуу китептерди сактап калуу максатында, аталган нускаларды санариптик түргө өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыл сайын санариптик түргө 300 китеп өткөрүлүүдө. Бул иштер республикалык маанидеги китепканалардын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлүп келет.

Клубдук тармак 57 райондук шаардык маданият үйлөрүнөн турат. 2014-жылы жергиликтүү бийлик органдарынын, долбоорлордун жана гранттардын, спонсорлук каражаттардын колдоосу менен жалпы суммасы 135,2 млн сомго 273 клуб ремонттолду. Азыркы учурда республика боюнча жалпы 704 клубдук мекемелер иштейт. Айыл жергесиндеги клубдардын саны 659 (92,2 %).

Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири болуп искусствону жана активдүү чыгармачыл жарандарды колдоо болуп саналат. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан чыгармачылык ишти мамлекеттик колдоо боюнча бир топ иш чаралар ишке ашырылган.

Кесиптик искусствону өнүктүрүүнүн алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:

- «Восходящая звезда» биринчи эл аралык балет фестивалы
28-29-мартта Россия Федерациясынын, Казакстан, Тажикстан, Швеция, Кыргызстан мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү, анын өтүшү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын чыгармачыл дараметинин өбөлгөлөөнү өнүктрүүгө түрткү берди. Спектаклдерге акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу кайрымдуулук акциясы уюштурулду, ошондой эле Кыргызстандагы балет искусствосунун көйгөйлөрүнө арналган тегерек стол өткөрүлдү.

- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган IV республикалык театралдык фестиваль өттү. Фестивалга 15 театр катышты. Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театры С.Осановдун «Жануран» спектакли менен 25-октябрдан 31-октябрга чейин Актау (Казакстан Республикасы) шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн V Эл аралык театралдык фестивалына катышып келди. Театрдын коллективи фестивалдын алкагында өткөн мастер-класстарга, тегерек столдорго, спектаклдерди талкуулоого активдүү катышты.

- «Учур» мамлекеттик жаштар театры Тараз шаарында (Казахстан Республикасы) өткөн «Тунгышбай Эл-Тарази Таразга чакырат» биринчи театралдык фестивалга катышып келишти.

Калкты маданий жетишкендиктерге тартуу максатында республикадагы айрым театрлар тарабынан төмөнкү иш-чаралар өткөрүлгөн:

- Кыргыз мамлекеттик куурчак театры Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарына гастролго чыгышкан;

- Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры Түштүк аймак боюнча гастролго чыгышкан.

2014-жылы өлкөбүздүн республикалык театрлары тарабынан 1841ден ашуун спектакль коюлган, алардын ичинен 45 - жаңы спектаклдер.

Маданият жаатындагы билим берүү мекемелеринин тармагы:


2 жогорку окуу жайынан, 8 орто кесиптик билим берүү мекемелеринен,
69 балдар музыкалык, 5 көркөм сүрөт жана 16 искусство мектептеринен түзүлгөн.

2014-жылы билим берүү мекемелери маданият жана искусство чөйрөсүндө билим берүү системасын сактап жана өнүктүрүп, билим берүү мекемелеринин чыгармачыл жана педагогикалык дараметин колдонуу менен көп сандаган иш-чараларды өткөрүштү, атап айтканда:

- Казак Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, эл аралык сынактардын лауреаты А. Тебенихиндин (Казакстан, Германия), Мэриянын симфониялык оркестринин жана Кыргыз улуттук консерваториясынын (КУК) концерти;

- П. Шененин (жеке ырдоо, Германия), Я. Россенин (флейта, Швейцария), Бүткүл дүйнөлүк музыка күнүн утурлап Москва мамлекеттик консерваториясынын профессору В.Ивановдун, Тажик мамлекеттик консерваториясынын профессору Н.Медведевдин, К.Медетбекованын (Кыргызстан-Франция) жана А.Тебенихиндин (Казакстан-Германия) мастер класстары.

- пианист М.Собуланын (Польша) концерти.

- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясынын лауреаттарынын салтанаттуу концерти өткөрүлгөн. «Көчө балдары» долбоору боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө арналган «Үмүт - Надежда» борборунда (25-жылдыкка карата) жана Военно-Антоновка айыл өкмөтүндө кайрымдуулук концерттери берилген.

- Кыргыз улуттук консерваториясында I жана II «Играй, гармонь» эл аралык фестивалы уюштурулуп, анда Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын өкүлдөрү катышкан.

Кинематография тармагында 2014-жылы негизги аракеттер атамекендик кинематографияны сактоо жана өркүндөтүү маселелерин комплекстүү чечүүгө, атамекендик киноматографтын республикалык жана дүйнөлүк рыноктогу позициясын бекемдөөгө багытталды.

Бул тармактагы мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу багыттары атамекендик тасмаларды жылдыруу болгондугу аныкталды.

Ушуга байланыштуу ата мекендик тасмаларды пропагандалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын ичинде:

­ Экинчи жаш кино форуму. Форум таланттуу жаштарды колдоо, болочок киноматографисттерди даярдаган Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жана тасмаларды эл аралык фестивалдарга алып чыгуу максатында өткөрүлдү. Таллин (Эстония) шаарынын Маданий баалуулуктар департаменти жана эстониялык «Отаку» студиясы менен биргеликте өткөрүлгөн Таллин шаарындагы Кыргыз киносунун күндөрү, Кыргызстандын аймагындагы кинематография жаатындагы эң мыкты жетишкендиктерди белгилөө жана кино өндүрүш ишмердигинин бардык тармагында улуттук кинематографттын көркөм деңгээлинин өсүшүн өбөлгөлөө максатында, Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлгөн Улуттук «Ак илбирс» сыйлыгын тапшыруу салтанатынын жабылышы;

- 2014-жылдын 11-ноябрынан 16-ноябрына чейин Баткен облусунда эл аралык кызматташтык алкагында Тажик киносунун киножумалыгы өткөрүлдү;

- 2014-жылдын 12-декабрынан 15-декабрына чейин Кыргызстандын Кинематографисттер союзу менен биргеликте КМШ, Балтия, Грузия өлкөлөрүнүн төртүнчү эл аралык «Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы өткөрүлдү.

Тасмалар фондун толуктоо максатында, Москва шаарындагы (Россия Федерациясы) «Финчер» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын DVD коллекциясы түзүлүп, санариптелген жана кайра оңдолгон тасмалардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментине өткөрүлүп берилди.

2014-жылга карата тасмалардын өндүрүшүнүн тематикалык планына ылайык тартылып бүткөн тасмалар:

- «Көч» толук метраждуу көркөм тасмасы, коюучу-режиссеру М.Сарулу. Тасма заманбап коомдун социалдык маселелерин көтөргөн. Тасма жогорку көркөм деңгээлде тартылган жана Корея Республикасындагы жана Россиядагы (Эл аралык фестиваль «Киношок») абройлуу эл аралык фестивалдардын конкурстук программаларына катышууга берилген.

- 2014-жылдын эң чоң жаңылыгы «Курманжан Датка» эки сериялуу көркөм тасмасы болду, анткени акыркы 20 жылдын ичинде биринчи жолу бул тасма мамлекеттин заказы менен тартылган, коюучу-режиссеру - С.Шер-Нияз. Тасманын улуттук бет ачаары Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүндө болуп өттү жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналды. 2014-жылдын
2-3-сентябрында тасманын бет ачаары Ош шаарында жана Алай өрөөнүндө өттү, тасманын дүйнөлүк бет ачаары 2014-жылдын
22-августунда Монреаль эл аралык кинофестивалынын алкагында өткөрүлдү.

- режиссер Р.Шаршеновдун «Биринчи» документалдуу тасмасы


(20 мин). Бул тасма-портрет мамлекеттик ишмер И.Айдарбековдун
130-жылдыгына арналган.


      1. Маалымат саясаты

2014-жылы Өкмөттүн маалымат тармагындагы ишмердүүлүгү төмөнкүлөргө багытталган:

- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү Программасын жүзөгө ашырууга;

-маалымат тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө.

2014-жылы 3 токтом, 1 буйрук иштелип чыгып, кабыл алынды, Кыргыз Республикасынын 1 Мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү боюнча Программаны жүзөгө ашырууга багытталган. Мындан сырткары Маалыматтык рынок концепциясы иштелип чыкты.

«Санариптик берүүгө» өтүүгө даярдык көрүүдө негизги маселелер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- социалдык пакетти түзүү;

- социалдык пакетке кирген мамлекеттик, коомдук телерадио уюмдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде контент түзүүгө карата мамлекеттик тапшырыкты жайгаштыруу;

- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү маселелери менен калкты кабардар кылуу.

Санариптик берүүгө өтүү Программасын жүзөгө ашыруунун алкагында Өкмөттүн алдында турган негизги маселелердин бири жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүү телеканалдарынын социалдык пакетин түзүү болуп саналат. 2014-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 349 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтому менен телеканалдардын Социалдык пакети түзүлгөн. Социалдык пакет өзүнө 8 телеканалды камтыйт жана алардын жетөө республикалык болуп саналат, ал эми 8-канал 7 каналдан турган, аймактарда көрсөтүлө турган облустук жана регионалдык телерадиокомпанияларды өзүнө камтыйт.

Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик, коомдук жана облустук телерадиокомпанияларды санариптик берүүгө өткөрүү үчүн зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмүн аныктоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн


2014-жылдын 13-октябрындагы № 454-б буйругуна ылайык бөлүнгөн акча каражаттары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

- 80 млн сом - телевизиондук уюмдарга аппараттык-студиялык комплексти модернизациялоого, социалдык пакеттеги бир орунга карата бөлүнгөн 10 млн сом эсебинен алганда;

- 10 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаты облустук телерадио уюмдарынын ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлгөн. Ошентип, облустук телерадиоберүү корпорацияларынын ар бири 1,428 млн сомдон алган.

Санариптик берүүгө өтүүдө мамлекет маалымат коопсуздугун камсыз кылууга кызыкдар. Калк ата мекендик телеканалдарды көрүп баштоосу үчүн, башка маселелер менен биргеликте эле башкы маселени - телеканалдардын социалдык пакетин коомдук-маанилүү жана жогорку актуалдуу маңыз менен толтуруу боюнча маселени чечүү зарыл. Бул үчүн, Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү боюнча Программада улуттук аудиовизуалдык продукцияны өндүрүү боюнча мамлекеттик заказды жайгаштыруу каралган.

Телеканалдардын социалдык пакетин түзүү жана коомдук-маанилүү жана жогорку актуалдуу контент менен толтуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 454-б буйругу менен улуттук аудиовизуалдык продукцияны өндүрүү үчүн мамлекеттик заказды жайгаштырууга 11 млн сом бөлүнгөн.

Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча, тендердик комиссия 5 компанияны жеңүүчү деп тапкан, алардын ичинде:



  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы - 6 лот,

  • «3B Media» Жоопкерчилиги чектелген коому - 3 лот,

  • «NT-Com» Жоопкерчилиги чектелген коому -1 лот,

  • «ЭмТВ экологиялык жаштар телевидениеси» соода-көңүл ачуу комплекси - 1 лот,

  • «Бейне Фильм» жоопкерчилиги чектелген коом консорциуму, «Арийне ПРО» Жоопкерчилиги чектелген коому, «Санат» ЖЧК - 5 лот.

Мамлекеттик заказ коомду өнүктүрүүгө, мамлекеттин жана коомдун алдында турган актуалдуу маселелерди чечүүгө, граждандык бирдейликти калыптандырууга түрткү берген ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратканга багытталат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык калктын маалыматтарга карата кепилденген жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн этаптары тууралуу калкка маалымдоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

«КТРК», «ЭлТР», «НТС», «Пирамида», «7-канал», «5-канал» телеканалдарында жана башка бардык мамлекеттик облустук телерадиокомпанияларда санариптик телевизиондук сигналды кантип алуу керектиги, деги эле санариптик көрсөтүүгө өтүү кандай өзгөрүүлөр менен коштолоору туурасында баяндап берүүчү видео роликтердин прокаты жүзөгө ашырылган.

Медиа-рыноктун катышуучулары болуп саналышкан мамлекеттик басылма, телевизиондук жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуунун алкагында 2014-жылдын май айынан декабрь айына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык мамлекеттик мекемелеринде инспекция өткөрүлгөн. Азыркы учурда


12 облустук, 37 райондук гезит жана 6 облустук телерадиокомпаниялар иш алып барышууда.

Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ЖМК кызматкерлеринин гонорарын төлөп берүү менен байланышкан маселени жөнгө салуу, ошондой эле иштин чыгармачыл түрүн аткаргандыгы үчүн кызматкерлердин ишин өбөлгөлөө максатында, мамлекеттик ЖМКлардын финансисттери менен биргеликте «Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик телекөрсөтүү, радио, басылма, электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине чыгармачыл иштердин түрлөрүн аткаргандыгы үчүн калем акы эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобо» иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июлундагы № 401 токтому менен бекитилген.




      1. Спорт жана дене тарбия

Акыркы жылдары спорт жана дене тарбиясы активдүү өнүгүүдө, мунун көрсөткүчү болуп жаштарды спорт, дене тарбиясы менен машыгууга кызыктырган, Кыргызстандын спортчуларынын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтери эсептелет.

Кыргыз Республикасында спорт жана дене-тарбиясын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү;

- спорттун жогорку жетишкендиктерин өнүктүрүү.

Массалык спортту жана дене тарбиясын өнүктүрүү максатында, мектеп окуучулары үчүн физикалык көнүгүүлөрдүн комплекси иштелип чыккан, методикалык видеодисктер чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы билим берүү мектептеринде сабакка чейин комплекстүү гимнастиканы киргизүү жөнүндө тийиштүү буйрук чыгарылган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 384-б буйругу менен Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларын жана студент жаштарды дене-бой жагынан тарбиялоонун Ченемдик негиздери бекитилген. Бүгүнкү күнгө карата 22 пилоттук билим берүү мекемелеринде ченемдик негиздерди киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

2014-жылы 265 дене спорттук-массалык иш-чара өткөрүлүп, спортсмендер спорттун түрлөрү боюнча 71 эл аралык мелдештерге жиберилген. Өткөрүлгөн окуу-машыгуу жыйындарынын саны 142 болду, анын ичинен 18и Кыргыз Республикасынан тышкары жерде болгон. Окуу-машыгуу жыйындары менен камсыз болгон адамдардын саны 1077 адамды түздү. 2014-жылы биздин спортсмендер тарабынан 403 медаль жеңип алынды, анын ичинде 106 алтын, 112 күмүш жана 186 коло медаль.

2014-жылдын 14-сентябрынан 4-октябрына чейин Инчхон (Корея) шаарында XVII Азия оюндары өткөн. Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын курамы 171 адамдан (спортсмендер, машыктыруучулар, спорттун түрлөрү боюнча калыстар жана расмий өкүлдөр) турган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин каражаттарынын эсебинен 98 киши иш сапарга жиберилген. Жалпы бюджет 16,0 млн сомдон ашыкты түздү. Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясы спорттун грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар күрөшү, велоспорт, сууда сүзүү, жеңил атлетика, оор атлетика, дзюдо, ок атуу, байдарка жана канойдо жарышуу, азыркы беш таймаш, фехтование, бокс, жаа атуу, таэквондо, көркөм гимнастика, каратэ-до, футбол, ушу, гольф сыяктуу 20 түрү боюнча катышты.

XVII Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын спортсмендери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча
6 медаль утуп алышкан:

- эркин күрөш - 2-орун (Мусаев Магомед);

- эркин күрөш - - 3-орун (Догдурбек уулу Эламан);

- грек-рим күрөшү - 3-орун (Кенжеев Жанарбек);

- аялдар күрөшү- 3-орун (Тыныбекова Айсулуу);

- велоспорт - 2-орун (Ваккер Евгений);

- бокс - 3-орун (Осмонов Турат).

2014-жылдын 16-августунан 28-августуна чейин II Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары өттү. 15 адамдан турган Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясы анын ичинде 7 спортсмен, 6 машыктыруучу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин 2 өкүлү иш сапарга жөнөтүлдү. Бул мелдештерде экинчи орунду ээлеген, дзюдо боюнча спортсмен Дашков Ростислав эң мыкты көрсөткүчкө жетишти.

2014-жылдын 14-ноябрынан 23-ноябрына чейин Пхукет (Таиланд) шаарында өткөн IV Азия пляж оюндарына Азия регионунун 38 өлкөсүнөн 2300 спортсмен катышкан. Командалык эсепте Кыргыз Республикасынын командасы 28-орунду ээледи.

2014-жылдын 23-августунан 31-августуна чейин Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Комбинацияланган пирамида» бильярд спорту боюнча дүйнө Чемпионаты жана Биринчилиги өттү. Дүйнө биринчилиги 2014-жылдын 24-августунан 26-августуна чейин, ал эми 2014-жылдын 27-августунан 31-августуна чейин дүйнө Чемпионаты болду. Бул мелдештерге Корея, Пакистан, Сирия, Монголия, Афганистан, Тажикстан, Казакстан, Россия, Эстония, Чехия, Азербайжан, Беларусь, Болгария, Молдова, Өзбекстан, Иран, Кытай, Словакия, Украина, Латвия, Финляндия, Германия жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн 64 спортсмен катышты.

2014-жылдын 9-сентябрынан 14-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) «Рух-Ордо» маданият борборунда жана Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюну» туристтик фестивалы болду. «Рух-Ордо» маданият борборунда «кыргыз күрөшү», «Алыш» күрөшү, казак күрөшү, тогуз коргоол, ордо, ат майданында көк бөрү, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш жана эр эңиш боюнча мелдештер өттү. Бул фестивалга Азербайжан, Австрия, Афганистан, Белоруссия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр жана Россия Федерациясынын: Алтай, Башкортостан, Волга боюндагы Саратов, Татарстан, Хакасия, Чувашия, Якутия сыяктуу өлкөлөр катышты. Катышкандардын жалпы саны 777 адамды түздү, анын ичинде 578 спортсмен, 56 машыктыруучу, 104 калыс жана командалардын 39 өкүлү катышты. Кыргызстандан 182 спортсмен, 16 машыктыруучу, 90 калыс жана 3 өкүл катышты.

2014-жылдын 13-сентябрынан 16-сентябрына чейинки мезгилде Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Жерге жатып оордук көтөрүү боюнча Азия чемпионаты өттү. Мелдешке Азиянын 8 өлкөсүнөн 100дөн ашык спортсмен катышты.

2014-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейинки мезгилде «Шаардык муз аянты» оюн-зоок комплексинде шайба менен хоккей боюнча Азиянын чакырык Кубогу болду, Бул мелдешке Сингапур, Макао, Индия жана Кыргызстан катышты. Оюндардын жыйынтыгы боюнча Макаодон келген команда биринчи орунду, Кыргызстандын командасы экинчи орунду, Сингапурдун командасы үчүнчү орунду жана Индия төртүнчү орунду ээледи.

2014-жылдын 28-майынан 2-июнуна чейин Каракол шаарынын спорттук аянттарында Каракол шаарынын 145 жылдыгына арналган «Улуттун саламаттыгы - гүлдөп-өнүккөн өлкө» урааны астында айылдык жаштар арасында ар жылдык республикалык мелдештер болду. Бул мелдештерге республиканын 7 облусунан спортсмендер катышты. Катышкандардын жалпы саны 600гө жакын адамды түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 424-б буйругунун негизинде Ысык-Көл облусундагы «Кыргыз деңизи» санаторийинин спорттук аянттарында «Азия - кызматташтык жана тынчтык региону» урааны астында XIV Эл аралык Ысык-Көл оюндары болуп өттү. Отчеттук жылы биринчи жолу оюндар бюджеттик каражаттарды тартпастан, өзүн-өзү актоо принцибинде өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июлундагы №376-б буйругунун негизинде 2014-жылдын 8-ноябрынан 13-ноябрына Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы болуп өттү, ага 1900дөн ашык адам катышты. Мелдештер 2 топто өткөрүлдү: биринчиси - күч жана укук коргоо органдарынын арасында, экинчиси - жарандык түзүмдөр арасында спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча: мини-футбол, волейбол, дартс, армрестлинг, гир спорту, ок атуу, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, бильярд, жеңил атлетика, аркан тартуу боюнча мелдештер өттү.

2014-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрияларынын муниципалдык кызматкерлеринин арасында биринчи жолу Спартакиада өттү. Спартакиада эки этап менен өткөрүлдү: биринчи этапта курама командаларды түзүү үчүн облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларында массалык тандоо мелдештери өткөрүлдү, экинчи этапта Талас шаарында финалдык мелдештер болду. Спартакиадага Кочкор-Ата, Исфана, Кызыл-Кыя Токмок, Баткен, Кайыңды, Орловка, Кара-Балта, Кант, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл сыяктуу 13 шаардын өкүлдөрү катышты. Мелдештин программасына спорттун армрестлинг, волейбол (эркектер командаларынын арасында), гир спорту, жеңил атлетика, мини-футбол (эркектер командаларынын арасында), стол тенниси, баскетбол 3х3 (стритбол), аркан тартуу, тогуз коргоол сыяктуу түрлөрү кирген. Спорттук оюндарга 600 спортчу (анын ичинде машыктыруучулар жана командалардын өкүлдөрү) катышты. Жалпысынан 439 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстан элдеринин Биринчи Спартакиадасы 2014-жылдын


10-октябрынан 12-октябрына Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өттү. Спартакиадага республиканын 7 облусу жана Кыргызстан эли Ассамблеясы катышты. Катышуучулардын жалпы саны 251 адамды, анын ичинде 222 спортсмен жана 29 өкүлдү түздү.

Теле жана радио берүүлөрдү уюштуруу аркылуу сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат, ага көрүнүктүү спортсмендер жана дене тарбия жана спорттун ишмерлери жигердүү катышып жатат. Ага удаалаш эле басылма жана электрондук ЖМК менен иш жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен бирдикте спорттун массалык түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган төрт теледолбоорду, ошондой эле «Sport Live» жаштар телеберүүлөрүн жүзөгө ашырды.

Эл аралык байланыштар. Дене тарбия жана спорт боюнча кеңештин жыйналышынын протоколунун негизинде Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигине (мындан ары-КМШ) катышкан-мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жагындагы кызматташтыгы жөнүндө 2013-жылдын 13-14-июнундагы Астана (Казакстан Республикасы) шаарындагы Макулдашуунун катышуучуларынын


2014-жылдын 17-19-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кеңештин кезектеги жыйналышы болду. Кеңештин жыйналышына Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары - КМШнын Аткаруу катчысы, Азербайжан Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан Кеңештин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлү катышты, анда бир катар маселелер каралып, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечимдер, анын ичинде КМШнын спорттук улуттук түрлөрүнүн фестивалын уюштуруу жана кыргыз тарап даярдаган Фестиваль жөнүндө жобонун долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим, КМШнын Аткаруу комитетинин сайтына дене тарбия жана спорт жаатында КМШга катышкан-мамлекеттердин ченемдик-укуктук актыларынын тизмесин жайгаштыруу жөнүндө чечим; Кеңештин төрагалыгына Россия Федерациясынын Спорт министри Павел Колобковду шайлоо жана 2015-жылы Кеңештин кезектеги жыйналышын Россия Федерациясында өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө (2014-жылдын 10-11-ноябры) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-декабрындагы № 545-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Бириккен Араб Эмиратынын Жаштар иши жана спорт боюнча башкы башкармалыгынын ортосунда Дене тарбия жана спорт жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактырылган.



      1. Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет