2012-2013-жылдарда өнөр жайдын тармактары боюнча, % менен
Аталыштары
|
2014-жыл
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
2014-жыл 2013-жылдын фактысынан четтөөсү (+,-)
|
2014-жыл
|
2014-жылдын алдын ала фактынын 2014-жылдын күтүлүүсү-нөн четтөөсү
(+,-)
|
салыш-тырма салмак
|
факт
|
алдын ала
факт
|
күтү-лүүсү
|
Өнөр жайы, бардыгы
|
100,0
|
128,6
|
98,4
|
-30,2
|
103,9
|
-5,5
|
анын ичинде Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда
|
54,0
|
101,8
|
103,4
|
1,6
|
105,6
|
-2,2
|
Пайдалуу кендерди казып алуу
|
3,5
|
95,6
|
99,5
|
3,9
|
103,6
|
-4,1
|
Иштетүү өндүрүшү
|
81,7
|
145,8
|
97,0
|
-48,8
|
103,4
|
-6,4
|
Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)
|
13,9
|
98,5
|
107,8
|
9,3
|
107,0
|
0,8
|
Суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, иштетүү жана кийинки сырье алуу
|
0,9
|
107,5
|
107,1
|
-0,4
|
106,6
|
0,5
|
Маалымдама: айрым өлкөлөрдө өнөр жай секторундагы өндүрүштүн өсүш темпи: Россияда - 1,7 %га, Казакстанда - 0,2 %га, Арменияда - 2,7 %га, Кытайда - 8,3 %га, Белоруссияда - 1,9 %га.
2014-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн күтүлүүчү параметри 3,9 %га 5,5 пайыздык пунктка жеткен жок.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн жыл башынан бери басаңдоосунун, ал эми IV кварталдан тартып төмөндөөсүнүн (10-таблицаны караңыз) негизги факторлору төмөнкүлөр болду:
- региондо пайда болгон геоэкономикалык чыңалуулар (Россияга каршы экономикалык санкциялардын киргизилиши, дүйнөлүк сырьё рыногундагы баанын олуттуу төмөндөшү, АКШ долларынын чыңдалышынан валюта курстарынын төмөндөшү);
- 2013-жылга салыштырганда капиталдын чыгышынын (пайдалуу кендерди казууда 4,5 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө 19,3 %га) көбөйүшү, бул тармакка чет өлкөлүк түз инвестициянын агымынын 2 эсеге кыскарышы;
- өнөр жай өндүрүш түзүмүндө үлүшү көлөмүнүн жарымын ээлеген негизги металлдарды өндүрүүнүн (2014-жылы өсүш темпи 93,6 %,
2013-жылы 183,6 %) төмөндөшү (2014-жылы негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү 46,5 %ды ээлейт);
- 2014-жылдын IV кварталында табыштамалардын азайышынан, ата мекендик продукциялардын атаандашууга жөндөмсүздүгүнөн, жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздигинен, заказчынын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн, өлкөнүн ичинде даяр продукцияларга суроо-талаптардын жетишсиздигинен, электр энергиясынын өчүшүнөн, ж.б. улам өндүрүштүн кубаттуулугу орточо 52,9 %га иштеди;
- 2013-жылдагы жогорку экономикалык база (өнөр жайы 28,6 %га өскөн).
14-таблица
2014-жылдын башынан берки өнөр жай өндүрүшүнүн өсүш динамикасы
(пайыз менен)
|
янв.
|
янв.-
фев.
|
янв.-март
|
янв.-апр.
|
янв.-май
|
янв.-июнь
|
янв.-июль
|
янв.-авг.
|
янв.-сент.
|
янв.-окт.
|
янв.-нояб.
|
янв.-дек.
|
Өнөр жайы, бардыгы
|
119,5
|
108,5
|
109,3
|
109,7
|
106,8
|
107,7
|
108,8
|
108,5
|
105,4
|
102,5
|
99,5
|
98,4
|
анын ичинде
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда
|
108,0
|
104,2
|
105,6
|
106,8
|
106,4
|
105,8
|
104,8
|
103,9
|
103,7
|
103,5
|
103,8
|
103,4
|
Пайдалуу кендерди казып алуу
|
130,2
|
128,6
|
114,9
|
125,7
|
121,0
|
96,4
|
94,0
|
92,3
|
94,5
|
94,4
|
95,3
|
99,5
|
Иштетүү өндүрүшү
|
123,3
|
107,3
|
108,1
|
107,9
|
105,0
|
107,6
|
109,4
|
109,6
|
105,6
|
102,0
|
98,4
|
97,0
|
Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)
|
106,2
|
109,5
|
112,6
|
114,3
|
112,4
|
111,1
|
109,9
|
107,9
|
107,5
|
108,3
|
108,2
|
107,8
|
Суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, иштетүү жана кийинки сырье алуу
|
127,9
|
113,1
|
112,6
|
108,8
|
109,4
|
108,0
|
107,4
|
107,8
|
107,2
|
106,7
|
107,3
|
107,1
|
(1) Иштетүү өндүрүшүндө, өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмак (81,7 %) менен 2014-жылы продукциянын көлөмү 137,0 млрд сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 3 пайыздык пунктка азайды, негизинен:
- иштетилип жаткан кендеги алтындын азайышынан улам,
2013-жылга салыштырганда «Кумтөр» кенинде металлды алуу көлөмүнүн азайышы (5,4 пайыздык пунктка төмөндөдү, 17 657,0 кг караганда
2013-жылы 18 674,4 кг Доре эритмеси өндүрүлгөн);
- ишти натыйжасыз уюштуруудан улам (даярдалган алтын камтылган кендин жоктугу жана алтын камтылган кен менен камсыздоо, иштетүү үчүн металлды көп камтыган жерлерди даярдоо боюнча зарыл болгон геологиялык чалгындоо иштеринин ишке ашырылбагандыгынан улам «Макмалалтын» комбинатынын фабрикасынын 2014-жылдын июль айынан бери токтоп турушу. Алтын иштетүү фабрикасы 2014-жылдын ноябрь айынан тартып өз ишин кайра баштады);
- отчеттук мезгил ичинде «Кадамжай сурьма комбинаты» ачык акционердик коомунда сырьенун жоктугунан токтоп калышы (2014-жылы - 105,6 т сурьма, 2013-жылы - 1436,4 т);
- «Айдаркен сымап комбинаты» АТАКнын өндүрүш көлөмүнүн 2009-жылы «Көмөкчү» шахтасынын төмөнкү горизонтторун суу каптап кеткендигине байланыштуу аздыгы (34,5 %га төмөндөдү, 46,2 тонна сымапка караганда 2013-жылы 70,5 тонна). Учурда шахта ишкананын күчү менен калыбына келтирилди жана электр жабдуулары жана кабелдик чарба менен толук алмаштырылып ишке киргизилди. «Батыш» шахтасынан 1414 жана 1494 метр төмөн жакта жаткан горизонтторду ачуу жана кен казуу башталды. Сымапты жана анын кошулмаларын өндүрүүгө жана ташууга тыюу салуу жөнүндө эл аралык конвенциянын долбоору даярдалып жатканына байланыштуу Айдаркен сымап акционердик коомундагы өндүрүштүн башка альтернативдүү түрлөрүнө профилдештирүү зарылдыгы пайда болот;
- Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын негизги экспорттук рынокторунда (негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөгү геосаясий кырдаалдар, жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн валюта рыногундагы кризис) сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайышынан, заказдардын кыскарышынан улам текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн 17,4 %га төмөндөшү;
- өнөр жай өндүрүшүнүн көптөгөн секторлорунда терс динамиканын байкалышы: жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү; полиграфия иши 7,3 %га төмөндөдү; химиялык продукцияны өндүрүү - 4,4 %га; компьютер, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү - 21 %га, машина жана жабдууларды жасоо - 22,5 %га, транспорт каражаттарын өндүрүү - 17,4 %га төмөндөшү продукцияларга заказдардын азайышынан, ата мекендик продукциялардын атаандашууга жөндөмсүздүгүнөн ж.б. улам болду.
Төмөнкү өндүрүштөрдө оң динамика камсыздалды:
- тамак-аш продуктулары (суусундуктарды кошо алганда) жана тамеки буюмдары (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы - 13,6 %) 22865,0 млн сомго өндүрүлдү жана реалдуу өсүшү 3,9 %ды түздү. «Айыл чарбасын каржылоо - 2» долбоорунун алкагында айыл чарба сырьесун кайра иштетүү ишканаларына жеңилдетилген кредит берүү боюнча туруп калган ишканаларды кайра жаңылоо, иштеп жаткандарды модернизациялоо жана сырьелорду сатып алууга
(2014-жылдын 25-декабрына карата) жүгүртүү каражаттарын жогорулатуу максатында 778,1 млн сом суммасында 205 кредит бөлүнгөн. Кайра иштетүү өнөр жайында тамак-аш продукцияларынын көлөмүнүн көбөйүшү өсүмдүк майын (2 %га азайды), тамеки продукцияларын (- 32,4 %) жана дистирленген алкоголдук ичимдиктерди, спиртти тазалоо, купажирлөө (- 16,4 %), алкоголсуз ичимдиктерди (- 5,9), кант продукцияларын (- 7,1 %), мөмө-жемиш продукцияларын (- 0,5 %) жана чай (- 18,9 %) өндүрүүдөн башка бардык тармактардагы продукцияларды өндүрүүнүн өсүшү менен шартталууда. Продукциялардын көлөмүнүн өсүшү төмөнкү тармактарда камсыздалды: ун-акшак азыктары - 13,4 %га, сүт азыктары - 8,9 %га, эт - 2 %га, нан азыктары - 21,8 %га, макарондор - 16,7 %га, сыра кайнатуу - 13,0 %га, вино чыгаруу - 75,5 %га, кумшекерден кондитердик азыктар - 2,7 %га;
- кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларын (өндүрүштөгү салыштырма салмагы 2,2 %) өндүрүү 2013-жылга салыштырганда 2,3 эсеге реалдуу өсүш темпи менен 3606,8 млн сомду түздү. Мунайзат иштетүүчү ишкана отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча мотор отуну (бензин) 6,37 миң тонна, газойл (дизель отуну) 30 миң тонна, мунайзат суюк отуну (мазут) 51,1 миң тонна чыгарган. 2014-жылдын 18-январында Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Джунда» Петроль Компани» жоопкерчилиги чектелген коому мунай иштетүүчү заводу ишке киргизилген, 2014-жылы 2735,5 млн сомго 120 миң тонна даяр продукция чыгарган;
- резина жана желим буюмдардын, башка металл эмес минералдык продуктуларды (өнөр жай өндүрүшүндөгү жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы 10 %) өндүрүүдө көлөмү 6,2 %га көбөйдү, анын ичинде, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү 5,9 %га, мында курулуш материалдарын чыгарууга адистештирилген чарбакер субъекттер тарабынан сунушталган продуктуларды өндүрүү олуттуу үлүштү ээлейт. Өсүш негизинен курулуштук, керамикалык, отко чыдамсыз кирпичтерди жана ушуга окшош буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүн 2,2 %га, чийки-кирпич 10,5 %га, цемент - 2,7 %га, өчүрүлбөгөн, өчүрүлгөн жана гидравликалык акиташ - 23,8 %га, песко-блок - 1,6 эсеге, бетондон курулуштарды чогултуу конструкциясы - 15,7 %га, товардык бетон - 45 %га көбөйтүү эсебинен шартталды. Ошону менен бирге жыл башынан бери айнекке болгон суроо-талап азайды, ага байланыштуу өндүрүш 3,1 %га төмөндөдү, 2013-жылы 23716,9 миң кв.м ордуна 2014-жылы 22992,6 миң кв.м чыгарылган.
2014-жылы иштетүү өнөр жайында 23 ишкана токтоп турду.
Отчеттук мезгилде:
- Таш-Көмүр шаарында феррокошунду куюучу заводун куруунун салтанаттуу ачылышы болду (2014-жылдын 11-июлу);
- жылына 1,2 млн тонна цемент чыгаруу долбоордук кубаттуулугу менен курулуп жаткан Кеминдеги «ЗЭТ Цемент» ЖЧК цемент заводунун фундаментине капсула салынды (2014-жылдын 29-августу);
- жаңы өндүрүштөр ишке киргизилди: мунайды кайра иштетүүчү «Джунда» Петроль Компани» ЖЧКсы, бут кийим чыгаруу боюнча «Ренесанс» ЖЧКсы;
- текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн «Технополис» инвестициялык долбоорун ишке киргизүү баскычында;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Өнөр жай боюнча Кеңеши түзүлдү;
- жеңил өнөр жай продукцияларынын, анын ичинде энергия компанияларынын керектөөсү үчүн өнөр жай продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү.
(2) Пайдалуу кендерди казууда (өнөр жай өндүрүшүндөгү жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы 3,5 %) 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 5832,3 млн сом суммасында түзүлдү, 2013-жыл менен салыштырганда металл кендерин (алтын камтылган концентраттар) казып алуу 30,7 %га кыскаргандыгынан, аларды иштетүү үчүн ташып келүү эрежелеринин күчөтүлүшүнөн, ошондой эле концентраттарга болгон дүйнөлүк баанын түшүшүнөн улам продукция өндүрүүнүн көлөмү 0,5 %га азайган. Ошондой эле эстеликтер, жасалгалоо же курулуштар, базальт үчүн гранит, кум таштар жана башка таштарды алуу көлөмү жокко эсе болду. Мындан тышкары чийки мунай продукцияларын алуу көлөмү төмөндөдү, оңой алынуучу скважиналарда запастардын азайгандыгынан улам, жалпысынан 82,9 миң тонна
(98,2 % темпте) алынды.
Ошону менен 2014-жылы таш көмүр жана күрөң көмүрдү (лигнит) казып алуу бир кыйла көбөйгөн, мында реалдуу өсүш темпи 125,0 %ды түздү жана 1777,4 миң тонна казып алынды, 2013-жылы 1421,8 миң тонна болгон.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан кен иштерин жүргүзүү боюнча 68 долбоор жана кен иштерин өнүктүрүүнүн 364 планы каралган.
2014-жылы лицензиянын мөөнөтүн узартуу боюнча каралбаган табыштамалардын саны азайтылды, контролдоо күчөтүлдү жана «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузган кен пайдалануучуларга карата лицензиясын алып коюуга чейинки чаралар көрүлдү.
Кен казуу өнөр жайын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөр болуп жергиликтүү коомчулуктун пайдалуу кендерди иштетүү боюнча Өкмөттүн демилгелерине каршы аракеттери саналат. Кендерге барчу жолдорду жабуу бат-бат уюштурулууда, бул инвесторлордун иштөөсүнө тоскоол болууда (жабдууларды, транспортторду тартып алышууда). Мындан сырткары, өлкөдөгү энергия ресурстары боюнча чектөөлөр, транспорттук инфратүзүмдөрдүн жетишерлик өнүкпөгөндүгү, квалификациялык кадрлардын тартыштыгы кен тармагын өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды жаратууда. Кен ишканаларынын айлана-чөйрөгө зыян келтирген учурлары да жок эмес.
(3) Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоодо (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 13,9 %) 2013-жылга салыштырганда өсүш темпинин бир кыйла жогорулагандыгы байкалды. 2014-жылы өндүрүштүн көлөмү 7,8 %га реалдуу өсүү менен 23,3 млрд сомду түздү, алар төмөнкүлөрдүн эсебинен болду: электр энергиясын өндүрүү 3,9 %га, жылуулук энергиясын өндүрүү 13,1 %га, электр энергиясын берүү боюнча кызмат көрсөтүү 8,4 %га көбөйдү.
Электр энергиясын иштетип чыгаруу 2014-жылы 14 639,4 млн кВт/с түздү (14 088,3 млн кВтч ордуна), бул 551,1 млн кВтч көп же 2013-жылга карата 103,9 %га барабар.
Учурда Кыргызстанда энергия системасы Борбордук Азиянын Биргелешкен энергетикалык системасынын жана Казакстандын Бирдиктүү энергетика системасынын курамында иштеп жатат.
2015-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,26 млрд куб метрди түздү, бул 2014-жылдын ушул мезгилине караганда 4,17 млрд куб метрге аз.
Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында 2015-жылдын 1-апрелинде 6,7 млрд куб метр деңгээлинде сууну үнөмдөө, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча чаралар жана биринчи кезекте электр энергиясын керектөөнүн лимитин катуу сактоо боюнча чаралар ишке ашырылат. Ай сайын электрди бөлүштүрүүчү компаниялардын жана ири өнөр жай ишканаларынын электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитин аткаруусуна мониторинг жүргүзүү ишке ашырылат.
Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында, Тажикстан Республикасынан 600 млн кВтч чейинки көлөмдө электр энергиясын алып келүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу кабыл алынган.
Токтогул ГЭСиндеги Т-2 кыйроосунан улам
300 МВт кубаттуулугундагы ГА-2 гидроагрегатынын генерациясы бүтөлүүдө. Бул кубаттуулуктун ордун толтуруу жана күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн «Электрдик станциялар» ААК Бишкек шаарынын ЖЭБине пландалгандан ашыкча күч келтирүүдө. 2015-жылдын 1-январында Бишкек шаарынын ЖЭБине жүктөмдөр 360 МВт түздү, бул 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 30 МВт жогору.
Май айынан сентябрь айына чейинки аралыкта тартыштыктарды азайтуу максатында Тажикстан Республикасынан 215,99 млн кВтч, же пландык көрсөткүчтөн 2 эсеге көп көлөмүндө электр энергиясын импорттоо ишке ашырылган.
Электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу үчүн Казакстан Республикасынан «Т.И.Батуров атындагы Жамбыл ГРЭС» АК иштеп чыгарган электр энергиясынын 1,0 млрд кВтч көлөмүндө импортун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу жүргүзүлгөн. Тараптардын ортосунда
2014-жылдын декабрына 231 692 463 кВтч көлөмүндө, 2015-жылдын январына 199 000 000 кВтч көлөмүндө электр энергиясын сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн.
2014-жылы Казакстан Республикасынан, Тажикстан Республикасынан электр энергиясын импорттоонун бардык көлөмү
334,29 млн кВтч түздү.
2014-жылы (оперативдүү маалыматтар) керектөөчүлөргө
10111,9 млн кВтч электр энергиясы чыгарылган. Товардык продукция
9 332,5 млн сомду түзгөн. РЭК боюнча чыгарылган электр энергиясы үчүн жыйналган акча каражаттары 9082,0 млн сомду жана берилген товардык продукциялардын 97,3 %ын түздү.
2014-жылы РЭК түйүндөрүндө электр энергиясын (оперативдүү) жоготуулар 2004,8 млн кВтч же 16,0 % пландалган жоготууларда 16,5 %ды түздү, 2013-жылы жоготуулар 17,9 %ды түзгөн.
2015-жылдын 1-январында керектөөчүлөрдүн РЭКтин алдындагы дебитордук карыздары 1534,4 млн сомду түздү жана 20,3 %га көбөйгөн.
Жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2014-жылы 3129 миң Гкал түздү (2767,3 миң Гкал ордуна), бул 2013-жылга карата 361,7 миң Гкал көп же 113 %га барабар.
Ошону менен бирге газ өндүрүүнүн, газ менен камсыздоо системасы аркылуу газ түрүндөгү отунду бөлүштүрүүнүн (бул сектордо салыштырма салмагы 13 %ды түзөт) көлөмү өлкөнүн түштүгүнө газ берүү токтогондугунан улам 2014-жылы 18,3 %га кыскарды.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыздоо, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республиканын энергетика секторуна реформа жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү узак мөөнөттүк жана кыска мөөнөттүк пландары ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негизги иш-чаралар болуп иштеп чыгуучу кубаттуулуктардын жаңыларын ишке киргизип, иштеп жаткандарын жакшыртуу, жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын жана 110-500 кВ подстанциясын куруу, бөлүштүрүүчү тармактарды өнүктүрүү, электр энергиясынын автоматташкан эсеп системасын киргизүү жана башкалар саналат:
- Кыргызстандын түштүгүнүн көз каранды эместигин камсыз кылуу жана Төмөнкү-Нарын ГЭС каскадынын генерациясын толук берүү үчүн 500 кВ «Датка» подстанциясынын жана 220 кВ электр берүү линиясынын 248,6 км созулган курулуштары жана 220 кВ электр берүү линиясынын
5 подстанциясын реконструкциялоо аяктады, бул энергетикалык көз карандысыздыкты түзүү жолундагы энергетиктердин мындан аркы аракеттерин көрсөттү;
- Газпром менен болгон макулдашуу, мунай иштеп чыгаруучу заводдорду, газ өткөрүүчү түтүктөрдү куруу энергетика ресурстарынын дүйнөлүк интеграция түзүмүнө кирүүсүнө мүмкүндүк берет (Кыргыз Республикасынын аймагына газ алып келүүнү, газды ташууну жана жер алдында сактоону, газды бөлүштүрүүнү жана сатууну, техникалык тейлөөнү, диагноз коюуну жана оңдоону кошо алганда Кыргыз Республикасынын газ-транспорттук жана газ бөлүштүрүүчү системаларын, газды жер алдында сактоо объекттерин жана газ комплексинин инфратүзүмүндөгү башка объекттерди куруу, реконструкциялоо жана эксплуатациялоону ишке ашыруу);
- «Газпром Кыргызстан» ЖЧК тарабынан ишенимдүүлүгү төмөн болгон газ түтүктөрүн алмаштыруу, турак үйлөрдү жана коммуналдык тиричилик объекттерин газ менен камсыздоо, ички газ өткөрүүлөрүн жана газ жабдыктарын кайрадан монтаждоо боюнча иштер 10 370,3 миң сом суммасында 854 объектте аткарылды;
- 2014-жылдын 26-апрелинде «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууну баштоонун салтанаттуу аземи болду, мында Бишкек шаарынын ЖЭБинин кубаттуулугун 300 МВт жогорулатуу жана кыргыз көмүрүн пайдалануу пландалды, бул суу режимине дуушар болбогон, базалык, кепилденген электр кубаттуулугун түзүү үчүн 50 жыл мурун ишке киргизилген, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштырууга мүмкүндүк берет;
- суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында кубаттуулугу
237,7 МВт болгон Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу башталды;
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз каранды эместигин толук камсыздоо үчүн «Датка-Кемин» 500 кВ ЭБЛдин (электр берүү линиясы) курулушу жүрүп жатат;
- экспорттук коридорлорду диверсификациялоо үчүн «CASA-1000» долбоорунун алкагында «Датка-Ходжент» (Тажикстан) 500 кВ ЭБЛ боюнча иштер жүрүп жатат;
- 4 долбоор аяктады: «Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын модернизациялоо», «Камбарата ГЭС-1 техникалык-экономикалык негиздемелерди (ТЭН) иштеп чыгуу», «Кара-Кече жылуулук электр станцияларынын техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу» жана «Бишкек шаарынын Ак-Ордо турак-жай конушунда эки чынжырлуу ЖЧ 110 кВ жана ПС 110 кВ куруу»;
- Бишкек жана Ош шаарларынын электр түйүндөрүн модернизациялоонун 3 жылдык программасы аяктады, авариялык өчүүлөрдүн саны азайды жана керектөөчүлөрдүн социалдык чыңалуулары төмөндөдү;
- коммерциялык жана техникалык жоготууларды кыскартуу, финансылык абалды жакшыртуу, рентабелдүүлүктү, кредит берүү жөндөмдүүлүгүн жана инвесторлор үчүн энергия секторунун жагымдуулугун жогорулатуу максатында 2013-2014-жылдары энергетика секторун реформалоо боюнча иш-аракеттер планы ишке ашырылды
(Өкмөттүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 299 буйругу);
- электр энергиясын көп функциялуу эсептегичти орнотууну ишке ашыруу керектөөчүлөргө энергия компанияларынын катуу эсепке алууну жүргүзүү ниетин көрсөттү, айрым жерлерде электр энергиясын чектен тыш жашыруун колдонгондорду ачып көрсөттү жана жалпысынан электр энергиясынын коммерциялык жоготууларын кыскартты.
- чакан гидро энергетика чөйрөсүндө 4 кичи ГЭС курулушунун техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип чыкты (Ысык-Көл облусундагы кубаттуулугу 20 МВт болгон Орто-Токой ГЭСи, Ош облусундагы кубаттуулугу 7,7 МВт болгон Ой-Тал ГЭСи, Чүй облусундагы кубаттуулугу 1,5 МВт болгон Сокулук ГЭС-5 жана Баткен облусундагы кубаттуулугу 3 МВт болгон Төрткүл ГЭСи) жана эки кичи ГЭСти (Орто-Токой жана Төрткүл) куруу үчүн тендер жарыяланат, катышуучуларды алдын ала тандоо жүрүп жатат.
Отчеттук мезгилде:
- 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынды (Өкмөттүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому); электр энергиясындагы коммерциялык жоготууларды, дебитордук карыздарды азайтуу жана берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын топтоону жакшыртуу максатында энергия ресурстарын контролдоо жана эсебин алуунун автоматташтырылган системасынын жаңы технологияларын пайдалануу жана алдын ала төлөм жүргүзүү картасы бар электр эсептегичтерин этап менен киргизүү ыкмасы колго алынды. Ошондой эле бөлүштүрүүчү электр компаниялары тарабынан коммерциялык жана техникалык жоготууларды азайтуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты;
- энергетика секторундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алардын алдын алуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат, 2014-жылдын 5-мартында Коргоо кеңешинин чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын энергетикасындагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруунун деталдуу планы ишке ашырылууда;
- «Энергиянын натыйжалуулугу жана энергиянын кайра жаңыланган булактары, Борбордук Азиядагы туруктуу энергетика программасынын» эл аралык эксперттеринин көмөк көрсөтүүсү менен 2014-жылдын 27-мартында жана 22-июлунда Кыргыз Республикасында энергия натыйжалуулугу саясатынын энергияны үнөмдөө жана пландоо боюнча Улуттук программасын жаңыртууга карата жыйын өткөрүлдү. Анда мындан аркы аракеттердин планы кабыл алынды жана энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугу саясатын ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты;
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугу саясаты боюнча программанын долбоору даярдалды;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын радиоактивдүү калдыктарынын полигонунда жүгүртүүдөн чыгарылган жана калдыктарды камтыган полихлорирленген дифенилдерди (ПДХ) коопсуз сактоо үчүн убактылуу кампага жайгаштыруу жөнүндө маселе чечилди. Убактылуу кампанын курулушу ПРООНдун колдоосу менен «Кыргызстанда ПХДны башкаруу жана жайгаштыруу» программасы аркылуу ишке ашырылат;
- бардык энергия компаниялары үчүн оңдоо иштеринин бекитилген планына жана графигине (Өкмөттүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтому) ылайык Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо:
- керектөөчүлөргө энергия тармагындагы жагдайлар жөнүндө, электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгы тууралуу, энергияны үнөмдөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзуна (ЕАЭС) кошулуусу боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында төмөнкүдөй талдоолор жүргүзүлдү:
- бааны түзүү жана тарифтик саясатты кошо алганда электр энергетикасы чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун талаптарына шайкештик предметине сектордук (тармактык) жагынан алганда табигый монополиялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндө мүчө-мамлекеттер менен түзгөн макулдашууларына, ошондой эле чарбакер субъекттердин мүчө-мамлекеттердин чарбакер субъекттери менен түзгөн келишимдерине жана алардын Кыргыз Республикасы ЕАЭСке кошулгандан кийин энергетика чөйрөсүнө тийгизген таасирине;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкө менен түзгөн энергетика чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларына, ошондой эле чарбакер субъекттердин үчүнчү өлкөнүн чарбакер субъекттери менен түзгөн келишимдерине жана алардын Кыргыз Республикасы ЕАЭСке кошулгандан кийин энергетика чөйрөсүнө тийгизген таасирине;
- электр энергетикасы чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу уюмдарынын жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо шарттарына.
Мүчө-мамлекеттердин ортосунда электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык өткөрүүнү ишке ашыруунун методологиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалды.
(4) Суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, иштетүү жана экинчи сырье алуу (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 0,9 %) физикалык көлөмүнүн индекси 107,1 %ды түздү, ошону менен өндүрүштүн көлөмү 1477,3 млн сом болду. Көлөмдүн көбөйүшү негизинен айлана-чөйрөнү булгануулардан рекультивациялоо жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүү көлөмүнүн 10,2 %га өсүш эсебинен болду.
1.2.3 Курулуш комплекси
Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көбөйгөндүгү белгиленди. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 105,8 млрд сомду түздү жана 21,6 %га өстү (2013-жылы өсүш 7,6 %га), бул факт жүзүндө 2014-жылда күтүлгөн деңгээлден 3,6 пайыздык пунктка көп болду (118,0 %).
15-таблица
Достарыңызбен бөлісу: |