ЗООНИМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР
I. Адамдардын мүнөз, сапат белгилерин билдирүүчү фразеологизмдер.
1.Зооним катышкан фразеологизмдер
|
2.Туюндурган мааниси
|
3.Жазуу, оозеки кепте колдонулушу
|
Биттин ичегисине кан куйган
|
Өтө бышык, абдан тың
|
Ал биттин ичегисине кан куйган эпчил, акылдуу, куу эле. (Т.С.)
|
Битин сыгып, канын жалаган
|
Абдан зыкым, колунан эчтеме чыкпаган, сараң, битир
|
Андай сараңдык, андай ач көздүк, андай битин сыгып канын жалаган байлардан башкага өтпөсүн. (Абдулдаев)
|
Коён жүрөк
|
Өтө эле коркок, өтүмү жок
|
Сен тим эле коркосуң да, коён жүрөк турбайсыңбы? (А.Т.)
|
Жылын төө кылуу
|
Баалануу, барктануу, маалкатуу, кербезденүү
|
Ал эч кимди теңине албай жылын төө кылат. (Т.С.)
|
Жылкы кыял
|
Мүнөзү терс, чулуңдап мүнөзү тең өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө
|
Ал жылкы кыялын карматса, оңой менен сөзгө келбейт. (Т.С.)
|
Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген
|
Эч кимге жакшылык кылбаган
|
Жакшы күнүңдө жакшы ишиңе орток болуп, жаман күнүңдө жылан өлтүрөйүн десе, тескери караган сөлөкөттүн кареги жок.(К.Б.)
|
Кой оозунан чөп албаган
|
Кишиге өйдө карабаган, абдан жоош
|
Кайын энем кой оозунан чөп албаган момун. (К.Ж.)
|
Коёндун аягын жеген
|
Абдан тынчы жок, бир жерге тынч алып отура албаган (көбүнчө балдарга айтылат)
|
Коёндун аягын жегидей жүрөт да, кечинде суй жыгылат.
|
Ак койдон аңкоо, боз койдон момун
|
Билсе да билмексенге салып коюу, ак, таза киши болуп, боштонуп калуучу, митаам, куу
|
Жылдырмасын жылдырып коөт да, ак койдон аңкоо, боз койдон момун болуп жүрө берет. (Ч.А.)
|
Кой терисин жамынган
|
Өзүнүн чыныгы жүзүн , ким экендигин жаап-жашырган, тымызын душмандык кылган
|
Ал (Шаймерден) канча кылган менен кой терисин жамынган эски зулум. (Т.С.)
|
Кумурсканын улутунганын билет
|
Анын билбегени жок, адам билбегендин баарын билет, өтө амалдуу, айлалуу, куу
|
Анын сырын эмгиче билбейсиңби? Ал кумурсканын улутунганын билет. (Т.С.)
|
Чымын конгондой да көрбөө
|
Тоготпоо, этибар албоо, сезип да койбоо
|
Менин бул жоругумду ал чымын конгондой да көргөн жок. (К.Б.)
|
Чымыны бар
|
Кандайдыр бир нерсеге: ырдап жибергенге, ыр чыгарганга ж.б. жөндөмү бар, шыгы бар
|
Токтогул ушул бала тегин көрүнбөйт, комузга дилгирлигине караганда чымыны бардыр дегенсип ойлоду. (К.К.)
|
Өгүз догун карматуу
|
Өжөрлөнүү, көгөрүп туруп алуу, көктүгүн көрсөтүү.
|
Акия Элебестен чындап жаакка жегенде, ачуу үнүнүн баарына салып, өгүз догун карматкан. (Т.С.)
|
Доңуз айбат
|
Кыйратып жибергендей эчтемеси жок, куру кайрат, куру опуза
|
Эч нерсеге алы жетпегенден кийин доңуз айбаттын кереги не? (А.Т.)
|
Ит оору
|
Өнөкөт болгон, көндүм болгон жаман адат, терс кыял, жүрүм-турум
|
Тил албаган ит оорусу бар.
|
Ит жандуу
|
Ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого чыдамдуу, жаны бек, чыдамкай
|
«Шордуум ай, ит жандуу белең, ушундан көрө туулбай калсаңчы»,- деп бечара Кенжеке жашын тыйбай, Батиманын кан-сөлүн жууп, маңдайында отурган. (Т.С.)
|
Үй күчүк
|
Үйүнөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпай дайыма эле үйүндө жүргөн
|
Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? (А.Т.)
|
Чычканга кебек алдырбаган
|
Абдан зыкым, аябаган сараң, өтө сак
|
Чычканга кебек алдырбаган адам.
|
Чычкан мурдун канатпаган
|
Эч мал сойбогон, кан чыгарбаган
|
Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур,а! (Абдукаримов)
|
Кыл курт
|
Астыртан билинбей ич арада жүргөн душман
|
Арабызда жүргөн кыл курттун бири Асанбай дегенде эл таң калды. (А.Т.)
|
Мышык сопу
|
Кандайдыр бир жагымсыз, былыктуу ишти иштеп коюп, билмексен, көрмөксөн болгон анткор, арамза
|
Ал көпчүлүктүн арасында мышык сопу болуп отурду.
|
Ичине ит өлүү
|
Бирөөгө астыртан, тымызын кастык кылуу, бирөө жөнүндө арам ою болуу
|
Түрүнө караганда жолдо карата ачуусу тарамак түгүл, ичине ит өлүп, кыжыры кайнап келе жатты. (Ш.Б.)
|
II.Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер.
1
|
2
|
3
|
Эгиз козудай
|
Айрып алгыс, абдан окшош
|
«Береги эки баланын эгиз козудай бирине- биринин окшошу»,- деп таңданып өтүштү. (Т.С.)
|
Коёндой окшош
|
Союп каптагандай опокшош, абдан окшош
|
Коёндой окшош козусу, коюңар тууган эгизден. (К.М.)
|
Сүткө тийген күчүктөй
|
Күнөөлүүдөй, кылмыштуудай четтеп, коомайлап элге кошула албай турган кишиге карата айтылат
|
Бактыбек сүткө тийген күчүктөй болуп унчукпайт.
|
Сүткө тойгон күчүктөй
|
Мантайган, борсойгон сүймөнчүктүү
|
Кызым жоош, курсагы тойсо болду, сүткө тойгон күчүктөй болуп жүрө берет.
|
Ат жалын тартуу
|
Бойго жетүү, чоңоюу, эр жетүү
|
Сапек атамдын аркасы менен ат жалын тарттым. (И.Т.)
|
Балапан жүнү бата элек. Балапан түгү түшө элек
|
Турмуштун ысык-суугун башынан өткөрө элек, өтө жаш, өсүп жетиле элек
|
Балапан жүнүң бата элек, балтыр этиң ката элек («Курманбек»)
|
Кумурска бел
|
Бели ипичке келген, келишимдүү, сыйда
|
Кумурска бел аялым, кууратты го кыялың. (А.Т.)
|
Иттин чүкөсүндөй
|
Кебете кешпири чүрүшкөн, жаман, дене бою түз эмес
|
Иттин чүкөсүндөй болгон неме экен. («Чалкан»)
|
Иттин арткы шыйрагындай
|
Абдан жаман, өтө начар
|
«Аны иттин шыйрагындай эле көрөсүң го», - деп күлдү. («Алатоо»)
|
Ийне жеген иттей
|
Абдан арык, илмейген, тыртайган
|
Ийне жеген иттей болуп, санаа азабын тартып, ичтен тынып кыңырылат. (Осмоналиев)
|
Атка жеңил, тайга чак
|
Жеңил-желпи, эптүү, өтө элпек, тил алчаак
|
Атка жеңил, тайга чак, жел жетпес маамыты бул жолу куру калды эми. («Эр Төштүк»)
|
III.Адамдардын ортосундагы мамилелерди билдирүүчү фразеологизмдер.
1
|
2
|
3
|
Ит арка
|
Ынтымагы жок, ырысы жок, бирдиктүү эмес
|
Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга төш ачып берди. (Өгөбаев)
|
Ит кылуу
|
Уят кылуу, жаман абалда калтыруу
|
«Ой, кой, байке! Ит кылба», - деп чыны менен сестенди Жаныбек. (Жапаров)
|
Ит жебеген бокту жешүү
|
Абдан жаман, оозго алгыс, ыплас сөздөрдү айтышып, бири-бири менен катуу урушуп калуу
|
Жаңжал башталды: эки сугатчы ит жебеген бокту жешти. («Чалкан»)
|
Төө көрдүңбү -жок, бээ көрдүңбү- жок
|
Бир нерсени билсе да билбеген, көрсө да көрбөгөн, ал ишке катышы жок
|
Бирөө сураса, төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок. (Мияшев)
|
Түлкү тиштемей
|
Түрдүү амал менен алдагандык, жазгырык
|
«Эми мага түшүнүктүү. Баятан бери түлкү тиштемей ойногонуңуз үчүн ырахмат!», - деп ордуман турдум. (К.Ж.)
|
Ит куйругун түйүштүрүү
|
Бирин-бирине каршылаштыруу, араздаштыруу, бузуу
|
Ит куйругун түйүштүрбөй тынч жүрсөңчү!
|
Күн тийген жердин күкүгү
|
Кимдин иши оң тартса, же кимде бийлик болсо ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы
|
… Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү. (Медетов)
|
Кошоматка кой союу
|
Бирөөгө
жасакерленүү, алды үстүнө түшүп жагынууга аракеттенүү
|
Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың, Кошоматка кой союп, күлгөнүңдү ырдадың». (Токтогул)
|
Ит өлүк кылуу
|
Бирөөнүн акыл–эсин жоготкончо абдан катуу сабоо, тепкилөө
|
Мунун кайсы күнөөсү үчүн мынча ит өлүк кылышкан? («Алатоо»)
|
Төө бастыга алуу
Төө басты кылуу
|
Көптөп кетүү
|
Сапар булар төө басты кылып жүрүшпөсүн деп чочулап турду. (Ш.Б.)
|
Уйдун бөйрөгүндөй
|
Башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок
|
Уйдун бөйрөгүндөй болуп жүрүү - бул эң
жаман адат.
|
IV.Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирген фразеологизмдер.
1
|
2
|
3
|
Ат кара тил болгондо
|
Жай келип, жылкы көккө тойгондо
|
Ат кара тил болгондо,
Бетеге өсүп таманда,
Күлчорону көрүп ал. («Сейтек»)
|
Төөнүн куйругу жерге тийгенде
|
Жакында болбой турган, же такыр болууга мүмкүн болбогон кезде
|
Жамал мени качан келет десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде келет деген. ( Р.Ш.)
|
Сокур ит бок жалаганча
|
Арыдан бери, бат эле, буйдамга келтирбей
|
Муну мен сокур ит бок жалаганча иштеп салам.
|
Иттин үнү угулган жер
|
Анча алыс эмес, жакын эле жер
|
Ушул иттин үнү угулган жерден кантип барбай калалык. (А.Т.)
|
Бээ саам
|
Болжол менен бир жарым саатча убакыт
|
Кеткени бээ саамдан ашык болду.
|
Тай чабым
|
Болжолдоп алынган элдик өлчөм
|
Жолчулардын кыштоосу ушу жерден көрүнүп турат, арасы тай чабым жер. (М.Э.)
|
V. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер.
1
|
2
|
3
|
Уй түгүндөй
|
Өтө көп, жер жайнаган сансыз
|
Уй түгүндөй көп калмак, Каптап калган жер экен. («Манас»)
|
Жылан сыйпагандай
|
Тыптыйпыл, такыр эчтемеси жок, жыпжылма
|
Талаанын адырларынан чаң ызгып, жылан сыйпагандай кубарат. (Абдукаимов)
|
Эшектин кулагынан түз
|
Туптуура, түз, дал ошондой
|
«Жарайсың, эшектин кулагынан да түз», – деп бригадирибиз мени далыга чаап, мактап койду. («Ж.Л.»)
|
Уйга килем жапкандай
|
Жарашыксыз, одоно, олдоксон көрүнгөндөй туура келбей, келишпей тургандай
|
Уйга килем жапкандай болуп, жаман эриндин кайсынысына аза күтөсүң. ( К.Ж.)
|
Кой үсүтүнө торгой жумурткалоо
|
Жыргалчылык, телегейи тегиз, бейпилчилик, береке төгүлүү
|
Кой үстүндө торгой жумурткалап, ак төөнүн карды жарылат деген заман ушул. ( Ж.Б.)
|
Жалаңач төөнү бучкакка чапкандай
|
Эч токтоосуз, буйдалабастан, шыдыр, шар
|
Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай сүйлөдү.
|
Иттин мурду өткүс. Чычкан мурду жөргөлөгүс
|
Абдан калың, жыш, киши аралап жүрө алгыс
|
Иттин мурду өткүс чытырман токой.
|
Кумурскадай кайноо. Аарынын уюгундай
|
Бакылдап аябай көп болуу, быжылдоо
|
Ашуунун түбүнө шыкалган эл кумурскадай кайнап, толкуп турду. ( М.Э.)
|
Чымын учса угула турган
|
Абдан тынч, жымжырт
|
Залдын ичи чымын учса угула тургандай.
|
Ат үстүнөн
|
Үстүртөдөн, анчалык көңүл бөлбөй, кайдыгер гана, жүр нарыга салып, анчалык терең эмес
|
Ат үстүнөн иштей салуу.
|
Ит өлгөн жер
|
Абдан кыйын, татаал, абдан чыдай алгыс, өтө кыйынчылык менен араң жете тургандай жер
|
Сени менен ит өлгөн жерге чейин барам.
|
Иттин кара капталындай
|
Абдан көп, арбын, мол
|
Бул жерде эски чылыктар, жаңы былыктар иттин кара капталынан. («Чалкан»)
|
Үрүп чыгар ити жок. Итке минип калуу
|
Колунда эч нерсеси жок, абдан кедей, өтө жарды
|
Мамат үрүп чыгар ити жок кедей. (Каимов)
|
ТИРКЕМЕ 5
Педагогикалык эксперименттеги студенттердин жазуу иштеринен.
Түнтоева Г.
И.Арабаев атындагы КМУ
ПК-23 – группанын студенти
Элет жери.
Адам баласы жарык дүйнөдө доссуз жашай албайт эмеспи. Анын сыңарындай, төрт адамдын достугу же мүнөзү, кылык - жоругу жөнүндө кеп кылууну туура көрдүм. Кычыраган кыш мезгили. Баягы мурдун балта кеспеген Кусейн эшекке чыкса, кар жааган, айлананын бардыгы апаппак кар. Кой оозунан чөп албаган кошунасынын кар күрөп жатканын көрүп, анын жанына басып барды. Адатынча кылдан кыйкым таап, ар нерсени сүйлөп, Адылдын тынчын ала баштады. Аңгыча машинасын айдап Бердигул келип, учурашкан соң:
- Ой дос, сүйүнчү! Жийдегүл көз жарды, кудай буюруп уулду болдум.
- Оо дос, бешик боо бек болсун! Жүр үйгө кир.
- Саламатсыздарбы?
- Саламатчылык уулум, жол болсун, өйдө өт.
- Рахмат шашып эле, Жийдегүл уул төрөп ошону айтып коёюн деп эле кайрылгам.
- Балакетиңди алайын, аман-эсен көзүн жарып алса эле болду. Ай балам, Гүлсүн келиниме кайрылып, менин чыптамамды таап берчи баягы пенсияман калган нерсени сары майдай сактап жүрдүм эле, ошол Бердугулума буюрган тура, ме гой балам, капа болбой алып кой. Бешик боо бек болуп, балаң аман-эсен чоңойсун.
Арадан убакыт көз ачып - жумганча өтүп, Кусейн эки досун ээрчитип Бердигулдун уулунун тушоо тоюна жөнөштү. Ал жерге барышса атагы таш жарган адамдардан да келишиптир. Гүлсүн алардын колуктуларынын кийген кийимине оозун аарандай ачып карап отурду. Алар тойдон жакшы маанай менен үй-үйлөрүнө тарашты. Жийдегүл ат тезегин кургатпай Гүлсүндөрдүн үйүнө келип турчу эле, «балалуу болгону ал да келбей калды» деп Кусейиндин апасы божурап келинине ар нерсени айтып отурду. «Балам эч нерсени тоготпой жүрүп, досторунан кем калып, бармагын тиштеп калаар бекен» - деп, эне байкуш ичинен, келинине билгизбей, ойлоп койду…
Мамыткасымова Н.
И.Арабаев атындагы КМУ
ПК-23 – группанын студенти
Студент-турмуштун алтын казыгы.
Ар бир студент балтыр эти толо элек кезинен тартып эле, билим алсам, бир кесиптин ээси болуп, эл үчүн иштесем деп максат коёт.
Ооба, ошол максатына жетип, билим алуу ийне менен кудук казгандай экенин түшүнүп, билимдин мейкиндигине чыгуу үчүн, кара жанын карч уруп, ичкен ашын жерге коюп окуганга дилгирленет. Айрыкча кыргыздын кыпча бел кыздарынын, жылдызы жарык уулдарынын билимдүү акыл-эстүү, кайраттуу болуп өсүп жатышы ар бир кыргыз атуулунун төбөсүн көккө жеткирет. Аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай баккан ата-энесинин акыбети кайтып кубанычы койнуна батпай, күндү санап, жол карашат. Айылга барса, ата-энеси сары майдай сактаган белектерин даярдап, кучак жайып тосуп алат. Мына ошондо студенттин бактысы тоодой болуп, ата-энесинин, туулган жеринин жытын искеп, өзүн бактылуу сезет. Ошондо шаарда окубай жүргөн студенттер беш өрдөгүн учуруп, «Мен эң жакшы окуп жатам» дегенин укканда күйбөгөн жериң күл болот. Жылан чакпай, жылкы теппей окуусун таштап, же эптеп ары бери болуп жүргөндөр бир кесиптин ээси болсо, ал кесибине татыктуу эмес экенин сезип, жети өмүрү жерге кирерин түк ойлонбойт . Мейли азыр мурдун балта кеспей жүрсө, аны турмуш көз ачып - жумганча тарбиялап коёт. Ата-энесинин кашыктап жыйнаганын чөмүчтөп чачып жатканын ошол студент ойлоду бекен? Ал келечекте өз кесибинин татыктуу ээси боло алабы, бул суроолорго ошол гана студент жооп бербесе, биздин суроо жоопсуз кала берет.
Студент кезде эки тамчы суудай болуп, арасынан кыл өтпөгөн дос күткөн эң кызыктуу. Аны ар бир студент жүрөгүндө туу тутат. Мына ошентип студенттик кез - ташка тамга баскандай, жаш курагыңда эсте калып, тарбиялап, келечек турмушка чыйыр жол салып берчү турмуштун ачкычы. Урматтуу студент, сен жашоодо студент болгонуң менен сыймыктан жана жүрөгүңө «мен студентмин» деген сөздү алтын тамга менен жазып калтыр!
Ибраева К. Талас мамлекеттик университети
К-05 –группанын студенти
Жан дүйнө сырлары.
Таңда туруп, керемет асманды көпкө карап, көктө калган эки –үч жылдызга суктанам. Так төбөдө жаркырап Чолпон жылдызы турат. Жылмайган, бирок кичине капаланган сырдуу жылдызыма көзүм өтүп, төбөм көккө жетип, бир маалда карегиме жаш алып, негедир ыйлап алдым. Өзүмчө таңкы шамал сыяктуу асманга желбиреп учкансыйм. Таң эртең менен жаратылыш көрктөнүп, түнкү уйкусунан жалкоо кыздай ойгонуп жатканы адамзатка кубат берип, колу март камкор энедей эркелетет да турат. Анын сүйүүсү, наздуулугу, жамалы, нуру, шооласы бүт ааламга, адам баласына, жан-жаныбарларга арналган ак жаркын достугунун белгиси эмеспи. Мына, азыр анын мээрими, жарыгы кабыргасы кайышып турган адамдын да жан дүйнө сырларын кытыгылап, көңүлүн ачып, көз ачып -жумганча жылдызы жарык адам болуп чыга келээри бышык. Жаратылыштын ар бир берген азыгы, атүгүл тамчы суусу эле бүт нерсеге, затка өмүр улап, жашоо берет. А күндүн жылуу, сүйүктүү нурларына кирпик какпай, таң аткыча отуруу мен үчүн жыргал. Ал мага, дегеле бүткүл адамзатка жакшы маанай тартуулап, капалык, кайгыдан, санааркаган ойлордон арылтат. Желбиреген шок шамал - досум да беттен-колдон аймалап ичиркентип үшүтүп ийет да, анан эле жылан сыйпагандай болот да калат. Жок, сага эч ким тең боло албайт. Ал экөөбүз тең бала кыялбыз, алдыга бирге умтулабыз, тоскоолдуктарды жеңебиз, жан дүйнө сырларыбызды бири-бирибизден эч качан жашырып көргөн эмеспиз. Экөөбүз арабыздан кыл өтпөгөн эң сонун достордонбуз. Сырларымды кимге айтып береримди билбей, ачууланып калганымда, менин алай-дүлөй шамалым мени менен бирдикте бороон болуп бүт чөйрөнү курчап алат. Билбейм, ал да мендей болуп сырларын кайсы адамзатына айтаарын билбей, жүрөгүндө оту бар жигиттей, туталанат да турат. Кайгым кайтып, бук болуп, сага айтып берчү сырларым айтылып жеңилдегенимде, сен да кечиримдүү, кой оозунан чөп албаган жоош, токтоо мүнөзгө ээ болосуң. Бирок ал мезгил мени менен бир болуп, мага өмүрлөш болгону болгон. Нөшөрлөгөн сырдуу жамгырым, сен эмнеге боз жылкы көз ирмегенче эле ызаланып, көз жашыңды тыйбай төгүп, кыйнала бересиң? А билесиңби, мен да сага окшошмун. Сиркем суу көтөрө албай, болоор - болбоско ыйлап, женилдеп, өзүмө келем. Мени түшүнгөн, мени аяган бир сенсиң, жамгырым. Бир болсо сени да асманда бирөө таарынтып койгондур, дегеле эч кимге камчы салдыртчу эмес элең, балким ооруп тургандырсың, а мүмкүн сенин да башыңа сүйүү келип, кабыргаң кайышып, арманыңды нөшөрлөгөн жаан аркылуу төгүп жаткандырсың?... Ким билет!... Эң негизгиси сен менин жылкылардын жалынын түтөткөн сырдашымсың. Сен дайыма ак төөнүн карды жарылганда нөшөрлөп, элиме ого бетер күчүнө-күч, демине-дем бересиң ээ! Бир маалда «Кир эми, кире гой, эс алып уктачы»,- дегенсип айым да булутка жашынып чыкпай койгондо гана, айласыз кирип жатып алдым. Алым кетип, кыйналганымдан тез эле уйкуга батам. Түшүмдө баягы эле күндүзү бирге болгон айлана - чөйрөм, жаратылыш, шамал, нөшөр жана нөшөр…
Достарыңызбен бөлісу: |