3. Төрт компоненттен турган фразеологизмдер:
1.
|
2.
|
3.
|
Алма быш, оозума түш
|
Кыйналып эмгек кылбаган, даяр оокатка көнгөн, жатып ичер (адамдарга карата)
|
Азыр алма быш, оозума түш деген заман эмес, ар ким иштесе гана тиштейт.
|
Алтын жаак, жез таңдай
|
Уккулукту, жагымдуу сөз айтуу, жакшы кабар айтуу
|
Алтын жаак, жез таңдай,
Баары келсин тоюма.
(«Манас»)
|
Анын бетин ары кылсын
|
«Андайдан сактасын», «андайды көрбөйлү», андайга кабылтпасын» деген сыяктуу сактануу, чочулоо маанисинде колдонулат
|
«Анын бетин ары кылсын» деп, аялдар жакаларын карманышты.
|
Ата сакал ээгине бүтүү
|
Жаштык-мастык курактан өтүү, токтолгон куракка жетүү
|
Темир ата сакалы ээгине бүтсө дагы ичкилигин таштабады.
|
Ат кара тил болгондо
|
Жай келип, жылкы көккө тойгондо
|
Ат кара тил болгондо, баарыбыз бир сыйра жайлоого барабыз.
|
Ач кулактан, тынч кулак
|
Кандайдыр бир иштин убаракерчилигин, түйшүгүн, азап-тозогун тарткандан көрө, ага аралашпай, кийлигишпей, жолобой коюу керек деген мааниде колдонулат
|
Ач кулактан тынч кулак, аларды өздөрүнчө бөлүп салдык.
|
Ашка жүк, башка жүк
|
Өзүнчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен жан баккан, жатып ичер, аяк бошотор, жалкоо
|
Бирөөгө оордук кылбай, ашка жүк, башка жүк болбой жашоо керек.
|
Балапан жүнү бата элек
|
Чоңоё элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш
|
Артында балапан жүнү бата элек балдары калды.
|
Балтыр эти толуу
|
Эрезеге жетүү, бой тартып чоңоюу, эр жетип, баралына келүү, күчкө толуу
|
Балтыр эти толгон балдар экен.
|
Бармак басты, көз кысты
|
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын бүтүрө салмай амал, амалкөйлүк деген мааниде айтылат
|
Эч кимге билгизбей, бармак басты, көз кысты кылып коюшту.
|
Башы менен жооп берүү
|
Иштин ошондой (адатта жаман) абалда калышына тикеден- тике жооп берүү, кандай жаза болсо да жеке өзү көтөрүү
|
-Бул ишке мен башым менен жооп берем, өзүм текшеришим керек.
|
Бешиктен бели чыга элек
|
Чоңоё элек, өсүп жетиле элек, эр-азамат боло элек, али жаш, кичинекей
|
Бешиктен бели чыга элек жатып, ойду-тоону эңсейт.
|
Битин сыгып канын жалаган
|
Абдан зыкым, өтө сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, битир, ач көз.
|
Битин сыгып, канын жалаган байлардан эч нерсе жылбайт.
|
Биттин ичегисине кан куйган
|
Өтө бышык, абдан тың, эң эле эпчил
|
Элиза аман болуп, эрезеге жетсе, биттин ичегисине кан куйган адам болот.
|
Боор ооруса, боорго тебүү
|
Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт деген мааниде колдонулат
|
Кээ бир адамга боор оорусаң, боорго тебет, кайра өзүңө жамандык издейт.
|
Боор эт менен тең
|
Өтө жакын, абдан ысык, сүйгүнчүктүү, өтө кымбат
|
«Боор этим менен тең болгон Жайнагымдан айрылдым» деп Толгонай апа муңканат.
|
Жаман көзү менен кароо
|
Жактырбаган, жек көргөндөй мүнөздө, ачууланган кебетеде көзүн акырайта кароо
|
Ал киши мени жаман көзү менен карады эле, кирерге тешик таппай калдым.
|
Жаны өз ордуна келүү
|
1. Катуу кыйналганы, ооруганы басылып эс ала түшүү, тынчып, сергип калуу;
2.Катуу коркуудан кийин жүрөгү ылдыйлап, эс алып, көңүлү жайлана түшүү, жеңилдеп калуу
|
1. Эки-үч күн катуу ооруп, бүгүн гана жаным ордуна келди окшойт.
2. Баламды аман-эсен көргөндөн кийин гана жаным өз ордуна келди.
|
Жанын коёрго жер таппоо
|
1. Оорудан катуу кыйналуу, аябай жаны кейип алдастоо, жаны алек-чалек болуу;
2.Бир нерседен тынчсыздануу, жүрөк заада болуу, чебелектөө, айласы кетүү, же катуу коркуп алдастай түшүү, аргасы түгөнүү
|
1. Байкушум, жанын коерго жер таппай кыйналды.
2. «Атаң ооруп жатат» деген телеграмма алгандан бери жанымды коёрго жер таппадым.
|
Жети атасын көзүнө көргөзүү
|
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү
|
Жети атасын көзүнө көргөздү бейм, экинчи баш көтөргүс болду.
|
Ичине кара таруу айланбаган
|
Өзүнөн башкага жакшылык каалабаган, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жагын көрө албаган, ага ич тардык кылган
|
Ичине кара таруу айланбаган адам-жаман адам.
|
Ичи туз куйгандай ачышуу
|
Аябай өкүнүү, катуу кайгыруу, абдан күйүп-бышуу
|
Кызынын турмуш куруп, башканын бүлөсү болгонун эстегенде, ичи туз куйгандай ачышып жүрдү.
|
Ичтен чыккан ийри жылан
|
Бала (ал жакшыбы, жаманбы - баары бир) – эт менен жүрөктөн жаралган, ал баары бир өзү үчүн жакшы, сүйкүмдүү (бул сөз көбүнчө кейигенде, бала чеки иш кылганда айтылат).
|
-Эми эмне кылайын, ичтен чыккан ийри жылан экен! Ичиме баткан, сыртыма да батат да!
|
Кан жалаган иттей кылуу
|
Кызыл ала кылып сабоо, кандап уруу
|
Түндөсү мастар бир жигитти кан жалаган иттей кылышты.
|
Кара жанды карч уруу
|
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө
|
-Мен бул жерде кара жанды карч уруп иштеп жүрсөм, силердин кылганыңар бул.
|
Кесип алса, кан чыкпаган
|
Зыкым, сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, катуу баш
|
Арабызда кесип алса да кан чыкпаган байлар бар.
|
Киндик каны тамган жер
|
Төрөлгөн, туулуп өскөн жер, ата-мекени, ата-журту, ата конушу
|
Ар кимге киндик каны тамган жери кымбат.
|
Кирдүү кол менен кармагыс
|
Өтө назик, татынакай, абдан ардактаган
|
Кирдүү кол менен кармагыс кыз элең, эми минтип очор-бачар болдуң.
|
Кой оозунан чөп албаган
|
Кишиге өйдө карабаган, абдан жоош, момун, куулук-шумдугу жок, эч кимге жаманчылык кылбаган
|
Атам - кой оозунан чөп албаган адам.
|
Көрөйүн деген көзү жок
|
Жек көрөт, жаман көрөт, көргүсү келбейт, жакшылык кылайын деген ниети жок.
|
Ал кишини көрөйүн деген көзүм жок.
|
Кулак угуп, көз көргүс
|
Абдан алыс, өтө алыс, мурда көрүп-билбеген, белгисиз
|
Ал кезде кулак уккус, көз көргүс жакка кетип калгым келчү.
|
Мурду менен бир тийүү
|
Корс эткен, орой мамиле кылуу, кимдир бирөөгө катуу айтып чогоолдук жасоо, корстук кылуу
|
Анын бир жаман адаты бар, улуу-кичүү дебей мурду менен бир тийет.
|
Оозуна кум куюлгандай болуу
|
Экинчи кайтарып сөз айта албоо, ооз ача албоо, жооп кайтарып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болбоо
|
Көпчүлүк болуп кеткендиктен, баятан опурулуп жаткан Болот оозуна кум куюлгандай болуп отуруп калды.
|
Өлбөгөн төрт шыйрагы калуу
|
Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу
|
Сенин жоруктарыңды угуп, өлбөгөн төрт шыйрагым калды.
|
Сакадай бою сары алтын
|
Колунан бардыгы келген, акыл-эстүү, токтоо, абдан мыкты (көбүнчө бою кичирээк кыздарга, аялдарга карата колдонулат)
|
Биздин таенебиз - сакадай бою сары алтын болгон токсондогу адам.
|
Салкын көз менен кароо
|
Көңүлү келбей, кош көңүл мамиле кылуу, үстүртөн кароо
|
Ошондон бери ал бизди салкын көз менен карап калды.
|
Таман акы, маңдай тер
|
Өз күчү, адал эмгеги, кара жанын карч уруп жүрүп тапкан мээнети, ийгилиги, олжосу
|
Таман акы, маңдай тер менен тапкан нан кандай таттуу!
|
Таңкы куйруктан, азыркы өпкө
|
Ар нерсенин өз убагындагысы жакшы деген мааниде
|
«Таңкы куйруктан, азыркы өпкө, берчүңдү азыр эле бер!» деп көгөрдү.
|
Эки колун мурдуна катуу
|
Колуна кармаган, арнап ала келген эч нерсеси жок, куру кол келүү
|
Дагы эле эки колун мурдуна катып келатат.
|
Эки көзү төрт болуу
|
Бир нерсени абдан самоо, эңсөө, же бирөөнү чыдамсыздык менен зарыга күтүү, ак эткенден так этүү
|
Туулган жерди эстегенде, жүрөгүм алып учуп, эки көзүм төрт болот.
|
4. 5-7 компоненттен турган фразеологизмдер:
1.
|
2.
|
3.
|
Бала болуп, башына жүн чыкканы
|
Туулганы, төрөлгөнү, жарык дүйнөгө келгени, жаралганы, өмүрүндө
|
Бала болуп, башыма жүн чыкканы мындай нерсени көргөн эмесмин.
|
Бир аягы көктө, бир аягы жерде
|
Абдан коркунучтуу абалда, өлүм алдында
|
«Өсөрүм калган жок, өлөрүм калды» деп чоң апам көп күбүрөнөр эле.
|
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу
|
Бири-биринин ыгынан чыкпай, бир ооздуу, ынтымактуу болуу, бөлүнүп-жарылбоо
|
Кыргыздар илгертен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган эл болгон.
|
Бир көзү бир көзүнө жоо
|
Өтө жакын деген адамдан да бир нерсе чыгышы мүмкүн, бирөөгө ишенүү кыйын деген сыяктуу ишенбөөчүлүк, шек саноочулук маанисинде
|
Бир көзү бир көзүнө жоо болгон заманды да көрдүк.
|
Бир көзүнөн кан, бир көзүнөн жаш алуу
|
Катуу жазалоо, көргүлүктү көрсөтүү, аябай кыйноо, сазайын окутуу, кордуктоо
|
Уулунун уурулугун кармаган энеси анын бир көзүнөн кан, бир көзүнөн жаш алды.
|
Бөрк ал десе, баш алуу
|
Өтө аша чабуу, ашыкча кетүү
|
Хандын желдеттери бөрк ал десе, баш алышты. (Жомоктон)
|
Бу кулагынан кирип, тиги кулагынан чыгуу
|
Көңүл коюп, назар салып укпоо, уккан сөзүн эсине тутпоо, эсинде сактап калбоо, ошол замат унутуу.
|
Атасынын айткандары шок баланын бу кулагынан кирип, тиги кулагынан чыкты.
|
Бүткөн бою дүр дей түшүү
|
Капысынан, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир жагымсыз нерсени көргөндө, же жагымсыз начар кабарды укканда чочуп кетип денеси жыйрыла түшүү
|
Баланын жарым дене болуп төрөлгөнүн көргөнүмдө, бүткөн боюм дүр дей түштү.
|
Кирейин десе-жер катуу, өлөйүн десе-жан таттуу
|
Турмуштун өтө татаал абалына учурап, жашоодон аша кечкен көрүнүшкө карата
|
«Эмне кылайын кирейин десем-жер катуу, өлөйүн десем-жан таттуу» деп ыйлап жатты.
|
Көзүнүн агы менен тең айлануу
|
1. Бирөөнүн ою менен болуу, айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн кароо (көбүнчө аёо, жакшы көрүү, сыйлоо маанисинде);
2. Бирөөгө толук көз каранды болуп, айткан-дегенин аткаруу, анын каалаганын иштөө, жагынуу аракетин жасоо (көбүнчө баш ийүү, көз каранды болуу маанисинде)
|
1. Бакма ата-энем менин көзүмдүн агы менен тең айланышчу.
2.Айласы кеткенинен Жыргал Шадынын көзүнүн агы менен тең айланчу болду.
|
Мурдунан эшек курту түшө элек
|
Баштагы абалынан кайта элек, эч жаманчылык, кыйынчылык көрсөтө элек.
|
-Сенин мурдуңан эшек куртуң түшө элек, мындай ишти ата-энең менен кеңешип чечкин.
|
Мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыроо
|
Жок нерсеге жетем деп, колунда барынан ажыроо, куру калуу.
|
-Көктү эңсеп, башкача айтканда мүйүздүү болом деп, кулагыңан ажыраба.
|
Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук
|
Абдан кунт коюп ук, эсиңден чыгарба, эч качан унутпа деген мааниде.
|
-Балам, мени оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук.
|
Оозун куу чөп менен аарчуу
|
Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, «жоктон» башканы айтпоо
|
-Ар качандан бир качан оозуңду куу чөп менен аарчыйсың.
|
Өзү тойсо да, көзү тойбоо
|
Өзүндөгү болгондорго алымсынбай каниет кылбай дагы алсам, жутсам деген ниет менен сугун артуу
|
«Адамдын өзү тойсо да көзү тойбойт. Тойсо бир ууч топуракка гана тоёт»,-дейт улуулар.
|
Эне сүтү оозунан кете элек
|
Жаман-жакшыны көрүп кагылып, бышыга элек, өсүп жетиле элек, өтө жаш, эч нерсе көрө элек.
|
Али мен жашмын, эне сүтү оозуман кете элек.
|
3. ЗООНИМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР
I. Адамдардын мүнөз, сапат белгилерин билдирүүчү фразеологизмдер:
Фразеологизмдер
|
Туюндурган мааниси
|
Жазуу, оозеки кепте колдонулушу
|
Биттин ичегисине кан куйган
|
Өтө бышык, абдан тың
|
Ал биттин ичегисине кан куйган эпчил, акылдуу, куу эле. (Т.С.)
|
Битин сыгып, канын жалаган
|
Абдан зыкым, колунан эчтеме чыкпаган, сараң, битир
|
Андай сараңдык, андай ач көздүк, андай битин сыгып канын жалаган байлардан башкага өтпөсүн. (Абдулдаев)
|
Коён жүрөк
|
Өтө эле коркок, өтүмү жок
|
Сен тим эле коркосуң да, коён жүрөк турбайсыңбы? (А.Т.)
|
Жылын төө кылуу
|
Баалануу, барктануу, маалкатуу, кербезденүү
|
Ал эч кимди теңине албай жылын төө кылат. (Т.С.)
|
Жылкы кыял
|
Мүнөзү терс, чулуңдап мүнөзү тең өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө
|
Ал жылкы кыялын карматса, оңой менен сөзгө келбейт. (Т.С.)
|
Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген
|
Эч кимге жакшылык кылбаган
|
Жакшы күнүңдө жакшы ишиңе орток болуп, жаман күнүңдө жылан өлтүрөйүн десе, тескери караган сөлөкөттүн кареги жок.(К.Б.)
|
Кой оозунан чөп албаган
|
Кишиге өйдө карабаган, абдан жоош
|
Кайын энем кой оозунан чөп албаган момун. (К.Ж.)
|
Коёндун аягын жеген
|
Абдан тынчы жок, бир жерге тынч алып отура албаган (көбүнчө балдарга айтылат)
|
Коёндун аягын жегидей жүрөт да, кечинде суй жыгылат.
|
Ак койдон аңкоо, боз койдон момун
|
Билсе да билмексенге салып коюу, ак, таза киши болуп, боштонуп калуучу, митаам, куу
|
Жылдырмасын жылдырып коөт да, ак койдон аңкоо, боз койдон момун болуп жүрө берет. (Ч.А.)
|
Кой терисин жамынган
|
Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экендигин жаап-жашырган, тымызын душмандык кылган
|
Ал (Шаймерден) канча кылган менен кой терисин жамынган эски зулум. (Т.С.)
|
Кумурсканын улутунганын билет
|
Анын билбегени жок, адам билбегендин баарын билет, өтө амалдуу, айлалуу, куу
|
Анын сырын эмгиче билбейсиңби? Ал кумурсканын улутунганын билет. (Т.С.)
|
Чымын конгондой да көрбөө
|
Тоготпоо, этибар албоо, сезип да койбоо
|
Менин бул жоругумду ал чымын конгондой да көргөн жок. (К.Б.)
|
Чымыны бар
|
Кандайдыр бир нерсеге: ырдап жибергенге, ыр чыгарганга ж.б. жөндөмү бар, шыгы бар
|
Токтогул ушул бала тегин көрүнбөйт, комузга дилгирлигине караганда чымыны бардыр дегенсип ойлоду. (К.К.)
|
Өгүз догун карматуу
|
Өжөрлөнүү, көгөрүп туруп алуу, көктүгүн көрсөтүү.
|
Акия Элебестен чындап жаакка жегенде, ачуу үнүнүн баарына салып, өгүз догун карматкан. (Т.С.)
|
Доңуз айбат
|
Кыйратып жибергендей эчтемеси жок, куру кайрат, куру опуза
|
Эч нерсеге алы жетпегенден кийин доңуз айбаттын кереги не? (А.Т.)
|
Ит оору
|
Өнөкөт болгон, көндүм болгон жаман адат, терс кыял, жүрүм-турум
|
Тил албаган ит оорусу бар.
|
Ит жандуу
|
Ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого чыдамдуу, жаны бек, чыдамкай
|
«Шордуум ай, ит жандуу белең, ушундан көрө туулбай калсаңчы»,- деп бечара Кенжеке жашын тыйбай, Батиманын кан-сөлүн жууп, маңдайында отурган. (Т.С.)
|
Үй күчүк
|
Үйүнөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпай дайыма эле үйүндө жүргөн
|
Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? (А.Т.)
|
Чычканга кебек алдырбаган
|
Абдан зыкым, аябаган сараң, өтө сак
|
Чычканга кебек алдырбаган адам.
|
Чычкан мурдун канатпаган
|
Эч мал сойбогон, кан чыгарбаган
|
Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур,а! (Абдукаримов)
|
Кыл курт
|
Астыртан билинбей ич арада жүргөн душман
|
Арабызда жүргөн кыл курттун бири Асанбай дегенде эл таң калды. (А.Т.)
|
Мышык сопу
|
Кандайдыр бир жагымсыз, былыктуу ишти иштеп коюп, билмексен, көрмөксөн болгон анткор, арамза
|
Ал көпчүлүктүн арасында мышык сопу болуп отурду.
|
Ичине ит өлүү
|
Бирөөгө астыртан, тымызын кастык кылуу, бирөө жөнүндө арам ою болуу
|
Түрүнө караганда жолдо карата ачуусу тарамак түгүл, ичине ит өлүп, кыжыры кайнап келе жатты. (Ш.Б.)
|
Достарыңызбен бөлісу: |