5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Тарбиялык саатты жыйынтыктоо



Pdf көрінісі
бет19/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Тарбиялык саатты жыйынтыктоо: 
Мугалим: Урматтуу окуучулар, демек турмуштагы бардык кыйынчылыктарды, 
сыноолорду көтөрүп, чыдамдуулук менен жеңе билишиңер – бактылуу жашоого 
умтулганыңар.


28 
№8 САБАК 
КААРЫҢ КЕЛИП АЧУУЛАНГАНДА
ҮН ЧЫГАРБАС БАЛЫКТАЙ БОЛ 
Тарбиялык сааттын максаты: 
➢ 
ачууга алдыруу жаман сапат экендигин түшүнүшөт; 
➢ 
ар кандай нерсеге эле ачуулана бербөөгө үйрөнүшөт; 
➢ 
каардуу, ачуулуу адамдарды мүнөздөй алышат. 
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы: мугалимдин аңгемеси 
Керектелүүчү каражаттар: флипчарт (ватман), маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык: 
➢ 
«Шаардык менен айылдык» деген аңгеменин тексти даярдалат; 
➢ 
Аңгеме боюнча тартылган сүрөттөр доскага илинет; 
➢ 
флипчартка (ватманга) «Ачуу деген эмне?» деп жазылат. 
Тарбиялык сабактын жүрүшү: 
Сабакты мугалим «Шаардык менен айылдык» деген аңгеме менен баштайт. 
Аңгемени мугалим үн кубултуп окуп берет.
Шаардык менен айылдык 
Илгери-илгери өткөн заманда бир шаардык бир айылдык адам дос болушуптур. 
Айылдык шаарга келген болсо шаардык досунун үйүндө сөзсүз эки-үч ай конуп анан 
кетчү экен. Эрте менен анын дүкөнүнө барып, ал жерден каалаган нерсесин 
өзүнүкүндөй пайдаланчу. Айылдык кишинин бар чыгашасын шаардык досу төлөп 
аябай конокточу. 
Айылдык бир күнү шаардык досуна: 
- Эй досум, эч болбосо бир жолу айылга барбайсыңбы? Бала-бакыраңды да алып 
бар. Алардын азыр гүлдөй курагы. Жайында барсаңар мөмө-жемиш да бышып калат. 
Силерге кызмат кылгым келет. Туугандарыңды, балдарыңды, аялыңды алып үч-төрт 
ай конок болуп кел. Кааласаң жазында кел. Жазында да айыл жапжашыл болуп, 
гүлдөр ачылып, өзүнчө кереметке айланат – деп айылына чакырат. 
Шаардык айылдык досунун сөзүнөн кутулуу үчүн бир күнү бараарын айтып сөз 
берет. Мындан кийин да арадан сегиз жыл өтөт. Айылдык шаардык досуна: 
- Качан келесиң? Жаз өттү, кыш өттү. Үй-бүлөбүз менен күтүп жатабыз – деп 
айттыра берчү. Шаардык болсо: 
- Бул жылы ишим көбөйүп кетти. Конок келип калды. Тигиндей болуп калды – 
деп ар түрдүү шылтоолорду айта берчү.
Айылдык жыл сайын шаардык досунун үйүнө келип үч-төрт ай бекер жашап, 
бекер ичип-жеп жүрө берчү.
Акырында үч ай шаардык досунун үйүндө калганда, досун мажбурлап айылга 
барууга көндүрөт. Ошондо да алар сөзүнө турушчу эмес. Шаардык досунун балдары 
болсо: 
- Ата досуңузга көп жардамыңыз тийди. Ал дагы сизди айылга алпарып 
карызынан кутулайын деп жатса керек – дешти. Акырында макул болуп, даярданып 
жолго чыгышат. Шаардык досу балдары менен качырларга минип алып баратып, ал 
жактын кооз табиятын элестете баштайт.


29 
Бир ай жол жүрүп олтуруп, акырында айылга келишет. Аябай чарчап 
чаалыгышкан. Ат, качырлары да отсуз, жемсиз калышкан эле. Бирок, кызыгы 
айылдык досу алардан качып, эшигин да ачпай коёт.
Түн кирери менен жаан жаап, бороон улуп аябай суук боло баштайт. Шаардык 
досу дагы бир ирет эшигин каккылап көрөт. Эч болбосо балдары үчүн таң атканга 
чейин баш калкалоочу жай сурайт. Айылдык досу: 
- Колуңа жаа, курал алып, короомду тоодон түшө турган карышкырлардан 
коргой турган болсоң жай таап берем – дейт. 
Аргасы кеткен шаардык буга макул болуп, балдары менен бир бөлмөдө таңды 
күтө баштайт. Түн бир оокумда тоо тараптан бир топ карышкырдын түшкөнүн көргөн 
шаардык досу колундагы жаасы менен бир карышкырды атып өлтүрөт. Бирок 
айылдык досу: 
- Эмне кылып койдуң? Сен аткан карышкыр эмес менин эшегимдин баласы эле! 
– деп жаңжал чыгара баштайт. 
Шаардык досу өлгөн карышкыр экендигин ишенимдүү түрдө айтат да, андан: 
- Мындай жаан жаап, бороон улуган караңгы түндө анын эшегиңдин баласы 
экенин кайдан билдиң? – деп сурайт. Айылдык досу: 
- Аны сен ага мылтык кезеп жатканда тааныдым – дейт. 
Ошондо сабыры түгөнгөн шаардык досу аны жакадан алып: 
- Акмак адам! Эшегиңдин баласын ошончолук узактан, жамгырлуу караңгы 
түндө тааныйсың да, сени айлап коноктогон он жылдык досуңду тааныбай 
калдыңбы? – дептир. 
Болуп өткөн окуядан жакшы бир сабак алган шаардык досу таң агараары менен 
үй-бүлөсүн алып жолго чыгат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет