Экинчиден, теория, концепция деңгээлинде тактоого киришсек, философиянын предмети башка илимдер изилдеген, адам акыл-оюнун башка түрлөрү (дин, искусство ж. б.) кызыккан предметтер менен эриш-аркак байланышканын көрөбүз. Философияда таанып-билүүнүн атайын теориясы түзүлгөн - гносеология. Ошол эле учурда адамдын дүйнөнү таанып-билишине тиешелүү маселелер психологияда, педагогикада, лингвистикада, информатикада, медицинада, физикада ж. б. тармактарда каралат. Бул жаатта философиянын өзгөчөлүгү эмнеде? Ал эмнени иликтесе да, адамдын болмушу (бытиесу), адамдын курчаган дүйнө менен карым-катышы аркылуу карайт, ушундай призмадан көрөт. «Адам- дүйнө» кошилтиги-философиядагы «лакмус кагазы». Кандай маселе болсо да, ушул кошилтикке тиешелүү каралса, ал дароо философиялык түс, турпат, маани-мазмун алат.
Философия кызыкпаган нерсе жок. Ошондуктан, үстүртөдөн (чөп башылап) түшүнгөн кишиге «бүтүндөй дүйнө (мир в целом, мир как целое) - философиянын предмети болот» деген тезис ашкере мактаныч, обу жок оолугуш катары көрүнүшү мүмкүн. Иш жүзүндө философия дүйнөнү өз өңүтүнөн, өз жолу менен иликтейт. Дүйнөнү ар капталынан, ар деңгээлде изилдеген башка көптөгөн илим тармактары, теориялар, концепциялар бар экенин билет. Бирок, философия өз предметине ээ. Ал «адам жана дүйнөнүн» карым-катышы менен ченелет, аныкталат. Мидас падыша1 кармаганын алтынга айландырган сымал, философия да караганын өз предметине өткөрүп изилдейт.
Бул кошилтиктин («адам-дүйнө») мазмуну башка түшүнүк аркылуу да тике же кыйыр түрүндө туюндурулат: ойлом жана табият, субъект жана объект, рухий жана материалдык кубулуш, психикалык жана физикалык процесс ж. б. Ал эми марксчыл-ленинчил философияда «философиянын негизги маселеси» деген тема алдыга чыккан. Анда «материя биринчи жаралганбы (туурабы) же аң-сезимби? деген суроо коюлуп, ага эки гана жооп болушу мүмкүн: бири - материалисттердики («материя-биринчи»), экинчиси - идеалисттердики («идея, аң-сезим, дух-биринчи»), башка, үчүнчү жооп жок деп ырасталган. Натыйжада, философия элдешкис эки агымга - материализм жана идеализмге бөлүнгөн. Мындай жагдай, арийне, бир беткей, тайыз мамиледен, түшүнүктөн улам келип чыккан. «Философиянын негизги маселеси» чыныгы, орчундуу проблемага («адам-дүйнө») таянып турса да, аны утурумдук, тар мүдөө - талаптарга байланыштуу чечмелегендиктен, марксчыл көз карашка кошулбаган же жакындабаган концепция, окууларды жеригендиктен, ал бир жактуу, ашыкча жөнөкөйлөтүп чечилген. Окуганга жеңил, кабыл алганга оңой болгону менен, бул схема жалпы философиянын мазмунун жакырлантып, кедейлентип, анын кыйырын чектеген, тарыткан.
Ойлонуп көрөлүчү. Эгер философ өзүн материалисттерге же идеалисттерге кошсо, сөз жок. Ал эми тигилерине да, буларына да кошулбасачы? Биз зордоп тигил же бул тизмеге кошуп койгондон эмне табабыз да, эмне утабыз? Мындайлар - материализмди да, идеализмди да моюнга албагандар - философ атангандардын, ойчул-даанышмандардын ичинде дээрлик көпчүлүктү түзөт. Анан калса «материалист болсо-жакшы», «идеалист болсо - жаман» деген баа өтө эле тайыз, калпыс көрүнөт.
Мындан тышкары, «философиянын негизги маселеси» катары, марксчыл - ленинчил вариантына кошулбай, башка нерсени аныктагандар, көрсөткөндөр учурайт. Айталы, белгилүү француз ойчулу, жазуучусу Альбер Камю «философиянын негизги маселеси - бул дүйнөдө жашап кереги барбы же жокпу? (жашоонун мааниси эмнеде) деген суроо» - деп эсептеген. Неопозитивизмдин өкүлдөрү «философиянын негизги маселеси - бул тил проблемасы» деп түшүнүшөт. Дин багытындагы окуулар «философия - бул кудай жаратканды таанып-билүү» - деп үйрөтөт. Ушул өңдүү мисалдарды дагы көбөйтсөк болот.
Жыйынтыктап айтканда, философия кайсы гана маселеге кайрылбасын, дүйнөнүн кайсы жагына назар бурбасын, ал баарын «адам жана дүйнөнүн» өз ара карым-катышына байланыштуу карайт. Ошону менен өз предметинин өзгөчөлүгүн аныктайт.
Достарыңызбен бөлісу: |