Чоң эпостун айтуучулары
Өзүнүн миң жылдан бери айтылып келе жатышы жана өнүгүшү үчүн улуттук эпос бул өнөрчүлүктүн ээлери – айтуучу – манасчыларга милдеттүү. Кыргыздардын өзүнүн мамиле жасагандарынын бир көрүнүшү катары болочок манасты Кудайдын же Манас баатырдын түшүндө манас айтууга ыйык бата алгандан кийин гана айта баштаганы жөнүндөгү болмушту эсептөөгө болот.
Айтуучулардын кадыр – баркы эл ичинде абдан жогору болгон , анткени алар ири сүрөткерлер гана болбостон, элдин ыйык сыймыгы – “Манаска” баш – оту менен берилген көрүнүктүү инсандар да болушкан. Манасчы филосов, тарыхчы, артист, акын жана музыкант саптарына да ээ.Манасчы эпизодду салыштырмалуу акырындык менен жай баштайт, бара – бара баяндоонун эмоциялык кызыганы күчөйт. Эпостун ушундайча жандуу, кызыктуу баяндоо касиети “Манасты” башка элдердин эпикалык маданиятынан айрымалайт.
Бизге XIX кылымдын даңктуу айтуучуларынын аттары келип жетти. Кыргызстанда эпосту айтуу өкүм сүрүп турганы байкалган жана “эпос ушул сөздүн толук маанисинде гүлдөп турган ( В.Бартольд) учурда алар жашашкан жана чыныгы эпикалык мезгилди жаратышкан” Алар: Келдибек Барбоз уулу, Балык (Бекмурат) Кумар уулу, анын уулу Найманбай, Тыныбек Жапы уулу, Чоңбаш (Нарматай), Чоюке Өмүр уулу ж.б
Экинчи топ, айтуучулуктун таланттуулук даражасын аныктоочулар – булар чыныгы манасчылар. Айтуучулардын бул тобуна Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Тоголок Молдо ( Байымбет Абдыракманов), Мамбеталы Ашымбаев, Шаапак Ырысмендиев, Мамбет Чокморов ж.б кирет. Манас айтышкан жана эпостунөздук вариантын калтырышкан
Үчүнчү топ – чала манасчы. Айтуучулардын бул тобуна эпостун негизинен жаттап алган айрым, элге кеңири белгилүү эпизоддорун айткан жана өзүнүн вариантын түзө албаган манасчылар кирет. Алардын ичинде төмөнкүлөрдүн чыгармачылыктары, негизинен Октябрь революциясынан кийинки мезгилге туура келгет: Төрө Мамытов, Лапаз Көккөзов, Каба Атабеков, Сарынжы Кожобердиев, Калбүбү Сүйүнбаева, Мамыт Алдаяров, Акын Шадыканов, Насыр Искендеров, Жолборс Турдалиев, Уркаш Мамбеталиев, Эргеш Ташымбетов, Сулайман (Акун) Казиев, Дүйшөналы Жанаев, Орузбай Урмамбетов, Даутали Касымбаев, Абдыкерим Бекиев, Сейдене Молдоке кызы ж.б
Сагымбай Орозбаков ( 1867 – 1930 ) Ысык – Көлдүн түндүк жээгиндеги Кабырга деген жерде музыкант – сурнайчынын үй – бүлөсүндө туулган. Анын атасы Орозбак түндүк кыргыздардын ханы Ормондун кызматкери болгон. Сагымбай тогуз жашынан өзбек молдосунан арабча сабатын ачканга киришкен, ошондо эле ырдай жана ыр жамактай баштаган.
Саякбай Каралаевдин (1894 – 1972) айтуучулук өнөрү анын замандаштарынын айтуусу боюнча улуттук эпикалык маданияттын эволюциясынын туу чокусу болгон. Биздин кылымдын бул атактуу манасчысы чындыгында эле төгүп айтуучулуктун титандык жөндөмдүүлүгүнө жана күчтүү аткаруучулук темпераментке ээ болгон. Анын мезгилдештери татыктуу түрдө “Улуу рапсод” ( М. Ауезов), “XX кылымдын Гомери” (Ч.Айтматов) деп аташкан.
Тоголок Молдо ( өзүнүн аты Байымбет Абдыракманов, 1860 – 1942) – көрүнүктүү манасчы жана жазгыч акын.
Чоюке Өмүр уулу ( 1863 – 1925) – мансчы , Саякбай Каралаевдин устаты.Каракол шаарында туулган ( азыркы Ысык – Көл облусу). Өз кезинде Акылбек жана Тыныбек манасчылардан айтуучулук өнөрдүн бардык сырларын үйрөнгөн. 1900 – жылы Таласка көчүп келген.
Кенжекара Калча уулу (1958 – 1929) – өз мезгилинин ири Семетейчиси жана ырчысы.Эпостун экинчи бөлүгү – “ Семетейди” мыкты айтуучу катары белгилүү, ал түгүл аны кыл кыяк менен коштоп айткан.
Молдобасан Мусулманкулов (1883 – 1961) - талантуу манасчы, акын комузчу, Кыргыз ССРинин эл артисти (1935), азыркы Нарын облусунун Ак – Талаа районундагы Терек айылында туулган.
Мамбет Чокморов ( 1896 – 1979 ) – чыгыш региондун ири манасчыларынын бири. Башкалардай эле ал дагы манас түшүнө киргенден кийин “Манас” айта баштаган.
Жусуп Мамай (1918) акындар искусствосунун ири өкүлү жана чет өлкөдөгү манасчы, жазма жомокчу. Кытай Эл Республикасынын Кыргыз автономиялуу облусунун Меркеч кыштагында туулган. 1959 – жылга чейин мугалим болуп иштеген, андан кийин эпосту үйрөнө жана айта баштаган.
Сейдене Молдоке кызы (1922 – 2005) – көрүнүктүү айтуучу , көп эмес аял манасчыларынын бири. Жалал – Абад облусунун Токтогул районундагы Көтөрмө айылында туулган.
Кааба Атабеков (1926) – азыркы кезде “Манас” айтуучулук маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Кыргызстандын эл артисти. Ысык–Көл облусунун Тоң районундагы Төрткүл айылында туулган.Он жашында “Манас” айта баштаган.Өзүнүн айтуучулук чыгармачылыгын кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат , түшүндө ак сакалдуу атчан абышка , “Манас” айтууга өкүм менен буйрук кылат.
Уркаш Мамбеталиев (1935) –Токтогул атындагы Кыргыз мамилекеттик филармониясынын солист–манасчысы (1961 –жылдан),Кыргызстан жазуучулар
союзунун мүчөсү (1982) ,Кыргыз Республикасынын эл артисти (1994).Уркаш
Мамбеталиев Ысык – Көл облусунун Түп районунда Талды – Суу айылында туулган.
Сапарбек Касманбетов (1934) – ырчы акын,манасчы , дастанчы Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин (1978) жана Кыргыз журналистер коомунун (1990) мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги (1994). Ал Ысык-Көл облусунун Ысык – Көл районуна караштуу Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде манасчы Саякбай Каралаевдин, акын Чалагыз Иманкуловду угуп, жамактап ырдаганды көңүлүнө түйүп шыктанган.
Назаркул Сейдиракматов (1951) – Токтогул атындагы Кыргыз филармон-иянын манасчы – солисти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ( 1995 ). Талас облусунун Талас районундагы Данбагар айылында туулган.
Талантаалы Бакчиев манасчы ( 1971 ) Ысык – Көлдүн Аксуу районуна караштуу Маман айылында туулган. Талантаалы манасчы 13 жаш курагында бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле түшүндө Чыйырды , Манас ,Коңурбай, Каныкей, Семетей, Алманбет, Сыргактарга жолуккан.
Рыспай Исаков (1975) Ош облусуна караштуу,Өзгөн районунун Жээренче айылында туулган. Акын манасчы. Чоң атасы Ысак өз кезегинде белгилүү ырчылардан болуп ,өз атасы Рахман да кезеги менен жамактата койгон, ыр –күүгө жакын , жанындагыларды эриктирбеген сөзмөр адам болгон.
Кенже эпос
Кенже эпос жалпы жонунан болжол менен 30 дай өзүнчө дастандарды ж.а поемаларды камтыйт. Жалпы көлөмү боюнча чоң эпоско орун берүү менен алар андан тематикасынын , сюжетинин жана музыкалык жасалгаланышынын байлыгы менен андан ашып түшөт.
Кенже эпостун чоң эпоско жакындыгын аныктоочу олуттуу белгисине маз-мунунун тиби жана форма түзүү принциби кирет.Мазмундук планда жалпы жанрдык белгилер болуп мифологиялык сюжет, образдарды гиперболалаш – тыруу , оң каармандарды идеалдаштыруу эсептелет.
Кенже эпос өзүнө таандык өз алдынча белгилерге ээ. Сөз дастандардын жана поемалардын тематикалык мазмунунун көп түрдүүлүгү жана аларды аткаруучулдук варианттары жөнүндө болуп жатат.
Мазмунуна карата окумуштуулар ар бир эпостун болжолдуу “жашын” аныкташкан.Адам менен табияттын өз ара байланышта экендигинин социал-дык проблемасына арналган Кожожаш дастаны жана фантастикалык “Эр Төштүк” жана анын уландысы болгон “Жоодарбешим” дастандары тотемизм мифологиясынын нугунда түзүлгөн. “ Жаныш – Байыш” (бир туган баатырлар жөнүндө) жана “Жаңыл Мырза” феодалдык мамилелердин уруулук түзүлүшү алмашкан мезгилиндеги баатырдык дастандар. “ Курманбек” жана анын уулу “ Сейитбек” жөнүндө поема, “Эр Табылды” жана “ Эр Солтоной” – калмактар менен болгон жоокердик чыр чатактар жөнүндө.
Кыйла кийинки мезгилге социалдык тиричилик жана тарыхый дастандар кирет,алар лирикалык–романтикалык жана писихологиялык мотивдерге басым жасалат : алар:” Кедейкан” , “Сарынжы Бөкөй” , “Кулмырза менен Аксаткын” , “Олжобай менен Кишимжан” . Аларга анча чоң эмес көлөмдөгү “Гүлгаакы” , “Ак Мөөр” , “Ак Бермет” , “Карагул ботом” , “Мендирман” , “Шырдакбек” лирикалык поэмалар жакындашат.
Кенже эпос угармандарга кесипкөй айтуучулар – жомокчулар ( азыр дастанчылар) тарабынан жеткирилген. Булар манасчылардан айрымаланып , айтуучулардын ролундагы элдик акындар жана музыканттар (акындар) жана ырчылар болуп эсептелишет.
Кенже эпосто эки вербалдык ( сөз менен ) жана эки музыкалык баяндоо каражаттары бар : обон менен айтылуучу ыр, көркөм –прозалык сөз, ошондой эле аваздык жана аспаптык компоненттер.Чыгармачылык практикада дастанчы аткаруунун үч формасы–вербалдык,музыкалык жана аралаш формасы түзүлгөн.
Экинчи форма–комуздун же кыл кыяктын коштоосунда дастанды аваздык аткаруу.Дастанчы поэманын бүткүл сюжетин өзү аспаптык коштоо менен айтат. Мындан театрдык – актердук элементтер сырткы көрүнүш түрүндө болбойт.
Үчүнчү форма–кенже эпосту айтуунун эң кеңири тараган аралаш формасы, ал вербалдык жана музыкалык форманы айкалыштырат. Автордун – айтуучу-нун кара сөз менен айтып түшүндүрмө берүүлөрү музыкалык дастанды шарттуу түрдө бөлүктөргө бөлөт.
Музыкалык аспаптын – комуздун же кыл кыяктын ролу– кенже эпосто баш ийүүчүлүк тартипке жана төмөнкүдөй эки милдет менен чектелет : сололук (башталышы , бүтүшү, аваздык паузаларды толукташы) жана аккомпонементтик. Кенже эпостун ири жанырдык түрү бул баатырдык дастандар эсептелет. Ал көптөгөн эпикалык дастандардан турат : “Эр Табылды” , “ Курманбек” , “ Жаныш – Байыш” , Эр Солтоной” , “Жаңыл Мырза” ж.б.
“ Ак Мөөрдүн” түзүлүшү эки бөлүктөн турат, алардын ар бири өз кезегинде майда бөлүмдөргө бөлүнөт. Композициялык жактан ал эки каармандын – “ Ак Мөөр” менен анын сүйгөнү Болоттун ортосундагы синхрондуу тип-теги жайылтылган аваздык – сценалык диалогду эске алат.
Эпостун музыкасын изилдөө.
Эпостун азыркы абалы.
Эпикалык фольклористиканын эки бутагынын тагдыры ар түрдүү: эгер манас таануу өткөн кылымда башталса , кенже эпосту изилдөө андан кыйла кеч башталган.
Ч. Валиханов кыргыздардын салттуу мурасындагы эпостун өзгөчө ролуна жана маанисине так баа берген. “ Байыркы кыргыздардын эң байыркы жана эң сонун жомогу өздөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү жомок экенинде талаш жок, - деп жазат илимпоз. Мурункуларды жакшы көрүү жана жомокторунун көптүгү көчмөн монгол түрк урууларынын элдерин , алардын отурукташкан туугандарынан айрымалайт.Бул жомоктордун жөнөкөйлүгү жана табигыйлыгы тарыхый жагдайга аларды өтө көркөмдөп жиберет”.
Автор ушул эле жерде монументалдык эпостун өрүгүүсүнүн тарыхый мүнөзүн төмөнкүчө белгилейт: “ Манас”–бүтүндөй бир элдин чыгармасы,анын көп жылдык чыгармачылдыгынын жемиши – талаа Иллиадасы десе да болчудай. Бул дастанга кийин кошумчалар киргизилип ,көркөмдөлгөнү өтө айкын көргөзүлөт балким муну кара сөз менен айтылган жомоктор поезиялык ырга айландыруунун өзү кийинки мезгилде жүзөгө ашырылган чыгарма , айтор барлык түр – сапатынын өзү мунун кийинки чыккан чыгарма экенин айгинелейт. Манасты аягына чейин угуу үчүн үч түн да жетпейт , ал эми анын баласы “Манас IIге” да ошончолук убакыт керек.
“Манастын” бибилиографиясы дүйнөдө үч миңден ашык аталышты түзөт. Алардын бир бөлүгү эпостун музыкалык стили жөнүндөгү маалыматты кам- тыйт. Академик Василий Радлов өткөн жүз жылдыктын 60–жылдарында Чүй жана Ысык–Көл региондоруна болгон жана “Манас” эпосунун үч бөлүгүнүн бардыгынан тең үзүндүлөрдү жазып алган. Бул текстер 1885–ж. Орус алфавити менен кыргыз тилинде жарыяланган жана немис тилине которулуп Германияда жарык көргөн. “Аus Siviren” деген аталыш менен 1884 – ж. Лийпциген чыккан басылмага В. Радлов сегиз үндөн турган ноталык мисалды жайгаштырган ,ал болсо окумуштуунун кыргыз эпосунун музыкалык жагына чоң маани бергенин айгинелейт.
Ч . Валиханов жана В . Радлов “Манас” эпосунун көркөм маанисин жана кыргыз манасчыларынын айтуучулук чеберчиликтерин жогору баалашкан . “ Манастын”эл ичиндеги кеңири белгилүүлүгү В. Радловго төмөнкүнү айтууга мүмкүндүк берген.
XX кылымда кыргыз эпосуна болгон кызыгуу кыйла активдештирилген. Аны жыйноонун жана изилдөөнүн жаңы демилгечилери пайда болгон. Аларга кыргыз ооз эки элдик – поетикалык чыгармачылыктын советтик жыйноочуларынын бири Каим Мифтаков кирет . Кыргызыстанда фольклорчулардын улуттук кадырлары иштей баштаган. Чоң эпосту жыйноо ишине чоң салымды манас таанучу , этнограф жана “Манастын” кесипкөй аткаруучусу Ибраим Абдырахманов кошкон.
Чоң жана кенже эпостордун музукасын жазууну жана изилдөөнүн жаңы этапбы В. Виноградовдун жыйноочулук жана изилдөөчүлүк иш – аракеттери менен байланышкан.” Манас” эпосуна арналган өзүнүн биринчи макаласында эле В. Виноградов чоң эпостун поетикалык мазмунун жана музыкалык тилин олуттуу изилдөө жөнүндө маселе койгон,айтуучунун статусун аныктаган, эпостун негизги каармандарын жана эки негизги учурдагы манасчылар – М . Мусулманкулов менен С.Орозбаковдун жекече аткаруучулук манерасын мүнөздөгөн.
Кыргыз элдик эпосун изилдөө эстафетасы анын жыйноочуларынын жана изилдөөчүлөрүнүн кийинки муунга өткөн. 1957 – жылдан баштап Улуттук илимдер академиясында манас таануу сектору иштейт.1990 – ж. Кыргызстандын борборунда “Манас” эпостун комплекстүү изилдөө проблемалары боюнча Бүткүл союздук симпозиум болгон. Түрдүү манасчылардын аткаруусунда чоң жана кенже эпостордун музыкасын жана сөздөрүн чечмелөө улантулууда .
Чоң эпос бүткүл улуттук эпикалык маданиятта борбордук кубулуш катары илимпоздордун, анын ичинде музыка таанучулардын көңүлүн улам көбүрөөк барууда. Кыргызстандын билим жана маданияты министирлигинин демилгеси боюнча өлкөнүн музыкалык окуу жайларында атайын айтуучулук класстары киргизилген, жаш манасчылардын коңкурстары өткөрүлөт.
1947 – жылы Кыргызстан КП БК (б) нын атайын токтому боюнча“ Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленмек ,бирок эпостун мазмунуна баа берүүдө идеологиялык карама–карышылыктарга байланыштуу маареке болбой калган. 1951 – жылы “Манас” эпосунун проблемаларына атайын арналган Бүткүл союздук илимий конференция анын идеялык мазмунун сындоочулардын терс бааларын бир топ жымсалдаган.Ошондой болсо да айтуучулук маданиятынын проблемалары каралбай кайрадан белгисиз мөөнөткө жылдырылган . Ошону менен катар эле эпикалык айтуучулуктун деңгээлин төмөндөтүү тенденциясы улантылган.
Кенже эпосту изилдөөдө эки тарыхый мезгилди белгилөөгө болот. Адегенде бул маселени чечүүнү манас таанучулар К. Мифтаков менен Ы. Абдыракмановдор колго алышкан , алар өз иштери менен катар эле дастандардын жана поемалардын үлгүлөрүн чогултушкан. 1920 – 1960– жылдары материалды сис-темалаштыруу жана жарым – жартылай жарыялоого жүргүзүлгөн . 1970 – 1990 – жылдары “ Эр Төштүк” , ” Кедейкан” , “Сарынжы Бөкөй” , “Эр Табылды ”, “ Курманбек” , “ Жаныш – Байыш” ,“Жаңыл Мырза” ж.б поемаларга арналган. С. Закировдун , Р. Кыдырбаеванын , Б. Кебекованын , С. Кайыповдун , Ж. Субанбековдун атайын илимий изилдөөлөрү , монографиялары жарык көргөн. Этнографиялык поетикалык жыйнактарды чыгаруу регулярдуу боло баштаган.
АКЫНДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАНРЛАРЫ
Жалпы мүнөздөмө
Акындар чыгармачылыгы–кыргыз элинин ырчылык салтынын өзгөчө катмары. Акындар чыгармачылыгы – фольклордук– музыкалык тартиптеги эле кубулуш эмес.Ал поезия менен музыканын алкагынан алда канча чыгып кетет.Акындык ыр чыгармачылык массалык фольклордук ырдоо системасынын анын көптөгөн көркөм компоненттерин өзүнө сиңирүү менен өсүп чыккан.
Белгилүү болгондой, поетикалык речитатив оозэки музыкалык салтынын эзелки касиети болдуп эсептелет. Акын сөзү байыркы этимологиялык тамырга ээ жана көп маанилүүлүгү менен айрымаланат. Лингвисттердин пикири боюнча ал казак , уйгур , татар , ошондой эле иран – перси лексикасын бириктирет. “Акын” , “ахун” (ахунд) деген сөздүн трансформацияланган ватиантын түшүндүрөт , ал болсо “мугалим , акылман” дегенди билдирет.
Кыргыз тилинде “ акын” төкмө ырчы дегенди да билдирет. XX кылымда “акын” түшүнүгү жазма маданият чөйрөсүндө да тарап башталган. Акын- байыркы көркөм кесиптердин бири, кыргыз элинин моралдык адеп ахлактык жана философиялык – эстетикалык көз караштарын чагырлдыруучу инсан.
Акындын аваздык туюнтуучулугунун башкы каражаты –терме .Образдуу айтканда акын поетикалык саптарды жана ага ылайык келүүчү обондуу ырларды бир көркөм маанилик бүтүнгө бириктирет.Терме баардык жанырдагы акындык импровизациянын негизги ,аткаруучулук методу жана стили,алар боюнча угуу-чулар акындын чеберчилигине баа беришет. Акындык өнөр көп кырдуу (к. Тиркемедеги 3 – таблицаны). Ал өзгөчө ( же өсүмдүк) акындык жанр сыяктуу эле өзгөчө ( же өзүмдүк) эмес жанрларды , жекече ( сололук) жана айтыштык (диалогдук) аваздык жана (кээде) аспаптык, ошондой эле жомоктук жанр-лардын ар түрдүүлүгү баарынан мурда анын бай тематикасы менен байланышкан.
Акырында комуз (же кыл кыяк) акын үчүн – зарыл музыкалык аспап , “ ашынасы” жана авторлошуу” . Анын жалпы милдети – аккомпонементи , коңкреттүү алганда – лаотоналдуулук , темп – ыргак планында үндү колдоо ,ырдалып жаткан ыр үчүн эмоциялык фон түзүү.
Сололук ( жеке ) жанрлар
Жеке жанрда акын комуз же кыл кыяк менен коштоп,өзүнүн же башка автор менен биргелешип чыгарылган текстин ырдайт же айтат. Конкреттүү образдык – тематикалык багытына жараша жеке акындык жанрлар төмөнкүдөй топторго бириктирилип: насыят – үлгү, панегирикалык (мактоо) , комедиялык, тарыхый ж.б. Жанрдын биринчи тобу, өз кезегинде, төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: үлгү ыры, санат ыры, насыят ыры.
Үлгү ырында адам аракеттениши керек болгон шайкештик, тартип, максатка умтулуучулук жөнүндө сөз болот. Бул интонациялануучу учкул сөздөр фор-масындагы жүрүш – туруш эрежелеринин жыйнагы.
Жердин көркү кыргызда,
Асмандын көркү жылдызда.
Ашуунун көркү көк музда,
Кулундун көркү желеде.
Төрдө олтуруп иш кылса,
Кыздын көркү энеде.
Санат ыры – анын алкагында философиялык учкул сөздөр, макалдар жана кеңештер аркылуу адеп – ахлактык тарбия берүүчү жана жанр.
Аргымакты жаман деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайыңды жаман деп,
Тууганды кайдан табасың?
Ак асманды жаман деп ,
Чөптү кайдан табасың?
Насыят ыры тарыхый жактан жанр катары калыптанган, анын маазмуну турмуш чындыгы жөнүндө билимдерди оозэки пропагандалоо жолу менен моралдык сапаттарды тарбиялоо болуп эсептелет. Насыят ыр жанрынын бир түрү болуп калыс ыры эсептелет.
Жеке акындык жанрлардын экинчи тобунун салтанаттуу – панегрикалык ( ашыра мактоочу) мазмунундагы ырлар түзөт. Мындан башка орун куттуктоо ырына таандык. Бул коңкрет адамдын же адамдар тобунун беделине болгон ода. Бул жанрга саламдашуу ыры өтө жакындашат, ал ден соолук каалоо ыр тибине элестетет. Кыргыз төкмө акындары эл алдындагы ырларын салттуу түрүндө ушул ыр менен башташат. Бул жанардын дагы бир түрү – жар чакыруу ыры, аны менен төкмө акындар салттуу элдик майрамдар болгон аш же тойдо
Жарчылыкты аткарып, бул көрүнүктүү окуяны жар салат, бардык элди сал-танатка чакырат.
Мактоо ыры – өткөн мезгилдин же бүгүнкү күндүн көрүнүктүү инсан-дардын, анын ичине катышып отурган адамдын урматына карата мактоо. Жеке акындык ырлардын үчүнчү тобуна куудулдук мүнөздүү тамаша, юмордуу, кебете – кепширин айтуу , сатиралык, азил термелер кирет. Кордоо ыры деп аталган бул топтун чыгармаларында курч сөздөр менен айыбын ашкере кылуучу формада адамдын кемчиликтери сынга алынат.
“Беш каман” деген ыры Суусамыр болуштугунун беш феодалына багыт-талган:
Акмат, дыйкан алдамчы,
Атакан, миңбай жалганчы.
Эгемберди, Бахтыяр,
Эл жегенге жардамчы.
Кол курады беш каман,
Мурункудай чапмакка.
Короодогу кой турмак,
Коргоол бербейт жети ата.
Терменин эки түрү ушул топко кирет, алар : тамаша ыры жана такмаза ыры. Жеке акындык ырлардын төртүнчү тобу эскерүү ыры же эскерме ыры деп аталат. Ушул эле топко жанр катары аныкталуучу баяндоо ыры да кирет. Баяндоо ырына үлгү катары XX кылымдын башында белгисиз автор – акындардын “Шабдан жөнүндө ыр” жана “ 16 – жылкы эл көтөрүлүш ыры” ошондой эле Атай Огонбаевдин Улуу Ата мекендик согуштун атактуу генералы туралуу “ Эр Панфилов” деген ырын келтирүүгө болот.
Кийинки үч топтогу аспаптык , аваздык жана эпикалык жанрлар өзгөчө акындык ( же өзүмдүк) жанрлар болуп эсептелбейт, мисалы, кербез – аспаптык музыканын жанры. Бирок, фольклористикада Токтогул Сатылгановдун 14 аваздык – аспаптык кербези белгилүү, аны асыресе ушул жанрдык түрдүн негиздөөчүсү деп эсептөөгө болот.
Аваздык лирикалык “арман” , “секетбай” , “күйгөн” , “жаштык” , “кыз –жигит” , “каада – салттык” , “кошок” , “жоктоо” , “керээз” , “угузуу” деген жанрларга акындар аткаруучулук мыкты түр , стилдик жекечелик беришип , аларды жогорку кесипкөйлүк деңгээлге кө
төрүшөт.
Диалогдук жанрлар
Диалогдук акындык жанрлар – эл ичинде кеңири тараган кайым деген жалпы аталыш менен аваздык ыр – поетикалык мелдештердин кесипкөйлүк көркөм формасы. Мелдешүү диалогунун тиби боюнча жаштардын ыр жанрлары “ кыз – жигит” , “ акыйнек” , “ сармерден” аттуу жолдоштук – поетикалык турнирлер ж.б. түзүлгөн.
Акындык диалогдук жанрлар айтыш деп аталат жана эки ири түрдө болот : теңтайлашуу элементтери бар чыгармачылык жолугушуу. Айтыш акындык өнөрдүн өнүгүшүнүн кыйла жогорку баскычы түрүндө болот , айтыш – бул эки ( кээде андан көп ) акындардын комуз менен коштолгон же аккомпонементсиз эле диалог формасында эл алдында болгон музыкалык – поетикалык мелдеши.
Айтышууда эки акындын тең аваздык партиялары көбүнчө бир ладтоналдуулукта жаңырат, ал эми алардын комуздары бирдей күүлөнөрүн белгилөө керек.
Айтыш практикасында бир кыйла ички жанрдык ар түрдүүлүк топтолгон. Анын негизги түрлөрүн санайлы:
залкар акын айтыш ( классикалык айтыш) ;
аял - эркек айтыш;
эки , үч , төрт акын айтыш;
майрамдык салтанат айтыш;
тамаша кордоо айтыш ;
табышмактуу айтыш.
Айтыштын ири түрү болуп , алым сабак жанры эсептелет. Бул музыкалык – поетикалык мелдештин өз алдынча формасы , өз кезегинде блинц – турнир , мында акындар айтыш жанрындагыдай өз ойлорун кеңири жана ырааттуу жайылтып айтышпастан , кыска жана сыйымдуу туюнтулушта ырдашат.
Алым сабакта айтышка караганда көбүнчө поетикалык талант маанилүү – курч сөзгө , тез реакцияга жана көркөм баамдай билүүгө ээ болгон жеңишке жетишет. Маазмуну боюнча айтыштар эки типте болот: талаш – тартыштуу ( конфликтүү) жана талаш тартышуу эмес ( конфликтсиз).
Мадырайган соргогум,
Мени жакырсың деп кордодуң.
Жакыр да болсом мен өзүм,
Жаандан чыккан жоргомун.
Акындар : типтер жана муундар
Акындар абият берген шыгы жана чеберчилиги боюнча эки чоң категорияга бөлүнөт. Биринчиси –төкмө чоң акындар ,залкар акындар . Экинчиси – төкмөлүк өнөрү анча өнүкпөгөн акындар, алар өз ырларын алдын ала даярдап алышат. Акын ошондой ак таңдай же жез таңдай деген татыктуу атка ээ болушу да мүмкүн.
Ири төкмө акындар бай поетикалык таланты , мыкты аваздык үнү, аспапчы-лык виртуоздуулугу жана артистүүлүгү менен айрымалданат. Алар бир нече муунгша таандык.
Биринчи муун: Бекмурат , Сары ырчы , Сокур Калча , Найманбай , Молдо Нияз, Нурмолдо , Айтыке , Накен , Сартбай ж.б.
Экинчи муун : эки кылымга таандык Чоңду ( 1826 – 1912) , Эсенаман (1833–1913) , Солтобай (1834 –1918) , Калмырза (болжолду1866 –1910) , Жеңижок (1860 – 1918) , Токтогул Сатылганов (1864 – 1933) ж.б.
Үчүнчү муун : Токтогул Сатылгановдун замандаштары жана шакирт-тери–Калык Акиев (1883 – 1953) , Осмонкул Бөлөбалаев (1888 – 1967) , Алымкул Үсөнбаев ( 1894 – 1963) , Коргоол Досуев (1890 – 1962) ж.б.
Төртүнчү муун XX кылымдын акыркы чейрегинде чыгармачылыгын активдүү алып жүрүшкөн Эстебес Турсуналиев ( 1931 – 2005 ) , Ашыраалы Айталиев (1927 – ж.т.) , Тууганбай Абдиев ( 1937 – ж.т.) ж.б.
Азыркы мезгилдеги улуттук жазма пайда болгондо , б . а. биздин кылымдын 20 – жылдарына чейин төкмө акындар бүткүл кыргыз ыр – пое-тикалык маданиятынын сактоочулары болушкан. Жаңы типтеги жазма акындар пайда болгондо , ооз эки жанрдын өкүлдөрү активдүү эмгектенишкен.
Чыгармачылык портреттер
Арыстанбек Буйлашов , Жеңижок Көкө уулу , Токтогул Сатылганов , Эшмамбет Байсейитов , Калык Акиев , Барпы Алыкулов , Осмонкул Бөлөбалаев , Коргоол Досуев , Алымкул Үсөнбаев , Токтонаалы Шабданбаев , Ысмайыл Борончуев , Токтосун Тыныбеков , Ашыраалы Айталиев , Эстебес Турсуналиев , Замирбек Үсөнбаев ж.б.
Достарыңызбен бөлісу: |