«Эл дүйнөсү» журналына
«Эл дүйнөсү» журналы,
Эмгекте бил жыргалды.
Ак жол каалайт силерге,
Ат тартты мезгил минерге.
Түз мингиле кыйшайбай.
Шат күлгүлө кумсайбай.
Кайыгыла кайыктай,
Кайкайгыла калпактай.
Чоң турмушка сүйөнүп
Сыр чечкиле дүйнөлүк.
Сүрөөнчүңөр көп болсун,
Ар сөзүңдө эп болсун,
Башыңарга бак консун.
Чыктың алыс сапарга
Редактор Жапарали да
«Эл дүйнөсүн» баштадың,
Аягыңды тез шилтеп.
Ишеничтүү таштагын.
Прозаңа мезгил сунсун роза.
Ачкыла талант башатын,
Эшик жыртып апкелсин
Жакшы ырларын маш акын.
Тургула турмуш жыттанып,
Иш алга кетип нуктанып.
Кыйырың чолуп Мекендин
Шыкытың тапкын шыктанып.
Көп болсун арзып окуган,
Журналды ар ким суктанып.
Тизгин колдо карышсын,
Мезгилиң менен жарышкын!
Турмуш менен жуп болуп,
Ойлогонуң куп болуп,
Коюн колтук алышкан.
«Эл дүйнөсү» журналы, 1995-жыл
Кыргыздан Чацкий чыгаар бекен!
Антип-минтип кыргыз тили мамлекеттик тил болгонунан бери он жылдын жүзү толуптур. «Тил мыйзамынын иш-чаралары кандай аткарылып жатат, же неси бүтүп, неси бүтпөй атат» деп анын аки-чүкүсүн сүрүштүргөн, керек жериңде «акесин» таанытып ийчү парламент, өкмөт, кур дегенде коомдук уюмдар, кыймылдар, партиялардын түтүнү булабай калды. Бири-бирин түшүнбөгөн башаламандык, атасын баласы укпаган куу заман, ымыркай эмчек албаган тар дүйнө.
Ошон үчүн заман бизге күндө жүзүн үйрүп жатат. Быкшып күйгөн оттой акырын жалбырттоодобуз. Бу куу тагдырдан ар нерсени күтсө болот. Кара курсактын айынан сталиндик режимди, брежневдик шовинизмди эңсеген адамдар азбы арабызда, кудая шүгүр, жетишет.
Он жылдык юбилей жылында алыскы тоолуу райондордон баш калаабызга чейин чоло жери калбай бадырая жазылган орусча, англисче (бу кийинки үч жылда аябай күч алды) жазылган жарыя-жарнамалар, көрнөк ураандардын кылы кыйшайбай күнү бүгүнкүсүндөй эле турат. Багы жокко дагы жок дегендей эми эне тилибиз аз келгенсип, каны-жаныбызга сиңип, орток тилге айланып кеткен орус тилин чанып, өзүбүздөн өзүбүз эле англис тилине өтүп кетүүгө ык коюп жатабыз. Мурдагы анча-мынча болсо да эки тилде жазылган «ачык», «открыто» – опенге, «дүкөн», «магазин» – шопко айланды. Ошондо да муну тескеп алган, же негизги мыйзамыбыз – Конституцияга такаган пенде жок. Эч ким эчтеке кылгысы келбей, кыргызды кыргыз бойдон сактап, коргоп, өстүрүп ийчү кандайдыр сыйкыры күч ур-токмокту күтүп жаткандай. Куду граждандык согуш учурундагыдай: партия келсе кызыл кыргызга, анлгис тили үстөмдүк кылса мистер когизге, аргасы кеткенде Конституциясы, мамтили, герби, туусу туруп, «киргизге» айланып кетүүнүн айласы күч.
Кызык факт. Өткөн айда Кожомкул атындагы спорт сарайына бокс боюнча эл аралык Дүйшөнкул Шопоковдун турнирине келген бир америкалык волонтер байкабайбы же атайлаппы, «Эл аралык турнириңер, «Казино «Беркутта» өтсө укмуш го» деп таңданып атпайбы. Анан күлөсүң да. «Казино» деген сөз бүткүл имаратка таандыктай жазылып калганына. Бул шерменделик эмей эмне?
Баарынан да, өз жеринде туруп, «Кыргыз тил коому», тилди өнүктүрүүнүн улуттук комиссиясы жана ушу сыяктуу ар кандай бирикмелер, фонддордун жаралышына ичиң күйөт экен. Жергебизде өнүгө албасак кайсы жерде өнүкмөк элек. Бу кыргыз деген геноциддин кыйроосу эмей эмне! Кой, ай дегендей, же бирөөгө көз каранды болбосок. Бу балким биздин улуттук аң-сезимибиздин алсыздыгынан, патриоттуулуктун жоктугунан болуп жүрбөсүн. А балким, жөн эле кайдыгерликтир? Болбосо Ат-Башы, Кара-Кулжа, Алайда орусча же англисче чечмеленген ураандын кимге кереги бар.
Карап турсаң баары эле бир жакка шашылгансыйт. Тимеле кымкуут. Бу да түшүнүктүү, себеби соодагер базарга, мамчиновник иш үстөлүнө шашат. Анан ошо чиновник элди кокодон алат: «Мен таң заарынан түн бир оокумга чейин эл деп иштеп жатам. А эл аны түшүнбөйт» деп. Абсурд. Сарасеп салсаң ошо чиновник элине, жерине жарты тыйынчалык эчтеме кылбаптыр. Болгону кара таман эл өз кепесинде ач-жылаңач отурса, тиги хан сарайдын үстүнө хан сарай тургузуп, чет элдик машинада алчактап жүрөт.
Ал жерлерде орустун жыты эмес, арип тааныган кыкелериңдин калбай калганы качан. Көртирлик деп аларың Орусия, Казакстан, Туркия, Кытайды кезип жүргөнүн ким танат? Айылда кары-картаң пенсионер, майыптар, мектеп жашындагылар жана аларды зериктирбей мал-мүлкүн, тоогун уурдай коюп, жашоонун оңой жолуна түшкөн көчө безерлери гана калганын кимден жашырабыз.
Эзелтеден улуулук менен пастык кошо жүрөт. Мен айтаар элем кыргыз деген дүйнөдөгү багы бар улут, улуу тили бар элденбиз деп. Касиетиңен, айланайын кыргыз элим жараткан «Манас» эпосуна дүйнө калктарынын эч бир чыгармасы тең келээр эмес. Теңдешпейт да. Бу улуулук, бу көрөңгөлүү тарых эмей эмне. Канча жылдардан бери ооматы келбей, 1995-жылы келип, Ысык-Көлдөй чык, Ала Тоодой эт камдап, «Манастын» миң жылдыгын белгилеп, азыноолак дүйнөгө тааныта алдык.
Байкуш кыргызым мейман десе жата калат, ичкен ашын кармата берип, керек десе акыркы тонун чечип берет. Тилиң буруу экен, бизди эле туурачы десе тантырактап берет. Өз керт башынан бирөөнүн керт башын жогору коет. Меймандостугу ушунда, өзү да жебей, балдарынан каткан ашын салып берип, маңдайы жазыла конок узатып, бала-чакасы ач калган учурлар, бу кыргыздын көөнөрбөс тарыхында миң курдай кайталанса керек. Чынын айтсам, обу жоктонуп алсызга чочоңдоп, зөөкүрлүгүн көрсөткөн америкалык, же англиялыктарга салыштырмалуу менин элим улуу да, ыймандуу да, адамгерчилиги зор меймандос да. Биз улуу элбиз десең эле оозуна алы келбегендер: «Биз кичине элбиз, ээрчиме элбиз» деп көргө түртөт. Мен айтаар элем, элдин кичине, чоңунда эмес, анын мамлекеттүүлүгүндө. Болбосо Кара-Суу районунун элиндей, жериндей аймакты ээлеген Ватикан, Брюссель, Люксембург кичинебиз, мокочобуз дебей эле БУУда, НАТОдо жүз миллиондон калкы бар орус, же америка элиндей эле добушка, укукка ээ болуп олтурбайбы. Же болбосо жер жүзүндө 45 млн. курд, 10 млн. уйгур эли менен бизди салыштырууга болобу. Ар ким маңдайына жазганы менен бактылуу.
Адам кээде өзүнө гана эмес, бирөөгө да окшошкусу келет. Бу табигый көрүнүш. Андан биз дагы куру эмеспиз. Жүз кыргызга бир орус, же өзбек кошулуп калса, ошол замат кыйынсына (билебизби, билбейбизби анысы менен ишибиз жок) тилибизди жерип, орусча же өзбекче саймедиреп жаза баштайбыз. Ушундай эле көрүнүш орустарда да болгон же болуп жатат, боло да бермекчи.
Маселен орус эли өткөн кылымдарда батышты бардык жагынан тууроого далалаттанып, үрп-адаттарын кабыл алган, кийимдерин кийген. Катардагы чиновниктен ак сөөктөр династиясына, падышалык чөйрөгө чейин: «Биздин тил – мужиктин, сөгүнүүнүн гана тили» деп эне тилин танып, француз, немис, англис тилдеринде сүйлөшүүнү артык көрүшкөн. Балдарын чет эл маалимдеринен окутушкан. «Чыныгы маданият батышта» деп кулактарына кумдай куюшкан. Ушундай өткөөл чакта орустун улуу жазуучусу Грибоевдовдун «Акылдан азап» аттуу комедиясында каарман Чацкий ушундай кулчулук уруп, ак сөөктөрдүн сокур тууроосуна кызуу согуш жарыялады. Орус элин акылуу, күчтүү улут катары караган. Бирок орус коомчулугу Чацкийге каршы туруп, аны «жинди» «апенди» катары шылдыңдашкан. Кантсе да, биз Чацкийге окшогон Кыргызбайларга суусап жатабыз. Бир кезде көрүнгөн элди тоту куштай туураган орус эли Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мурдагы СССРдин аймагында жашаган калктарды: «Биз силерди боштондукка чыгардык» деп шымаланып орусташтырууга киришкен. Муну тарых тастыктап жатпайбы.
Ким ээрчибейт да, ким туурабайт. Кимдер бирөө көңүл кушу түшкөн кайсы бир элге окшошкусу, ошолордой кербезденгиси, жакшы нерсесин өзүнө сиңирип алгысы келет. Бирок, өнүккөн улуттун бай салтын, үрп-адатын, тилин, маданиятын, жүрүм-турумун канчалык деңгээлде пайдалангысы, окшошкусу, сиңиргиси келет, кеп ушунда турат. Албетте, үйрөнгөнүң, көп тил билгениң өзүңө жакшы дечи, бирок өзүңдөгү артыкчылыктарды сезбей дилин алдырып, тили бурулуп, системанын алдында кордолуп, же биротоло өз элиңде калбай, же биротоло башкага өтүп кетпей, алганыңы, окуганыңы, билгениңи сиңире албай, эки ортодо арабөк калганың жаман да. Ошон үчүн ойлон досум.
Ленин деле өз кезегинде англис, немис, француз тилдерин жерип, бизге окшобой орус тилинин тазалыгы үчүн жан аябай кармашкан турбайбы. Ал орус сөздөрүнө ыгы келсе, келбесе деле чет элдик фразаларды кошуп сүйлөөнүн зарылдыгы жок экендигин зар какшаптыр. XIX кылымдын улуу жазуучусу Грибоедовдун «Акылдан азап» комедиясындагы орус тилинин тазалыгы үчүн күрөштө Чацкийчелик чиновниктер менен кармашып, тилибиздин келечеги үчүн күрөшө албадык.
Кыргыз эли байыркы эл болгондон кийин, анын тилин байыркыдай улуу кылалы, кудурети күчтүү даражага жеткирели, маданияттын бардык казыналарына ээ болуу, илимдин бийиктигине жетүү ар бир адамдын, улуттун колунан келчү нерсе. Адам өзүндө эң сонун асыл сезимдердин, улуттук артыкчылыктардын бар экендигине ынанууга, сыймыктанууга тийиш.
«Кыргыз Туусу», 30-март-1-апрель, 1999-жыл
Эсиңе кел, кыргыз!
Дүйнө жүзүндө кыргыз эли бир уучтай эле сезилет. Бирок, анын бир уучтайы же айрым калктардын дүйнөгө түркүк болчудай алдуусу алсызын баса калып, жырткычтык табиятын таңуулагысы келген зомбулук аракети жөнүндө икая эмес. Кичине элдин чоңдой проблемасы, тарткан жүгү, чечилбеген түйшүгү жөнүндө сөз баратат.
Базар экономикасы, баалардын кескин көтөрүлүшү, жумушсуздук армиясынын катары күндөн-күнгө өсүүсү, наркоманиянын пайда болушу менен кылмыштуулуктун көбөйүшү адам дегенди каалагандай калчап жатат. Учурда ушундай кыйынчылыкта ырааттуу, максаттуу, кийин коомго, адам факторуна тескери таасири тийбегендей иштелген зирек программа жетишпей турат. Шаар, айыл-кыштактарда мектептерде адеп-ахлак, жүрүш-туруш маданияты боюнча диний окууларга кеңири жол ачылды. Бу көзгө урунарчылык жөрөлгө деңизчи. Бирок, айрым шылуундар мүмкүн болушунча эски, жаңы саясатты обу жок көкөлөтүп, мусулманчылыкты, ар кайсы динди алы жетишинче пропагандалып, кээ бир маселелерге келгенде мамлекеттик иштен да өз кызыкчылыктарын жогору коюп жатышкандыгын туюп, зээниң кейип кетет. Ар кандай нерсе өз ченеми менен өлчөнсө, болсо-болбосо да баарын дүңү менен күндөлүк тиричилигибизге кийире бербей жамандыктан жакшылыкты, жакшыдан мыктысын тандап алсак. Себеби биздин Эл байыртадан эле Орто Азия жана Казакстан элдеринин көпчүлүгүнө салыштырмалуу динди көп эле туу тутуп, артынан максатсыз чабыла берген эмес. Бирок, ошондо да чанып кетишпей, мусулманчылыктын, Курандын шарияттын жолдорун зиректик менен пайдалуу, өзүбүзгө ыңгайлуу деген жерлерин гана кабыл тутушуптур. Бу жагынан ата-бабаларыбызга ыраазычылык билдирип коюшубуз абзел. Мисалы, аялдардын паранжы жамынып жүрүүсү биздин мал киндиктүү тоолуу шартыбызга чак келбегендиктен четке кагылган. Биздин аялдар тең укукта эркектер менен маңдай-тескей отуруп, ачык эле субкатташып, жоого бирге аттанышкан. Ошондо эле кыргыз аялдарына эч кандай чектөө коюлбай үзөңгү кагыштыра катар бастырып, жаа тартып, жамбы атып, оюндагысын тике айтып, күнүмдүк чарбасын, эл башкаруудагы демократиялуугу ушу азыр да таң калтырбай койбойт. Адам оорубаса саламаттыктын, картайбаса жаштыктын, алдан-күчтөн тайбаса кубаттын, ишенбесе диндин кадыр-баркын билбеген сыяктуу мечит көбөйсө эле (республикада 1200дөн ашуун ар кандай мечит бар) жаштарыбыз ыймандуу, карыяларыбыз салабаттуу болуп кетет деген дагы бир көзү сокур түшүнүк пайда болду. Жазгы жамгырдан кийинки пайда болгон козу карындай жыбырап кеткен мечиттер канчалык көбөйгөн сайын кандаштарыбыздын мусулманчылыкты чанып башка динге, ишенимге кирип, Кришна, Будда, Бахаула жана Иегованын күбөлөрүнө өтүп кетүүсү ошончолук көбөйүүдө. Бу кейиштүү көрүнүш рухий дүйнөбүз жардыланып, көргөн тиричилигибиз эптеп-септеп жан сактамай көр турмушта, айрым жерлердеги мечит куруудагы акчалай, материалдык салыкты төлөй албай кедейленип элге батпай турганда жылуу-жумшак сүйлөп, анча-мынча чака тыйын сунуш кылып өзүнө арбаган дини бурууларга азырылып кетүүсү менен түшүндүрүлөт окшойт. Мындай адамдар ага-тууган, жоро-жолдош, жек-жааттары менен макулдашпай өтүп алып кийин жаманчылык (акыры пендебиз го) башка түшкөндө көр талашып коомчулукту, эли журтун кыйнап коюп жатышат. Мен дегеле кайсы бир кыргыздын башка динге өтүп кетүүсүнө каршы эмесмин, ал ар кимдин укугу, жүйөөсү деңизчи, бирок, ошондо дагы кыргыз болуп туулуп, кыргыз болуп өсүп, Умай эне колго алган күндөн мусулманчылыкты тутуп келип, анан эле Динин сатып, башка динге өтүп кеткендерге түк түшүнбөйм. Буга жер-жерлердеги имам, молдолордун азыркы талапка ылайык иш алып барбагандыгы, кайдыгерлиги, башка динди кабыл туткандарды жылуу сүйлөп кайрып алгандын ордуна кайра бөлөктөп, элди каршы коюп, кайчы пикир туудуруп жаткандыгы да себеп болуп жаткансыйт.
Азыр кимден сурабагын: «Жаштардан ыйман кетти, кары-картаңдардан ыйба кылбайт, автоунааларда орун бошотуп бербейт», -дешет. Мунусу дагы чын. Эгемендүүлүктүн тогузунчу жылы тилибизди, дилибизди аз-аздан кайтарып берип жатканы менен базар экономикасы адамдардын бардык категориясы жөөттүккө, куйтулукка, ач көздүүлүккө, дүнүйө параздыкка аргасыз түртүп жатканы жашыруун эмес. Муну азырынча убактылуу көрүнүш катары кабылдаганыбыз менен көңүлгө оңойлук менен кетпес так калтырат экен. Азыр колундагысын эптеп соодалап, бала-бакырасына нан таап берген адам «баатыр» болуп калды. Ыйбаа, ыйман деген эстен көңтөрүлүп, көртириликтин айынан Орусияда, Казакстанда тентип, көзү өтүп кеткен ата-энесине, жакын тууганына бир ууч топурак таштай албай, үй-бүлөсүн ойлобой, чырактай балдарын чыркыратып кыздарыбыз эрге тийип, үйлөнүп алган эркектерибиз канча дейсиз? Болбосо качан эле кыздарыбыз денесин сатып, эрте боозуп, балдарын төрөтканаларга таштап жүрчү. Мына ушундан кийин кыз сыйлаган айкөлдүгүбүз, эр сыйлаган касиетибиз кайда барат? Кылымдарды карыткан үрп-салтыбызды, көөнөрбөс каада-салтыбызды кайда катабыз. Ордо калаада эмес, биртике да болсо түсү үйрүлбөгөн айыл-кыштактарда кадырман карыларга, улуу адамдарга «Ассалоом алейкум» деп салам айткан, акыл рухубуз бөксөрүп, ата-бабаларыбыздын салтын жайылткан пенде жок. «Пулуң болсо кулуңмун», «самопалдан куй», «өзүм өлбөйүн, арабам сынбасын», -деген эле эл. Кеңешти, моралды, кичүүгө ызаатты, улууга урматты кабыл алган пенде аз арабызда. Көпчүлүгүнүн териси жука, жини тез келип, оозуңду ачтың дегиче эсикөөнүңөн кеткис кылып боктоп коет. Бу аз көрүнсө «ар-р» этип куйругуңан каап алат.
Азыр эмнегедир көкөйүбүзгө көк таштай тийген порнографиялык сүрөттөр менен кооздолгон календарларды, видеофильмдерди, абийирин саткан адамдардын күнү тууп жатат. Аларды жолго салган карылар, ата-эне, коомдук уюмдар, кыймылдар жок эмес. Бар. Ордо калаабыздан кара балчыкка баткан айыл кыштактарга чейин сиңип кеткен, адамды талап-тоноп, зордуктап, үй-мүлкүн өрттөп, өз канынан жаралган балдарды сатып, уурулукка, жырткычтыкка үйрөткөн, эротикалык оор жана жеңил секс видеофильмдер бүткүл республикабыздын аймагында ачыктан-ачык пропагандаланып жаткандыгын шариятка, мусулманчылыкка сыйбаган одоно көрүнүш катары эсептейм. Ырас, өкмөтүбүздүн алдындагы комиссия менталитетке туура келбеген «Пайшамба», «Каттама», «Лимон» сыяктуу басылмалардын багытын өзгөрттү. А да болсо керектир, бирок мынчалык жылаңач, одоно түрүндө эмес экендигин редакциябызга келген каттар айгинелеп турат. Ушинтип эле республикабыздагы басылмалардан жөнөкөй секс видеофильмдерге чейин теледен көргөзүп, гезит беттеринде рекламалай берсек, анан кантип жаштарыбыз улуудан ийменип, кичүүгө ызат көрсөтсүн! Күндө он маал көргөзүлүп, кайталанган видеотасмалар атасын, апасын, кыз-баласын бир кончко тыгып койду. Улуу деп бала атасынан, кичүү деп атасы баласынан ийменбей, кызы апасынын тилин албай ата төрүндө төрөгөндөр болууда. Айлана-чөйрө будуң-чаң түшүп, баары аралашып эле калгансыды. Эмне жаман, эмне жакшы баасы бир. Эптеп күн өтсө болду. Аксакал карыялардын, улуу муундардын жаштарга айткан акыл-кенеши түккө арзыбай «карынын кеби» касетин жоготту. Видео, кино өнөрү бизди көркөм дүйнөгө, асыл максаттарга жетелебестен, тескеринче, хулигандыкка, жырткычтыкка, айбанчылыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, талап-тоноочулукка үндөдү. Мындай фильмдер бизге эч качан ырайым алып келген эмес, алып келчү түрү да жок.
Ушинтип, бири-бирибиздин кебибиз бири-бирибизге оор тийип, өчөгүшүп, тирешип, ыйманыбызды жеп ала электе келечек муун аксабасын десек, тез аранын ичинде улуттук педагогиканы жандандырып, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктүн иш-чараларын иштеп чыгуубуз зарыл. Ал үчүн республикабыздын бардык жогорку, орто окуу жайларында, мектептерде адамгерчилик-ыйман сабактарын кийрүү ылайыктуу. А түгүл мындай сабактарды башка сабактардан айрымалана, кадимки мектеп парталарында өтүлбөстөн, шырдак салынып, бооруна туш кийиз илинген, кыргызча жасалгаланган бөлмөлөрдө өтүлсө. Балдар малдаш токунуп, кыздар сыңар тизелеп уй мүйүз тартып олтурушса. Бөлмөгө илгерки үй эмеректеринен баштап, ат жабдыктарына, улуттук кийимдерге, зергер буюмдарга чейинки экспонаттар илинип көз жоосун алса, этнографиялык, эстетикалык, улуттук педагогиканын принциптери комплекстүү чечилмек.
Адамгерчилик, ыйман сабагын шаблондон качып, айылга, районго, республикага, эл-журтка белгилүү, элдин үрп-адатын, салт-каадасын мыкты билген нарктуу аксакалдар, колу уз байбичелер, тажрыйбалуу педагог мугалимдер өтүшсө эң сонун болмок.
Элибиздин не бир алтынга тете макал-лакаптарын, накыл кептерин пайдалансак, ак сакалдары жайкалган акылман карыялар Кошой, Бакай Ата, Манас бабаларыбыздын санжырасын айтып, колу уз байбичелер Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл мырза, Курманжан даткалардай уздар болуп, кыз-келиндерибиздин чебер колунан жаралган сайма, терме, улуттук жасалгалары аздектелип турса, он видикке алмашкыс сонун сабак болмок.
Дүйнөлүк цивилизациясынын жогорку чегине жеткен жапан эли деле байыркыга кайрылып, кимоносун сактап, желпингичин желпинип, элдик ырлардан гимн жаратышып атпайбы. Алардан биздин эмнебиз кем. Ошентип, келечек жашообузга багыт бере турган улуттук идеябызды, айыл чарба, өнөр жайын түп-тамырынан бери өзгөртүп, улуттук аң-сезимдүүлүккө, жаркын ой-максаттарга жетелөөчү зор демилгелүүлүктү жоготпой, байыркылыгыбызга кайрылып кылымдарды карыткан Манас бабабыздын осуяттарын туу тутсак, үркөрдөй кыргыз дүйнөдө алтын казык жылдыздай жаркырап өзгөчөлөнүп турмак.
«Эркинтоо», 4-январь, 2000-жыл.
Кылымдарды карыткан Жусуп Баласагын жашай берет
ОНДОГОН кылымдар өтсө да маанисин жоготпой өмүр сүрүп келаткан «Кут билим» дастаны улуу ойчул, акын бабабыз, теги кыргыз Жусуп Баласагындын калемине таандык экендигин көп жылдар иликтеп, тактап, ал жөнүндө жазып келаткан илимпоз Закирбек Эралиев коомчулукту кубантып «Жусуп Баласагын» аттуу китебин элге тартуулаган эле. Китеп гуманитардык факультеттерде окуган студентер үчүн окуу куралы катары чыгарылган. Бул саамалык бизде демократиянын шарданы менен эми гана күчөп жатса, «Кут билим» дастаны кол жазма түрүндө капкачан эле Түркияда окутула баштаганын кабарласак, окурман журт ушундай сонун мүмкүнчүлүктү түзүп берген окумуштуу З. Эралиевдин бул монографиясынын мааниси канчалык чоң экендигин түшүнгөн болоор эле. Жусуп Баласагындын эмгегин башка элдерге жеткирүү менен дүйнө элдерине таанылуу вазийпасын колдоо менен кыргыз илимпозунун ак кызматын да колдогон болор элек. Себеби базар мамилелеринин оор кырдаалында жаңы окуу китептерин басуу чоң эрдикке тете болуп туган мезгилде жакырланган, суусап турган рухубузга азык болору бышык. Китептин шөкөттөлүп чыгышына заман уруксаат бербеген. Сулуусунан жылуусу дегендей автор болгон күч аракетин, билим азыгын, бардар мүмкүнчүлүгүн «Жусуп Баласагынды» так таасын илимдин тили менен маңыздуу жазып бере алган. Анткени, «Кут билимди» кайсыл доордо, кайсы окумуштуу изилдесе ошол окумуштуу өз элине таандык экендигин көрсөткөн аракеттеринде илимди, чындыкка коошпой турган тарыхый фактыны бурмалап, уйгуру уйгурдуку, түркү түрктүкү, өзбеги өзбектики деген чаташууларды ийне-жибине чейин чамалап-чактап изилдеп, дүйнөлүк аты бар окумуштуу-түркологдордун жыйынтык-изилдөөлөрүн, ойлорун, салыштырууларын тактап чыккан кыргыз окумуштуусу бардык окумуштуулардын пикирлерин ырааттуу сыйдыра алган. Анкени мындай дүйнөлүк мааниси зор, жалпы түрк адабиятына негиз салган эмгектин тактыкты талап кылчу көп нерселери бар эле. Тарых тактыкты сүйөт дегендей, дастан уйгур тилинде жазылган деген туура эмес жоромол, пикирлерди керектүү фактылар менен тастыктап, андай жоромол, пикирлердин туура эместигин белгилеп өтөт. Дастан уйгур тилинде жазылган деген калпыс пикир түп нускадан уйгур көчүрмөчүлөрү көчүргөн бир топ кол жазмалар иликтөөгө алынган. Ошондой бир нече нускада көчүрүлгөн кол жазманын бири Вена кол жазмасы. Алгач «Кут билим» түп нускада эмес ушул Вена мамлекеттик китепканасында сакталган кол жазма илимий чөйрөдө биринчилерден болуп изилдөөгө алынгандыгы үчүн көп чаташууларга алып келген. Китеп дүйнөлүк коомчулуктун алдында мурдагы айтылган көз караштарынан баш тартышкан белгилүү окумуштуулар В. Радлов, анын окуучусу В. Бартольд Каир кол жазмасын изилдөөдөн улам «Дастан уйгур тилинде эмес, чыгыш түркий элдеринин наречиесине таандык» деп жазышкан. Ал эми Наманган кол жазмасын иликтөөгө алган немец окумуштуусу Мориц бул кол жазмада Жусуп Баласагын жашаган кыргыздардын мамлекети болгон карахандыктардын мезгилинин бөтөнчөлүктөрү толук бойдон сакталгандыгын көрсөткөн. Автор жогорудагы окумуштуулардын ой-пикирлерине комментарий берип келип, акын бабабыздын энциклопедиялык билими абдан терең экендигин тастыктаган далилдер менен келтирген. Анын башкаруу, дыйкан, малчы, дарыгер жөнүндө жазылгандарын терең ачып берген. Жусуп Баласагын жөндөн жөн эле ошол мезгилдин улуу ойчулу болбогондун, ал ириде ошо доордогу эң белгилүү Чыгыш аалымдары Мухаммед ал Хорезм, Ал Фараби, Абу Рейхан Беруни, Абу Али ибн Сина, Фердоуси сымал ойчул окумуштуулардын эмгектеринен таасир алгандыгын кыска, бирок жеткиликтүү кылып бере алган.
Албетте, китеп кемчиликтерден кур эмес. Ийгиликти кемчилик коштоп жүргөндөй даамына чыгара иштелбеген пикирлер, орфографиялык, пунктуациялык каталар китептин беделине анча деле көлөкө түшүрбөйт.
З. Эралиевдин бул эмгеги дастан жазылгандан бери он кылым өтсө да өз маанисин жогото электигин, улуу ойчул, акын бабабыздын рухунан жаралган көркөм туундулары, накыл кеби, айткан осуяты азыркы күндө да өз дөөлөтүнөн, кунунан жана электигин жумурай журтка өз мезгилинде тартуулаганы менен баалуу.
«Эркинтоо», 31-март, 2001-жыл.
Ысымыңды айт, ким экениңди айтып берем
Кыргызда балага ат коюу ата-эненин максат-тилеги, каалоо-үмүтү болгон. Жаратылыш кубулуштары, жер-суу аттары, өтүп жаткан окуялар менен байланышкан. Ошондуктан, энчилүү ат адамдын ким, кимдин баласы экендигин гана айгинелебестен, кайсы элге, кайсы улутка таандык экендигин да билдирүүчү сөз байлыгы, маданий кенч да болуп санала тургандыгын айта жүргөнүбүз абзел. Энчилүү аттар эл байлыгы, улут жүзү дегенибиз менен илгертеден коюлуп келген Боккөтөн, Бокбай, Бокмурун, Тезекбай, Итибай, Талпакбай, Сасыкбай, Жалчыбас, дегендердин чечилиши башка. Мындай ысымдар кулака жагымсыз угулганы менен үй-бүлөдөгү эң сүймөнчүктүү, жалгыз балага коюлган. Анткени, мындай аттарды ата-эне суранып, тиленип, токтобой жүргөн уулдарына «азгырчу шайтан адашып кетсин, ажал албасын» деп атайлап коюп келишкен. Азыр мындай аттар коюлбаса да ошо аттарды алып жүргөн адамдардын балдары, небере-чөбөрөлөрү бар.
Ачык эле айтуу керек, 20-жылдардан кийинки кыргыз ысым аттары орусташуу саясатынын запкысынан өтөле одоно бузулган түрлөрүн, учуратабыз. Кыргыз тилинин норма, эрежелерин эске албай, ата-энесинен сурап койбой орус тилине ылайык келбегендерди өздөрү каалагандай тартипке салышкан. Мисалы, Жоро-Жура, Кылычбек-Кличбек, Үмүт-Умет, Үсөн-Усен, Бүбүсара-Бибюсара, Шайык-Шаик, Мүрөк-Мурек, Жазгүл-Жазгуль болуп документтештирлип кеткен. «Л» тамгасы менен бүткөн, же ортосунда учураган аттарга жумшартуу белгисин кое беришкен. Мисалы Гульнара, Асель, Назгуль, Айгуль. Документ толтурган бир орустун айынан ушинтип калган. Ошондуктанбы, азыркы замандын кыргыздары уул-кыздарынын аттарын кудум ушундай тартипке жазып жүрүшөт. Ал эми Анар, Жыпар, Чынар Айжан деген аттар Айжана, Анара, Жыпара, Чынара, ал эми аягы гүл менен бүткөн кыздардын аттары Гуля, Нургүл-Нургуля болуп өзгөргөн. 50-жылдардан баштап өлкөбүздө Съездбек, Съездгүл, Делегат, Космира, Космосбек, Миргүл, Мирбек, Орбита, Гагаринбек, Спутник деген аттардын келип чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Албетте, мындай аттар кыргыз лексикасын байыткан. Бара-бара комунисттик идеология күнүмдүк турмушубузга, аң-сезимибизге сүңгүп кире баштаган Маркел(Маркс, Энгельс, Ленин), Эльмира, Мелис (Маркс, Энгельс, Ленин, Иосиф Сталин), Феликс, Сталбек, Сталкан, Эрнист, Клара(Цеткин), Надежда (Крупская), Роза(Люксембург)сыяктуу ысымдарды жашоосу орусташып бараткан кыргыздар кое башташкан. Тышкы өлкөлөр менен карым-катнаш өнүгө баштагандан Индира, Анжелика, Сурия, Гаджа, Хиллари деген кыздарыбыз төрөлүп, кыргыздар ат коюу боюнча эл аралык деңгээлге өсүп чыгышкан.
Башка тилден которулган адабий чыгармалардагы учураган кейипкерлердин урматына ат коюу кезигет. Мисалы, Автандил, Тариел, Нестандарежан, Татьяна. Эң кызыгы жан-жаныбар, айбанаттардын аттарын алып жүргөн элдердин катарында кыргыздар да көрүнүктүү орунду ээлейт. Мисалы, Арстанбек, Түлкүбай, Балык, Кашкулак, Барсбек, Коеналы, Бука, Козу, Кочкор, Жөргөмүш, Беркут, Таранчы, Кекилик, Кыргоол ж. у. с. аттар. Абжапар, Мухамеджан, Абдынасыр, Иса, Исабек, Рахымбек, Абдырахмандар китептен коюлган.
Иши кылып толгоо тартып, жан кыйналып турганда көзгө эмне көрүнсө (Жайлоо, Жамгырчы, Нөшөрбек, Мөндүрбек, Күнтуу, Айбек, Түнкатар ж. б. у. с. ) колуна эмне урунса (Балтабай, Тешебай, Кетменчи, Дүмүрчү, Элекбай ж. б. у. с. ) ошо нерсенин атынан атоодон кайра тартпаган кыргыз. Азыр ошол бир кеткен каталыктын айынан атынан, фамилиясынан уялып, өзгөртөм деп жүргөндөр жокпу? Бар. Ал Тургай кыргыз эли эң ыйык, эң оор, балдар алып жүрө албайт деген Иса, Мухаммед, Кудай, Манас аттары эгемендүүлүккө чейин сейрек коюлган болсо, демократиянын шарданы менен азыр ар бир онунчу кыргыз-Иса, Мухамед, Манас.
Эң популярдуу делинген-бек, -кан, -бай, -мырза мүчөлөрү жалганган ысымдар бекке, канга, байга ээ экендигин билгизбейт, бирок мындай аттарды дүйнөнүн кайсы бурчунан уксаң дагы кыргыздын уул-кызына коюлган энчилүү ат экенин аңдабай койбойсуң. Азыр кыргыздар майдаланып кеттиби, же ат жеңил баа коюлабы билбейм. Жок, андай эмес дейин десең далил көп. Балага кандай ат коем десе ал ар кимдин өз иши, укугу деңизчи, бирок бала кийин эр жеткенде уялбагандай коюлган ысымды кастарлап алып жүрө тургандай болсо. Атын атаганда кыргыз тегинен экендигин билгизе турган касиетке ээ болсо, себеби азыркы жаштардын аттарын угуп кайсы улуттан, ким экенин түшүнүп болбойт. Аликтер, Гулялар, Жориктер, Эрнсттер көбөйүп кетти. Кыргыз дейин десең аты башка, немис десең өңү кыргыз. Ушундайда орустун Иваны Африкада да Иван. А кыргыздарда коюлган энчилүү аттар Африкада эмес, өз элинде өз жеринде одоно өзгөрүүгө кабылган, көөлөнгөн. Бөкөмбайды, Бокомбай, Боря, Гүлбүбүсү Гульбюбу, Гуля, Жоробеги, Жора, Жура, Мусабеги, Мусин, Муся болуп өзгөрүп, Кызыл тыштуу паспортко ташка тамга баскандай чегилген. Анан кантип башың оорубасын. Эгер мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, байытууну бала бакчадан, мектептен баштасак, ат коюуну этектен түшөөр менен ЗАГС бөлүмүнөн баштабасак аты, дили орусча, тилекке каршы, өңү, ыраңы бурят, эвенек, чукча, якут, марийлердей болуп калбайбыз деп ким айталат? Эч ким. Балага ат коердо дагы ойлонуп койсок. Коет деп эле кое бербей улуттун кызыкчылыгын ойлосок. Кыргыз уул-кыздарына коюлган аттар-улуттун жүзү, байлыгы экен түшүнгөн адамга. Ошондуктан, этегинен жалгаган энелерибиз толготуп, киндик каны тамган мүнөттөн кимдигибизди, түндүгүбүздү, анан келечегибизди да ойлоп койсок.
«Эркинтоо», 17-август, 2001-жыл
Достарыңызбен бөлісу: |